Коомдук-саясый гезит
№35, 20.05.08-ж.






  Үйбүлөлүк очокто

"Таарынышмак түгүл мушташкан күндөр болгон"
Академик Мамбет Мамакеев жубайы Сокен Чекирбаева менен 56 жыл бирге өмүр сүрүп, эриш-аркак жашап, эки уул, үч небере, бир чөбөрө бапестешти. Жарым кылымдан ашык өмүр сүргөн жубайларга жолугуп, алар менен кенен-кесири баарлаштык.

-Мамбет агай, былтыр 80 жашка чыгыптырсыз. Ишиңиздин үзүрүн көргөндөй эле болуптурсуз. Азыр деле операция жасайсызбы?
-Хирург биринчиден, денсоолугу мыкты, демилгелүү, көңүлү көтөрүңкү, кайраттуу, күч-кубаттуу болуш керек. Адегенде эле хирургдун көзү жана колу жарыш машыгуу керек. Хирургда көз, кол, бут, мээ-негизги нерсе. Бутум калтырай элек, колум шамдагай, көзүм курч, мээм иштейт. Мен ушунча жылдан бери он беш миң операция жасадым. Жашым сексенге келсе да күнүнө үч-беш операция жасайм. Операция жасабай калсам, ал күн мен үчүн өтпөйт, созулуп туруп алат. Ишсиз олтуруп көнгөн эмесмин. Үч-төрт күн кыймылдабай жатып калсам, сексенге чыкканымды ошондо сезем. Алым кеткенсип, тизем, белим ооругансып шалдырап калам. Бизде кечиктирилгис хирургия деген бар. Күн-түн болобу, даяр турушубуз керек. Сайылган, атылган, кан кузган, ичегиси түйүлгөн, сокур ичеги ж.б ооруларды операция жасайбыз. Бизде иштегендердин бардыгы-менин өзүмдүн окуучуларым. Он бештей илимдин доктору, 20дан ашык илимдин кандидаты, 30дан ашык жогорку категориядагы врачтар бар. Көп жылдан бери күн, түн дебей операция жасап уктабагандыктанбы, азыр уйкум аз. Суткасына үч саат уктасам жетет. Шыбырт этсе ойгонуп уктай албайм. Көнүмүш адат боюнча таңкы саат алтыда турам. Жетиге чейин чуркайм, көнүгүү жасайм. Андан кийин муздак сууга чайканып, чай ичип алып жумушка бир саат эрте барам.
-Экөөңүздөр жарым кылымдан бери жашап келе жатыпсыздар. Тагдыр сиздерди кандайча табыштырды эле. Тээ артта калган алгачкы таанышкан күндөрүңүздөр, баш кошкон убагыңыздар тууралуу токтоло өтсөңүздөр.
Мамбет Мамакеев: -Экөөбүз бир айылдан болобуз, бир көчөдөн кийин булар турчу. Бир айылдык болгондон кийин бири-бирибизди жакшы билебиз да. 1946-жылы мен шаарга келип мединститутка өттүм. Ал эми Сокен азыркы мамлекеттик университет, ошол кездеги пединститутка тапшырды. Төртүнчү курстан кийин экөөбүз жакындашып, бир жылча сүйлөшүп жүрдүк. 1952-жылы мединститутту мен да бүттүм, бул кемпир да бүттү. Экөөбүз окууну бүтөр замат үйлөндүк. Биз окууну бүткөндө Сокендин агасы Жумагул Алышпаев Москвадан партмектепти бүтүп келди. Чиркөөнүн маңдайында эки кабатуу үйлөрдө турушчу экен. Мен үйлөнгөндө үй оокатыбыз жок. Ата-энем ушунчалык кедей эле да, алар жалгыз уюн сатып акчасын жиберген. Агабыз Жумагул абдан эстүү киши эле, "Правда" газетасында иштеп алган калем акысын бизге жумшап, анын үйүндө чакан үйлөнүү тоюбузду өткөрдүк. Фельетонист-жазуучу Айткулу Убукеев агабыз базардан бир кой сатып берди. Тамак-аш өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген жездебиз Ургазы Уманкулов ичимдиктерине жардам берди. Ошондо компартиянын Борбордук комитетинин жооптуу катчысы Абдыкерим Рыспаев, Айткулу Убукеев, Ургазы Уманкулов, Жумакай Орунтаев, ЦК комсомолдун экинчи секретары Мукаш Исаев сыяктуу көрүнүктүү адамдар биздин тойго күбө болушкан.
Сокендин агасы Алышпаев үйбүлөсү менен Москвага жөнөп, идиш-аяк, төшөнчү, жыгачынан өйдө үйүн бизге калтырып кеткен. Эки жылдан кийин окуусун бүтүрүп, саясий экономиядан илимдин кандидаты болуп келген. Ой өрүшү кенен, оттой жанган атуулдардан эле, артыкчылык диплом менен аяктаптыр. Москвадан келгенде анын үйүндө жарым жылча чогуу туруп калдык. Келер замат республикалык партиялык мектепке директор болуп дайындалды. Бат эле академик, Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ушунчалык кайрымдуу, боорукерлигинен жеңеге көргөзбөй акча берип тураар эле. Кез-кез эски-уску кийминен кайрылышып, көп камкордук көрдү. Алты айдан кийин өзү жаңы конушка көчүп, эски үйүн бизге калтырып, үйлүү болуп калганбыз.
Сокен Чекирбаева: -Ата-энемден эрте ажырагандыктан аталаш бир тууган агам Жумагул ата ордуна ата болгон. Кичинемде жетим калып, ата-эне мээримин көрбөй чоңойдум. Атам Чекирбай согушка кетип, ошол бойдон кайтып келбеди. Апам Ашыйкандан эс тарта электе айрылдым. Жетимдиктин далай азабын тарттым. Жумагул агам жүрөк оорудан улам 47 жашында дүйнөдөн кайтты. Агамдан айрылыш мага абдан оор болду. Кичинемден баккан агама үч жылдай көз жашым кургабай ыйладым.
-Бири-бириңиздердин кандай сапатыңыздарды жактырасыздар?
Мамбет Мамакеев: -Бирге жашаган адам бири биринин кадырын жаш өткөн сайын билет. Оокатка бүйрө, акыл-эстүү аял. Эстутуму жакшы, 30-40 жыл өткөн окуяларды эске салганда мен таңкалам. Байбичем Сокен менден үч жаш кичүү. Денсоолугуна байланыштуу үй оокаты менен алпурушууга дарманы деле келбей калды. Мурда тамактын түрүн жасачу. Абдан меймандос. Биздин айылдагы келиндердин бардыгын ушул киши тарбиялады. Аларга үлгү, өрнөк болуп келет. Университетти артыкчылык диплому менен бүткөн. Тил, адабият тармагында илимий кызматкер болуп жүрдү. Тилекке каршы, үйбүлө түйшүгү мойнуна жүктөлгөндүктөн ишин эртерээк таштап койду. Эгерде уланта турган болсо, элге таанымал илимпоз болмок. Эки уулун, неберелерин өзү чоңойтту.
Сокен Чекирбева: -Ар бир адамдын жакшы жана жаман сапаттары болот эмеспи. Анын сыңарындай Мамбет агайыңардын жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Кыялы өтө чукул, жини келсе бетке айтып жибермей адаты бар. Бирок абдан ак көңүл, бат эле жазылып кетет. Ишине жоопкерчилик менен берилген адам. Шакирттерин "сен түштүктүксүң, сен түндүктүксүң" деп бөлбөйт, бардыгына бирдей мамиле кылат. Атак-даңк, кызмат үчүн улунуп-жулунбай, шүгүрчүлүк кылып, эки доорго тең ак пейил менен кызмат өтөп келе жатат.
-Сокен апа, кайната, кайненеңиз кандай адамдар эле?
-Кайнатам Мамаке Акунов менен кайненем Батыйды 36 жыл бактым. Экөө тең момун, карапайым, барына азыл, жогуна кайыл адамдардан эле. Кайнатам 95 жашка, кайненем 85 жашка чыгып каза болду. Ыраматылык кайненем 18 бала төрөп, балдарынын көбү кичинесинде эле чарчап калыптыр. Азыр бир иниси менен эле бир карындашы бар. Карындашы тогуз баланын энеси, ал эми иниси алты балалуу болду.
-Мамбет агай, тамакка болгон табитиңиз кандай? Дарыгер болгондон кийин тамакты ылгап жейт чыгаарсыз?
-Мен ушул күнгө келгиче тамак тандап көргөн жан эмесмин. Курсагым ачканда тамакты ысыгына карабай шапылдатып ичип алам. Ысыгына карабай ичкендиктен кээде оозум күйүп да калат. Акыркы жылдары цитрус өсүмдүктөрүнө аллергия болгондуктан тамакты ылгап жеп калдым. Өмүрүмдө тамеки тартып көргөн жан эмесмин. Ичкиликке деле жокмун. Өмүр бою эле кан басымым төмөн, 60-90дон ашпайт. Кыпкызыл чай, кофе ичсем эле башым чыңалып ооруп чыгат. Кичине коньяктан ичип көрөйүн деп, чайга 50 граммдан кошуп ичип көрдүм, ал деле мага жакпайт экен. Хирург киши ичем десе, куюп бергендер четтен чыгат. Күнүгө операция жасалып, ырахмат айткысы келгендер көп дегендей. Айтор, хирург киши күнүгө эле алардын ырахматын алып иче турган болсо, жарым жылда алкоголик болуп калат. Мага "ичесизби?" деп бир да адам айтпайт, анткени менин ичпээримди билишет да.
-Сиздерде таарынышып кеткен учурлар көп кездешеби?
Мамбет Мамакеев: -Таарынышмак түгүл, мушташкан күндөр болчу. Тим эле таптакыр урушпай тынч жашадык деген болбойт да. Эми турмушта ар кандай болот экен да. Менин кыялым абдан оор, ачуум чукул. Илгери тарс эле тумшукка койчумун, орой кыялым бар. Азыр деле кээде кыжылдашып кетебиз. Такыр баш ийбейт да. Кийинчерээк мен баш ийип калдым. Бирдеме дегенде майнап чыкпайт, "сеники чын" деп көп талашып-тартышпайм. Сөз байлыгы абдан жакшы. Жаш чагынан абдан таза да. Илгери менин теңтуштарым аялдары менен үйгө келгенде терезе, шкафтарды ак кебез менен сүртүп, аялдарына көргөзүп, "көрдүңөрбү кандай таза, бир да чаң жок, силер да ошондой болбойсуңарбы" деп калышаар эле.
Сокен Чекирбаева: -Жашоо-турмушта казан-аяк да кагышат. Таптакыр эле махабатыбыз ашып-ташып, кучакташып жүрүп жашадык дейсиңби. Бардык үйбүлөдөгүдөй эле ачуу-таттуу турмуш өттү. Кандай гана кырдаал болбосун, үйбүлөлүк очокту кармап турууга бүт дитимди жумшадым. Мен абдан кекчил кишимин. Эч качан жалынып-жалбарып алдына да барган эмесмин. Урушсак да, талашсак да үйбүлөлүк түйшүк менен кайра эле аралашып кетчүбүз. Ал да кечирим сурабайт, мен да кечирим сурабайм. Жашоо-турмуштун нугу менен унутулуп калат. Чоң чатак болуп, ажырашып кетип, кечиримдешкен эмеспиз. Бул кишинин ишмердигин, кесибин баалап, адамдын өмүрү менен күрөшүп жаткандан кийин бүт түйшүктүн баарын өз мойнума алдым. Ак ниетинин бардыгын ага тууганына чачкан кайрымдуу байбиченин биримин деп эсептеймин.
-Мамбет агай, үйүңүздөр өзүңүздүн улуттук хирургия борборунун территориясында жайгашыптыр. Кандайча ооруканага тийиштүү жерге үй салып алдыңыздар эле?
-Бул жерде мурда лаборатория бар болчу. Абдан эскирип, чирип, жараксыз болуп калган экен. Төрт жыл бош турду. Салынганына 60-70 жыл болуптур. Эскилиги жеткен имаратты буздуруп, ордуна үй салайын деп ошол кездеги шаардын мэри Феликс Куловго кайрылган болчумун. Ал каршы болгон жок. "Алганга акыңыз бар, бирок эртеби-кечпи, бул жөнүндө сөз чыкпай койбойт. Андан көрө сатып алыңыз" деди. Сатып алып, буздуруп, ордуна үй салдык. Ошондон бери жашап жатканыбызга 8-9 жыл болду. Алгач андан мурда чиркөөнүн ар жагында, андан кийин вокзалдын маңдайында, андан кийин Дзержинский көчөсүндө жашаганбыз.
-Балдарыңыз сиздин жолуңузду жолдоп дарыгер болушуптур. "Менин жолумду жолдойсуңар" деп катуу көзөмөл бергенсиз го?
Мамбет Мамакеев: -Жок. Балдарды эч качан мажбурлабаш керек. Эгерде өзү каалабаган кесипте билим алса, анда андан кайдан жакшы адис чыгат. Тун уулум Бакыт быйыл 43тө. Медицина илиминин кандидаты, өзүбүздө врач. Кенже уулум Канат 37де. Мединститутту кызыл диплом менен бүткөн. Медицина илиминин доктору, профессор. Улуттук хирургия борборунда башкы врач, бизнесмендик да жайы бар. "Казкоммерцбанкты" жетектеп, өз ишине кылдат, күнү-түнү иштейт. Бул уулум өзүмдү тартып, чарчоо дегенди билбейт. Бакыттын келинчеги Анар да врач. Балдарым менин жолумду жолдогонуна абдан ыраазымын.
Асел Сталбек кызы




  Үч тапан

Түрмөгө түшкөн милиция кызматкери өзүн өзү атты
Былтыр күз айларында өзүнүн менчик автоунаасы менен баңгизат алып бара жаткан жеринен Карабуура райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгиликке каршы күрөшүү тобунун кызматкери Айдар Эскеналиев республикалык укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Карабуурадагы убактылуу камоочу жайдан Бишкекти көздөй атайын автоунаа менен алып баратып, Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынан өтүп бара жаткан жеринен Айдар Эскеналиев жанындагы күзөтчүнүн пистолетин ала коюп, өзүн атып жанын кыйган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп, окуя такталууда. (www.azattyk.org)

Эл ичи-анекдот кенчи
Бирөө айтат дейт:
- Мышыгымды бычып койсом деле түнкүсүн жоголуп кетип атат?..
Экинчиси:
- Ар кимге кеңешчи болуп жүрсө керек…

Старшина:
- Бутага өтө дыкаттык менен мээлегиле! Оңдой берди болуп онго тийип калат деп ойлобогула! Эсиңерде болсун, салабондор, кокусунан бутага сперматозоиддер гана тийет!..












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!