Коомдук-саясый гезит
№35, 20.05.08-ж.






  Df спорт

"Дордой" кара футболчуларга ашык болду
"Дордой-Динамо" футбол клубунун башкы директору
Борис ПОДКОРЫТОВ менен маек
-Борис Петрович, командаңыздарды күчтөнтүп жаткан экенсиздер, сиздерге келген легионерлер тууралуу сөз кылсаңыз?
-Былтыр биз Москванын "КаМаз" футбол командасында ойноп жүргөн 3 ганалык, 1 камерундук оюнчуну алып келдик. Футбол сезону былтыр бүтүп калгандыктан быйыл аларды ар бир оюнда артыкчылык-кемчиликтерин сынап жатабыз. Ал эми Девид Тете алардан мурдараак келип, биздин оюнчулар менен кантип иштешти үйрөнүп калды. Аны менен биз көптөгөн ийгиликтердин ээси болдук. Бачуки Парулава (дарбазачы), Алексей Галкин, Мирзоев, Умарашвили деген оюнчулар дагы ошол эле командадан келишти. Жаман эмес, артыкчылыктары бар. Биздикилер аларга, алар биздикилерге билген ыкмаларын көргөзүп жатышат. Башкы машыктыруучуну да Россиянын "Ростов-на-Дону" командасынын мурдагы оюнчусу, Москва дене тарбия институтунун машыктыруучу бөлүмүн аяктаган, Финляндиядан машыктыруучулар мектебинин атайын курсун бүтүргөн, Германия, Испания, Франция мамлекеттеринин атайын футбол мектептеринен машыктыруучулук тажрыйбасын өркүндөтүп келген тажрыйбалуу Сергей Дворянков менен алмаштырдык. Биздин ийгиликтер али алдыда. Азыр тажрыйба алмашуу, сыноолор жүрүп жаткан учуру.
-Алар кыргыз атуулдугун алыштыбы? Ансыз алар Кыргызстан ичинде гана ойноп, курама командага кирбей, башка мамлекеттерде ойной албай калат эмеспи!
-Илайдже, Коум Мака, Девид Теттелер Кыргызстандын атуулдугун алышты. Азыр кыргыз паспорту менен жүрүшөт. Эми алар кыргыз футболчусу катары ойношот. Ал эми Уильям, Теголор азырынча алыша элек, бирок колдорунда эл аралык макулдаштык келишим түзүлгөн сертификаттары бар. Аны менен Кыргызстандын чемпионатына катышууга болот. Азырынча алардын арасынан Девид гана башка мамлекеттерге барып ойноп жатат. Тегонун да курама командада ойноого шарты бар. Былтыркы сезондо Пакистан менен болгон беттеште Девид ойноду, ал эми Тегону да чакыртышкан, бирок документтери бүтпөгөндүктөн бара алган жок.
-Легионерлерди алып келүүгө эмне зарылдык болду?
-Өткөн жылы бизде чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Жакшы дарбазачыбыз Кашуба Россия тарапка өттү. Жаш курактары өтүп калганына байланыштуу Замир Жумагулов, Касымов Марлен, Березовский Валерий, Ишенбаев Канат эс алууга чыгышты. Карнилов деген оюнчубуз денсоолугуна байланыштуу ал дагы кетти. Ал эми жаңы келген легионерлер баары жаш, 21 жашка чейинки күчтүү оюнчулар. Негизгиси, команданы күчтөндүрүшүбүз керек. Легионерлерди алып келүү менен биз команданы гана эмес, оюнчуларыбызды дагы курчутабыз.
-Булар контракттык келишимдер менен келишти да.
-Албетте, ансыз болбойт да. Бизде баардык оюнчулар контракттык келишимдердин негизинде кабыл алынат. Биздин жоболорубуз боюнча контракттык келишим 2 жылдан кем эмес болушу керек, андан соң каалашса кайра узартып алууга болот.
-Жашыруун болбосо легионерлердин канча айлык алаарын билсек болобу?
-Жок. Биз ал жагын айтпайбыз. Аны президентибиз, директор, анан башкы машыктыруучу гана билет. Ар кимисинин өзүнө тиешелүү коюлган айлыктары бар. Өтө чоң деп айтпайм. Жетиштүү эле болсо керек. Болбосо, контракт түзүшпөйт эле да.
-Легионерлериңиз биздин аба ырайынан аксашкан жокпу?
-Кыргызстандын аба ырайы - дүйнөдөгү бирден бир сонун климаттагы аба ырайы. Алар Гананын ысыгында, Россиянын суугунда жүрдү. Бул жерде алар үчүн атайын кол менен жасап бергендей климаттык шарт болуп жатса керек.




Девид Тете
Девид Тете-команданын чабуулчусу. Топту алаары менен чабуул жасаганга өтөт. Башы менен жакшы сүзгөндүн устасы. Бийик көтөрүлгөн топторду секирип сүзүп, көп учурда топту өзү тарапка чыгарып бере алат. Ошентсе да анын чукул ылдамдыктары аздык кылып, кээ бир учурда топтун ээси боло албай калат. Девид "Дордойго" легионерлерден биринчи болуп келип, Пакистан менен Кыргызстан ортосундагы чоң мелдеште ойноп, өзүнүн футболдогу артыкчылыгын ошол оюн талаасында көргөзө алган. Президенттин кубогу үчүн болгон мелдеште Тетенин баш менен топту таамай сүзүп гол жараткандары көрүүчүлөрдү таң калтырган болчу. Азия чөлкөмүндө өткөн чемпионатта каршылаштарына эки гол киргизип, дордойчуларга жеңиш жараткан. Былтыркы өткөн эл аралык жана Кыргызстан ичинде өткөн мелдештерде дордойчулар үчүн Девид тоодой эле эмгек жасады. "Каракече" деген каймана ат алган Девид 23 жашка гана толду.

Мака Коум
Мака Коум-команданын жарым коргоочусу. Дүйнөлүк футболдо Камерун футболчуларынын орду өзгөчө. Алардын ылдам чуркап, анан калса кызыктуу оюн көргөзгөндөрү күйөрмандардын бүйүрүн кызыктырып келет. Мака Коум да-камерундук оюнчу. Команданын жарым коргоочусу катары, дарбаза алдындагы жарым сызыктын ичинде ойнойт. Өзгөчө алдыңкы тарапка топту туура узатып бергени командадагы чабуулчунун гол ээси болгондугуна шарт түзөт. Оң бутунун күчсүздүгү анын эң бир алсыздыгы болгон менен сол буту менен жакшы алдап, тез чуркайт. Коумдун дал ушундай тез ылдамдыкта чуркашы, каршылаштары узаткан топко чуркап жетип, максаттуу топтун мизин кайтарат. Талаанын арткы тарабындагы өнөктөштөрү менен акылдашып ойногондой күтүүсүз топ узатып, оюнду заматта өзгөртүп жиберет. Болгону 21 жаштагы Мака Коумдун дагы бир өзгөчөлүгү-топту таамай, түз узата алгандыгында. Бул артыкчылыгынан улам ага көп учурда штрафтык абалдагы жана максатсыз дарбаза артынан кеткен топторду тебүүгө туура келет. Жаза кетирбеген топтору көп ирет голдун ээси болгон. Мака Кыргызстанда аз жашаса да Кыргызстанга болгон сүйүүсү өз мекенине болгон сүйүүдөн кем эмес экен. Анан да бир кызыгы "Сүйүү улутка, жашка карабайт. Сен жактырган, сени жактырган кыз болуп калса ага баш кошуш керек" деп ымандай сырын айткан менен анын жубайы бар. Ал Москва шаарында жашайт.

Уильям Гьян
Сакадай бою бар 22 жаштагы ганалык Уильям Гьян - "Дордой-Динамонун" чабуулчусу. Демек, команданын мотору. Уильям команданын максаттарын аз убакыт ичинде актабаса да, команданын негизги күчү экени талашсыз. Алдыңкы чабуулда өтө курч ойнойт. Эки-үч каршылашын алдап же болбосо күтүүсүз гол жаратканды жакшы көрөт. Көрүүчүлөр арасында ушул сыяктуу сапаты бар орустун ЦСКА командасынын чабуулчусу Вагнерге окшоштуруп жүргөндөр да бар. Чыны менен эле Уильямдын ылдам чуркап, алдоо ыкмаларын жакшы өздөштүрүп алганы дордойчулар үчүн чоң күч болду. Топту оң жана сол буту менен бирдей тепкенинен улам команданын негизги чабуулчусу болуп калуусу да ушундан улам болсо керек. Өзгөчө артыкчылыгы - техникалык жактан аябагандай күчтүү, тез кыймылдайт.

Даниел Тего
Команданын коргоочусу Даниел Тего Африканын Гана мамлекетинин Акра деген шаарында туулган. Тегонун эки бетиндеги кош тилинген сызык-анын "принц" экенин билдирген белги. Атасы Ми Укуфью- Акра шаарынын королу. Ганалыктардын эски салты боюнча атанын уулдары кичи корол катары кабыл алынат. Дал ушундан улам Тего дагы өзүн "принц" деп атап жүрөт. Даниел Тего 6 жашынан кичи футболдорго аралашып, акыры анын ийгиликтери чоң футболго аралаштырган. Москванын "КаМаз" командасында коргоочу жана жарым коргоочу болуп өзүнүн командасынын намысына көп эле жолу жараган. Тегонун өзгөчө артыкчылыгы - жашыл талаа үстүндө атаандаштарына коюлган чабуулду бат уюштуруп жибергендигинде. Кайсыл учурда, кандай кылып топту узатып бериш керектигин кыраакылык менен сезе билгендиги - анын футболдогу дагы бир чоң жетишкендиги. Тегонун тепкен тобу өзү каалагандай максатына жетип, топту кайсыл гана өнөктөшүнө бербесин гол жараталбаса да, ал өнөктөшүнүн кол көтөрүп "сонун" деген ыраазылык алкоосуна татыйт. Кандай гана футболист болбосун, анын жашыл майсаң үстүндөгү ийгиликтеринин көбү дал ушундай топ тебүүнүн мыкты ээси болгондугунда турат. Айтылуу англиялык Дэвид Бэкхем деле ушул сапаты менен дүйнө футболуна дүң салган эмеспи.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!