Коомдук-саясый гезит
№35, 20.05.08-ж.






  Күлкүлятор

Төлөгөн
Карыкеевден

Залпкаракуш
Алло, досум, иштериң кандай? Айгырдай дейсиңби, шумдук го?! Бээлер кандай анда? Кечээ тептиби? Аяшым жарайт!.. Эмне жаңылык? Бикетте жүрөм дейсиңби? Өкмөт менен партия кайда жумшаса, ошо жактабыз дечи?! Күнүнө канча төлөп атышат? Жүз сом пилус бир бөтөлкөбү? Жатып алып эле акча таап аткан турбайсыңбы! Жыргал эле силердики экен! Мен да барып кошулсам болобу? Өзүмөн бөлөк дагы беш киши табышым керекпи? Ой, силердики финансы пирамидасындай го, ыя?! Андан сырткары үлүш да кошомбу? Канча? Колдон келишинчеби? Колдон келбесечи? Башты иштетсең, колдон келет дейсиңби? Баш иштебесечи? Баш иштебесе буту-колдун шорубу? Ой, мунуңарды билбептирмин… Бул формуланы качан ойлоп таптыңар? Өзүң ойлоп таптыңбы? Ой, башың-баш го сенин, мурда кайда жүрдүң эле? Матрос болуп жүрдүм дечи… Кайсы деңизде жүрдүң? А, кокуй, "Матросская тишинада" отурдуңбу? Канча отурдуң? "Адмирал" болгондо чыктыңбы, шумдугуң кургур… Пландар кандай анан? Планың крейсер "Аврорабы"? Аның атабы? Итиң-о-ой!.. Аман калабызбы деги?..

Ойбоорсок
Санжырачы жетиге, саясатчы экиге бөлөт
Түлкү өтө куу болсо, тумагы башка чыгат
Аткаминердин ап-этети чоң болот, астынан чыкпай жүр
Интеллигент итке минсе, маданият айга карап улуйт
Акылман курс: алдыбызда койчу карышкырлар, арабызда элбузарлар, артыбызда чычаңбаатыр чөөлөр…
Ичкилик ургаачы менен эркекти кошот, эрди-катынды ажыраштырат
Кур менен тарбиялагандан куйруктагы акыл өсөт
Ээси жок баштын мээси көгөрүп ишке чыкпайт
Кокуй өкүмат коррупциянын колун узартат
Ок жаңылат, бирок күнөөсүн мойнуна албайт
Жаранын тагы кетет, бармактын тагы кетпейт




  Сандан-санга: Повесть

Чатыр
Олжобай ШАКИР
Атасы менен апасынын түнөрүнкү кабагын байкап, түндө көргөн жакшы түшүн айтып, маанайды көтөргүсү келди:
- Апа, түндө жакшы түш көрдүм.
- Түшүңөн айланайын, айтчы.
- Түшүмдө дайым эле кичинекей чатырлуу үй көрөм. Биз ошол үйдө жашайт экенбиз. Менин Короочу деген күчүгүм бар экен.
Сагынычтын бул түшүн Зуура жакшылыкка жоруду. Ал да түшүндө дайыма кичинекей чатыры бар үйдү көрөрүн айтып, уулунун маңдайынан сылады:
- Буюрса, биздин да үйүбүз болот, балам. Аман бололучу, - деген.
***
Денеси чыйрыгып, деми кысылып турган Зууранын бүгүн жөтөлү басылбай туруп алды. Бүткөн бою бир жактан оор тартып, көзү караңгылайт. Түндөтөн бери калчылдап үшүгөн денесинин калтыраганы күчөдү. Кубаты кетип турган Зууранын абалы тез эле начарлай түшкөнүн туйган Тээкболдун да санаасы ордунда эмес эле. Зуурага кечээ кайнаткан шорпону кайрадан ысытып, бирок бүгүн да ичиралбай убара болду. Колу калчылдап, чыныдагыны оозуна жеткиралбаганын көрүп, өзү жардамдашты. Анда да болгону бир ууртап, тескери бурулду.
- Ичсең эми.
- Күндү көргүм келип атат. Мүмкүн күнгө чыксам, чыйрыкканым басылар,-дегенинен Сагыныч экөө Зуураны колтуктан сүйөп, темир жолдун боюндагы күнөскө отургузушту. Көпкөк асмандан көзүн албаган Зуура күндүн нуруна бир башкача тиктеди. Жаз деми жыттанган теребелге көз чаптырып, суктанып алды:
- Күндүн табын карагылачы. Бүгүн абыдан сонун экен…
Бирок күндүн табы Зуураны жылытпай койду. Мурдагыдай эле денесинин калтырагы басылбай, жөтөлү башталганда каны качып турган жүзү көпкөк болуп чыкты. Анын түрүн көргөн Тээкбол жанбүдө болуп санаасы тынчыбаганынан, тезжардам чакырганы жөнөп кетти.
- Сагыныч, мага жакын келчи.
Жанында сүйөнүп отурган уулунан көпкө чейин көзүн албай, телмирип отурду. Анын бул көзкарашы - Сагыныч менен акыркы көзирмеми эле. Бир нерсе айтат эле, бирок уулунун жүрөгүн ооруткусу келбеди. Коштошоордогу эң акыркы кебин эне жүрөгү айттырбай койду. Омуртка сөөгү сыздап турса да, тилин тишине катты. "Кош бол балам" деп кантип айтам! Жаным үзүлүп баратса да айтпастырмын. Оозума таш! Тиги дүйнө бар экени чын болсо, балам менен коштошпойм… Тиги дүйнөгө барайынчы… Атасы экөө бу дүйнөдөн көрбөгөн жакшылыкты мен тиги дүйнөгө барганда тилейм. Эгер тиги дүйнө жок болсо, анда кудайдын да бар экени жалган! Кудайдын бар экени чын болсо, баламды кудайдын колуна тапшырдым. Баламдан эми кудай таала мээримин аябастыр… Кудай тааланын бизге көргөзбөгөн башка эмне кордугу калды! Бу дүйнөдө атасы экөөнө жүк болгондон башка пайдам кайсы… Жарым жан оору болуп жүрүп, экөөнү кыйнап бүттүм. Жок. Жок, өлбөйм. Балам жанымда турганда, аны кантип чыркыратам! Жөөлүп атамбы? Жок. Жөөлүбөйм. Мына күндүн көзү чакчайып турбайбы… Балам жанымда отурбайбы…"
Бекем чымырканып, оордунан тургусу келди. Денесин козгой алган жок.
- Балам, атаң кайда?
- Азыр келип калат. Чыдаңыз апа. Тезжардамга кетти.
- Наргиза эмне көрүнбөйт? Бүгүн кайда кетип калган?
- Билбейм, апа.
Зууранын Наргизаны сураган себеби: "Менин көзүм өтүп кетсе, Сагынычка менин ордума энелик мээримиңди сала жүр" деп айтмак болгон. Уулун да, күйөөсүн да мээрими жумшак бирөөнүн колуна тапшыргысы келген. "Тээкбол менен Сагынычтын тагдырын тапшырып кетсем, тынчыраак өлөрмүн" деп, Наргизаны көргөнгө эки көзү төрт болду.
- Наргиза эжеңди чакырып келчи, балам…
Сагыныч Наргизаны издеп, жүгүрүп кетти.
"Жок мен… кудайдан мээрим тилебейм. Кудайдын бар экени кана! Анын жок экенине мынабул чакчайып тийген күндүн өзү күбө. Биз мынабул жарык күндүн алдында кудайдын жакшылыгын көрдүкпү? Кудайдын калыстыгы кана! Ал биздин үнүбүздү ушул күндүн алдында угуп койдубу?!"
Ал азыр кудайдын тирек болоруна таптакыр ишенген жок. Тээкбол менен Сагынычка тирек болор күч кудайдын эмес, Наргизанын колунда деп ойлоду. Кудай тааланын колунан келбеген жакшылыктын баары аялдын колунда, аялдын жүрөгүндө, аялдын мээриминде деп ичинен күңгүрөндү. Бул дүйнөдө кудайдын жок экенин ал азыр сокур сезим эмес, көкүрөгү менен туйду. Туйганда да жарык дүйнө менен коштошорунда…
- Наргиза эжени таппай келдим, - деген Сагынычтын кебин кулагы эшиткен жок.
***
Өзүнчө кайышып отурган апасынын үшүгөн колдорун ушалаган Сагыныч болсо алдыда жамандык болорун күткөн жок. Апасынын мындай оорусуна ал далай жолу көнүп калган эле. Бул жолу да көнүмүштөй сезилди. Болгону мурдагыдан көбүрөөк аяп, апасы көрүп келаткан турмушту ойлонуп, телмирип катып калган. Бир убакта апасынын көкжөтөлү кармап, өң-алети бузула баштаганынан коркуп кетти. Апасынын тарбайган колдору жайылып келип, күндүн нуру менен кошо Сагынычтын тулку боюн бир кучактап алган бойдон деми чыкпай калды.
- Апа! - деп бакырган Сагынычтын үнүн Зуура уккан жок. Анын денеси жер тарта бергендей болуп туруп эле сууп калды. Сагынычтын жүрөгү титиреп, чыңырып жиберди. "Балам жанымда турганда, аны кантип чыркыратам!" деген Зууранын кулагына Сагынычтын чыңырыгы жеткен жок. Жетсе, жарык күндүн нуру менен коштошпойт эле. Ал дагы бир чымырканып, баласын бооруна кучактап отурмак. Наргизага Тээкбол менен Сагынычтын тагдырын тапшырып, көрүндө тынч жатмак.
Бул убакта тезжардам айдатып келаткан Тээкбол апасынын үстүндө кулап жаткан уулунун жер сабап атканын алыстан көргөндөле жүрөгү жамандыкты сезди. Тезжардамдан эми пайда болбосун билсе да, айдоочуну шаштырды.
Кеч болуп калганына ийин куушурган врачтар Зууранын жасатын алып кетебиз дегенин укканда Тээкбол каршы болду. Бирок анын сөөктү бербейм деген эркине коюшкан жок. Керектүү кагаздарга кол койдурарга келгенде, Зууранын да, Тээкболдун да эчбир документи жок экенин уккан врачтар, өздөрүнүн жоопкерчилигинен коркуп туруп алышты. "Соттолуп кеткидей алыбыз жок" дешип, аялынын жасатына Тээкболду ээ кылбай, жүктөп кетишти.
Эң чоң кыйынчылык эртеси башталды. Врачтар сөөктү моргго өткөрүп салгандыктан, Тээкбол менен Сагыныч он күн убара чегип салпактады. Аркимге жансепил көрүнүп, Зууранын жасатын моргдон алууга уруксат алалбай, барбаган жерлери калган жок. Кайда барып арызданышпасын, "Колуңарда Кыргызстан жараны деген паспортуңар кана" деген шылтоо кептер жадатып, акыры Зуураны өз колу менен көмалбай калганына арманда калышты. Кайда барышпасын, арыз-армандарынан эч майнап чакпай турганына көздөрү жеткенден кийин бир күнү ата-бала маңдай-тескей отуруп, Зуурага эң биринчи жолу куран окушту. Алакан жайып бата кылар кезде Сагынычтын манжасыз колдорун көргөн Тээкболдун көзүнө турмуш ушунчалык суук көрүндү. Алаканын жайып отурган уулунун колун тиктеп, өзүн дал ушул манжасыз колдой элестетти. Өмүр бою жанында таяныч болуп келаткан Зуура жок үчүн мындан аркы жашоо жолу эми ага так ушул мулуюп турган манжасыз колдой көрксүз элестеди. Кош канаты жарадар куштай оордунан эңшерилип өйдө көтөрүлгөндөн кийин, артына бурулуп, көзүнөн кылгырган жашты уулуна көрсөтпөй, үнсүз басып кетти. Ал ошол күндөн баштап Кайраттын ыңаалаган үнүн угуп кайтуу үчүн Каражыгач жаңы конушундагы Көчөрдүн үйүнүн терезесинин түбүнө түн жамынып дайыма бир маал келип-кеткенге көнүп алды. Үйдүн сыртынан далайга чейин акмалап жүрүп, Кайраттын ыңаалаган үнүн бир угуп алгандан кийин, жандан чыккан наристесинин маңдайынан сылап алгандай болот. Түн жамынып бир маал келип кетмейин, Кайраттан санаасы тынбайт. Бөбөгү жөнүндө Сагыныч да ойлонбой койбойт. Бөбөгүн эстегенде, апасын да эстейт. Апасын эстеген сайын кичинекей чатыры бар үй дайыма түшүнө кирет. Түшүндө апасы менен ошол үйдө бөбөгүн эркелетип, бирде Короочу деген борсулдаган күчүгү экөө ойноп жүргөн болот. Түшүнүн эң жакшы көргөн жери - апасы үйдөгү мешке от жагып отурганы.
(Соңу)












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!