Коомдук-саясый гезит
№33, 15.05.08-ж.






  Алтын күйүтү

Сагындык Обомбаев, Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агеттиктин лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы:
"Мурунку эскертүүлөрдү деле "Кумтөр голд компани" моюндаган эмес"
Жуманын башында Кумтөр кенинин жер казынасын пайдаланууга шарт түзө турган бардык документтердин күчүн убактылуу токтотуу тууралуу Жогорку Соттун аныктамасы чыккан. Ал боюнча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин эскертүүсү даярдалып жатканы кабарланган. Бирок буга чейин берилген эскертүүлөрдү деле "Кумтөр голд компани" моюндабай келген жайы бар экен. Азыркы даярдалып жаткан жана буга чейинки эскертүүлөрдүн чоо-жайын аталган агенттиктин лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Сагындык Обомбаев чечмелеп берди.

-Сагындык Токушевич, азыр силердин агенттик даярдап жаткан эскертүүнүн мазмуну эмнеде?
-Кечээ күнү Жогорку Соттун аныктамасы келди. Ал аныктамада бүт Кумтөрдүн жер казынасын пайдаланууга уруксат берчү укуктук негиздердин баары токтотулду. Тээ 1992-жылкы концессиялык келишим, 2003-жылкы Н.Танаев менен түзүлгөн реструктуризация жөнүндөгү келишим, анан үч лицензия - экөө кен казып алууга, бирөө Кумтөр аянтын геологиялык изилдөөгө алуу боюнча лицензия болчу - ошонун баары парламенттин вице-спикери К. Исабековдун суроосу боюнча токтотулду. Ошол боюнча соттун аныктамасын аткарыш үчүн бүт жер казынасын пайдалануу боюнча жумуштардын баарын сот иштери бүткөнгө чейин токтотуп туруу керектигин жазып, биз "Кумтөр голд компаниге" кат даярдап жатабыз.
-Мындай эскертүү биринчи жолу берилип атабы же мурда деле берилди беле?
-Биз Кумтөрдөгү кен казылып жаткан үч участоктун эң чоңу болгон "Центральный" участогуна "лицензия алгыла, болбосо сот органдарына кайрылабыз" деп катты тээ 31-мартта жибергенбиз. Алар кайра "Адилет министрлигинин "лицензия албаса деле болот" деген чечими бар" деп бизге кайра кат жазган. Бирок биз "Адилет министрлигинин чечими ишкердикке гана тиешеси бар, ал эми биз кен иштетүү тууралуу сөз кылып атабыз, ошон үчүн биз "Центральный" участогуна лицензия алышыңарды талап кылабыз, албай турган болсоңор сот органдарына кайрылууга милдеттүү болобуз" деп кайра кат жибергенбиз. Ал катка жооп келе элек.
-Компаниянын лицензиясы жок беле?
-Бул компания "Центральный" участкасын башынан бери эле лицензиясы жок иштетип келатат, концессиялык келишимдин негизинде. "Концессиялык келишимдин негизинде лицензия албаса деле болот, өкмөт ошондой деген" деген негиздемеге таянып атышат.
-А "Юго-Западный" менен "Сарытөр" участкаларына "Кумтөр голд компанинин" лицензиясы барбы? Болсо эмне үчүн бул экөөнө алып, бирөөнө албай койгон?
-Калган участокторуна лицензиясы бар. Ал эми "Центральный" участогу концессияга берилген. Алар "концессияга алган шартта лицензия албай эле койсо болот деп сүйлөшкөнбүз" деген караөзгөйлүк менен эле албай келатышат. А бирок концессия дегенибиз пайдалануу укугу эмес, кенди пайдаланууга берүүнүн шарты. Ал эми "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамдын 9-статьясында "кендерди пайдаланууга лицензия аркылуу гана берсе болот" деп жазылып турат. Кыргызстандын башка мыйзамдарында да "кайсы бир себептер менен лицензия албай койсо болот" деген эч кандай норма жок. Мамлекеттин менчигинде турган жер казынасын лицензия алып гана иштетсе болот, башка жолу жок.
-Сиз айткандай "лицензия албай эле койсо болот" дегенди "Кумтөр голд компаниге" өзүбүздүн Адилет министрлиги жазып берип атабы?
-Адилет министрлиги жазып берип атат, бирок таптакыр башка мыйзамдын негизинде. "Лицензиялоо жөнүндө мыйзам" деген бар, ишкердик тууралуу. Образдуу түшүндүрсөк, кен - бул машине. Ишкерликке болгон лицензия - бул айдоочунун укугу. Ал эми кенди пайдаланууга лицензия - машиненин өзү, ал кенди пайдалануу укугуна ээ кылат. Ошону биздин Адилет министрлиги жазып бериптир, "ишкерликке албай эле койсо болот" деп. Бирок алар ишкерликке лицензия алышкан. Биз болсо "биз ишкерлик жөнүндө эмес, кенди пайдалануу тууралуу сөз кылып атабыз, андыктан эгерде лицензия албасаңар, кенди ээнбаштык менен пайдалануу катары баалап, "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамдын 44-статьясына ылайык кенди пайдаланууга байланышкан ишиңерди токтотуп коюуга аргасыз болобуз" деп түшүндүрүп жаздык. Бул кат 21-апрелде кеткен, азырынча жооп келе элек.
-Калган участоктор концессияга берилбесе, алар кандай шарт менен иштетилип атат?
-Калгандары кадимкидей лицензиялык аянт деген шарт менен берилген. "Кумтөр лицензия аянты" деген бар. Ошонун ичинен Совет мезгилинде аныкталган участокторду кошумча чалгындап, запастарын эсептеп, "Юго-Западный" участогуна, анан "Сарытөр" участогуна лицензия алынды. "Кумтөр аянты" боюнча Башкы келишимдин 4.13 деген пункту бар. Ошондо "Концессиялык аянттын периметринен 7,5 чакырым аянт изилдөөгө кызыкчылык туудурат" деп жазылган. Бирок ошондо эле жазылган экен, "ал жерлер конкурс менен берилиши керек" деп. Антсе да биз кезегинде конкурсу жок эле берген экенбиз, өкмөттүн токтомунун негизинде.
-Мен туура түшүнгөн болсом, демек, силер бир участок - "Центральный" участогу боюнча мурда деле бир нече жолу эскертүү бергенсиңер, ал эми Жогорку Соттун аныктамасы боюнча эскертүүңөр азыр даярдалып атат, туурабы?
-Ооба. Себеби, Жогорку Сот "Кумтөр голд компаниге" укук берген документтердин баарынын күчү убактылуу токтотулсун деген аныктама чыгарып отурат. Алардын арасына биз мурда берген лицензиялар да, концессиялык келишим да, 2003-жылы өкмөттүн атынан Н. Танаев түздүргөн келишим да кирет. Алардын күчү сот иштери толук аяктаганга чейин токтотулат. Эгерде биздин өкмөт менен "Кумтөр голд компани" кандайдыр макулдашууга келсе, анда кандайдыр башка шарттарда тууралаштырылышы керек. Азыркы кылып аткан иштердин бардыгы "Камэконун" үлүшү менен Кыргыз мамлекетинин үлүшү өз ара адилетсиз бөлүштүрүлүп калганына байланыштуу болуп атат да. Азыр алтындын баасы унциясына 900 доллардын тегерегинде болуп атат. Өкмөт мунун тегерегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эле келатат. Бирок сүйлөшүүлөр ачык болбогондуктан тараптар бири-бирине кандай шарттарды коюп жатканын чынында биз деле билбейбиз.
-"Центральный" участогу качан концессияга берилди эле?
-1992-жылдагы келишимдин негизинде эле концессияга берилген. Ошондон бери эле "Кумтөр оперейтинг компани" ал участокко лицензия албай келатат. Көп жолу эскертүү бергенбиз. Бирок мурда өкмөт буларга аябай болушчу. Андыктан эч нерсе кыла алчу эмеспиз. Азыр, менимче, өкмөт түзүк иш алып барып атат.
-"Кумтөр голд компани" лицензия алуудан эмнеге качып атат?
-Лицензия алганда канча кен казылып жатканы, жоготуусу канча болуп атканы - ушунун баары биздин көзөмөл алдында болот. Азыр болсо принцибинде көзөмөл жок десек болот. Алар бизге өнүгүү планын көрсөтөт, биз макулдашабыз. Лицензия албагандан кийин, лицензиялык келишим түзүлбөгөндөн кийин көзөмөлдүн предмети жок да. Мунун салык жагына түздөн-түз тиешеси бар. Себеби казып алынган кендин көлөмү, өндүрүш өлчөмү дегендердин баары салык алына турган базаны түзө турган көрсөткүчтөр болуп эсептелет.
-"Центральный" участогуна "Кумтөр голд компани" лицензия албаса, ал жактан канча кен чыгып, канчасы эмне болуп иштетилип атканын биздин өкмөт кантип билет?
-Эми анын эсеби деле бар. Чет элдик компаниялар эсепти башкаларга караганда так жүргүзүшөт. Бирок лицензиясы болсо "эмне үчүн казылган кениң азыраак, эмне үчүн жоготууң көбүрөөк" деп маселе койгонго мүмкүнчүлүк түзүлмөк, көп нерселер биздин көзөмөл алдында болмок. Азыр болсо көзөмөл үчүн мыйзамдык негиз жок. Ишкана өзү отчет берет, маалыматтар ошонун негизинде алынат.
-Бирок ал канадалыктардын гана отчету да? Биз тарап ошолорго ишенгенге гана аргасыз турбайбы?
-Ооба. Ишенбегенде кайда барат? Эгерде өтө эле күмөн чоң болсо көз карандысыз маркшейдерлик өлчөө жүргүзсө болот. Бирок алтындын курамы деген бар да. Аны тигилер кандай аныктаса, биз ошондой деп түшүнөбүз. Анткени текшерүүчү анализди эч ким жасаган эмес. Кенди жаңыдан ачканда үстүндөгү алтындын үлүшү чоңойгон. Азыр системалык түрдө төмөндөп баратат. Албетте, кааласа аны деле тактаса болот, бирок ал кезде андай маселе коюлган да эмес.
-Сиздер азыр даярдап аткан эскертүү боюнча өкмөт силерди колдойбу?
-Өкмөт деген бизбиз. Биз өкмөттүн алдындагы агенттикпиз. Биз өз ишибизди мыйзамдын негизинде жасап атабыз, өкмөт "мунуңар туура эмес" деп колго чапмайын жасай беребиз. Жалпысынан биздин өкмөт бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечип, Кумтөрдөгү иштердин баары биздин мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүшүнө жетишсек, бул биздин чоң жетишкендик болот.

Маалымат үчүн: Кумтөр кенинде азыркы убакта казылып, иштетилип аткан үч участок бар - алар "Центральный", "Юго-Западный", анан "Сарытөр". Калган 266 чарчы чакырым жердеги участок "Кумтөр аянты" деп аталат, ал лицензия боюнча "Кумтөр голд компани" жаңы участокторду чалгындап атат.


Маалымат үчүн: "Центральный" участогу Кумтөр кениндеги негизги участок болуп эсептелет. Анда 700 тоннага жакын алтын бар. Салыштыра келсек, "Юго-Западный" участогунда 8 тоннадай эле, "Сарытөрдө" 6 тоннадай гана алтын бар.


Маектешкен
Жыргалбек Касаболотов












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!