Коомдук-саясый гезит
№33, 15.05.08-ж.






  Улуттук гезиттер сыйлыгын колго алдык!

Топ жарган элдик гезит болдук!!!
Кыргыз ММКсынын кадыр-баркын, мазмунун, сапатын өнүктүрүү-өстүрүү үчүн жыл сайын берилүүчү Улуттук Гезиттик Сыйлыгы уюштурулганын жазганбыз. Уюштуруучулары - "Журналисттер" коомдук бирикмеси, Медиа өкүлчүлүк институту, Көз карандысыз басмакана "ММКларды колдоо борбору" фонду, өкмөттүк эмес уюмдар. Өлкөбүздүн мезгилдүү басылмаларынын эң бийик жетишкендиктерин белгилейт. Ар кандай критерийлерди эсептеп-чоттоп, окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн эксперттик топ 2007-жылдын мыкты басылмасы деп "Dе-факто" ("Прорыв года"), "Супер-Инфо" ("Тираж года"), "АВТОгид" ("Рост года") гезиттерин табышты. Сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкек- пресс клубунда өтүп, алгач уюштуруучулар сыйлык ээлерине азганакай сөзүн, каалоо- тилектерин айтышты.

"Азаматтар эй,
"Агымдан" ашып түштүңөр"
Андрей МИЯСАРОВ,
"ММКларды колдоо борбору" фондунун башкы директору:
-Маалымат майданында атаандаштык абдан күч экенин жакшы билебиз. Гезит базарынын катаал шартына туруштук берүүнүн өзү эрдик. Бизди сүйүндүргөнү - уюшулуп, чыкканына бир жыл эле толсо дагы "Dе-факто" гезитинин кадыр-баркы тез өсүп, эл сүймөнчүлүгүнө арзыганга жетишишти. Албетте, буга талбаган эмгек жана окурмандардын табитин тарта билген талант керек экени кажетсиз. Биз "Прорыв года" сыйлыгын "Dе-факто" гезитине ыйгараардан мурун окурмандар арасына "Кайсы гезит окумдуу?" деп сурамжылоо жүргүзүп баштасак, жарым жылдан ашуун убакыттан бери "Dе-факто" биринчиликти эч кимге бербей келет. Чынында гезит базары калыптанып калып, атаандаштык абдан күчтүү мезгилде тосмону жарып чыгып кетүү абдан кыйын. Нечен гезиттер ачылып эле, атаандаштык азабынан жабылып калган. Бул жагынан алганда "Dе-факто" азаматтык кылды. Себеби, канчалаган жылдан бери кыргыз гезиттеринин арасында "Агым" эч кимди алдына чыгарган эмес. Ачыгын айтканда силер "Агымды" алып, эңип түштүңөр. Бул деген фантастика, дагы бир жолу "Dе-фактонун" эмгек жамаатына ыраазычылык айтып, ийгилик каалайбыз, ушунуңардан жазбай, талбай эмгектенгиле. Биз силерден кызыктуу, курч, так, калыс макалаларды күтөбүз.
Ооба, жаандан кийинки козу карындай жайнаган гезиттер ММК майданында толтура, атаандаштык азабы да күч. Ошентсе да майданга калем-сабын курчутуп, жарышка чыккан биздин гезит үчүн бир жыл чоң сыноо, чоң жоопкерчилик болду. "Ой, тез эле жабылат", "Эки чайнап бир жутабыз", "Колдорунан эч нерсе келбейт", "Кожоюну баланча экен" деген өңдүү уу-дуу сөздөр көп уктук. Унчукпай иштеген жеңет! "Булуттуу көктүн астында, муундуу чөптүн үстүндө" демекчи, биз азганактай эмгек жамаатыбыз менен элге сапаттуу гезит тартуулаш үчүн иштеп келатабыз. Биздин төбөбүздө дайым чындыктын туусу желбиреп турат. Ошол тууну желбиреткенибиз үчүн Акүй менен акжолчу Көкүйдүн кыжыры кайнап, температуралары көтөрүлүп, улам жаңы саныбыз чыккан сайын алардын итатайы тутулуп келатат. Акүйдүн баш ал десе, бөрк алган чабармандары биздин гезитти саттырбаштын, жоготуштун амалында. Не дейлик, аман болгула. Чындык каякта? Эл тарапта. Демек, чындык биз тарапта!
Жылдыз Мусабекова




Асылбек Өзүбеков,
КР эмгек сиңирген артисти:
-Союзпечаттын киоскуна белиме чейин кирип, анан силердин гезитти шыбырап сурасам, ары жактан таап чыгып берип атышат.
P.S. Азыр биздин гезитти сатууга тыюу салынып, жада калса бул гезит чыкпай калган дедиртип атышат. Ишенбегиле! Бирок, айрым сатуучулар чуркап барып, гезитбазардан алып келип жашыруун сатышууда. Ошолорго даңк!!!




  Үч тапан

Абдразаковдун иши артка жылды
Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы Эрнис Абдразаковго каршы кылмыш ишин кароону Бишкектин Биринчи май райондук соту кайрадан артка жылдырды (www.akipress.kg 14/05/08). Э. Абдразаков"FINREP жана ITI" компаниясынын кызматкеринен 10 миң доллар пара сурап, "пара алды" деген айыптоо менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан быйыл 16-февралда кармалып,"Пара доолоо" жана"Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу" деген беренелер боюнча айыптар коюлган.

Эл ичи-анекдот кенчи
Концертке адатынча кечигип келген кыргыз орундукка отурар менен кошунасына шыбырайт:
- Оркестр кайсы обонду соктуруп атат?
- Чайковский… омей…Маяковскийдин бешинчи симфониясын безилдетип атат!
- Иттики ай-йя! Бешинчисине келип калса, иттей кечиккен экемин!

Жиндиканага текшерүү келет. Бир палатага киришсе, оорулуулардын баары керебеттин астына жатып алып,пружиналарын ары-бери бурап атышат дейт.
Таң калган комиссия:
- Булар эмне кылып атышат?
- Ооруганга чейин баары шоопур болуп иштешкен экен…












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!