Коомдук-саясый гезит
№32, 13.05.08-ж.






  Өлгөнүңдө күлүп кал!

Мекен сатылат, "сүйүнчү"!
17 жылдан берки Кыргызстандын
тарыхы - Мекенди сатуунун тарыхы.
Буга көп киши аралашкан.
Азыр анын акыркы, финалдык этабы келди.

Футболго түшкөн балбан утпайт
Илгери Апенди "мен 15 жылда эшекти адамча сүйлөтөм" деп хан менен мелдеше кеткен экен. Хан "15 жылда эшекти адамча сүйлөтпөсөң башыңды алдырам" десе Апенди макул болуптур. Элдин баары "Апенди, эми өлдүң, 15 жыл тургай 30 жылда да сүйлөтө албайсың" десе Апенди "азырынча жашай турайын, 15 жылда же мен, же хан, же мынабул эшек өлөт" деген экен.
Ошентип, "Ак жол" партиясы өлкөнүн энергетика тармагын реформалоо программасын түзүүнү жана ишке ашырууну өкмөткө өткөрүп берип, өз мойнунан жоопкерчиликти алып таштады. Эми энергетиканын эң майлуу-сүттүү жерлери болгон бөлүштүрүүчү компанияларды менчикке сатмак түгүл бекер берсе да өкмөттүн өз эрки. Кийин энергетика тармагы азыркыдан беш эсе жаман кризиске учурап, мамлекет өз байлыгына өзү ээ боло албай кала турган болсо жумурай журт анын жоопкерчилигин кимден сурап алаарын билбей башы катат да калат.
Адатта саясатты футболго салыштырышат. Футболдо канчалык күчтүү болсо да күрөшкө түшкөн балбандар утпайт, топту бири-бирине пас берип, алдамчылыктын алчы-таасын өздөштүргөн, бирин бири далысынан түшүнгөн командалар утат. Мыкты футболчулардын эби жок каршылаштары улам бирөөнүн артынан кубалап, бутуна топ тийсе сүйүнүп атып кантип гол киргизип ийгенин байкабай да калышат. Мекенди сатуунун механизмдери да ушундай тактикага байланышкан. Бирок кадимки футболдо оюнчулар башка командага каршы ойношсо, Кыргызстандын тарыхындагы башкы оюнчулар өз командасына каршы ойноп келатышат. Болгондо да башка жактын сөзүн сүйлөшөт. "Ой, ал башынан бери эле Казакстандын жери", "ой ал Өзбекстандын жери", "кокуй, ал Кытайдын кызыкчылыгына туура келбей калат экен" ж. б. дегенден башканы укпайсың.
Мына жакында "Ак жол" партиясы Каркыра менен төрт пансионатты казактарга өткөрүп берүү тууралуу маселени коомчулук менен мышык-чычкан ойнотуп атып, акыры президентке пас берди эле, К. Бакиев ал келишимге кечээ жакында кол коюп, гол киргизди. Албетте, өз дарбазасына.
Кыргызстандын бийлиги Акаев мезгилинен бери ушундай пас берүүнү абдан жакшы өздөштүрдү. Азыркысынын айырмасы - кол менен деле ойноп кете берет, бутка тээп деле өтө берет, соттору болсо өз колунда, кимдин жеңишин эсептеш керек болсо, ошонуку гана эсептелет. Ар кимдин артынан түшүп атып жалпы эл акыр аягында кимди жоопкерчиликке тартаарын билбей башы маң болот.
Азыр чет элдик байлык ээлери менен жең ичинен кол алышкан энергобарондордун кызыкчылыгын президент К. Бакиев коргоп келатат. Анткени Акаев заманынан бери элдин баарына таанымал болгон энергобарондорду канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай коргоп келаткан ошол, "Алга, Кыргызстандын" мүчөлөрүн кошуп алып "Ак жол" партиясын түзгөн ошол, мүйүз токмок күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет кылып бийликке алып келген да ошол, демек "Ак жол" эмне жасаса анын баары ошол кишинин эрки деп түшүнүш керек. Бирок юридикалык жагына келгенде кийин кимисин жоопкерчиликке тартаарыңды да билбейсиң. Анткени, К. Бакиев акжолчуларды бийликке алып келип, акжолчулар айрым маселелерди (мисалы Каркыраны) өздөрү чечип, айрымдарын өкмөткө өткөрүп берип, өкмөт болсо президенттин көрсөтмөсүн аткарып, өз дарбазасына гол киргизип... кыскасы ушундай.
Бегиш Ааматов айтмакчы, "баарын сатасың, бир жакка качасың, бир нерсе деп сураса акыр аягында "а мен кыргыз эмесмин" деп баса бересиң".

Кыргызстанды
сатуунун кыскача тарыхы
Негизи мекенди сатуу менчиктештирүүдөн башталган. Ошол учурда өз алдынча иш алып баруу тууралуу түшүнүгү жок чарбалар бөлүнүп, кашарлар кирпичинен бери таланып, малын бөлүп алган эл аны кайда, кантип багаарын билбей союп түгөтүп, техникадан эч нерсе калган жок. Чарбалардын жетекчилери пайда кылган мурунку карыздары элдин башына бөлүнүп, өкмөт андан майнап чыкпай турганын түшүнгөндө былтыр гана кечти. Иштеп аткан мыкты ишканалар "келечеги жок экен, майдалап бөлбөсөк болбойт экен" деп атып PESAK программасынын алкагында бөлүнүп, станокторунан бери сатылып кетти. Ким жооп берди? Эч ким. Аны сунуш кылган чет элдик кеңешчилер очойгон акчаны чөнтөгүнө басып, азыр "Кыргызстан деген мамлекетте да иштеп койдук эле" деп мурутун сылап отурушат. Алардын тилин уккан кыргызстандык жетекчилер дагы гол киргизишти. Өз дарбазасына.
Менчиктештирүү ар бир адамдын Совет мезгилинде иштеп тапкан айлык акысынын эң чоң өлчөмүн сомдун рублга карата алгачкы курсу боюнча 200гө бөлүү аркылуу ишке ашырылган. Иттин өлгөн жери ошол болчу. Анткени ал кезде бөлүнө турган өндүрүш каражаттары түзүлүп жаткан убак СССРдин гүлдөп турган учуруна туш келген, ал кезде 1 рубль 0,60 доллар эле. Демек, менчиктештирүүнүн мындай формуласын киргизүү менен мурунку бийлик өндүрүш каражаттарынын баасын 200 эсе арзандатып, элди бери болгондо 200 эсе алдаган. Өндүрүштө 30-40 жыл иштеген кишилер ашып барса 150-200 сомдук мүлктүн ээси болуп калганы да, экинчи жагынан "Айчүрөк" универмагынын 15000 сомго сатылышы да ушул ит өлгөн формулага байланыштуу. Бул формуланы иштеп чыккандардын канчалык натуура экенин мурунку кыргыз өкмөтү билгенби? Билген. Бирок өздөрү үчүн эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып атканынан улам аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, авторлош болушкан. Ким жооп берди? Эч ким. Анткени кеңешин чет элдиктер беришкен, ишке ашырганын жергиликтүү жетекчилер ишке ашырышкан, пайдасын ошолор, анан дагы толтура шылуундар көргөн, чечимин мурдагы парламент менен мурдагы президент ишке ашырган.
Жердин менчикке берилиши да ушул эле сценарий менен жүрдү. Мамлекеттүүлүгү түптөлө элек, чегарасы тактала элек өлкө үчүн жерди менчикке таратуу иммунитети жок киши микробду бурдап жегенге барабар экенин канча киши эскертсе да уккан киши болгон жок. Кыргызстандагы чүйгүн жерлердин баарын азыр чет элдиктер алууда. Кыргызга жаздырып коюп Бишкектен үй алып, анысы аз келгенсип Кыргызстандын тилин үйрөнбөй (же кыргызча билсечи, же орусча билсечи), өз тилинде сүйлөп, туугандарын ала келип кошо тыгып, эмне менен алек болуп атканын бир Кудай билет. Алыс барып кереги жок, "Мадина" жактагы көп кабаттуу үйлөргө барсаңар өздөрү астыңардан чыгат.
Баткендеги чегарага жакын айылдарда кыргыздар өздөрү тажиктерге үйүн сатып кетип атышат. Бул алардын мамлекеттик саясаты. Эр болсоң кайрып алып көр. Анткени аны мамлекет саткан эмес, жеке адамдар жең ичинен саткан, ал эми чегара болсо такталган эмес. Эгерде Кыргызстанда жер мамлекеттики болуп эсептелсе мамлекет өзү коргоого милдеттүү болмок. Эми тажик милициясы өз жарандарынын укугун коргоп, Кыргызстандын жеринде ок аткандан кайра тартпайт. Кошуна тажиктер көчөдөн ары-бери тынч өткөрбөй, таш менен ургулап, сөгүп, кордоп, айласын алты кетиришет. Чорку деген айылына тажиктер өздөрүнүн колония-поселениесин атайын алып барып койгон. Биздикилер болсо бирине бири шылтап отурушат. Милициясы Чегара кызматына, Чегара кызматы өкмөттүк комиссия менен ТИМге, өкмөттүк комиссия менен ТИМ кайра Чегара кызматы менен жергиликтүү милицияга. Ошентип пас берип атышат. Алар антип өз дарбазасына гол киргизип атканын көрүп, баарынан көңүлү калган баткендиктер күргүштөп эле кетип атышат. Мамлекетибиз жок турбайбы деп кетип атышат. Дагы кетет. Тажикстандыктар дагы басат. Анткени өз дарбазасына гол киргизген оюнчуларды көрүп башка жактын командасына Кудай берип салат да.

Өз жериңде өгөйсүң
Илгери Кытайда Англиянын колониалдык саясаты жүрүп турган кезде "кытайлар менен иттерге киргенге уруксат жок" деген жазуулар турчу. Азыр кыргызстандыктар өз мекениндеги көптөгөн объектилерге чет өлкөлүк кожоюндарынын уруксаты жок кире алышпайт. Азыр Ысыккөлдүн жээгиндеги айрым пансионаттарда "Баланча мамлекеттин аймагы" деп бадырайып жазылып турат. Эр болсоң уруксаты жок кирип көр. Азыр кандай болуп калды ким билет, мындан бир нече жыл мурун "Кумтөргө" Кыргызстандын атайын кызматтары да уруксаты жок кире алчу эмес. "Манас" аба майданындагы, Канттагы аскер базаларынын жоокерлери Кыргызстандын мыйзамдары менен соттолуп-тергелбейт. Мына Александр Ивановду америкалык Закари Хетфилд каратып туруп атып салды эле, кыргыздар анын кыгына куурай сая алган жок. Сая албайт дагы. Анткени "кыгына куурай сая албайм" деп өзү кол коюп берип койгон.

Соңку соода
Эми Кыргызстандын энергетика, суу, байланыш жана башка эң чүйгүн жактары калды. Аларды сатыш үчүн убакыт чектелүү. Анткени баарын мыйзам чегинде жасай турган болсо дароо эле эшектин кулагы көрүнөт. Анын үстүнө экономиканын чамасы чакталуу, ченеми чектелүү, дүйнөлүк баалар өсүп, алардын кесепети Кыргызстанга тие турган убакыт келди. Бийлик аны да түшүнүп турат.
Илгери бир абышка фронттон кат жазган экен, кемпирине. "Бу немис дегениң кыйын болот экен. Булар басып эле келатат, басып эле келатат, биз чегинип эле баратабыз. Ушинтип жүрүп отурсак Кудай буюрса эки-үч айда үйдө болуп калам" деп. Анын сыңарындай, эгерде азыркы тенденция улана бере турган болсо, 2008-2009-жылдары электр бөлүштүрүүчү тармактар, жылуулук түйүндөрү, байланыш, жолдор, Ысыккөлдүн жээгиндеги бир топ пансионаттар жана жерлер Кыргызстандыкы деген аттан ажырайт. Көл жакта кичинекей анклавдар пайда болот. Чегара боюнча келишимдерге шашылыш кол коюлуп, Оштогу, Жалалабаттагы жана Баткендеги чегарага жакын айылдар, Сохтун, Ворухтун жана Шахимардандын тегерегиндеги жерлер Кыргызстандыкы болуудан калат. Баш көтөргөндөргө каршы зайыптар батальондорунан тартып бандиттерге чейин колдонулат, КТР, ЖТР, БТР, кыскасы баары пайдаланылат. Бирок керектүү документтерге кол коюлат, керектүү объектилер керектүү кишилердин колуна өтөт. Кереги жок калгандары бийликтен кетет. Энергетиканын ж.б. болочок ээлери ким экени маанилүү деле эмес. Анткени баары бир кыргыз баласынын колуна тийиши күмөн.
Мындай тенденциянын алдын тороп, анча-мынча болсо да мамлекетти сактап калыш үчүн сунуштала турган стратегиянын айрым принциптери тууралуу кийинки санда сөз болмокчу.
Жыргалбек Касаболотов




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
Астыда өлгүдөй кызык карылык күтүп атканын билесиңерби?..
Тегерек-четиңде көчүк-белине чейин татуировка чегилген чал-кемпирлер жүрү…


Баласы атасынан сурайт:
-Ата, 90-60-90 деген эмне?
-Ал деген пост-ГАИнин жанынан машина айдап өтүү…

Кутурма курутпаса десең…
Айыл, суу жана өнөр жайды кайра иштетүү министрлигинин айтымында кыргыздын мал чарбачылыгы мышык ыйларлык абалда. Сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабай финансы министрлиги беш айдан бери бюджетте каралган 52 млн сомду бөлбөй шорду шорподой кайнатууда. Ал ансайын мал-жан арасында Сибирь жарасы, бруцеллез, кутурма, ящур оорулары кутургандай жайылууда. Вакцинага акча жок ветеринар кызматкерлери алакан жайып отурат. Ал аңгыча Кочкор, Жумгал элинин мал-жанына "Кызыл гүл" деген оору жабышып, жандарын кашайтууда. Минте берсе мал туягын санап жансактаган Нарын эллине кыйын болот окшоп калды. Финмин эртерээк акча которуп, анысы сол чөнтөккө солонуп кетпей дарегине тийс ежакшы болмок.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!