Коомдук-саясый гезит
№32, 13.05.08-ж.






  Эсил кайран...

Манас Бердибековду да,
"жалпак жөжөсүн" да сагындык
Май айынын он бешинде белгилүү куудул, маркум Манас Бердибековдун туулган күнү. Таланттуу инсандын оо дүйнө сапар алганына жети жылдын жүзү болуптур. Эгер көзү тирүү болгондо быйыл элүү эки жашка толмок... Ошого карата уулу Санжар атасынын досторунун жардамы менен элге эскерүү кечесин тартуулаганы турат. Кеченин алдында Манас Бердибековду достору, жакындары менен бирге биз да эскердик.

Күмөндөр Абылов:
"Өзү араң келатып чоң ташты көтөрүп алыптыр"
-Манас менен мен көп жыл иштешип, дос болуп, гастролдорго чогуу чыгып, үйбүлөлүк катышыбыз бар болчу. Манасты башкаларга караганда мен жакшы билем десем жаңылыш болбос. Себеби куудулдардын ичинен экөөбүздүн мамилебиз бир башкачараак эле. Ал биздин үйгө келип калса, же мен барып калсам, эки-үч күн кетпей, үйдөн чыкпай жатып алып кино көрмөй, ыр жазмай, китеп окумай хоббибиз бар болчу. Мисалы, мен жашоодо түнтмүн. Көп кишилер "Сиз менен киши зэригип кетет" деп айтышат. Манас жүргөн жер болсо дайыма күлкүгө толуп турчу. Кары болобу, жаш болобу, ойдобу, тоодобу, айтор, кандай учур болбосун өзүнчө шаң болуп турар эле. Манастын дагы бир артыкчылыгы - сахнада аткарган ролунун характерин тез тапкандыгы. Анан өзү "Бир театралдык билим алып, мектептен өтсөк жакшы болмок" деп өкүнүп калчу. Режиссерлордун колунан өтүп, актерлук кесип албай калганына мен да кейип калам. Илгери "Шаршен" атындагы куудулдар театры түзүлүп, ачылышына болгон куудулдарды чакырат. Анда мен Нарында болуп келбей калгам. Анан ага башкаларга кошулуп Манас да барбайбы. Бектен Абдылдаев деген режиссер агай спектакль коюп, куудулдар менен иштешип атса, Манас режиссердон өтпөгөн неме өзү билгендей аткара баштабайбы. Анда режиссер кайра-кайра токтотуп, улам оңоп атып, бир маалда "Деги мындай жашачы" десе, Манастын жини келип, "Жашап эле атпаймынбы. Жашабасам бул жерге неге келдим. Мен ушунча жылдан бери жашап келатпаймынбы" деп режиссердон бери күлдүргөн экен. Манас Нарынга барып калган сайын мага жолукмайынча кетчү эмес. Ошондо бир окуясын айтып берип атпайбы. Мурда айылдагыларды чөпкө айдачу эмес беле. Анан Манасты да чөпкө жиберсе, өзүнөн улуу, олбурлуу айылдаш бала экөө чөптөн качышат. Аксыдан Ташкөмүргө келатканда укмуштуудай кооз жерлер көп. Анан тоо - таш арасында чөлгө окшогон коркунучтуу жай бар. Манастар качып келатып ошол жерге жетип калганда жанындагысы алдуу, күчтүү неме ыркыйган Манасты "болбойсуңбу, баспайсыңбы" деп жетсе уруп-согуп, тепкилеп тажатыптыр. Анан Манас "Мындан кантип өчүмдү алсам. Мушташсам жеңилип калам" деп ойлонуп келатып, жолдон бир чоң ташты көтөрүп алыптыр. Астыда кетип бараткан шериги көрүп алып, ого бетер "Ташта-а эле, ташта" деп кыйкырып, катуу жиндениптир да. "Өзүм араң келатып колума таш көтөрүп тигинин жинине тийип өч алгам" деп боорумду эзип салган.
-Манас байке менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
-Манас менен "Мыскыл жана тамаша" деген берүүгө тартылып жүргөндө таанышкам. Анда "Мыскыл жана тамашаны" дайыма жаңы жыл алдында көрсөтүп, бир топ убакытта тартып бүтчү элек. Кайра-кайра тартылууга келип жүрүп, ошондон тартып жакшы мамиледе болуп, жакындашып кеткенбиз. Ага чейин "Ариет" деген театралдык ансамблде Рахман менен чогуу иштечү экен. Мен ал кезде Нарын театрында иштечүмүн.

Абдылда Иманкулов:
"Туураган жаштар көп, ордун баса турганы жок"
-Манас экөөбүз көп жыл бирге иштедик. Абдан ишенчээк адам эле. Бирөөгө жөнү жок таарынып, же майда -барат нерселерге капа болгонду билчү эмес. Анын ойногон интермедиялары элдин оозунда калды. Азыр кыргызда Манасты туурап чыккан жаштар толуп атат. Бирок анын ордун басып кетчү эч ким жок. Биз Манас, Рахман, Жамбыл болуп сахнада ойногондо даярдыгы жок эле чыгып кетип, бири бирибизди көзүбүздөн түшүнүп турчубуз. Футбол ойногондо пас берген сыяктуу эле биз да "азыр мен муну айтсам, тиги минтип улап кетет" деп көзүбүз менен сүйлөшүп турчу элек. Манас - кайталангыс талант. Ага тең келчүлөр кылымда бир жаралса жаралар, болбосо жок. Манастай жөнөкөй, фантазиясы күчтүү, шайыр инсан миңдин биринен гана кездешет. Адам өзү өлсө да, чыныгы талант өлбөйт экен. Манастын көзү жок болсо да, чыгармалары азыркыга чейин эл арасында айтылып, өлбөй, өчпөй өмүр сүрүп келатат.

Жамбыл Камчиев:
"Тоок, жөжөлөрдүн жүрөгү түшүп качып кетпесин"
-Манас турмушта абдан ак көңүл адам болчу. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп же катуу айтканга даай алчу эмес. Бир жолу гастролдо жүрүп, Дөөлөт Мадымаевдин кайын журтунун айылына концерт менен барып калдык. Анан кайын эжеси бизди үйүнө чайга чакырды. Барып чай ичип, "тамакты жөн эле койгула, биз шашып жүрөбүз" деп тамакка күтпөй кетип баратсак, кайненеси келип калды. Аны менен учурашып, жайыбызды түшүндүргүчө болбой " эмне шашасыңар, биз казан-пазанды чочуталы дедик эле. Олтуруп тамак ичип кеткиле" десе, Манас туруп "жөн эле коюңуз, тоок, жөжөлөрдүн жүрөгү түшүп, качып кетпесин" деп тамашалап, баарыбызды күлдүргөн. Манас өзү сахнада эле эмес, жөнөкөй жашоодо деле куудулдана берер эле. Жада калса бизди да боорубуз эзилип, шайыбыз оогончо күлдүрчү. Кой дегенге да болчу эмес. Кээде эстеп, аттиң деп кейип калам.

Анвар Асанакунов:
"Манас аке менен иштеген аябай жеңил болчу"
-Манас аке өтө жөнөкөй адам эле. Мен аны агайым десем да болот. Себеби мага "Анвар, сенин мимикаларың, сүйлөгөнүң меникине окшоп кетет. Чогуу иштеп, интермедияларды бирге аткаралы" деп калчу. Кээде сахнага чогуу чыгып жүрдүк. Манас аке менен иштеген аябай жеңил болчу. Анан фантазиясы укмуштуудай күчтүү эле. Бир нерсени тез ойлоп таап, турган жеринен сатира даярдап салаар эле. Ар бир чыгармасын турмуштан алып, сахнага чыкканда куюлуштуруп аткарган чеберчилигин абдан баалачумун. Эгер бир сатира жакшы болбой калса, аны сахнада аткарып атып кошумчалап олтуруп бышырып алчу. Эң башкысы, адамгерчиликтүү болчу. Жакшылык, жамандык болобу - жакындарын таштачу эмес. Ошондуктан карапайым эл эле эмес, куудулдар биз да " Манас, Манас" деп жакшы көрчүбүз. Эч бир жандын көңүлүн оорутпаган, шайыр адамдын бүгүн арабызда жок экенин эстегенде жүрөк зырп дейт.

Борончу Кудайбергенов:
"Анан эмне менден кара зил чыгып атыптырбы?"
-Манас жаш баланыкындай кыялы бар өзгөчө адам болчу. Башка куудулдардан айырмаланып, сахнада кандай болсо турмушта да ошол калыбынан жазчу эмес. Баарыбыз чогулуп олтуруп калганда, башкабыз сүйлөбөй эле Манасты карап олтурчубуз. Бир жолу "Ысыккөлдө кадыр түн" фестивалында куудулдар топтошуп турсак бир журналист келип, катар менен ар бирибизге суроо бере баштады. Анан Манаска келгенде "Секске кандай карайсыз?" десе, Манас да кебелбей "Кээде эңкейип, кээде туруп алып карайм" деп боорду эзгени эсимде. Дагы бир ирет Кызылсуу деген айылга концерт коюп барып калдык. Манас сахнада интермедия ойноп атса, бир мас келип тийишип, айтып атканын унуткарып салды. Эптеп аны күлдүрүп кетиргенден кийин элге кайрылып, "Кай жерге келдим эле" десе бир жаш бала туруп, "Кызылсууга байке, Кызылсууга келгенсиз" деп баарыбызды күлдүргөн. Бир жолу Манас экөөбүз аябай мас болгуча ичип алып, жүрөгүбүз айланып кусуп атабыз. Анан мен "Эй, менден сары зил чыгып атат" десем, Манас мага карап "Анан менден эмне кара зил чыгып атыптырбы. Менден деле сары зил чыгып атат" дегенде мастыгыма карабай күлдүм эле. Манас негизи өркүндөткөнгө кыйын болчу. Бир нерсе укту дегиче үстүнө кошуп, көркөмдөп, элге жеткирер эле.

Санжар Бердибеков:
"Атамдын "жалпак жөжөсү" жагат"
-Атамдын туулган күнүн жылыга айылга барып, аксакалдар, туугандар, достору менен бирге эскерип, багыштап куран окутуп турчу элек, быйыл шаарга концерт берип, эл, күйөрмандары менен бирге эскерсекпи дедик. Мен атамды он сегиз жашымда тапкам. Ага чейин таята-таянемдин колунда чоңоюп, бала кезимде өз атамдын мээримин көргөн жокмун. Азыр туруп, " Кап, атам менен эртерээк табышканымда аны жакшылап билип, акыл-насаатын алып калмак экенмин. Билбеген көп нерселерди үйрөнмөкмүн" деп өкүнүп калам. Кичинемде телевизордон көрсөм, кийин атам экенин билгенде кошо кетип калып, дайыма жанында жүрчүмүн. Ар бир гастролдоп барган жерлеринен калбай, ар бир сатирасына боорум эзиле күлчүмүн. Мага атамдын "жалпак жөжө" деген интермедиясы өзгөчө таасир калтырды. Ушу күнгө чейин эстегенде күлө берем. Башка да элге жетпей калган сатиралары көп. Атам каза болгон жылы атайын китеп кылып чыгарганбыз. Буюрса, алдыдагы концерттерде ошолорду элге алып чыксам деп жүрөм. Атамдын ордун жоктотпой, жолун улап кетүү менин парзым.
-Өзүңүздү атаңызга окшоштурасызбы? Жаш кездеги сүрөттөрүн көргөндө, балким, салыштыруу болоор...
-Тилекке каршы, атамдын жаш кездеги эмес, кийинки жылдардагы сүрөттөрүнөн такыр эле калбаптыр. Үйгө келгендер алып кетип атып кайда калганы белгисиз. Ошондуктан менде атамдын сүрөтүн карап, өзүмдү окшоштуруп суктанып, сагыныч таратканга көп мүмкүнчүлүк жок.
Даярдаган Бурул МУСАБЕКОВА




  Үч тапан

Акча менен алдоо амалкөйү
Бир жылдан бери коомчулукту уу-дууга бөлөгөн Ош, Ноокат чөлкөмүнүн өз ишине шалаакы ак халатчандарынын азабын тарткандардын абалы жүрөк титиретип келет. Гиппократтын антын алгандар бул чөлкөмдө дарыланган 72(!) балага ВИЧ-СПИД инфекциясын жугузушкан. Ошондон бери бул ишке тиешеси барлар өз алдынча аракет көрүшүп, кылтакка чабактар түшүп, киттер кутулууда. Бул абалды аргасыз мойнуна алган президент Бакиев кечээ өзүнүн резервдик фондунан 510 миң сом бөлдү. Кандай акча бөлүнбөсүн, бары бир балдарынын абалына күйүккөн ата-эненин көз жашына эч нерсе татыбаса керек.

Эл ичи-анекдот кенчи
Токойдун айбанаттары чоң сууга көпүрө курмай болушат. Узун-узун устундар керек болгондуктан Аюуну "сен күчтүүсүң, бул ишке өзүң гана жарайсың" деп курулуш министрлигине жөнөтүшөт. Аюу барып, кайра курукол келет. "Сен куусуң, сенин колуңдан келет" деп Түлкүнү жөнөтүшөт. Бирок, Түлкү да курукол кайтат. "Мен барам!" дейт Эшек. Эшекти жөнөтүшөт. Эртеси күнүле устундар суу менен агып келе баштайт. Көп узабай, жээктин баары устунга толуп кетет.
Бир айдан кийин "Мерседес" минип Эшек өзү келет.
-Министрликти кантип көндүрдүң? - дейт таңгалган айбанаттар.
Анда Эшек айтат дейт:
-Министрликке кирип барсам, бүт эле өзүмдүн туугандарым экен! - деп.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!