Коомдук-саясый гезит
№31, 08.05.08-ж.






  Муза кайыгы

Ээси бар элдик ырлар же автордук укук тууралуу учкай ой
"Элдик ыр" десе эле бир короого же бир дөбөгө эл чогулуп алып "кел, обон чыгарабыз" деп отурбасы айдан ачык дейличи. "Анда элдик ырлар кайдан пайда болот?" деген суроо туулат.
Орустарда "белгисиз автор" (неизвестный автор) деген термин кээде колдонулуп келет. Менин оюмча, эң так айтылышы ушул. Автору айтылбай унутта калып, чыгарма элге алынып, сиңип кетип, анан "элдик" чыгармага айланары айныксыз. Бүгүнкү күндөгү радио менен телевидениенин авторлорго кылган мамилелеринен жакынкы мезгилде "элдик ырлардын" саны алда канча арбындап кетерине күмөн жок.
Азыркы учурда "Бекбекей", "Шырылдаң", "Оп майдадан" башка элдик ырлардын нукура үлгүлөрү сакталып калбагандай. Алардан сырткары айрым бир күйгөн жана секетбайлардын үлгүлөрү элдик ырлар катары аткарылып келет. Тарыхый ырлар жокко эсе. Бирок жанагы күйгөн жана секетбайлардын көпчүлүгүнүн ээси (автору) бар экени азыркы күндөрү тастыкталып калды.
Совет мезгилинде автордук укукка калпыс мамиле кылгандыктанбы, же авторлордун өздөрүнүн чыгармачылыгына болгон ыкшоолугунанбы, айтор, көптөгөн ырлар элдик деп аталып кеткен. Мисалы "Ой тобо" аттуу ыр элдик деп радионун алтын фондуна жазылып, ыр китептерге чейин кирип, кийинчерээк гана анын автору бар экендиги аныкталып отурат. Ээси Эсенаалы Кушчуев деген кегетилик ырчы-обончу болуптур. Ошондой эле "Көл боюнда" аттуу ыр да элдик делип келген болсо, анын автору Ызакан Табылдиев экендиги кийин эле билинди. Белгилүү "Жалжалым" деген ырды академик Жамин Акималиев "мен чыгаргам" деп маалымат каражаттарына тастыктап келет. Ошентсе да Эсенаалы менен Ызакандын, Боогачы менен Калмураттын белгилүү ырлары эмдигиче концерттерде же радио уктурууларда элдик деп уктурулуп келет. Бул не дегендик? Эртең эле А.Малдыбаев, Н.Давлесов, Р.Абдыкадыров же К.Тагаевдин популярдуу ырлары элдикке "айланып" кетеби деп кооптонуп калат экенсиң. Себеби, биздин ырчы-аткаруучуларыбыз концерттерде же радио берүүлөрдө авторлорун жарыялабастан эле уктура беришет. Эртеден кечке автору айтылбай эфирден түшпөгөн Н.Давлесовдун "Саанчы жеңесин" же А.Керимбаевдин "Кайдасың" аттуу ырлары эртең эле элдик ырга айланып калбасына ким кепил? Ушундан улам өзгөчө обондуу ырлар жанры боюнча "Кыргызпатенттин" автордук укукту коргоо боюнча активдүү киришүүсү бүгүнкү күндүн зарылчылыгы экендигине талаш жок.
Ырларына ээ боло албай калган авторлордун ич күптүлөрү чоң. Негизи эле козу карындай жайнап кеткен ар кандай радиостанциялардын баары , атүгүл телекөрсөтүүлөр да автор менен иши жок иштеп жаткандыктан калктын калың катмарына ырчылар обонун да, сөзүн да өздөрү чыгарып ырдашат экен деген түшүнүк терең орун алып калды. А бечара авторлор калем акыны мындай кой, "атын атаса, куту сүйүнөткө" эле ыраазы болоору белгилүү. Анан ошо да жок болуп жатпайбы. Концерттердин алып баруучулары (ди-джейлер) "концертти алып барып жаткан мен Баланчаев Түкүнчө" деп бир күндө кайта-кайта жарыялагандан тажабайт да, тигил же бул ырдын авторун бр күндө бир-эки кулактандыргандан эринеби, же автордук укук тууралуу караманча түшүнүгү жокпу, айтор, түшүнүксүз. Деги эле ошолорду кимдер, кайсы органдар эске алыш керек.
Кезинде музыкалык чыгармаларды маданият министрлигинин алдында репертуардык - редакциялык коллегия , радионун алдында алтын фондуга кабыл алуучу көркөм кеңешмелери болор эле. Министрлик менен коллегиясы кошо жоюлуп кеткенин билебиз. Кыргыз радиосунда көркөм кеңеш элдир-селдир иштеп жатканы менен эфирге түздөн-түз таасири жок. Үч жыл мурда кайра түзүлгөн маданият министрлиги менен улуттук телерадио бул маселе тууралуу бир нече жолу отурум уюштуруп, катуу күрөш жүргүзөбүз деп чамынып жатканына кыйла убак болду. Азырынча майнап чыкканын көрө элекпиз…

Турдубек ЧОКИЕВ, композитор




"De-факто" гезитинин жамааты кесиптешибиз, белдүү журналист Мамат Сабыровго апасы Улуктаажынын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтат.
Мамат аке, чын дүйнө менен конок дүйнө жайын канча айтып, канча жаздыңыз. Апаңыз сиз ниет кылып, беш маал сүкүтүңүзгө кошкон бейиш жайынан орун алсын. Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз.
"De-факто" гезити













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!