Коомдук-саясый гезит
№31, 08.05.08-ж.






  Сыйкыр сан

Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыңызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай
90 27 03 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы же жөн гана көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Бирок, эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын-ала белгилеп коет. Сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. Эмки номердеги сыйкыр сандар - 655, 660, 667. "Сыйкыр санга" ар аптанын дүйшөмбү күнү 10.00дөн 12.00гө чейин 90 27 03 номерине байланышыңыз. Өткөн сандагы сыйкыр санга туш болгондор сыйлыкты жума күнү саат 10дон 12ге чейин алып кетсеңиздер болот. Айта кетчү нерсе, мындан ары шаардык телефондон гана эмес мобилдик телефондон дагы 0 (555) 35 85 04, 0 (543) 08 03 81 номерлерине SMS билдирүү жиберсеңиздер болот.

"Сыйкыр сандын" алып баруучусу
Бегимай Бакашева


626. Калайык калк, арабызда чыныгы эркектер калган жокпу. Баары Россиядабы? Анча-мынча калсаңар каяктасыңар? Мамлекети жок калганда эмне кылабыз?
0502

627. Үмүтхан жана Рахан, сиздерге салам! Сиздерди жакшы көрөм.
Анархан

628. Оо кудай, эми биз кайда барып эсалабыз? Көлдөгү пансионаттарды сатып ийди дейби? Эми эмне кылабыз???
0781

629. Болот, санаа тартып кайгыга баттың бекен,/ Сагаалап жүрөктөрдү кактың бекен./Таба албай табышмагын тагдырыңдын,/ Бактыңды жалгыз мен деп жаттың бекен. Болот, сени сагындым.
Наргиза

630. Жыланда бут жок, жылкыда өт жок, Бакиев менен акжолчуларда бет жок экен.
Турусбек Саралаев

631. Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин телефонун берип койсоңор жакшы болот эле. Элдин кеп-кеңеши бар эле.
Марс

632. Кыргызстанды башкарганга татыктуу инсан жок. Бакиев Путинге барып чөгөлөп суранса, балким, Кыргызстанды беш жыл башкарганга макул болот беле. Балким, ошондо кыргыздардын курсагы тоер беле?!
Марс

633. Атамбаев, Субаналиев, Эшимканов, эркек болсоңор, бийликке сатылбай эле койсоңор болмок. Кокустан бийлик алмашып кетсе, ары же бери эмес, ортодо калбагыла. Ойнобой, ойлонуп иш кылсаңар болмок.
Кличко

634. Мен Кыргызстан жоголуп кете турган мамлекеттердин ичине кирет дегенге ишенчү эмес элем, жерибизди ушинтип биздин бийлик кошуна мамлекеттерге бергенден кийин ишенип калдым. Бирок менин бир үмүтүм бар. Алар-Ө.Текебаев, , Т.Сариев, А.Бекназаров.
Такеш

635. Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Бекназаров, биз силер менен! Азыркы бийликке ишенбей калдык. Ишенерибиз, таянарыбыз силерсиңер.
Мээрим

636. Мадумаров, жумшаак жерге отурупсуң. Жаман кутурдуң, башкаларга сөз бербей. Начальнигиң экөөңөр жакында көрөсүңөр.
6888

637. "De-факто" гезитине браво!!! Силердин гезит -ар бир адамдын досу.
Уулкан

638. Назар жаным, мен канчалык сени унутайын десем да колумдан келбеди. Мен сени кеч түшүндүм. Баары бир Сенин ордуң бөлөк экен.
Уля

639. Актилек, Алтыш, Миричка, Наргизка, Нургуля, Замирка, Айгуля, силерге чоң салам!
Анара

640. Эл башкарган акмак болсо, ээсин жоосу табат.
KG кызы

641. Бүгүн жерин саткан эртең элин сатат.
KG кызы

642. Өзүмчүлдүн урааны: кара башым соо болсун, калганы бүт жоо болсун! (Э.Капиев). KG кызы P.S. Бул биздин бийликтин да урааны.
8395

643. Мезгил - деңиз, мамлекет - кеме, өкмөт - кеменин чатыры, эл - шамал (К.Берне). Катуу шамал болсо кеменин чатырынан эчтемеси калбай калат.
KG кызы

644. Мына "киттер" торго түшө баштады,/Карабастан киндигине баштагы./ Жазалансын күнөөсүнө жараша,/Үй-жай, мүлктөн кол жууп каткан баш камы.
Эркин Жаныбеков

645. Урмат Барктабасов, Рысбек Акматбаев, качан Кыргызстанга келесиңер? Каркыра, пансионаттарды кайра кайырып алыш керек. Эл силерге ишенет.
Патриот

646. Эл арасында айтылып жатат. Акаев казак, Бакиев дунган, Кулов калмак, ошол үчүн кыргыз оңолбойт, кул болуп атылып, куугунтукталат деп. Кыргыз, ойгон!
Патриот

647. Ардактуу ажо Бакиев "Ашың болбосо да, кашың жокпу" дейт кыргыз. Каргыштын жаманы "башыңа каран түн түшүп, карайлап кал" дейт. Манастан калган жерди, кенди саттыңар. Эл-жердин ээси - эр-азаматтар тентип-тербип кетти. Акыркысы маңдайга бүткөн электр жарыгын дагы кайсы алкы бузук ажыдаарга карматкан жатасыңар? Муну ойлоп тапкандын ойрону чыксын деп жатат калайык журт.
Сартай Дубанбай уулу

648. Жериң болсо эрсиң, жерсиз болсоң кулсуң.
Караш Насер

649. Канчалаган мезгил өтсө да… мына ошентип жаз да кайра келди. Мен сенсиз эле бактылуу жашап калдым. Орустардын "Незаменимых не бывает" деген сөзүнө толугу менен ишендим. Бул дүйнөдө сенин ордуңду ээлеген адам бар экен. Эмнегедир азыр сени жаман көрөм. Көргүм да келбейт. Азыр сенин мага бир да тамчы кызыгың жок. "Мен өзүмдү жаман көрөм, кыйналып жүрөм, жашоонун кызыгы кетип баратат, жалгыз болгум келет" дебедиң беле. Ошол максатыңа жеттиңби? Жалгыз болгуң келсе, жалгыз бол, ал сенин трагедияң. А мен бактылуумун.
Медетбек

650. Эгемен болдук дегендин,/ Эл-журтка тийди зыяны. /Өзүнчө бийлик кылуунун,/ Жете элек окшойт кыябы./"Көпөлөк" кыздар көп дешет, /Он эки, он үч курагы./ Жашынан мээнет чырмаган,/ Жаш кыздын кимге убалы./ Жабыркап күндү кечирип,/Жашоонун кетти кунары./ Толугу менен келди го,/ Чет өлкөнүн ыкмасы./Кыз десе көзү кызарып,/ Кыргыздын кыйын чыкмасы.
Бакмакан Алымбекова

Урматтуу "Сыйкыр сандын" жеңүүчүлөрү -Анархан, Турусбек Саралаев, Уля! Редакцияга келип, 100 сомдон сыйлыктарыңыздарды алып кетиңиздер. Колуңуздарда паспорт же башка бир документтериңиздер болушу керек.




Кыздуу болгуңуз келсе,
Кытай календарына кайрылыңыз!
Учурда кыз же эркек төрөлөрүн атайын календарлар менен эсептетүү модага айланды. Бирок алардын көбү туура эмес чыгып калат. Эркек балалуу боло албай жүргөн жубайлар ар кандай календарларга салып, бирок кайра эле кыз төрөлүп калган учурлар көп. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча кытай календары күчтүү деп эсептелинет. Анда эркектин организминдеги жаңылануу процесси негизги ролду ойнойт. Бир жылда эркектин организми үч ай гана жаңылануу процессине тушугат. Эркек бала төрөлөбү же кызбы, дал ушул үч айга байланыштуу болот. Бул календардын табиятын түшүнүп, так билип алган адам боюнда бар аялдын кыз же эркек төрөөрүн УЗИден да так айтып койсо болот. Биздин гезит жубайларды ушул кытай календары менен эсептетип, дүйнө жүзүнүн басымдуу бөлүгү ишенген бул ыкманын чындап кудуретин текшерүүгө чакырат. Андыктан наристе күтүп аткан болсоңуз же пландап аткан болсоңуз бизге чалыңыз. Кытай календары боюнча эсептеп чыгыш үчүн өзүңүз тууралуу жөпжөнөкөй эки гана маалымат айтып бересиз. Эмесе, редакцияга 90-27-03 телефонуна чалыңыз.

  Ымыркай

Кытай календарына телефон аркылуу кайрылгандарга жооп
Элвира Н. Эркек балалуу болгусу келет. 8-июндан 15-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Бүбүгүл. Кыздуу болгусу келет. Сизге май, июнь, июль, август, сентябрь айлары туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Дамира Т. Апрелде боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Завира. Октябрда боюна болгон. Айдын башыбы же аягыбы, кайра тактап чалыңыз.
Алтынбек. Эркек балалуу болгусу келет. 20-апрелден 25-июлга чейин боюна болуш керек.
Калия. Эркек балалуу болгусу келет. 25-ноябрдан 1-мартка чейин боюңузга болуш керек.
Майрам Кулова. Кыздуу болгусу келет. Сизге июнь, июль, август, сентябрь туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Данакер. Мартта боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Эдельвейс . Кыздуу болосуз.
Айгүл Алиева. Эркек балалуу болгусу келет. 15-майдан 20-августка чейин боюңузга болуш керек.
Мираида. Январда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Алтынай. Январда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Сайракан. Апрелде боюна болгон.Кыздуу болосуз.
Болот. Эркек балалуу болгусу келет. 5-июндан 10-сентябрга чейин боюна болуш керек.
Гүлбарчын. Эркек балалуу болгусу келет. 15-майдан 12-августка чейин боюңузга болуш керек.
Айжамал. Февралда боюна болгон. Эркек төрөйсүз.
Аида Д. Эркек балалуу болгусу келет. 5-майдан 1-августка чейин боюна болуш керек.
Элмира К. Эркек балалуу болгусу келет. 10-майдан 10-августка чейин боюна болуш керек.
Гүлшайыр. Эркек балалуу болгусу келет. 10-октябрдан 15-январга чейин боюңузга болуш керек.
Махабат Мырсалиева. 10-майдан 20-августка чейин боюңузга болуш керек.
Гүлгаакы. Декабрда боюна болгон. 20-марттан 25-июнга чейин боюңузга болуш керек.
Элида. Декабрда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Мирлан Ж. Эркек балалуу болгусу келет. 20-апрелден 25-июлга чейин боюна болуш керек.
Нуржамал. Эркек балалуу болгусу келет. 17-ноябрдан 23-февралга чейин боюңузга болуш керек.
Назгүл А. Эркек балалуу болгусу келет. 5-февралдан 31-апрелге чейин боюнда болушу керек.
Мира Ш. Кыздуу болгусу келет. Сизге ноябрь, декабрь, январь, февраль туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Гүлзат А. Эркек балалуу болгусу келет. 20-апрелден 20-июлга чейин боюңузга болуш керек.
Элмира А. Кыздуу болосуз.
Эрнис. Кыздуу болосуз.
Бурмагүл. Эркек балалуу болгусу келет. 10-октябрдан 10-январга чейин боюңузга болуш керек.
Наргиза Н. Октябрда боюна болгон. Эркек төрөйсүз.
Гүлнара. Февралда боюна болгон. Кыздуу болосуз.
Саламат. Эркек балалуу болгусу келет. 20-июндан 15-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Махабат А. Эркек балалуу болгусу келет. 8-июндан 15-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Жамиля Сокулук. Кыздуу болгусу келет. Сизге февраль, март, апрель, май, июнь туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Анара Т. Эркек балалуу болгусу келет. 10-октябрдан 20-январга чейин боюңузга болуш керек.
Асел С. Эркек балалуу болгусу келет. 20-июндан 16-сентябрга чейин боюңузга болуш керек.
Жылдыз О. Кыздуу болгусу келет. Сизге июнь, июль, август, сентябрь туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.
Наргиза А. Кыздуу болосуз.
Калия. Эркек балалуу болгусу келет. 1-сентябрдан 10-декабрга чейин боюңузга болуш керек.
Асел К. Кыздуу болгусу келет. Сизге январь, февраль, март, апрель туура келбейт. Калган айларда боюңузга болуш керек.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!