Коомдук-саясый гезит
№31, 08.05.08-ж.






  Юристтин кеңеши

Бала талаш, үй талаш жана алимент кестирүүнүн жол-жобосу
"Юристтин кеңеши" аттуу жаңы рубрика ачтык. Окурмандардан келген каттар аркылуу биз окурмандар кызыккан суроолорго юрист адистердин өз оозунан жооп тапмакчыбыз. "Советы юриста" деген Бишкектеги юридикалык компания менен кызматташтыкта чогуу ушул рубриканы алып барабыз. Окурмандардын суроолоруна "Советы юриста" деген компаниянын генералдык директору Рыскелди Мамыров жооп бермекчи.

"Советы юриста" юридикалык компаниясы
Чүй проспектиси 120, 16 каб.
Байланыш телефону:
(0312) 90 27 34

Россияга кетип, баламдан айрылдым
-Мен мындан төрт жыл мурда Россияга иштегени кеткем. Баламды апама таштагам. Жолдошум баламды апаман алып, ошол бойдон бербей коюптур. Мен баламды кайтара аламынбы?
Жыпар Жээнбекова, Бишкек шаары

Жооп:
-Ооба. Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинде жашы жетпеген балдардын укугу жана камкордугу өзгөчө белгиленген, бул 12-главада бекитилген. Бирок, сизге ошол эле Үйбүлө кодексинин 70-статьясынын негизинде жолдошуңуз менен чогуу бир келишимге келип, баланын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет.
Эгерде баланын атасы менен макулдашууга келбесеңиз, анда силердин ортоңордогу талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгү( ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алынат.
Ошондой эле балаңыз он жашка толгон болсо кодекстин 62-статьясынын негизинде бул маселеде чечимди баланы камкордукка алуучу жана көзөмөлдөөчү органдар же сот баланын макулдугу менен гана кабыл ала алат.
Жогоруда айтылган жооптун негизинде бул маселени чечиш үчүн сиз арызды жолдошуңуз турган жери боюнча сотко беришиңиз керек.

Биринчи аялынан баласы биздин үйгө ээлик кылабы?
Жолдошум экөөбүз көп жылдан бери чогуу турабыз. Жолдошумдун биринчи аялынан баласы бар. Ал эң кичүү бала болгондуктан үй ага калышын каалап жатат. Мурда ага үй алып бергенбиз, бирок аны сатып жиберген. Эгерде биздин үйгө каттоого турса, ал үйдү ээлеп калганга укугу болобу?
Гүлжамал Шаршеева, Карабалта шаары

Жооп:
-Жок. Анткени Жарандык кодексинин 271-статьясынын жана Үйбүлө кодексинин 35-статьясынын негизинде сиз жубайыңыз менен никеде турган убакта экөөңүздөр жыйган мүлк жалпы менчик деп саналат. Сиздердин жалпы мүлкүңөр балдарыңарга тиешеси жок.
Жолдошуңуздун баласы силердин жалпы үйүңөрдө каттоодо турса бир эле мыйзамдуу учурда үйдүн бир үлүшүнө ээ боло алат. Кыргыз Республикасынын турак жайды менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдын 6-статьясынын негизинде эгерде сиздер турган үй сизге же жолдошуңузга жумуштан берилген болуп жана ушул мезгилге чейин өкмөттөн(чарбадан, мекемеден, ишканадан же өкмөт бөлүмүнөн) силерге менчиктештирилип берилбесе, анда сиздин үйүңүздү менчикке чыгарып жаткан мезгилде ким ошол үйдө жашаса жана дареги боюнча каттоодо турса, ал киши менчиктешкен үйдүн өзүнө тийиштүү үлүшүнө ээ болот.

Айлыгынын үчтөн бири алиментке кесилет
Жолдошум менен ажырашканыма үч жыл болот. Эки уулубуз бар. Мен алимент кестирип алууга укугум барбы? Ал балама айлыгынын канча пайызын бере алат?
Айнура Мукамбетова, Нарын областы.
Жооп:
-Албетте. Үйбүлө кодексинин 111-статьясында сиз балдарыңызга соттун чечими менен алимент өндүрүп алуу укугуңуз аныкталган, анткени жашы жетпеген балдарга ата-энелери алимент төлөп берүүгө милдеттүү. Бул жобо кодекстин 85-статьясында бекитилген.
Ошондой эле сиздин эки уулуңузга жолдошуңуз өз ыктыяры менен алимент төлөп бербесе, анда кодекстин 86-статьясынын негизинде сот балдардын пайдасына атасынын иштеп тапкан же башка кирешесинин үчтөн бир өлчөмүндө ай сайын өндүрүп алынат.
Эгерде жолдошуңуз туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, же эгерде эмгек акысын жана дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса, же эгерде анын иштеп тапканы жана дагы башка кирешеси жок болсо, алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, же тараптардын бирөөсүнүн таламдары кыйла бузулса, анда сизге сот кодекстин 88-статьясынын негизинде жана 86-статьяны колдонуп, алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу. Туруктуу акчалай сумманын өлчөмү тараптардын материалдык жана үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен баланын мурдагы камсыз кылынуусун мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде сактоо мүдөөсүнө жараша сот тарабынан аныкталат.

Даярдаган Асел Сталбек кызы




  Үч тапан

Акыйкатчы Түптөгү оппозицияга каршы аракеттерди иликтеди
Акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы Түптөгү оппозицияга каршы аракеттерди жергиликтүү бийлик уюштурган деп жыйынтык жарыялады. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, мындай тыянактын чыгышына эл ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоо негиз берди. Тургундардын маалыматтарына таянган комиссия жергиликтүү бийлик Түпкө барган оппозицияга каршы даярдалган топту акча, жумуртка, пияз менен жабдыган деп билдирди. Акыйкатчынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик жетекчилерине жолуга алышкан эмес. Ички иштер кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнө кат жүзүндө кайрылуу шартын койгон. www.azattyk.org

Эл ичи-анекдот кенчи
Баласы энесинен:
- Менин атам ким?
- Аяз ата.
- Чын элеби?
- Чын. Сени мага белек кылып кеткен бойдон өзүнөн дайын жок…

Ресторанда:
- Официант, эмне үчүн вазадагы гүлдөр жасалма?
- Биздин ресторан вегетериандык болгондуктан, клиенттерибиз тирүү гүлдөрдү арактын артынан жыттап туруп, чайнап жеп коюп атышат…











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!