Коомдук-саясый гезит
№30, 06.05.08-ж.






  Жунгли заман

Кумбел айыл өкмөт башчысы асынып өлдү
же Ысыккөл жээгинен жер ээлеп калуу амалдары бир адамдын башын жутту
2008-жылдын 19-февралында Көлдүн Корумду айылынын тургуну, Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Догдурбек Алсеитов 51 жаш курагында өз үйүндө "асынып" өлүп алды. Бирок, бала-чакалуу, ишине так, айылдын кадырына татыган акыл-эстүү адамдын мындай ишти жасаганына Алсеитовдун үйбүлөсү гана эмес, айыл эли да күмөн. Алдыга койгон зор максаттары бар эле, 14 жыл абийирдүүлүк менен айыл өкмөтүндө башкаларчылап жеп-ичип, жең ичине катайын дебей ак, так, таза иштегенин айылдын баласынан чалына чейин саймедиреп айтышат. Болгону Көл жээгиндеги "Аврора", "Олимп" ж.б престиждүү пансионаттардын тегерек четиндеги Кумбел айыл өкмөтүнө караштуу бош жерлерге көз кызарткан бир ууч топтун курмандыгы болуп кеткенин жар салышат. ЧЫНДЫК издеп чыркырап артында калган жубайы, үйбүлөсүнүн барбаган жери калган жок. Бардык жерде КАЙДЫГЕРЛИК. Мына ушул КАЙДЫГЕРЛИК азабынан бир өмүр учту. Убагында тиешелүү жетекчилер тыкыр көңүл буруп, ишти текшерип, ээн жердин бөрүсүндөй дөгүрсүгөн бир ууч топту тартипке чакырып койгондо мындай болмок эмес. Гезитибиздин 22-апрелдеги №26 санында биз бул окуяга кенен токтолгонбуз. Бирок, эч кандай жыйынтык болбой атканын айтып, бир болсо ЧЫНДЫКТЫН көзүнө ушулар тике караар деп президентке, башкы прокурорго багыштаган КАЙРЫЛУУСУН көтөрүп Догдурбек Алсеитовдун жесири Кенже РАЙЫМКУЛОВА келиптир. Албетте, КАЙРЫЛУУНУ баспай койгонго болбойт эле. Анын үстүнө макала чыкканы бизге оголе көп адамдар чалды. Баарын уктук, боолголосок, карапайым адамдардын сөзүн уксак, ЧЫНДЫКТЫН тараза ташы Алсеитов тарапка ооду. Эми КАЙРЫЛУУНУ окуган жетекчилер тиешелүү жыйынтык чыгарат деп ишенебиз.

Арамдыкка
чыдабай асынып өлгөн күйөөмдүн ар-намысын коргоп бергиле!
Кыргыз Республикасынын президенти
Курманбек Бакиевге
КР башкы прокурору
Элмурза Сатыбалдиевге
Жолдошум Догдурбек Алсеитов Ысыккөл районунун Кумбел айыл өкмөтүндө 1994-жылдан баштап механик, башкы инженер, айыл өкмөтүнүн орун басары болуп иштеп жүрүп, 2001-жылы айыл өкмөт башчылыгына шайланып, 14 жыл иштеди. Айыл өкмөттүн бюджетин азганакай акча менен өткөрүп алып, аны 4 млн. сомго чыгарган. Өмүрүнүн аягына чейин Кумбелдин эли үчүн күчүн, эмгегин, билимин аябай, күн-түндү билбей иштеди. Же күткөн душманы жок жакшынакай иштеп, балдарынын кашында аман-эсен эле жүргөн. Анан үйүбүздүн үстүнө каран түн түшүп, кара булут айланды да калды. 2007-жылдын сентябрь айынан баштап райондук прокуратуранын кызматкерлери айыл өкмөттүн, үйүбүздүн эшигин жыртты. Корумдунун күйөө баласы Борончиев Алмаз менен тергөөчү Акматбаев түшүбүзгө кирчү болду, эртең менен тура электе төшөк аңтарчудай болуп жетип келишет. Догдурбек жумуштан күндө маанайы жок келет. "Прокурор Эркинбаев капкайдагы жаш балдарды жиберип, "өзүңдүн жериңди, анан 30 миң доллар бересиң, болбосо түрмө түбүндө чирийсиң" деп атат деп. Ошол күндөн күйөөм экөөбүз айылдын баш-аягына чыгып, тууган-туушкандарды кыдырып салбырап акча издедик. Кимден гана акча сураган жокпуз. Буга бүт айыл эли күбө. Адвокат жалдагандан кийин ишке үңүлүп көрсөк, Доку түрмөнүн түбүнө чиригидей эч иш жасабаптыр. Бирөөнү тоноп, сабап, өлтүрүп, мамлекеттин мүлкүн уурдап дегендей. Болгону ал касиеттүү көл жээгиндеги жерге көз кызарткан бир ууч топтун курмандыгы болду. "Жерди өзүң мыйзамсыз алгансың, Ж.Жайлообаевге Булансөгөттү айылынын тушунан жерди мыйзамсыз бергенсиң" деп күнөөлөшкөн. Бирок, КРнын Жер жөнүндөгү кодексин үңүлө окуп, изилдеген жана чемичкедей чаккан адвокаттардын айтуусунда, айыл өкмөтү түзгөн акт эч кандай кылмыш ишин козгоп, күйөөмдү каалаган убагында каалаган жеринде сурап, камап, коркутуп-үркүткөнгө негиз бербейт экен. Аны биз шордуу кийин билип атпайбызбы. Мыйзамдын ой-кырын билбеген күйөөм укук коргоочулардын укуругуна оңой илинип, акыры минтип өлүп тынып атпайбы. А бийлигине таянгандар тайраңдап, жер да, башкасын да алышты. 2001-жылы Доку элдин баарына жер бөлүнүп атканда өзүнө 0,12 га жер алган. Ошо жерде жашаса, төрт баласы болсо, маңдай терин төгүп иштеп атса, албаганда не? Анын кандай кылмышы бар? А күчкө салгандар калп эле "мыйзам бузду" демиш болуп Корумдуда жашабаган Жетөгүздөк кыз-келинге кармата коюшту го. Анчалык прокурор ак, так иштейт экен, эмнеге аны текшербеди? Данияр Эркинбаев болгону 36 жашта экен. Ал биздин районго прокурор болуп барганы күйөөмө тынчтык берген жок. 2008-жылы 12-январда күйөөмдү 4 саатка камап коюшту. "Жериңди, биз сураган сумманы бересиң, ошондо гана кылмыш ишиңди жоготобуз" дешиптир. Мен "Доку, ашып кеткен оокатыбыз болбосо, ошо бир жерди жөн эле коюшпайбы, бербе" десем, "үй-мүлкүңдү конфискациялайбыз деп атышат" деди. "Мейли, көп болсо жаман шкафыбызды алаар" дегем. Айтор, Эркинбаев ортомчулары аркылуу "доолаган" 30 миң долларды табабыз деп барбаган элибиз, баспаган жерибиз калган жок. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам, "100 доллардан болсо да бергиле" деп салбырап жүргөнүбүзгө бүт айыл күбө! Эч кимден чыкпады. Анан 30 миң доллар 16 миң долларга түштү. Докуну адам сындуу жырткычтар жөн эле ак жеринен каралап, каалагандай мазактап, келекелеп атышып, акыры өлтүрүп жаны тынышты.
Урматтуу президент, биз 1981-жылы үйлөнгөнбүз, үч кыз, бир уулубуз бар. Доку турмушта жөнөкөй, ишенчээк, бой көтөргөндү билбеген, кичине баланын көңүлүн оорутпаган касиеттери бар асыл адам эле. Балдарым, үйбүлөм деп жашачу. Бирок, прокуратуранын мыйзамсыз иштеринен улам бизге да көңүл бөлө албады. Декабрда өтүм ооруп, Бишкекте операция болдум, абалымды сурап келе албады. Операциядан кийин үйгө келсем, жалгыз уулубуз буту ооруп баспай, доктурдан доктурга сүйрөдүк. Уулунун жанында боло албады. Себеби, прокуратура кызматкерлери Докуну каалаган жеринде, каалаган учурунда суракка ала берчү. Айтор, катуу кырсыктадык, кыш кандай каардуу, катуу болсо, биздин үйбүлөгө ошондой каар төгүлдү. Андай каардын биринин аты-жөнү Данияр Эркинбаев, убалыбыз уктатпасын аны. 90догу Докунун апасы-кайненем күнүгө күйүп кошок кошкон сайын "уулумдун өлүмүнө себеп болгондордун энелери мендей сыздап-боздоп, балдары карайлап, аялдары кан жутуп калсын" деп каргап отурат. Дагы айтам, алкымынын чоңдугунан Эркинбаевди биздин райондо "Керней" деп атап алышкан. Ар-намысы, абийири болсо Алмаз Боронбаев деген эргул күндө үйдөн чыкпай күйөөмө рэкет болуп, ортомчу болуп жүргөнүн мойнуна алар! Албаса арбак урсун, эненин ак сүтү урсун! Боронбаев Докудан зордук-зомбулук менен алган жерди аялына, кайнагасына, тууган-туушканына оформить этти. Булар Докунун сурап алар эч кимиси жок деп ойлошсо керек. Күйөөм "бизде жөнөкөй кишилер үчүн мыйзам жок, укуктар тебеленип-тепселген, өлүп атсаң да сурашпайт, Бирок, "ак ийилет, сынбайт" дегендей мен акыйкаттык үчүн күрөшүп, ак экеними далилдейм, акырына чыгам, прокуратуранын айдактамасы менен элди алдап, тизмеде жер үчүн кезек күтүп тургандарга жер бербей, мыйзам бузуп, тиешеси жок адамдарга бердим. Баарын далилдейм" деп адвокатка кайрылган. Прокуратурадагылар да "жалдаган адвокатыңар ушубу, мунун колунан эмне келет" деп ачык эле шылдыңдашкан, ага өзүм да күбөмүн.
2008-жылы мажбурлап атышып, арыз жаздырып, жолдошум Алсеитов Догдурбекти айыл өкмөттүгүнөн алып түшүштү. 19-февралда каза болду. "Асынып өлдү" деп атышат, мен ага таптакыр ишенбейм. Себеби, Доку экөөбүз 18-февралда Чолпонатага барып, кафеге кирип тамактанып, анан мен кайын сиңдимдикинде калгам. 19-февралда Доку прокуратурадан адвокаты Альбина Богдановага жолугуп, иштерин бүтүрүп, анан мени келип алып кетмек. Адвокатка кайрылганы ушуга чейин прокуратура жөн эле сүйрөп, жаш балдар келекелеп атканына түшүнүп, көңүлү көтөрүлүп, ак жеринен күнөөлүү болгонуна арданып жүргөн. Өлөм деген ою жок болчу. Кайра "кыйнап-кыстап бизден тартып алган участогубузду соттошуп алам, прокуратурадагылардын мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарам" деп жүргөн. Мен ишенимдүү эле айта алам, менин күйөөмдү милициялар менен прокуратурадагылар эле өлтүрүп коюшту. Себеби, муунуп өлгөн адамдын эч качан бети-башы көгөрүп, мурдунан кан диркиреп акпайт. Анан үйдө муунуп атса, аны милиция кызматкерлери билип биринчи жетип келип, кат да таап алып атышпайбы. Эмне, укук коргоо органдарынын көзү ачылып атканбы, айылдагы адамдардын короосунда эмне окуя болуп атканын билгидей. Эртең менен атасы кызымды ойготуп, чогуу чай ичишкен, көңүлү жайдары, сакал-мурутун алып, "адвокатка жолугам, анан апаңа барып, кечинде чогуу келебиз" деп үйдө калган. Күйөөм өлгөнүн кайдан-жайдан биле калган көзү ачык милициялар өмүрү кийбеген костюмунун чөнтөгүнөн кат таап алышыптыр. Албетте, каттагы коюлган кол Догдурбектики, каттагы жазган кол жазма аныкы эмес. Сокур адам деле байкайт, ар башка калем саптар менен жазылып, число эки-үч жолу оңдолгон. Демек, мурда кийин Докуга мажбурлап кол койдуруп алып, аны пайдалана коюшкан. Иши кылса күйөөм тирүү жүрсө далай адамдын былыгы былгымак. Айрымдар мына ушундан коркушту. Догдурбек Чолпонатага жөнөгөн атканда үйгө 2005IK номерлүү ак түстөгү "Жигули" автомашинасы келгенин кошуналар көргөн. Ал эмне машине, кимге таандык деп сураган киши жок.

Урматтуу башкы прокурор
Элмурза Ракиевич!
Угушубузда сиз калыс жетекчи экенсиз, ошо калыстыгыңызга салып менин датымды кунт коюп окуп көрсөңүз, өзүңүзгө кирейин деген аракетимен майнап чыкпады. Мына, Эркинбаев жетектеген райпрокуратура Кумбел айыл өкмөтүн текшерет да, ошо жерде жашаган элге "жер бересиң" деген шылтоо менен кылмыш ишин козготуп, күйөөмдү ары-бери сүйрөшүп, биздин жерди тартып алышат да, аны бир туугандар Айгүл, Сардарбек Шаршеевдерге ыйгарышат. Шаршеевдер-Боронбаевдин кайын-журту. Дагы 6 сотых жерди жетөгүздүк Айгүл Мамбетовага беришкен. Ал угушубузда Эркинбаевдин жакын адамдары имиш. Макул, менин күйөөм мамлекеттин жерин кыянаттык менен жергиликтүү элге бериптир, анда неге прокуратура ошол жерлерди мамлекетке кайрып бербей, өз ара бөлүшүп ала коюшат? Прокуратуранын күйөөмдү каалаган жерде каалаган убагында суракка алганга акысы бар беле? Булар үйгө күнү-түнү да келе беришчү. Алсеитовдун өлүмүн прокуратура ит өлгөндөй да көрүшкөн жок, андан көрө алардын породалуу ити өлсө, ичи ачышып кайгырышмак. Облпрокуратура коллегия өткөрүп, Эркинбаевге сөгүш беришип, орун басары Таалайбековду чоң кызматка которуп жиберишиптир. Адам канына забын болгон немелер кантип кызматта отуруп, кантип элди башкара алат?. Моралдык укугу барбы? Сиз Кумбел айыл өкмөтүнө байланыштуу райпрокуратура жүргүзгөн иштердин баарын изилдеп, өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз бизге окшогон жетим-жесирдин сообуна калат элеңиз.

Урматтуу
Курманбек Салиевич!
Күйөөм каза болгону АКЫЙКАТТЫК, ЧЫНДЫК, КАЛЫСТЫК издеп барбаган жерим калган жок. Эч кимиси уккусу келбеди. Аргам кетип "Де-факто" гезитине кайрылсам, ушу ишке тиешеси барлар күйгүлтүккө түшүшүп, "журналистти сатып алдыңар, анттиңер, минттиңер" деп доомат артканы аз келгенсип, ар кайсы сөздөрдү айтып коркутууга өтүштү. Чыркыраган чындыгым, күйүттү үкошогумду эч ким укпаса, айтыңызчы, мен кайда барышым керек эле? Урматтуу Курманбек Салиевич! Эгер менин күйөөм аферист, жеп-ичкич болсо 14 жыл ичинде Кумбелдин жерин соодалап, ар кимге сатып байып, кабат-кабат үй куруп, алкынтып машине минмек. "Сат" деп акча көтөрүп далайы келген. Тескерисинче, Корумдунун жерин коруйм деп өлүп кете берди. Жашаган үйүбүздү көрсөңүз, мүмкүн сиздин да бооруңуз ооруйттур, чыркырап балдар жетим калды. 90до энеси күйүп отурат, жөргөлөсөм да сизге жетип, арыз-арманымды, кошогумду айтат элем дейт. Артында жөлөнөр жөлөгү, колунда акчасы жок дейби биздин сөздү эч ким укпай, тескерисинче, "Айыл өкмөтү жеп-ичип, байып, анан атайы өлүп алды" деп жагымсыз сөздөрдү айтып, басмырлап атышат. Биздин акыркы үмүтүбүз сизде, баарын текшертип, изилдетип, орду-ордуна коюп берет деп терең ишеним артабыз.
Урматтоо менен Догдурбек АЛСЕИТОВдун жесири Кенже Райымкулова



















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!