Коомдук-саясый гезит
№30, 06.05.08-ж.






  Жамаачылар

Баркы кеткен Башмыйзам
5-май Конституция күнү катары майрамдалууда. Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери Башмыйзам бир эмес, бир канча ирет түп-тамырынан бери өзгөртүлдү. Бүгүн ошолордун өзгөчөлүктөрүнө кыскача баяндама жасап көрөлү деп чечтик. Өлкөбүз башынан кечирген башмыйзамдар кайсылар болду?

1993-жылдын Конституциясы. "Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек"
Эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-сессиясында кабыл алынган. Бул Башмыйзамдын негизги чоң вазийпасы - өз алдынча мамлекет катары Кыргызстандын тамырын түптөгөн. Кыргызстан ошондон тартып эларалык мамилелердин кадыресе субъектисине айланган. Алгачкы кыргыз Конституциясына ылайык, бийлик бутактары өз-өзүнчө бөлүнүп, жарандардын тең укуктуулугуна, жеке менчикке жол ачылган, бирок жерге жеке менчикке уруксат берилген эмес, президент жана өкмөт парламенттин көзөмөлү алдында болгон. Жогорку Кеңеш бир мандаттуу округдардан шайланган 350 депутаттан турган жана өлкөдөгү бардык негизги бийликти өзүнө алган. Президент А. Акаев өзү адегенде ушул парламенттен шайланып, кийин өзүнүн ыйгарым укугун жалпы элдик шайлоо аркылуу бекемдеген. Бул парламент менен президенттин ортосундагы тымызын күрөштүн күч алышынан улам 1994-жылы парламент таркап кеткен.

1994-жылдын Конституциясы. Эки баштуу парламент
1994-жылы октябрь айында жалпы элдик референдумда кабыл алынган. Ага ылайык президент мурдагыдай эле жалпы элдик шайлоодо шайланган, бирок парламент эки палатадан - 35 кишилик Мыйзам чыгаруу жыйынынан жана 70 кишилик Эл өкүлдөр жыйынынан турган. Мыйзам чыгаруу жыйыны такай иштеп, анын маанилүү чечимдерин мезгил-мезгили менен сессияга чогула турган Эл өкүлдөр жыйыны беките турган болгон. Эки палатанын депутаттары тең бир мандаттуу округдардан шайланышкан. Парламенттик шайлоо 1995-жылдын февралында өткөн. 1995-жылдын март айында эки палаталуу парламент өз ишин баштаган. Бирок парламенттин эки палатасы мурдагы легендарлуу парламенттин ыйгарым укуктарын бөлүшө албай коюшкан.

1996-жылдын өзгөртүлгөн Конституциясы. Президент күч топтоодо
1996-жылдын 10-февралында Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча жалпы элдик референдумда кабыл алынган. Парламент мурдагыдай эле эки палаталуу болуп, алар бир мандаттуу округдардан шайланган, бирок президенттин колуна мурдагыдан көбүрөөк бийлик топтолгон. Жогорку Кеңеш ички-тышкы саясатты аныктоо, элчилерди бекитүү, өкмөттүн ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынан ажыраган, президент өкмөттөн тышкаркы түзүмдөрдү жаратууга укугу калган.

1998-жылдын Конституциясы. Бир башы чоңоюп, бир башы кичирейген парламент
1998-жылы 17-октябрда Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча жалпы элдик референдумда кабыл алынган. Мурдагы конституциялардай эле, элдин атынан сүйлөөгө президент жана Жогорку Кеңеш укук алган. Парламент 2 палаталуу болуп, Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутатка чейин жеткирилип, Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган. Мыйзам чыгаруу жыйынындагы 15 орун шайлоочулардын 5% бөгөтүнөн өткөн саясий партияларга берилген. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары парламентке шайланыш үчүн тиешелүү жерде 3 жылдан кем эмес мөөнөттө жашоого тийиш болгон норма киргизилген. Депутаттык кол тийбестик алынып салынган. Жерге жеке менчик киргизилген. Массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин чектей турган мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынган.

2003-жылдын Конституциясы. Баштары кайра бириккен парламент
2003-жылы 2-февралда Конституциянын жаңы редакциясын киргизүү боюнча жалпы элдик референдумда кабыл алынган. Ага ылайык, өлкө 2005-жылга чейин бир палаталуу, 75 депутаттан турган парламентке өтмөк. Ал бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардан турган. Президент 5 жылга шайланып, мөөнөтү бүткөндөн кийин экс-президент деген наамга ээ болгон. Премьер-министр жана министрлер парламент менен макулдашылып дайындалып, өкмөт башчысы президентке өкмөт мүчөлөрүнүн, жергиликтүү администрация башчыларынын, административдик мекемелердин жетекчилеринин кандидатураларын көрсөтүү укугуна ээ болгон. БШКнын, Эсеп палатасынын жетекчилери, жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку Кеңеш менен макулдашылып дайындалган. Дегинкисин парламентке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Бул конституция менен Акыйкатчы институту расмий түрдө киргизилген.

2006-жылдын ноябрындагы Конституция. Имаратка камалган парламент
Кыргызстандын тарыхындагы өмүрү эң кыска Конституция. 2006-жылы 8-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан коомчулуктун кысымы менен кабыл алынып, 9-ноябрда президент К. Бакиев тарабынан кол коюлган. Ага ылайык, президент өкмөт мүчөлөрүн жана башка көптөгөн жетекчилерди Жогорку Кеңеш менен макулдашып дайындайт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын кеминде 50% партиялык тизме менен шайланат. Партиялык тизме менен шайланган депутаттардын 50% ашыгын түзгөн партия премьер-министрдин кандидатурасын киргизип, аны президент бекитет. Эгерде бир да партия анча добуш ала албаса, президент өзү каалаган партияга премьер-министрдин кандидатурасын киргизүүнү тапшырат. Анысы да бир чечимге келе албаса, башкасына тапшырат, анда да болбосо, президент Жогорку Кеңешти таркатат. Премьер-министр өкмөттүн курамын түзүп, аны президент бекитет. Эгерде парламент өкмөткө эки сыйра ишеним көрсөтпөй койсо, президент же өкмөттү, же парламентти таратат. Бул Конституция президенттин жана парламенттин мөөнөтү бүткөндө ишке кирмек, бирок иш жүзүндө ага жеткен да жок.

2006-жылдын декабрындагы Конституция. Президенттин астында калган парламент
2006-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын кабыл алынышына себепчи болгон конституциялык кризиске Ф. Куловдун отставкага кетиши түрткү болгон. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын тең жарымы партиялык тизме менен шайланмак болгон. Бирок атайынбы, же кандай, айтор, эч качан ишке ашпай турган нормалар кирип кеткен. Мисалы, Жогорку Кеңештин 50% көп мандатын алган партия премьер-министрдин кандидатурасын көрсөтөт, аны президент бекитет деп турат. Ал үчүн 1 гана партия бийликке келип, партиялык тизме менен шайланган депутаттардын бардык мандаттарын алган болушу керек. Дегинкисин ноябрдагы Конституцияга салыштырмалуу бул Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилген.

2007-жылдын октябрындагы Конституция. "Ак жол" партиясы башкарган парламент
Азыркы Башмыйзамдын аки-чүкүсүн түшүндүрүп отурбайлы, өзүңөр окуп алсаңар болот. Тек, мурдагылардан негизги айырмачылыгы - азыр парламент толугу менен партиялык тизме аркылуу шайланат, анан эң негизгиси - президенттин колуна Кыргызстандын тарыхындагы эң көп бийлик топтолгон. Президент бул Конституцияны түзүп жатып, парламенттеги орундарды 100% партияларга берип, негизги бийликтин 80% өз колуна алып алган. Ага да ишенбей, парламенттеги негизги орундарды өзү түзгөн, негизинен "Алга, Кыргызстан!" партиясынын мүчөлөрү кирген "Ак жол" партиясынын колуна салып берди. Демек, азыр Кыргызстанда бийлик бир кишинин колунда.
Калыс позицияны кармап, жок дегенде өз атын аралаштырбай коюунун ордуна президент К. Бакиев өзү партия түзүп, аны бардык жерде Апендинин кызындай мактап атып, эл көзүнө Конституциянын кепили эмес эле, кепини экендигин өзү далилдеп койду. Анын кандай жол менен бийликке келгенин Борбордук шайлоо комиссиясы эмгиче шайлоонун расмий жыйынтыктарын чыгара албай, шымына кое берген баладай жер карап отурганынан эле билсе болот. Эң башкысы - өлкөнүн келечегине каршы келген мамлекеттик деңгээлдеги чечимдер үчүн эч кимдин жоопкерчилиги каралган эмес. Азыр энергетиканы баш кылып, төрт пансионатты төш кылып, Каркыраны каш кылып, Кыргызстандын жери, стратегиялык объектилери, азаттыгы бирден сатылып кетсе да ал үчүн эч ким эч кимдин алдында жооп бербейт, мамлекетке чыккынчылыгы үчүн эл алдында тамга такап аттырып сала турган эсил кайран СССР жок. Чындык ушундай. Башкасын билбесе да, ушуну өлкөбүздүн жарандары билип койгону оң. Калган жыйынтыгын өздөрү чыгарып, азыркы бийликке мамилесин өздөрү аныктасын.
Жыргалбек Касаболотов




  Үч тапан

Ай-да, Бакиевдин ураандары!
Президент өткөндө министрлерине "Кайсы айылда эгин айдалбай, жер бош калчу болсо ошол акимди токтоосуз иштен алгыла" деген айбаттуу буйругун айткан эле. "А кантип?" деп өзүнөн сураган жан жок. Баягы КПССтин чакырыктарын эске салат чунак киши. Жер калтырбай айдатам дегенден мурда жылдагыдан кымбат күйүүчү майдын жытын алыскы Акталаа менен Чаткалдын дыйкандарына кантип жыттатам деп ойлобойбу. Былтыркы жылга Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда болгон 147 миң гектар айдоо аянтынын 60%ында эгин айдалып , буудай, арпа, жүгөрү кошулуп, 1 млн. 490 миң эгин жыйналып алынды деп билдирди. Бул албетте, расмий билдирүү. Эгерде эгин аянттарынын 60%ы айдалбай калган болсо, кошуп жазганын эсептесек, бул бери болгондо 50%ы айдалбай калды деген кеп. Андай болсо президент Кыргызстанда болгон бүт акимдерин иштен алып, отуруп калышы керек. Минтип боксердук ыкмага салып коркуткандан көрө, ошол акимдерин жыйып, чыныгы акыбалдарын сурап койсо эп болмок.

Эл ичи-анекдот кенчи
Мугалим башталгыч класстын балдарын курулушка экскурсияга алып барат. Экскурсия маалында бир курулушчу жогорку кабаттан кулап кетип, каза болот.
Эртеси күнү эжейи окуучулардан сурап атат:
- Кечээки курулушчу эмне себептен каза болду деп ойлойсуңар?
- Техника коопсуздугун сактабаганы үчүн, - дейт бир окуучу.
- Мас болсо керек, - дейт экинчи окуучу.
- Менин энемди сөккөндүгү үчүн! - дейт арткы партадан Жүлүн.
- Сенин энеңди качан сөгүп жүрөт? - дейт эжейи таң калып.
- Энеңдурайындын баласы!.. Шатыны кыймылдатпа дейм! - деп сөккөн болчу…















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!