Коомдук-саясый гезит
№30, 06.05.08-ж.






  Жаман бийлик элине тап

Коомдук ишмер Болотбек ШЕРНИЯЗОВ:
"Бийликти мекиян-тооктор колдоду"
- Бийликтин Түптөгү силерге каршы аракетин кандай деп баалайсыз?
- Биз Түпкө сапар алар алдында мага ИИМдеги, УККдагы, жергиликтүү администрациядагы досторум бийликтин жаналекетке түшүп атканын эскертип, бир балакеттин ичинен чыгышат го деп кооптонушканын жашырган эмес. Мындай кооптонууну Түпкө бараткан талапташтарыма да айткам. Бирок, башты канжыгага байлап койгон соң бийликтен бардыгын күтсө болот. Керек болсо мындан да жаманга даяр элек. Бул - мыйзам тебелеген бүгүнкү бийликтин алсыздыгы. Бийлик бизге каршы эл алдында айтар ою, сүйлөөр сөзү суу кечпей, шерменде болорун билип, өз абийирин жабам деп ушул чагымчылыкты уюштурду. Дүйнөлүк коомчулук менен кыргыз элдин алдында дагы бир жолу күчкө таянып, алсыздыгын көрсөттү. Анан да бизге кол салган адамдар саясаттан алыс. А жерге эмнеге алынып келингенин да акырына чейин аңдашкан эмес. Кайра мени "Үзөңгүкуушту сен саткансың" дешип күйгүзүшпөдүбү. Бизге каршы жол тоскондорду Түптүн карапайым эли деп ураан чакыргандар жаңылышат. А жерде жалаң аткаминерлер, айтор, бийликтин чоң бутагынан баштап майда-чүйдө орундуктарында отурган Көлдүн "элитасы" жүрдү.
- Бийликтегилердин: "Ысыккөлдүктөр оппозицияны ур-токмокко алып, кайра артына кубалады" деген дембе-дем маалыматына эмне дейсиз?
- Көлдүктөргө акча, солярка, үрөн таратып, ал аз келгенсип, "силер жайкы туристтик сезондон кол жууп каласыңар" деген агитациясынан колдоо таппай, аргасыздан УКК, ИИМдин колдоосуна таянуу менен жергиликтүү бийлик өз тууган-туушкандарын мобилизация кылганга мажбур болду. Ысыккөл губернаторунун Балыкчыдагы эткомбинатта иштеген көздөй адамдары, биртууган карындаштарынан баштап өзүнүн шоопуруна чейин бизге жумуртка ыргытып жүргөндөрүн көрдүк. Ошону байкап, Кыдык Шайдиновичке: "Аа… тукуму өскүр" дедим. Бул киши өзү оңунан окуса да, солунан окуса да Кыдык болуп атпайбы, түгөт…
- Түптөгү окуяда ИИМ, УКК өз милдетин аткаргандын ордуна, чогулган элди көзкөрүнө эле оппозиция лидерлерин сабаганга шыкактап атканына биз, журналисттер, күбө болдук. Элди кан төгүүгө айдактаган күч органдарынын мындай жосуну эмнеге алып барышы мүмкүн?
- Бүгүн ИИМ менен УКК коомчулук жана парламент көзөмөлүнөн чыгып, бир үйбүлөнүн гана тапшырмасын аткарып калганы ушул. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери - коомчулук үчүн улам коркунучтуу факторду жаратууда. Бул - диктатуранын башаты. Провокациядан репрессияга чейинки кадам. Бир үйбүлөгө кулдук уруп калган күч органдары катын-калачтарды бизге айдактап коюп, машинелеринде жыргап отурушту. Каркыра күч органдарына кереги жок экен. Уят. Деги эле күч органдары бүгүн бөрк ал десе баш алгандан кайра тартпай калышты.
-Түптөгү граждандык формачан күч органдарынын өкүлдөрү оголе көп экенин көрүп таңгалдык…
- ИИМ, КИББ, УКК борбордук аппаратынын оперативдик кызматкерлери ал жерде эмне кылып жүргөнүнө мен да таңгалдым. Мейли, жүрсүн, бирок алар өз милдеттерин аткарып жүрдүбү? Бийликтегилер бизге каршы эл топтой албай, аргасыздан шалпаң кулактарын (агентура) жардамга чакырганга мажбур болушса керек да.
- Бийлик "…жөн турган элге Шерниязов өзү барып тийишти" дегенине эмне дейсиз?
- Эмне демек элем, өзүңөр билесиңер, азыр ММКнын баары бийлик колунда болгондуктан, оозу кыйшыктардын заманы да, базары да жүрүп атат. КТРден мага кол көтөрүп аткан маалды кайра-кайра көрсөтүп, моокумдары канып атпайбы. Балдарым ызаланышат, а мен Каркыраны коргогонума, муш жегениме уялбайм. Бийликтин ушундай ыплас ыкмасынан кийин бир кыргыз башын көтөрүп, Каркыра үчүн күрөшө албаса, анда биз улут болбой эле койгонубуз оң. Мага элди жөөлөп кирип, уруш салганга денсоолук жол бербейт. Кант диабети менен ооруган адам уруш салып, жаракат алмак турсун, денесин чийдирткенден коркот. Себеби, кан токтошу азап. А бирок Каркырадай кыргыз жерин коргогонумду эчким тилдеп да, коркутуп да токтоталбайт. Бул боюнча биз да ушуну менен кол куушуруп отуруп калбайбыз… Манас, Кошой бабаларыбыздын аты менен коштолгон Каркырадай ыйык жерди бергенибизди урпактарыбыз кечирбейт. Бүгүнкү бийлик минтип сокур саясатын уланта берсе, көп күтүштүн кереги жок…
-Үзөнгүкууштун артынан эми Каркырадан айрылып отурабыз. Алдыда Өзбекстан, Тажикстан менен кесилишкен чегараларыбызды кантип коргор экенбиз?
- Үзөнгүкууш Кытайга аксылыктардын канына жуулуп кетти. Кыргыз намысын Ш.Назаркуловго окшогон жигиттер сактап калдыбы? Тарых жооп берет. Ушундай Эл, Жерин ойлогон Шераалыдай эр-азаматтарыбызга "Эл баатыры" деген наамды беришибиз керек эле. Кана?! Эми да минтип жоошуп жата берсек, башка кошуналарыбыз бизге көрбөгөндү көргөзөт. Үзөнгүкууш Кытайларга тартууга кеткенде, жаман оюмда, эми бизге чегара маселесине байланыштуу талаш маселеге келгенде кыргызга Кытай жардам берет ко дегем. Бирок бүгүнкү окуялар көргөзгөндөй, кыргыздын жерин кыргыз эли гана сактап калбаса, эчкимден жардам болор эмес. Эгер кыргыз жерин кыргыз коргоп чыкпаса, бүткөнү ошол. Кыргыз бийлигинин ур-токмогунан корксок, Кыргыз Мамлекетинин кыйраганы ошол!
- Бийликтин бул жолку куралы жумуртка болду. Кызыгы, кайдан алынды экен?
- Азыркы бийликтин мурдагыдан чоң бир айырмасы - жумуртканы курал катары ойлоп тапкандары. Бул боюнча бизде маалымат бар. Биринчиси, ал жумурткаларды гумжардам катары президенттин кеңешчиси Садыр Жапаров Казакстандан алдырып келиптир. Экинчиси, Түп окуясында бийликти кош канаттап Ысыккөлдүн мекиян-тооктору колдоду.
- Каркыраны казактарга берүүдө кылгылыктын баарын акжолчу парламент кылдыбы же К.Бакиев өзүбү?
- Эми "Ак жол" дегени, Акүйгө да, Көкүйгө да алып баручу жол да. Бечара кыргыз алардын жолун агартыш үчүн колунда болгон актын баарын чачып аткандай. А бирок алардын кеңпейил кыргызга кылган жакшылыгы жылаан чаккандан да жаман болуп атпайбы. Казактар Акордо түзөбүз дейт. А биз кандай ордо куруп атабыз?
- Жылан ордо дегиңиз барбы?
- Кандай атасаңар, ошондой атагыла.

Жылдыз МУСАБЕКОВА




  Тандем табышмагы

Феликс Кулов кызматка өзүн "реставрация" жасаш үчүн бардыбы?
Султан Урманаев, экс-депутат:
-Кулов мындай аракеттерге кантип барды түшүнбөйм. Мүмкүн Бакиев экөөнүн бирин бири кыялбаган мамилелери же сүйлөшүүлөрү барбы же дагы саясий айла-амалын жазап жатабы, билбейм. Адам болгондон кийин намыс деген болуш керек да. "Ар-Намыс" деп партиянын атын коюп жүргөндөн кийин, эркектик намысын сактаса болмок. 19-апрелдеги митингдерде реформа үчүн колдоп коелу деп гана ал тарапта болгонбуз. Ошончо элдин ишеничин актай албай калбадыбы. Илгери Акаевдин тушунда самолетторду сатып жиберип, Кыргызстанды чуулганга салган. Эми деле ошол самолеттордой кылып энергетика менен сууну сатып жибериши толук мүмкүн. Мага Кулов дал ошол амал менен бийликке ыктап жаткандай сезилип жатат. Бакиев болсо Куловго шылтап, Кулов Бакиевге шылтап кыргызды курутуп кетиши ыктымал. Россияга кошулабыз деген Куловдон муну күтсө болот.
Темир Сариев, экс-депутат:
-Мындай жолугушуу Куловго да, Бакиевге да керек болчу. Кулов саясаттан таптакыр четтеп, элдин ага болгон ишеними жоголуп калган. Бул жагынан алганда Кулов элге кайрадан өзүн көрсөтүүгө болгон акыркы аракети. Ал эми бийликтин Түптөгү окуядан кийин элдин маанайын өздөрүнө буруш үчүн жасаган акыркы амалдарынын бири болду го деп ойлойм. Саясий оюндардын гана бири болуп жатат.
Жамин Акималиев, коомдук ишмер:
-Мунун түпкүрүндө эмнелер жатат, аны айта албайм. Баарын убакыт көрсөтөт.Бир чети Кулов өзү чоң саясаттан жадады көрүнөт. Акаевдин тушунда деле түрмөгө түштү, анан премьерге чейин жетип, андан бактысы ачылбады, күзгү митингде бийлик алам деп топ элди уюштуруп, андан эчтеме чыкпады, анан акыры ушундай жыйынтыка келди окшойт. Чоң саясат менен алышканча, кичинекей гидроэнергетиканы куруу туура деген чечимди тандады көрүнөт. Баары бир болбой бул жерде чоң саясат турат. Мезгил тараза дейт, күтө туралы.
Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-министр:
-Куловдун эмне себеп менен, кандай план менен бийликке ыктап барганы азыр эмес, бир аз убакыт аралыгында билинет. Тандем бузулгандан кийин бир топ окуялар болду. Ошончодон кийин кайра бийликке ыктап барганына эч бир түшүнө албайм. Өкмөттүн башында туруп ошондо жасай албаган иштерди эми жасайт бекен? Бул жерде кандайдыр бир саясий оюндардын башы кылтыйып тургандай кабыл алам.
Күнболот Момоконов




  Жума собол

Акүй Конституция күнүн белгиледи. Буга кандай дейсиз?
Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
- Башмыйзам деген башмыйзам. Ага кандай болгон күндө да баш ийиш керек. Бирок майрамдаштын эч кажети жок. Ансыз деле Конституцияны топтой кылып ары-бери тепкилеп ойноп, такыр эле баркын жоготушту.

Өмүрбек Абдрахманов, ишкер
- Президент азыркы Конституцияны майрамдадыбы же Акаев доорундагы Конституцияны белгилеп атабы?.. Айтор, бул күндү Акүйдөгүлөр өздөрү эле майрам деп билбесе, карапайым элге майрамдык шаң деле берген жок. Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн күрөшөлү, жашообузду оңдойлу десек, чоңдорубуз, тескерисинче, демократиянын жолунан тайып, референдум жасап, реформаны өзгөртүү жолу менен элдин эмес, өздөрүнүн жакшы жашоосуна даңгыр жол ачып алышты. Эми жыргап өздөрү майрамдай беришсин.

Жаныбек Жанызак, журналист:
- Мамлекет башчыларыбыз атайын бир датаны белгилеп алып, "Конституциянын күнү" деп майрамдагандын ордуна мамлекет үчүн бир жакшы Конституция кабыл алып, ошону маңызын чыгара ишке ашырса оң болмок. Негизи эл аралык стандарт деген бар. Конституцияны ошол стандартка тууралаш керек. Биздикилер болсо " ал стандартка менталитетибиз туура келбейт" деп кол куушуруп коюшат. Андан көрө бекер олтурбай менталитетибизди дүйнөлүк стандартка ылайыктап өзгөртүшсүн да. Анан Конституцияны ушуга тууралап кабыл алса болот эле.

Бекташ Кылычбеков, публицист:
- Конституция бул коомдун жана мамлекеттик түзүлүштүн тартибин, принциптерин, бийлик бутактарын, атуулдардын укугу менен милдетин аныктоочу негизги мыйзамы болуп эсептелет эмеспи. Бардык мамлекеттерде, дүйнөдө Конституцияны ыйык кармашат. Улам оңдоого жол беришпейт. А бизде андай болбой, президенттер өзүнө көбүрөөк бийлик алыш үчүн улам күчкө салып оңдой берип, Конституциянын баркын кетирип алдык. Эгер Акаев үч жолу оңдосо, Бакиев өзүнө ылайыктап дагы оңдоо киргизбедиби. Мындай оңдоолор президенттерге кадыр-барк алып келбесин турмуш көрсөтүп атат. Конституциябыз да чийки май жегендей болуп көңүлгө толбой турат. Менимче, муну майрамдоонун кажети деле жок.

Суроо салган Бурул МУСАБЕКОВА













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!