Коомдук-саясый гезит
№30, 06.05.08-ж.






  Гүлчамбар

Падыша бол, кайырчы бол, баары бир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың
Бишкекте "Радамант", "Черный лотос", "Мене" деген ритуалдык агенттиктер бар. Алар киши каза болгондо өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү жасаткандан тартып, көрүн даярдап, кара ашка керектүү кызматтардын баарын көрсөтүшөт. Атүгүл, транспорт, бозүйдөн тартып, казан-аякка чейин камсыз кылышат. Бул агенттиктер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, борбордук мечит, чиркөөлөр менен тыгыз байланышта иштешет.

Виктор КУСТКОВ, "Радамант" ритуалдык агенттигинин жетекчиси:
"Буддисттердин сөөгүн өрттөп беребиз"
"Радамант" ритуалдык агенттигинин иштеп атканына быйыл 13 жыл болот. Адам каза болгондон баштап жерге коюлганга чейинки бардык кызматтарды көрсөтүшөт. Андан сырткары, көчөдөн каза болуп калгандардын сөөгүн тиешелүү жерлерге бекер жеткирип беришет. Бул агенттикке мусулмандар, христиандар, буддисттер, айтор, бардык дин өкүлдөрү кайрылат. Ритуалдык кызматтар тууралуу "Радаманттын"жетекчиси Виктор Кустков айтып берди.

- Виктор, ритуалдык агенттик ачуу идеясы кайдан пайда болду?
- 1992-жылы менин жакын тууганым каза болуп калып, анын сөөгүн коюу үчүн аябай чуркагам. Өзүң кайгырып атсаң, анан дагы уюштуруу иштерине да өзүң чуркаган аябай оор. Ошондо ушул кызматтардын баарын көрсөткөн кандайдыр бир фирма же агенттик болсо жакшы болот деп ойлоп койгом. Анан көп өтпөй өзүм "Радамант" агенттигин ачтым. Азыр бизге жөн гана телефон чалып эле коюшат, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөн тартып жерге коюлганга чейинки бардык иштерин бүтүрүп беребиз.
- "Радамант" деген эмнени түшүндүрөт?
- Радамант деген ат байыркы грек мифологиясынан алынган. Ал адилеттүү, чынчыл кудай болуп, ким бейишке, ким тозокко кетээрин аныктап турган.
- Сиздердин агенттигиңиздерге мусулмандар көп кайрылабы же христиандарбы?
- Көбүнчө христиандар кайрылат. Мурдараак мусулмандар көп кайрылчу эмес, азыр көбөйө баштады.
- Мисалы мусулман, же христиан киши каза болгондо мечит, чиркөө кызматкерлери сөөктү жерге коюуга жардам берет экен. Агенттикке буддисттер дагы кайрылат деп жатасыз, алардын да молдолору барбы? Айтайын дегеним, алар сөөктү өрттөп салат эмеспи?
- Ооба, мусулман, христиандардан айырмаланып сөөктү күйгүзүп салышат. Кыргызстанда дагы буддисттер бар, бирок алардын молдолору жок. Ошон үчүн эгерде биздин агенттикке буддисттер кайрыла турган болсо, биздин кызматкерлер буддисттердин эрежелери боюнча сөөктү өрттөп салышат. Буддисттердин сөөгүн койгонго шаардын четинен атайын орун берилген. Өрттөп бүткөндөн кийин сөөктүн күлүн ошол жерге жашырышат.

Мусулмандар үчүн
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - 5 сом
Чоң-Арык көрүстөнүнөн жай - 3650 сомдон жогору(жай көрүстөндүн ылдыйкы жагынан берилсе, кымбатыраак болот)
Автобус - 1450 сом
Жүк машина - 650 сом
Көрдү кол менен казып берүү - 1400 сом
Экскаватор менен казылган жай - 450 сом
Кирпич - 400 сом
Исламдын жарым айы бар убактылуу эстелик - 990 сом
Стандарттык тосмо - 3800 сом
Тосмону жеткирип берүү - 235 сом
Тосмону бетондоп жасап берүү - 400 сом
Тосмону бетонсуз жасоо - 200 сом
Молдонун кызматы (Жаназа окуу) - 600 сом
Жууп бергендердин кызматы - 650 сом
Молдо менен жууган кишилерди жеткирүү - 350 сом
Атайын медициналык тазалоо - 1800 сом
Сөөктү жеткирүүчү транспорттун акысы - 480 сом
Сөөктү үйдөн чыгарып кетүү - бир кабаттан алып түшкөнгө 140 сом
Сөөктү көтөрүү - 50 метрге 240 сом
Табып - 300 сом
Сөөк жууй турган такта - 300 сом
Бозүй бир күнгө - 2300-2500 сом, эки күнгө - 3000-4000 сом
Бозүйдү тигип берүү - 740 сом
Бозүйдү чечүү - 400 сом
Бозүйдү ташуу - 480 сом
Жүк ташуучу жумуштар - 400 сом
Үч даана отургуч бир күнгө - 195 сом
300 литрлик титан, казан бир суткага - 300 сом
Жаназаны тейлөө - 260 сом
Шаардан сырткары чыкса, транспорттун акысы бир чарчы метрге-22 сом

Христиандар үчүн
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк - 5 сом
Чоң-Арык көрүстөнүнөн жай (мүрзөнүн жогору жагынан) -2630 сом
Чоң-Арык көрүстөнүнөн жай (мүрзөнүн ылдый жагынан ) - келишим баа(кымбатыраак)
Аламүдүн районунун айылдарынын мүрзөлөрүнөн жай - айыл башкармалыгы бекиткен баага жараша
Автобус - 1450 сом
Жүк машина - 600 сом
ДВПдан жасалган табыт - 2415 сом
ДВПдан атайын жасалган табыт (өлчөмү чоң болушу мүмкүн) - 2915 сом
Жыгачтан жасалган табыт - 5340 сом
Жыгачтан атайын жасалган табыт - 5340 сом
Кооздолгон табыт - 22 275 сом
Табытты ташуучу транспорт акысы - 235 сом
Гүлдөр менен жасалган гүлчамбар - келишим баа
Жасалма гүлдөр менен жасалган гүлчамбар - 280 сом
Текст жазылган кара лента - 80-105 сом
Убактылуу эстелик - 990 сом
Крест - 805 сом
Аты жазылган табличка -75 сом
Атайын медициналык тазалоо - 1800 сом
Сөөккө жыттуу атырларды сээп берүү, же дене-башы көк-ала болуп калса билинбеген макияж жасап берүү - 550 сом
Сөөк ташуучу транспорттун акысы - 480 сом
Сөөктү үйдөн чыгарып кетүү - 1 кабаттан алып түшкөнгө 140 сом
Сөөктү көтөрүү - 50 метрге 240 сом
Чиркөөнүн атрибуту - 335 сом
Жаназа окуу -360 сом
Чиркөө кызматкерлерин жеткирүү - 380 сом
Чоң жүзаарчы - 13 сом
Кичинекей жүзаарчы - 9 сом
Табытка коюла турган крест - 245 сом
Оркестр - 2150 сом
Көрдү кол менен казып берүү - 1400 сом
Стандарттык тосмо - 3500 сом
Тосмону жеткирип берүү - 235 сом
Тосмону бетондоп жасап берүү - 400 сом
Тосмону бетонсуз жасоо - 200
Түшкү тамак берүү -бир кишиге 175 сом
Түшкү тамакты тейлөө - 350 сом
Жаназаны тейлөө - 260 сом
Шаардан сырткары чыкса, транспорттун акысы бир чарчы метрге -22 с

Даярдаган Дилбар АЛИМОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!