Коомдук-саясый гезит
№30, 06.05.08-ж.






  Журт атасы болуу азабы

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ:
"Улут башындагы лидер таза болсо, эл ошого карап түзөнөт"
(Башы 6-бетте)
О.Ш: - Платондун "Мамлекетти башкарчу киши философ болуш керек" деген сөзү бар эмеспи. Мисалга алсак, Мохандас Ганди, Ден Сяопин, Лу Куан Ю өңдүү падышалар ойчулдар болгон да. Ал эми биздики…
- Туптуура. Ушул сен айткан падышалар ириде даанышман болгон үчүн дүйнө лидери болуп таанылышкан. Арийне, "мамлекетчил" дегенде кайсыдыр бир өзүмчүл авторитетти эмес, мамлекеттик машинанын мүмкүнчүлүгүн, мамлекет байлыгын - элдин кубатын арттырууга жумшай билген азаматтарды түшүнөбүз. Улут башындагы лидер канчалык таза болсо, элчил-мамлекетчил болсо, эл да ошого карап түзөнөт. А бизде бийлик башындагылар өздөрү уурдап атса, башкалары карап турабы?
Кыргыз жеринин бүтүндүгүн сактайлы деген булардай жалындуу патриотторго бир ууч үйрөткү канчык-кандектерди айдактагандар азыр элдин кыжырын баягыдан бешбетер козгоп салды.
Ж.К: - Сиз изилдеп келаткан элдик философиянын негизинен алганда биздин Конституция жана мамлекеттик түзүлүш кандай болушу керек?
- Социализм - адамзат миңдеген жылдар бою эңсеп, издеп келген коомдук түзүлүш. Мунун эң түпкү негизи да бизден чыккан. Батышка ал бир багыты - Азия жолу менен барган. 2-багыты, америкалык индейлерден испан-конкистадорлору аркылуу оошуп, европалык социал утописттерге жеткен. Алардан анан Маркска өткөн дегендей… Эми мунун баары узун сөз… Социализм биздин каныбызга эч чоочун эмес. Болгону анын ички философиясын ачып жашоого СССРдин шаасы жеткен жок. Ал эми 1 млрд. 300 млн. калкы бар коңшубуз Кытайды карагылачы. Адегенде эле кытайлашкан марксизмдин идеясын туу көтөргөн Кытай азыр дүйнө элдеринин далайынан атчабым алыс кетти. Өнүгүүнүн ыкчам жолу социализм экенин тарыхта кытай эли көргөзүп атат, бирок бул биздин Советтердегидей бүт баарын туташ теңдеген, тотал мамлекеттештирилген, реформациялаган социализм эмес, Жалпылык менен Жекеликти шай айкаштырган өзгөчө социализм. Мындай өлкөдө стратегиялык тармак - Жер, Кен, Энергетика ж.б. мүлдө мамлекеттин гана менчигинде болот жана билги башкарылат. Мамлекеттүүлүктүн стратегиясын, идеологиясын жана философиясын түбүнөн өз элинин табиятына ылайык жолго салган мамлекет гана алдыга ишенимдүү өнүгөт. Азыр Орусиянын ЖОЖдорунда "Чарба философиясы" деген атайы сабактар өтүлүүдө. Эмнеге? Себеби, сен кайсы ыңгайда чарба жүргүзсөң, жандүйнөң ошол нукту ээрчийт. А биз азыр жүүт философиялуу, капиталисттик сыяктанган белгисиз бир коомду беттеп бара жатабыз. Азыркы кыргыз турмушундагы Достоевский, Акутагавалардын да колунан каламын түшүрөр окуялардын болуп атканы да ушундан. Биз ага опоңой да көнүп баратабыз. "Жерди сатпайлы" деген патриотторубузду жексур бийлик ажаан катындарга талатып коюп, Эшимкановдун чаарая баштаган жашигинен маашырлуу комментариялап отургандарын карабайсыңарбы! Бул үчүн бийликке мамлекетчилдер келиши керек. Көчүбүз ошондо оңолот.
О.Ш: - Соңку убакта борборду түштүккө көчүрүү идеясы көбүрөөк козголо баштады. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Муну мен колдойм. Бирок "көчүрүү" дегенде миңдеген каражаттарды агызып, дароо эле көчүп-ташынып кирүү деп да түшүнбөймүн. Каражат оболу өндүрүштү жандантууга жумшалышы керек. Эмгек ресурстары аякта абыдан көп. Сүлүктү, Майлысай, Ташкөмүр өңдөнгөн шаарлар жанданат эле. Каражат ошол шаарларга жумшалып, өндүрүш жанданса, ал жакта эл өзүнөн өзү көбөймөк. Чынында азыр Кыргызстандын эң талылуу жери - Түштүк канатыбыз. Баса, кийинчерек эң көп козголуп кеткен Түндүк-Түштүк маселесин мекенчил жигит У.Барктабасов мындайча жумшартып чечем дээр эле. Мисалы, "Ошко эталонго айланар чоң фабрика куруп, баардык жашоо-шартты түзүп, чоң айлыкты төлөмөкмүн да, ага жалаң ич дүйнөсү менен тыш дүйнөсү келишкен аркалык кыз-келиндерди алып бармакмын. Кайрале ошондой мыкты бир фабриканы түндүктүн бир жерине куруп, биякка түштүктүн кыз-келиндери келгидей шарт түзмөкмүн. Алардын өзүлөрүнө мыкты жубайлуу болуш үчүн кам көрүп, үйлөнүү тойлорунан өйдө чыгымын көтөрүп бермекмин. Ошентип үлгүлүү үйбүлөлөр түзүлмөк. Ушинтип Кыргызстандын ата-баба жолундагы кудалашуу, туугандашуу жолу аркылуу эле көп маселени чечемин" дечү. Албетте, бул эки канат элди аралаштыруунун бир гана жолу…
- Өзөктүү маселелердин тегерегинде сүйлөп берүүгө убактыңызды бөлгөнүңүзгө чыгармачыл жамаатыбыздын атынан ыраазычылык билдиребиз. Илимий изилдөөлөрүңүзгө ийгилик каалайбыз!
Олжобай ШАКИР




  Сандан-санга: Повесть

Олжобай ШАКИР
Чатыр
Кайрат
Жертөлөгө эң биринчи Тээкбол келди. Зуураны көргөн ал же сүйүнөрүн билбей, же күйүнөрүн билбей дендароо аңырайды. Балким, башка учурда эркек балалуу болгонуна сүйүнөр беле, бирок азыр заманы тарып турду. Көкүрөгүндө эчбир аталык сезим жок селейип каткан бечаранын акыл-эси олку-солку эле. Азыр ал муздак кабар уккан адамдай сустайды. Түндө диванды көтөртүп байкоостук кылганына күрсүнүп алды. Зуурага үңүлсө, өңүнөн каны качып, төрөттөн кыйналгандыктан, кырча тиштелген эрди жарылып кетиптир. Аңгыча атасынын артынан өзүнөн чоң баштыктарды жонуна көтөрүнүп алган Сагынычты көргөн Зуура эчкирип ыйлап жиберди. Чыканактай баласын турмуш ушунчалык өжөр кылып койгонуна эне кургурдун сайсөөгү сыздады. Баласы буга чейин мынчалык аянычтуу көрүнгөн эмес эле. Күндөн күнгө бойсунуп келаткан уулунун шымынын багелеги чолоюп кыска келип турганына каңырыгы түтөдү. Багелектен кызыл ашыгы бултаңдап көрүнүп жүрөт. Жашы быйыл 12ге карап атат. Ушул жашка чейин эмнени гана көргөн жок? Турмуш аны ийик менен чыйратылган жиптей чимирди. Жарым жан оорукчан апасына бойтоңдоп буту басып, тили чыккан күндөн бери "Мен чоңойгондо сизди өзүм айыктырам" дегени эле канча жолу жүүнүн бошотуп, кайта канча чыйралтты. Баладай болуп оюнчук эмне экенин эмес, биринчи: оору эмне экенин, акча эмне экенин, дары эмне экенин билди. Баладай болуп, балдардын тобуна кошулбай, эстарткандан ушуга чейин эле оорукчан апасынын жанынан чыкпай, керектүү дары-дармектерге акча тапканга далалаттанып келатканычы. Баладай болуп, жомок эмне экенин эмес, турмушту түшүндү. Ал жомок деген керемет дүйнө бар экенин деле билбесе керек. Аны атасы, апасы мажбурлай албас түйшүккө нечен жолу турмуш мажбурлады. "Апамды айыктырам" деген таза дили, таза дити менен баарына даяр балага уурулук деген түшүнүк таптакыр жат болчу. Аны айып деп эсептечү эмес. Эненин ак сүтүн актар милдетим деп сезер эле.
Зууранын көзү бозоруп турса да, ушуну ойлогондо жүрөгү зырылдады. "Балам, келчи бери" Сагыныч апасынын бооруна башын жөлөгөн кезде, Зууранын муун-жүнү бошоп, бүлкүлдөп ыйлап жиберди:
- Шордуум, ай… шорду-уум.
Эненин бул үшкүрүгү заманын кууруп турса да, Сагыныч азыр кайраттуу көрүнгүсү келди. Бирок, апасынын абалын көргөн бала өзүн карманалбады. Ал да апасынын ушуга чейин кайраттуу, чыдамдуу болуп келгенин аяп, өксүп ыйлады. Буга чейин канчалык ыза болуп жүрсө да, апасынын көзүнчө карманып, ыйлачу эмес эле, жүрөгү өзүнөн-өзү дирилдеп кетти. Буулуккан жашын төгүп болгондон кийин:
- Апа, бөбөгүмдүн атын Кайрат коелубу? - деди.
Бирок ал муну айтам деп, апасын дагы бир сыйра ыйлатып алды.
- Тилегиңден айланайын десе. Сен айткандай ушу бизге Кайрат болсунчу, балам! Акжолтоюбуз болсун.
Баятан башын салбыратып отурган Тээкбол да муну укканда жандана түштү. Ал жаңы төрөлгөн уулуна ысым жөнүндө эчнерсе ойлонгон эмес. Ордунан серпилип туруп келип, жоолукка оролгон наристенин жүзүнө эми гана тиктеди. Баятан бери үңкүйүп турган неме эми ымыркайга бир аз үйрүлүп, эмчегин эмизмек болгон Зууранын колуна берди.
Оозуна эмчек тиери менен ыңаалаган үнү басылып калган бөбөгүн тиктеп сүйүнгөн Сагыныч "түндөгү талоонго кабылган дүкөндөрдөн бөбөгүмө коляска ала келбеген экемин" деп ичинен өкүнүп алды. Курсагы ачка неме түндө атасы экөө көтөрүп келген баштыктардын биринен колбаса алып чыгып, оозуна тиери менен бул жердеги жертөлөдөн кетпеген сары күчүк шыйпаңдап жүгүрүп келди. Сагыныч ага чоң кесим колбаса ыргытып бергенин көргөн Тээкболдун ачуусу келип кетти:
- Өзүңдүн ырыскыңды өзүң жебейсиңби, атаңдын оозун урайын десе!
- Бул деле ачка да.
- Баарыбыз эле ачкабыз! Эмне сен, тоюнуп калдыңбы? - Муштумдай колбасаны кысканган Тээкбол, уулун тилдерин тилдеп алып, кайра аяды. Ойлоп отурса, баладай болуп, же балдар менен ойнобосо, ушул күчүк менен чын-дилинен кубалашып ойногон уулун тилдегенде эмне? Өзү курдуу балдар менен сүйлөшкөндөн корунган уулунун ушул күчүгүнөн башка кайсы жанкурбусу бар?
Күчүктүн башын сылап эркелетип аткан аянычтуу уулун карап отуруп, тээ качанкы турмушун эстеди.
Нике
Тээкбол кенедейинен мал менен чогуу өстү. Атасы Шонкенин бала көрбөй жүрүп көргөн эндекей туягы. Ал өмүр бою чабан болуп жүрүп өткөн. Кийин көзү өтөрдө "Ушул балам малга кароо. Таягымды уулума өткөрүп берейин, жакшы чабан болор түрү бар" деп, башкармадан суранып, Тээкболду да малчылык кесиптин артынан салган. Зуура менен Тээкболдун кол кармашып калганына да атасы себеп болгон. Ал анда колхоздун тубар коюн кармачу. Бир жылы Атбашыдан келген сакманчылар менен бирге кесиптик окуу жайдын студенттери жиберилип, арасындагылардан маңдайы жарык кичипейил Зууранын турмушка бүйрө экени Шонке аксакалга абыдан жагып калды:
- Айланып кетейин, мектепти орусча окуганың менен чабандын кыздарынан да тың экенсиң. Мынабул жаман уулумду карачы, жактырсаң, келин кылып алып калалы. Макулсуңбу? - дедиле, тиги да тырсылдап жооп бергени:
- Уулуңуз абыдан эле жоош экен, а чүлүктөп жетелеп алсамчы, - деп Тээкболду чымчый кетпеспи.
- Мейли, ошент. Эркекти чүлүктөп жүргөн да бирөө керек, - деп ичи жылып калган.
Тээкбол экөө ансыз да бирине-бири ымаласанашып жүрчүле, кексе чал аны астыртан туюп жүргөн үчүн жылдырып сүйлөдү го…
- Сен да бирөөнүн жалгызы экенсиң, бул да жалгыз. Эмне бар, эмне жок, көзүм өтүп кетелекте ушул жалгызымды үйлөнтүп, жайлантып кетсем, арманым жок эле. Кемпирден айрылганыма бир жыл болду. Айланып кетейин, ошент, батамды берейин, - деп оюн-чындын арасындале эки жаштын ниетин жакындатып салган. Ошондон көп өтпөй, төшөктөн турбай жатып калды. Карынын көзү баарына жеткенби, Зуура менен уулун бир күнү маңдайына чакырды:












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!