Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.






  Нысапты тыйгылачы!

Жогорку Кеңештеги бай депутаттар өкмөттөн квартира сурап атышат
Жогорку Кеңеште 31 депутат үй-жайым жок деп мамлекеттен квартира сурап атат. Көпчүлүгү акжолчулар. Бул тизмеден айрым бай депутаттардын атын окуганда аргасыз жакабызды кармадык. Беш балам бар, төрт балам бар деп көрсөтүшкөн. Ошол беш баласынын ар биринин артында керек болсо экиден-үчтөн кыймылсыз мүлк бар болсо таң калбайбыз деле. Мисалы, энергетика тармакта иштеп, капчыгын калыңдаткан Юрий Даниловдо квартира жокпу, же Бишкекте кафелерди иштеткен, чириген байлардын бири Арапбай Төлөновдун Бишкекте үйү жок дегенге ким ишенет. Болгону депутаттык мандаттан эл арасында саясий кадыр-баркка жетпесек да, жок дегенде бир квартиралуу болуп калаар бекенбиз деген үмүт менен арыз жазышкандыр. Акыры башкалаадан квартира сурап аткан 31 депутат булар:

1. Кабаев А. С. "Ак жол". 22-январда арыз жазган. Үч баласы бар.
2. Дербишева Г.Т. "Ак жол". 10-январда арыз жазган. Алты баласы бар.
3. Жамалдинов З.И. "Ак жол". 22-декабрда арыз жазган. Беш баласы бар.
4. Мырзакматов М.Ж. "Ак жол". 27-декабрда арыз жазган. Беш баласы бар.
5. Жээнбеков Ж.А. СДПК. 14-январда арыз жазган. Беш баласы бар.
6. Аттокуров О.А. "Ак жол". 11-январда арыз жазган.Беш баласы бар.
7. Төлөнов А. "Ак жол". 11-январда арыз жазган. Төрт баласы бар.
8. Жээнбеков А.Ш. "Ак жол". 10-январда арыз жазган. Төрт баласы бар.
9. Салахудинов Ж.С. "Ак жол". Былтыр 27-декабрда арыз жазган. Алты баласы бар.
10. Бекенова З. "Ак жол". 10-январда арыз жазган. Төрт баласы бар.
11. Мамасеитова Б.У. Коммунисттер. 22-январда арыз жазган.Төрт баласы бар.
12. Жураев М.К. СДПК. 27-декабрда арыз жазган. Төрт баласы бар.
13. Айдаров Н. А. "Ак жол". 11-январда арыз жазган. Төрт баласы бар.
14. Жунусов И.К. "Ак жол". 22-январда арыз жазган. Үч баласы бар.
15. Кенжебаева А.А. "Ак жол". 17-январда арыз жазган. Үч баласы бар.
16. Кадыралиев С.К. "Ак жол". 27-декабрда арыз жазган. Баласы жок.
17. Султаналиева Г.Т. Коммунисттер. 26-декабрда арыз жазган. Эки баласы бар.
18. Рахимдинова Ж.Т. "Ак жол". 28-декабрда арыз жазган. Эки баласы бар.
19. Байбураева А.Б. "Ак жол". 22-декабрда арыз жазган. Эки баласы бар.
20. Сейитказиев А.Т. Коммунисттер. 22-декабрда арыз жазган. Баласы жок.
21. Койчубаков Н.К. "Ак жол". 21-январда арыз жазган. Үч баласы бар.
22. Каримов А.Т. "Ак жол". 27-декабрда арыз жазган. Эки баласы бар.
23. Карамушкина И.Ю. СДПК. 23-январда арыз жазган. Эки баласы бар.
24. Абдраимова Р.А. "Ак жол". 28-январда арыз жазган. Эки баласы бар.
25. Данилов Ю.А. "Ак жол". 11-январда арыз жазган. Эки баласы бар.
26. Байтиков А.Б. "Ак жол". 22-январда арыз жазган. Бир баласы бар.
27. Калмаматов А.А. "Ак жол". 12-январда арыз жазган. Төрт баласы бар.
28. Жумабекова Т.А. "Ак жол". 22-январда арыз жазган. Эки баласы бар.
29. Мамасалиев А.Т. "Ак жол". 11-январда арыз жазган. Баласы жок.
30. Летова И.В. "Ак жол". 11-январда арыз жазган. Баласы жок.
31. Атамбаев Н.С. "Ак жол". 21-январда арыз жазган. Беш баласы бар.
Ушундай, бул тизмени карап отурсаң капчыгы калың далай адам жүрөт. Тизмени эгер тыкыр иликтеп чыкса, бери дегенде 70%ынын Бишкекте бир эмес, эки-үчтөн үйү бар болуп чыга келет. Угушубузга караганда, үй алууга арыз жазардан мурун башкалаадагы кыймылсыз мүлктөрүн шашылыш сатып, башка бирөөгө каттата койгон да депутаттар жок эмес. Сөз жок, үй-жай сураганга булардын депутаттык акылары бар. Атургай алган үйлөрүн менчиктештирип алганга да биздин мыйзамдар жол берет. Ошондон улам өткөн чакырылыштагы депутаттардын үй чатактары эмгиче созулуп келет. Кошумчалай кетсек, депутаттар үчүн Бишкектин четине, АКШ элчилигинин жанынан атайын шаарча курууга жер бөлүнүп, 10 кабаттуу төрт үй түшө турган болууда.
Жеңишбек Эдигеев




  Энергетиканы ээрден шыпырышты

Роза Отунбаева, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу
боюнча комитеттин, СДПК фракциясынын мүчөсү:
"Отко күйбөс, сууга чөкпөс азаматтар "сат, сат, сат" деп ураан салышат"
-Роза эже, жума күнү акжолчулардын акылсыз кадамдарына протест кылып, жыйындан чыгып кеттиңер, бирок, көпчүлүк менен алар энергетиканын тагдырын алеки саатта чечип коюшту көрүнөт.
-Акыркы эки жумада парламентте кейиштүү окуялар болуп атат. Кыргызстандын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасы жана отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясын Акүйдүн буйругу менен парламенттеги бийликтин "Ак жол" партиясы кол куушуруп колдоп берди. Энергетика тармагында көп мыйзамдарды сымаптай сылап-сыйпап бүтүрөбүз деп жаналакетке түшүшпөдүбү. Президент орто жолдо "Ак жол" фракциясы менен жолугуп, "мыйзамдын баары кабыл алынбай жатат, оңдуураак иштебейсиңер" деп жондоруна камчы чаппады беле. Булар болсо "министрлериңиз чийки мыйзамдарды чүргөгөнү аз келгенсип өздөрү келбейт, орунбасарларын жиберет" деп арызданышпадыбы. Ошо жолугушуудан кийин кыйсыпыр түшүп жатып калышты. СДПК фракциясынын депутаттары кечээ көз көрүнөө элдин ырыскысына кол салып, бизди болсо сүйлөттүрбөй аткандарына чыдабай жыйындан чыгып кеттик. Чыр эмнеден башталды? Биздин комитетке (анда коммунисттерден Сейитказиев бар, СДПКдан мен бармын, калганы- акжолчулар) энергетикалык программаны алып келишкен. Кыргызстандагы бул тармактагы окумуштууларды чогултуп, министр баш болуп, бир жыл бою иштеп чыгышыптыр. Биз "программаны элге айтып, ачык-айкын талкуулабайлыбы" десек, "программа жок дейсиңер, алып келсек жактырбайсыңар" деп доомат артышты. Энергетика тармагындагы үч этаптуу реформалар 1998-жылы башталып, "Кыргызэнерго" деген монстрды 2001-жылы функциясы боюнча үчкө бөлүп тынышкан. Былтыр болсо ЖКнын 3-чакырылышындагы депутаттар энергетика тармагындагы реформалардын жыйынтыктары канааттандырарлык эмес, "Кыргызэнерго" кирешелүү эле болчу, бөлүнгөнү натыйжасыз болуп чыкты деп, "эки" деген баа коюшкан. Күтүлгөн инвестор келген жок, арадан көп убакыт өтүп кетип, энергосектордун ичинде чырмалышкан коррупциялык схемалар түптөлүп калган. Ошону айтып, "ушу программа гүлдөтөт, туура жолго чыктык деп кандай кепилдик бере аласыңар" деп, дагы айта турган сөзүбүздү айталык десек, сөз бербей, бизди уккулары жок. Талкууда "суроолорду бүтүрөлү, жетет, окудук, түшүндүк, кабыл алалы" деп дайыма даяр болуп, ыргып-лыпылдап турган депутаттар арабызда бар. Таңкаласың, 75 барактык татаал текстти бир заматта карап, түшүнсө да, түшүнбөсө да, сурабай туруп баарына макул болушат. Кошумча - алымчаларды, жаңы идея, сунуштарды айталы десек, жандарына жолотушпайт. "Энергетика деген мамлекеттин бели, ар бир үйбүлөгө, ар бир адамга таасир этет, болгон-бүткөн байлыгыбыз, эл билсин, менчиктештирүү дегени бар экен" десек, кереги жок деп комитеттен үстүртөн, чала карашып эле жыйынга алып чыга калышты. Мага Конгантиев "парламент партиялык тизме менен түзүлгөн, көпчүлүктөн түзүлгөн фракция кандай чечсе, ошондой болот" деп үйрөтүп атпайбы. "Президент камчы салып атса баш ийбегенде каякка барат элеңер, ар кайсыны айткыча, ачык эле сатууга даярдап жатабыз деп мойнуңарга албайсыңарбы, бизге сөөмөй кезеп, окутпагыла, биз сокур эмеспиз" дедим. Мындай адилетсиздикти көрүп өкмөттүк эмес уюмдар ызы-чуу кылып, А. Абдирасулова, Т. Исмаиловалар "биз атуулдук кеп-кеңештерди өткөрөбүз, программа жарандык экспертизадан сөзсүз түрдө өтүүгө тийиш" деп Э. Ибраимовага келишип, "атаң кашыктап жыйнаганды силер, акжолчулар, чөмүчтөп сатып атасыңар" деп жарга такашыптыр. Аргасыз анан булар жарандык коомдогулар менен жолугуп, парламенттик угуулар деп ал жерде өктөм сүйлөп, аз-маз депутаттар сүйлөп, элге сөз бербей, тезирээк жапканга шашышты.
- Өкмөт көрсөткөн энергетика программасына кандай ойлорду кошмоксуз?
-Өкмөттүн айтканына ишенсек, энергетика ж.б. тармактарды саткан соң, 2025-жылга карата гана туруктуу күч-кубаттуулукка жетет экенбиз. Ал жоромол да бүдөмүк. Жыргаткан деле прогноздору жок. Жаңы, күчтүү идея-тенденциялар жазылбайт. Жакында ЖКда мен альтернативалуу энергиялар боюнча чоң тегерек стол өткөрүп жатсам, мага Жаныбек Орозалиев деген жаш жигит келип, "Кассел Техникалык Университетинде докторлук диссертациянын үстүндө иштеп жатам, анда Бишкек ТЭЦинин ишине күндүн кубаттуулугун кошуп, газ-көмүрдөн чоң үнөм (экономия) жасасак болот" деп айтып берди. Мен ишенем 2010-жылдарда ушундай жигиттер, кудай буюрса, биздин энергетиканы жетим-өгөй карабай, биздин уникалдуу гидростанциялардын бирин да сатпай-жутпай, алдыга жулуп алып кетишет. Бүткүл Орто Азияда сууга эң бай өлкө болуп туруп биз эмне үчүн 15-20 жылдын ичинде региондук масштабда энергетикалык кластерди кура албайбыз?! Суунун баасы бүгүнкү күндө эле күйүүчү майдын баасынан ашып баратат, биз суунун башатында турган өлкөбүз. Биз региондо энергия боюнча олуя болуп, ханга да салам бербей отурчу жердебиз. Туруктуу деңгээлге чыгып, бизге ишеним берген программа жазышпайбы… Экинчиден, энергиянын альтернативдүү түрлөрүн - күн энергиясы, шамал, биогазды тезирээк ишке киргизиш керек. Булар Кыргызстанда жалпы энергокуржундун көлөмүндө 0,17 %га да жетпейт экен, себеби Советтер Союзу урагандан кийин эле күйүүчү май, газга каражатыбыз жетпей, баарыбыз электр энергиясына өтүп кеткенбиз да. Азыр Кыргызстан мурунку соцлагерь өлкөлөрүнүн ичинен ар бир адам башына электр энергияны эң көп колдонот. "Электр энергиябыз турса көмүр жакканыбыз уят" деп жатып көмүр өндүрүшүн өлтүрбөдүкпү. Көп мектеп, ооруканалардын котельныйларынын урандысы эле калды. Быйыл көмүрдүн баасы көтөрүлсө, шахталардын иши да алга жылар. Элге күн энергиясын пайдаланганды үйрөтүшүбүз керек, болгон технологияларды массалык өндүрүшкө чыгарышыбыз керек. Бир жылда 365 күн болсо ошонун 300 күнү Кыргызстанга күн тиет экен, кудай күн нурун да бизге аянбай берген. Кудай берип аткан бекер энергияны берекелүү иштеткенди үйрөнсөк. МикроГЭСтерди чыгара турган өндүрүшчүлөр менен сүйлөшсөк, азыр биздин продукцияга элдин муктаждыгы чоң болуп жатат. Эл эми өкмөткө, президентке ишенбей өз арбайын өзү согуп, тоңуп өлбөйлү деп кышка камданууда. Президенттин деңгээли "тезек тергиле" дегенинен эле байкалып турбайбы. Дагы бир сунуш. Бизде азыр деле адистер жагынан укмуштай зор потенциалыбыз бар. Жакында Камбарата ГЭСинин курулушун көргөнү барсак, кыргыздын мыкты энергетиктери Россияда иштеп жүрүшкөнүн, алар Бурей жана Вилюй деген чоң гидроэлектростанцияларды курган фактылар бар экенин айтышты. Аларды азыркы биздеги курулушка алып келе албай, жаңы ГЭСтин башчысы абдан кыйналып турган учуру. Айлыгын тууралап берели деп камданса да, орустар биздин жигиттерди ал жерде маянасын эки эсеге көтөрүп, жатаканадан эки бөлмөлүк батирге тез көчүрө коюшуптур. Энергосектор деген күчтүү тармак түзүп, энергетикалык факультеттерди кыйла көтөрүшүбүз керек. Дагы мындай сунуш: мисалы Киров, Орто-Токой сыяктуу бир топ суу сактагычтарда ГЭСтерди курганга жол ачыш керек. Россияда, Казакстанда мамлекет жеке менчик компаниялар менен биригип көп курулуштарды өздөштүрүп жатат, мындай ыкмалар бизде эмне үчүн колдонулбайт?! Жакында эле Америкада геотермикалык станцияларды көрүп келдик, жер алдындагы ысык сууну чакан шаарларга, айылдарга, өндүрүштөргө жеткизип, аларды жылытып, ысык суу менен камсыз кылышат экен. Бизде да андай мүмкүнчүлүктөр бар, колдонолу.
- Өнүккөн өлкөлөрдө энерготармак жеке менчикте, менчиктештирүүгө барыш керек деп сиздин оппоненттериңиз айтып жатпайбы.
- Ооба, Улуу Британияда энергетика, темир жолдор жеке колдо, бирок жүз-эки жүздөн ашык адам өлүмгө дуушарланган бир топ оор авариялардан кийин канча талаш-тартыш болуп, ал тармактарды мамлекеттин колуна ала алышпай келе жатышат. Францияда энергетика, газ, темир жол, авиакомпания - баары толук бойдон мамлекеттин колунда, баары сааттай иштейт, бул өлкө британдыктардын ичин өтө күйгүзгөн салыштырмалуу мисал. Менчиктештирилсе эле баары оңолот, өкмөттөн тез өткөрүп салыш керек, ал эч качан жакшы кожоюн болгон эмес деген сөз өтө калпыс, негизсиз. Энерготармакта ийгиликтүү мисалдар сейрек жолугат. Биринчиден, дүйнө өлкөлөрүн карап көрсөк, гидростанциялар дайыма эле мамлекеттин колунда кала берет экен, анткени улуттук коопсуздукка тике таасир этет. Мисалдар арбын: Канада, АКШ, Норвегия, Бразилия, Швейцария, Кытай, Жаңы Зеландия, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө андан бешбетер, баарында эле алар - мамлекеттик мүлк. Сатылгандары - жылуулук станциялар. Казакстанда Алматы жана Капчыгай энергокомплексин 1996-жылы бельгиялык "Трактобелге" 7,2 млн. долларга сатып, аягында казак туугандар он эсе баага кайра кайтарып алышты. Молдовада ТЭЦти сатып, каалаган ойго жетпей, азыр испаниялык компания менен соттошуп жатышат. Сатыш керек, сатпаса болбойт деп эле бизди жарга такабашсын.
(Уландысы 5-бетте)












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!