Коомдук-саясый гезит
№29, 01.05.08-ж.






 Тезек жөнүндө икая

Түтүн
Мекенинде болсо дагы береке
азап-шору арылбаган эл экен.

Падышасы чыккан үчүн сайпана,
падышаны тандайт экен кайта да.

Анысы да көп ашыра мактаган
пааша болбой эл үмүтүн актаган:

Мурункудан ашып түшүп анысы
тебеленет өлкөнүн бүт намысы.

Чыккан сымал душман элдин уркунан
чыккынчыдай өз Мекени, журтуна:

Күндөн-күнгө букаранын турмушун
Курутуптур… Эл үшкүрүп турду шуу.

Төрө турса май кургабай ууртунан
төбөлдөрдүн ачылыптыр кулку да.

Өөнөгөндөн түгөй берип казына
өлкө батат жокчулуктун сазына.

Эл ырысын казынага куюлган
талайт бийлик иттен бетер жулунган.

Бир күн анан падышанын жардыгы
бүт өлкөгө мындай болуп каргыды:

"Күн да, түн да өчүргүн, - деп, - жарыкты
тезек тер" - дейт, ансыз да эл карыпты.

Кайыштырар хандын ошол кебине
карып-мискин эл жооп кылмак эмине?

Калк каржалып байгерликти самаган
жетет күнү отко тезек калаган.

Талаа-түздөн тезек издеп термелеп,
таалайсыз эл тезек терип сенделет.

Күнү түшүп тезек менен коргоолго
күйгөн жан жок бакыр элди коргоорго:

"Кайрымы жок кудай деген жасаттын
кылганы" деп, түрүн көрөт азаптын…

Эл дендароо басыр турмуш кечирген
эч келалбайт эмне кылар чечимге.

Кан бир күнү байтагында зеригип
отурганда ойго төнүп керилип:

Түтүн каптап. Желдетсе да желдеттер
падышага кере жутса, дем жетпей…

Аба бүтүн - түтүн, түтүн. Аба жок,
падышада эмне кылар дабаа жок…

Курчоосунда тургандарга чамынды:
"Эмне түтүн? Өчүргүлө жалынды!"

Далбастаган данкеселер дарбыды:
"Түтүн кайдан?" Түшүнбөдү баардыгы.

Канча желдет каптап келген ордону
көк түтүндөн падышаны коргоду.

Улам-улам күчөп түтүн быкшыган,
убал болду падышага ыкшыган.

Калтырашып падышанын сесинен,
"Кабар билип келели, - деп, - тезинен".
Түтүн жайын кетти көбү иликтеп.
Келди баары эл ичинен илип кеп:

"Өлкөбүздө элдин баары үймө-үй
тезек, чырак жагат экен. Үймө күл…

Тоодой кылып тезек үйүп алышып,
тоо-таш, элет, калаа тезек жагышып:

Бүт өлкөнү түтүн каптап кетиптир,
эми түтүн бизге минтип жетиптир".

Желдеттердин эшитип бул кабарын
Жексур ажо түйдү катуу кабагын:

"Эл ушунча айрылабы эсинен?
Чырак, тезек жакпасын, - дейт, - тезинен!"

Ал ангыча көздөн жашы шорголоп,
көк түтүндөн ажо өзүн корголоп…

Көкүрөгү көпкөк ышка чыланды,
көзжаш деген балээ - селби, кыянбы?

Көлчүк жаштар бир заматта мөлтүлдөп,
көлгө айланды ордо ичи көлкүлдөп.

Бир убакта падышаны тактагы
элдин аккан селдей жашы каптады.

Курчап турган жансакчылар жанында
куткарганга өз жандарын камынды.

Ажо турса көздөн жашы шорголоп,
жанжөкөрлөр жылт коюшту жорголоп.

Жан жагынан падышанын сел келип,
жалгыз калды жансоогалап сенделип.

2008-жыл
Олжобай ШАКИР




  Сандан-санга: Повесть

Олжобай ШАКИР
Чатыр
Базар ичи чуру-чуу түшүп, "менин акчам жок" дегендер касапчынын оозун тиктеп калышты.
- Баарыңардын акчаны мынабул желмогуз алды! - деп, түпкүчтөй түйүлгөн баланы элдин алдына түртө берди:
- Бар эми, кайда барып арыздансаң да алдагы манжасыз колдоруңду көрсөт!
Жардангандар баланын чөнтөгүн тинтип, бирок эч кимиси сокур тыйын да табалган жок. Бир убакта күрсүйгөн-күрсүйгөн, бука моюн буржуйган үч-төрт жигит пайда болуп, касапчыны тоорумакчы болуп чекеге чакырдыле:
- Мына, акчаңарды мынабул бадиректер алды!
Касапчы, капчыгын жоготкондорго тиги тургандарды көрсөтөрү менен базардын жарымы ошол чөнтөкчүлөрдү кууп жөнөдү. Баланы болсо милийсалар келип, пунктка жетелеп кетти. Алар кан токтобогон Сагынычтын колуна кайдан-жайдан таап келген кийиз куурду күйгүзүп баса койгондон кийин, кан токтоп калгандай болду. Базардагы чөнтөкчүлөргө капчыктарын каңтартып ийген жабыркоочулардын уу-дуу болгону басылары менен милийсалар Сагынычты "бул жагын өзүбүз тууралайбыз" деп узатып коюшкан.
***
Уңулдап ыйлап келген баласынын түрүн көргөн Зуура "Кудай ай, биз сага эмнебизден жаздык!" деп, касапчыны каргап-шилеп, ботодой боздогонун уккан адам жанына чыдап туралбас эле. Адегенде жаалы кайнап, касапчыга бармай болгон. Бирок, аны Сагынычтын "Милийсалар мени эптеп куткарыш үчүн качырып жиберди. Экинчи келбе деп айткан" дегени гана токтотуп койду. Кечинде баласын көрүп, касапчыга бармакчы болуп жулкунган Тээкболдун ачуусун да ушул сөз токтотту. Болбосо касапчыны бычак менен жарып өлтүрмөк болгон.
Сагынычтын колу бир айча зырылдап ооруп жүрдү. Көрүнгөн дары-дармекти шыбап атышып, акыры айыктырып алышты. Ал анан атасына кошулуп, Аламүдүн базарында тачка түртүшүп, жан үрөп жүрдү.
8. Канталамай
Бир күнү кечинде базар жабылар убакта элдин баары: "Акаев качып кетип, Акүйгө эл кирип барыптыр" дешип, жабыла жөнөгөн. Бийликке нааразы элдин көтөрүлүшкө чыкканын уккан Тээкбол менен Сагыныч да окуяга күбө болгону элдин шарына кошулуп кетти. Көчөдөгү эл күндөгүдөн башкача дуулдап, бир убакта сүрүлүп бараткан топтун алды дүкөндөрдүн терезесин талкалай баштады. Кээси кирип атат. Казганактап тургандардын арасындагы тиги экөө да эмне болуп атканына түшүнбөй калышты. Ангыча кирип кеткендин баарысы дүкөндүн ичинен колго эмне урунса, сыртка ташып атканын көргөн Тээкбол менен Сагыныч да колго тийгенин алып, кудуңдап жертөлөгө жөнөштү. Сумка-сумка тамак-аш көтөрүнүп келген экөөнү көргөн Зуура элейип калды. Шаардын көчөлөрүндө дүкөндөрдүн баары талкаланып атканын укканда, Наргиза экөө да кайта бир барып келмей болгон Тээкбол менен Сагынычка кошулду. Наргиза орто жолдон эле азык-түлүк дүкөндөрдүн бирине кирип кетти. Шаар ичиндеги үй эмеректери сатылган дүкөндөрдүн биринен диван, кресло көтөрүп чыгып аткандарды көргөн Тээкбол, Зуура, Саныныч да четте калбады. Бирөөлөр көтөрүп баратып таштап кеткен дивандын бирин алып жөнөштү. Кыш бою сыз жертөлөдө көңүлдөрү сууган аларга ушул гана керек эле. Аны "Ээси менмин" деп да эчким талашкан жок. Колунун жарааты толук айыгелек Сагыныч кыйралаңдап апасы менен дивандын бир учун көтөрүп баратты. Ай-күнү жакындап калган кабат бойлуу Зуурага андан бетер оор болду, бирок чыдаганга аракет кылды. Далай оор турмуштун азабын тартып келаткан шордууга дивандын салмагы оор сезилген жок. Алдыда күшүлдөп-бышылдап бараткан булардан алдуу-күчтүү Тээкбол Зууранын ай-күнү жакындап калганын деле унутуп койгондой. Кээде гана диванга бир аз көчүк басып, тыным алары менен арттан бирөө кубалап келчүдөй шашылган үчөө акыры жеткирип тынышты. Зуура бечара жертөлөгө келер замат диванга боюн таштаган бойдон турган жок. Эми жертөлөнүн ичине диван коюлганы абыдан жарашып калды. Бул жерге келгенден бери үчөөнүн эң катуу кубанган күндөрүнүн бири - бүгүн. Азык-түлүктүн камы да бир далайга жетчүдөй. Бирок түнү бою онтолоп чыккан Зуура эртеси катуу кыйналып баштады.
9. Байчечекей
"Мен силерди ошондо эмнеге үздүм экен?" Жаңы ачылган байчечекейлерден көзүн албай отурган Наргизанын жүрөгү зырп этип алды. Бажырайган гүлдөрдү телмирип тиктеген анын көкүрөк кусасы элөөсүздөн козголуп кетти. Ыйлап жиберди. Алатоодо эң биринчи эрте ачылып, эрте соолуган назик гүл байчечекей экенин эстеди. "Эмнеге силерди ушинтип жаратты экен?" Гүлдөрдүн таажысынан сылап, аяй баштады. Гүлбурактары назик болорун буга чейин элесалбай келген Наргиза бала кезинде үзүп ойногон байчечекейлерге табияттын ташбоор экенин ойлоду. "Табияттан да, наристе өспүрүмдөн өйдө эмнеге байчечекей гүлүн аябайт? Эрте ачылганы үчүнбү? Эмнеге күзгө чейин ушул жарашыгыңар менен бажырайып турбайсыңар?" Гүлдөр менен сүйлөшкөн Наргизага азыр жарык дүйнөдө байчечекейден бөлөк аянычтуу эчнерсе жоктой туюлду.
Анын көзүнө эң четтеги башкаларынан эрте ачылган байчечекей көрүндү. Чирип баштаптыр. Бажырайып турган таажылары четинен соолуп, курушуп турганы - айыккыс дарт сыяктуу сезилди. Өсүмдүккө жабышкан ал дартты - өзүнүн денесиндеги жаңыдан пайда болгон сифилис жарасына окшоштурду. Соолуп бараткан гүлдү да соолуп бараткан өзүнүн жаштыгындай элестетти. "Менин тагдырым да сеникине окшош" деп, гүлбурагы чириген байчечекейди кебездей жумшак алаканы менен сылайын деп, аны гүл эмес, тикенекке окшоштурду. Назик гүлбурагы кургап калган байчечекей Наргизанын алаканын тикенек сыяктуу сайгылады.
Ал өзүнүн денесинде пайда болгон котон жарасын бүгүн гана байкаган. Аны жазбай тааныды. Тааныр замат - заманы куурулуп баштады. Айыккыс дарттан арылар арга таппай отурган Наргиза бир кездеги Айгүл курбусун эстеди.
Денесине котон жарасы чыккан Айгүл дартынан айыгып кеткен. Аял кишинин денесинде жаңыдан пайда болгон мындай балээни эркекке өткөрүп жиберүү оңой экенин ошол Айгүлдүн оозунан уккан. Батманын колунда иштеп жүргөн Айгүлдүн дартын көп эркектин кайсы бири тез эле илип кетти. Калыбы, Батманын айтуусу боюнча эркек менен болгон катнаш оңой жол экенин угуп, сутенору айткан кеңешти жасаган. Айгүл чындап эле ошондон кийин айыгып кетти. Наргиза да азыр курбусунун бул балакет оорудан куландан соо кутулганын эстегенде, агайы Ж.ны эстеди. Бул дартты, бул азапты Ж.га гана ыраа көрдү. Башка эчбир эркектин бул дартка кабылышын каалаган жок. Анан ургаачы аттуудан Зухрадан башка эчбир жан котон жарасы эмне экенин көрбөгөн, билбеген болсо деп тиледи. Ушул эки адамдын котон жарасынан чирип өлгөнүн кудайдан суранды. "Каргышым ушул экөөнө жетсин!" деп, каргылданып ыйлап жиберди. "Мен бул дарттын азабын башка жан адамга каалабайм. Мен азыр өзүмдүн жанымды өзүм кыям да, бул дартты өзүм менен алып кетем" деген жолду тандады. Бирок кантип өз жанын кыярды билбей, эки жагын каранды. "Эмне кылсам! Эмне кылып, жаным кыйналбай өлүп алсам экен?"
Бул дартты баарынан да ушул жертөлөдө жашаган селсаяктарга жугузуп алуудан чочулады. Алардын арбири өзүнүн үйбүлө мүчөлөрүнөн артык көрүндү. Ангыча "баа" деп ыйлаган наристенин үнү угулду. Үн жертөлөдөн жаңырды. Тээкбол менен Сагыныч бул убакта түндө талоонго алынган дүкөндөрдү дагы бир сыйра кыдырып жүрүшкөн. Наргиза азыр наристенин ыңаалаган үнүнө кулак түрүп калды. Ай-күнү жакындап калган Зуураны эстеп, жертөлөгө жүгүрүп кирди. Кыңкыстап жаткан Зууранын жанына келери менен кызыл эт ымыркайдын тыбырчылаганын көрүп, чочуп кетти. Эриндери кеберсиген Зууранын суусундук сурап атканын түшүндү. Анын үнү угулбай калыптыр. Түндө баштыкка толтура көтөрүп келген арак, пиволордун оозун ачты да, адегенде бир шише аракка колун таза чайкады. Чебелектеп шаштысы кеткен неме Зуурага пиво жуткузгандан кийин, карбаластап калды. Бир убакта бөтөлкөнүн сыныгын таап келип, Зуура көргөзгөн жерден баланын киндигин кесип жиберип, дивандын бир башындагы эски жоолукка наристени орой салды. Наристени колуна көтөрүп, эми ал жертөлөнү жаңыртып кыйкырды:
- Сүйүнчү, эркек бала төрөлдү! Мен анын киндик энесимин…
Жер жаңыртып жар салды да, колундагы бөтөлкөнүн сыныгын алган бойдон ордунан шарт жөнөдү. "Менин жанымды кыйнабай турган ажал сенин гана мизиңде" деп, ичинен күңгүрөнгөн Наргиза байчечекей жайнаган күнөскө кайра келди. Билегин түрүнүп, жоон кантамырын узунунан тилип жиберди. Айнек тилген колунан кан шыр кетти. Түтүктөн аккандай болуп шырылдаган кан бажырайып ачылган байчечекейлердин таажысына жамгырдын суусундай төгүлдү. Бирок жамгырдын суусундай гүлбурактарды бажырайтып ачып жиберген жок, бүрүштүрүп, бүрүштүрүп салды. Көзү караңгылашкан Наргиза да байчечекейлердин үстүнө бүрүшүп кулады. Ал да байчечекей гүлүндөй үн чыгарбай соолуду.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!