Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Атактуулар ашканасында

Пахмел-бах-хх-мел:
Кантип баш жазасыз?
"Dе-факто" эскертет: Спирт ичимдиктерин ичүү денсоолукка зыяндуу!
Асылбек ӨЗҮБЕКОВ,
КР Эмгек сиңирген артисти:
- Ичкендин эртеси иттей кыйналам. Айлам алты кетет. Катуу ичип келген күнү түнү менен жубайым кайтарып чыгат. Эмне үчүн айтайынбы? Туура эмес жатып тумчугуп калбасын деп, жатканымды түнү менен оңдоп чыгат. Баш жазсын деп пиво алып, ысык тамак жасап коет. Негизи катуу ичкендин эртеси күнү аракты көргүм келбей калат да. Анан келинчегим "Каның коюулуп өлүп калба" деп 100 грамм куюп берет. Баняга барып парда отурам, эки күн кыйналып атып өзүмө араң келем.

Айгүл РЫСКУЛОВА,
Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси:
- Айгүл айым, кантип баш жазууну кеңеш берээр элеңиз?
- Он таблетка активированный уголь, бир таблетка аспирин ичиш керек. Болгондо да эртең менен саат бештерде ичиш керек.
- Муну практикада текшерип көрдүңүз беле?
- Жаш кезде бир-эки жолу болгон. Текшерип көргөнбүз.

Эрнст АКРАМОВ, ЖК депутаты:
- Мен баарына алкоголдук ичимдиктерди ичпей, жалаң ширелерди гана ичүүнү кеңеш берээр элем.
- Спирттик ичимдиктерсиз майрамдар болбой калат да?
- Майрамдарда сөзсүз алкоголдук ичимдик ичиш керек деп кайсыл жерде жазылыптыр? Бул денсоолукка зыян да.
- Өзүңүз такыр ичпейсизби?
- Мен өмүрүмдө ичкен эмесмин, жана ичпейм дагы. Биринчи кезекте, ал боорго зыян. Алкоголь - бул уу! Ууну ичпегиле демекчимин.

Ой-Талбек Осмонов, УКК Бишкек башкармалыгынын жетекчиси:
- Кандай кеңеш берээримди билбей турам. Муздак душка түшсө болот. 5-7 мүнөттөн кийин баары жакшы болуп калат. Анан сүт азыктары менен тамактанып алыш керек. Бирок, менин "башым ооруган эмес".

Эрнис АБДЫЖАПАРОВ, кинорежиссер:
- Жаш кезде арак-шарапты достор менен иччүбүз. Баш жазуу деген эмне экенин деле билчү эмесмин. Башым ооруп кыйналып эле жүрө берчү экенмин. Бир күнү эле ошентип башым ооруп атса, жубайым ашлям-фу жасап берди эле, жеп алып жыргап калдым. Айран, максым дагы баш жазганга жардам берет. Анан көп кишилер эмне менен оорусаң, ошону менен жазасың деп кайра эле арак ичишет.

Марат КАЙЫПОВ, КРнын юстиция министри:
- Марат мырза, ичимдиктерге кандайсыз?
- Кыргыз ичимдиктерин ичем.
- Кайсыларды?
- Бозо, кымыз, айран, жуурат… (күлөт). Бирок мен спирт ичимдиктерин ичпейм.

Кабай КАРАБЕКОВ, ЖК депутаты:
- Мен туздалган капустанын суусун ичем. Бадыраңдын суусу болбойт, капустанын гана суусун ичиш керек. Бир топ жеңилдеп каласың.
- Текшерип көрдүңүз беле?
- Ооба (күлөт)

Топчубек Тургуналиев,
"Эркиндик" партиясынын экс-жетекчиси:
- Мен эч качан мас болгуча ичкен эмесмин, жана баш жазуу деген эмне экенин билбейм.

Орзубек НАЗАРОВ, ЖК депутаты:
- Баш жазуу дегенди мен билбейм. Бирок менин чоң атам чалап баш ооруну жазаарын айткан эле. Айрандай эле болот, бирок туздуураак болот. Азыр компаниялар чалаптын ордун басчу башка ичимдиктерди чыгарып коюшпадыбы. Анда-санда алкоголдук ичимдиктерди ичип каласың, бирок эртең менен менин башым оорубайт. Цитрамон же аспиринден бир таблетка ичип алса болот.


Сабыр ЖУМАБЕКОВ,
медицина илимдеринин доктору:
- Билгендей чаласыңар да, мен как раз азыр баш жазып аттым эле. Пахмел деген орой айтылгандай сезилет эмеспи. Бирок, медициналык жактан алганда бул туура нерсе. Анткени, башты жазбаса, кан-тамырлар кысылып, мээге кан барбай калат. Ошон үчүн кайра 100 грамм ичип алса, кан кайра суюлуп, кан-тамырлар кеңеет. Япондор деле жекшемби күндүн алдында ичишет мээни эс алдырып, баары стресстен ушинтип чыгышат экен. Анан кайра дүйшөмбү күнү жумушка чыгып калышат. Биз, кыргыздар, норманы билбейбиз да…Ашепке кетип калып атышпайбы?!

Нурлан ШАКИЕВ,
президенттин маалымат катчысы:
- Мен баш жазганчалык абалга жеткенче ичпейм. Мен дайым жашоонун сергек мүнөзү менен жүрөм, күндө эртең менен туруп чуркайм. Кээде көңүл кыйбай турган жерлер болуп калат, ошол учурда гана арак-шарап ичкенге туура келип калат. Бирок эртеси башым оорубайт. Баш жазып жатып калганча ичпеш керек деп ойлойм.

Алишер Мамасалиев, ЖК депутаты:
- Уктаардын алдында көп суусундук ичүү керек. Анткени, организмде тамырлар кысылып, денең бүт ооруйт. Туздалган бадыраң менен помидордун суусун ичсе жардам берет. Анан көп бийлеш керек, кыймылдаш керек. Тер менен да чыгып кетет, тердегенге аракет кылыш керек.
Даярдаган Дилбар АЛИМОВА
(айрым пикирлер 24.kg сайтынан алынды)












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!