Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Кайран гана Каркыра!


"Ак жол" деп ураалаган ОБОНчулар жана акимдин жумурткалары
"Манастын туягы баскан, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосу казактарга кетип жатса" деп бийликтин бул кылыгын эл таразасына койобуз деген оппозициянын Түп элине барып, жөө жүрүшкө эл менен чогуу чыгабыз деген аракеттери ишке ашпай калды. Түптүн акими менен айыл өкмөттөрү катуу даярданыптыр. Алардан айырмаланып, оппозиция мындай чабуулга даярдыксыз экен, туруштук бере албай кайтты. Алгач оппозиция тарап Кадыр акенин арбагына таазим этип, куран окуп, жол тилешкен. Түп районунун борборуна келгенде топтошкон мас аялдар, уюшулган жаш балдар менен алардын астынан тосуп чыгышты. Ал ажаан аялдарды даяр автобустар улам арылатып ташып, оппозициянын жолун улам бир жерден торотуп атты.
"Ак жолго" добушуңарды уурдап бердиңер эле, Каркыраны бир заматта алдырып, аныңар аз келгенсип эми минтип өзүңөрдүн азаматтарыңарды душманга айлантып салдыңар" деген Түптүн бир кары аксакалынын сөзүн ажаан аялдар угушкан жок. Аларды баштаган Түптүн айыл өкмөтү "жигиттер, кыймылдагыла" деп капталдан нукуп, аялдарга болсо ымдап-жаңсап өз белгилерин берип атты. Оппозициядан Болот Шерниязов калың топту жарып "арсыздар, намыссыздар" деп ажылдаган топту сүрүп, арасына кирип туруп берди. "Каркыра үчүн башымды сайдым, өлтүрсөңөр силердин колуңарда өлөйүн, мен эч жакка жыла албайм" деп көшөрүп көктүгүнөн турган ордунан жылбай койду. Ажаан аялдар аны тытмалап атса, айыл өкмөтүндө бет жок экен, өзү кошо тепкилеп жүрөт. Оппозиция тарапка таштар ыргып, жумуртка менен чапкылай башташты. Эки тарап бөөдө тирешип, эрегиштен эр өлүп кетпесин деп Текебаев баштаган топ батышты көздөй басты эле, артынан оозуна келгенин айткан он чакты аял жумуртка менен ургулап ээрчип алышты. Азимбек Бекназаров дал ошол эле жерден жөө жүрүш акциясы башталганын кабарлап, 200 гө жакын чогулган эл батышты көздөй жүрүшүн баштады. Кийинки айылдан дагы эл топтоп, айылга киргизбей тосууну максат кылган жанагы аялдарды боз түстөгү "Мерседес" I0351А жана В6681Р номерлүү жашыл түстөгү "Ауди 80" маркасындагы машина менен S0133М "Ауди" машинасы да аялдарды салып алдыга жөнөдү. Машина менен жетип алган ОБОНдун(отряд баб особого назначения) аялдары кайра оппозициянын алдынан чыгып, ажылдамайга өтүштү. Ошол кезде Казакстандын тыңчылары (СНБ) да эки машина менен акмалап турушканын билгендер айтып жатышты. Жүрүш Балбай атанын күмбөзүнө келип токтоп, алакан жайып куран окулуп жатса, уйгактай жабышкан баягылардын үчөөсү пайда болуп арбак таазиминен да алаксытып жиберишти. Атыбекова Айшабү деп өзүн араң тааныштырган Түп районунун тургуну "Түп эли - түптүү эл. Биздин элге куурай сая албайсыңар. Каркыра өз ордунда. Оппозициянын бизге кереги жок. Булар элди бузгандар, элге тынччылык керек. Президентти беш жылга биз шайлаганбыз, эмне кылса өзү билет, Бакиев Каркыраны сатып элдин айлыгын көтөрөйүн деп жатат, а силер деле чоң болуп иштегенсиңер, силер эмне кылып койдуңар эле" деп кимдир-бирөөлөр жаттатып койгонсуп шатыратып сүйлөп атты. Жүрүш ошол жерге көпкө тыным алды. Лидерлер сүйлөшүп өз ара чечишкенден кийин ошол жерден жүрүштү токтотуу чечимин кабыл алып, элге жарыялашты. Жуп эл тарап бара жатканда 8 машина эл топтоп Түп районунун акими келди. Аларды коргоп 3 автобус атайын куралдуу аскерлер, бир топ жеңил машиналар менен милиция кызматкерлери аларды жандай барышты. Ошентип Түпкө бийлик "десанттарды" жетиштүү түшүрүптүр. Баса, "Болуш" ассоциациясынын башчысы Сапар Аргынбаев деген өзүлөрүнүн кишилерин жүрүшкө кошуп, Балбай айылында күтүп турса, ар бир айылдан атайын алынып келинген аялдар менен балдар аны себепсиз машинасынан алып түшүп сабап салышкан. Жергиликтүү бийлик таң эрте ар бир айылды акмалап, топтошкон адам көрсө эле үйлөрүнө таратып отурган. Буюрса, Түптүн акими бул кызматы үчүн Акүйдөн ыраазычылык алып, жакшы кызматтарга көтөрүлбөсө, бизге келгиле. Тополоңдун эң кызыгы, четте карап турган бийликтин айдакчылары бираз тынып калдыле, район акиминин жардамчысы Р.Жолдошов: "Карап турбай, иштебейсиңерби!" деп шыкактап турганы болду. ОБОНчу аялдар оппозиция артка кайтып жөнөсө, "Ак жоо-оол, Урр-ра-а" деп кыйкыргандары кызык болду. Неси болсо да шайлоодо "Ак жолго" иштеп берип, эмгеги сиңген аялдар окшойт. Оппозиция болсо бул жолу эч кандай даярдыгы жок барып алганы көрүнүп калды. Ажылдаган алты аялга да туруштук бере алышкан жок. Түптүн элинин көбү ушундай жөө жүрүш болоорун жада калса угушпаптыр. Бул тополоңдо бизди таң калтырганы- жумурткалардын ыргытылганы болду. Арыда карап турган жергиликтүү бир жигит "Жумуртка азыр бизде алтынга тете, бирден чогултуп өткөрүп тыйын кылабыз. Жумуртканы ушинтип кор кылбай эле коюшса болмок" деп сүйлөндү. ОБОНчуларга жумуртка кеп эмес. Атайын ушул акция үчүн сатылып келинген жумурткалардын эмнесин аяшмак эле. Өз тоогу тууган болсо бирден чогултуп кууруп жешмек. Жумуртка деген азыр 40-50 сом турат.

Күнболот Момоконов




  Үч тапан

Чыккынчы деп айыпталгандар соттолду
Кыргызстандын мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан төрт жаранынын ишин Бишкек гарнизонунун аскердик соту карап бүттү. Алардын ичинен Дмитрий Гриб менен Максат Мамырканов "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча акталып, "мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, колония-поселениеге 4 жылга кесилди. Калган экөө - Валерий Пацула менен Владимир Бережной - мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып, 14 жана 13 жылга мүлкүн конфискациялоо менен түрмөгө кесилди (www.24.kg 28/04/08). Дмитрий Грибдин адвокаты бул чечимдин үстүнөн арыз жазууга ниеттенүүдө.
Чыныгы чыккынчылар качан соттолоор экен?
Эл ичи-анекдот кенчи

Чоң жолдо чарчап-чаалыккан уй келатат дейт. Жүндөрү саксайып, уйпаланып, араң эле басат.
Тааныш уйлар:
- Сүйрөлүп кайдан?
- Алабукадан…

"Ош" базарынын оозунда кайырчы отурат. Өтүп бараткан бирөө токтой калып, чөнтөгүн аңтарып атып бир сом таап чыгат да кайырчыга сунат:
- Мага капа болбо, Борош. Кечээ эле үйлөндүм. Эми мен катыныма кошуп кайненемди да багышым керек. Сага мурдагыдай эки сом бералбайм.
Борош тура калып кыйкырат:
- Ой, эл-журт! Бул баччагардын сүйлөгөнүн уктуңарбы! Кечээ үйлөндүм дейт, эми бүгүнтөн баштап мунун үй-бүлөсүн мен багышым керек экен!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!