Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Алып-тын. Кыргыздын кылым соту

Кубанычбек ИСАБЕКОВ, ЖК вице-спикери:
"Мен Мадумаров сыяктууларга неудобный болуп атам"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
-Кубанычбек Сатиндиевич, сизди вице-спикерликтен эле эмес, "Ак жол" партиясынын катарынан чыгарабыз деген аракеттер болуп жатканын уктук?
-Эми бирөөгө жаксаң, экинчисине жакпайт экенсиң. Менин депутаттык ишмердигимди, жасаган иштеримди эл жакшы билет. Мен буга чейин эч бир партияда мүчө эмес элем. "Ак жолго"эл үчүн иштейли деп келдик. Президенттин өзүнүн сунушу менен вице-спикер болдум.
Ачык айтып коеюн, кээ бир кишилерге мен неудобныймын. Кээ бир кишилер менин авторитетимден, парламенттеги салмагымдан чоочулашат. Коркушат. Жашырбай айтсам, парламенттин спикери Адахан Мадумаров менен мамилем жакшы эмес. Мен айткан сөздөрдү дагы ошол кишиге багыштап жатам. Ал спикер болгонго чейин мамилебиз жакшы болчу. Анан эле спикер болгон биринчи күндөн баштап эле мени четтете баштады. Интернет-сайттарда жана "Агым" гезитине мен жөнүндө жамандап жазылган акыркы маалыматтын баарысы Жогорку Кеңештен келиптир. Мен аны тактап билдим. Спикер кадыр-барктуу, күчтүү вице-спикердин болушун каалабай, анан да чоочуп жатат. Мен анын парламенттеги ишмердиги боюнча чоң нааразычылыгым жана канагаттанбаган жайларым бар. Ал киши спикер болгону таптакыр өзгөрдү. Катардагы депутат кезинде башкача болчу. Парламенттеги ортобуздагы мамилени да мен ачык айтып коеюн, маанилүү иштерди кеңешейин деп кабинетине барсам, катчысы "бөлүм башчы менен отурду эле, бош эмес" деп бир кетирет. Дагы бир барсам "иш башкармалык менен сүйлөшүп атышты эле, бош эмес" деп дагы кайтарат. Мени менен сүйлөшкүсү келбейт. Өзүнүн вице-спикери кире албай турса, бул эмне деген көрүнүш. Анда кандай иш жүрөт? Ооба, менде да кемчилик бар, бирок, "баары жаман, мен баарын өзүм оңойм" деген сөздү айткан жетекчиден эмне күтсө болот? Адахан иним менен мен өткөн чакырыштарда эле бир фракцияда иш алып барышып келгенбиз. Эч ким асмандан түшкөн жок. Айтор, мени алып түшүп, партиядан чыгарабыз деген аракеттер болуп аткан болсо, мени да колдоочу кишилер бар. Баса белгилеп айтып коеюн, эгер "Кумтөрдүн" маселеси элдин кызыкчылыгы үчүн чечилбесе, мен мандатымды таштоого даярмын. Мен мандатсыз эле оокат кылып келгем. Бүгүнкү күндө мен өкмөттү 2 иш боюнча сотко бердим. Кана айткылачы, ким өкмөттү чындык үчүн сотко бериптир? Меники туура эмеспи, анда өкмөт мени сотко берсин. Мен президентти көп маселелер боюнча колдойм. Бирок кемчилигин башкаларчылап артынан эмес, бетине айтып келем. Бир ишеним - Бакиев Акаевдей качып кетпейт. Ачык айтып коеюн, чындык үчүн мен эч нерседен коркпойм.
-Балким, өйдө жактан "оозуңду жап, же муну жасабай аны жаса" деген буйруктар болгондур.
-Жок, чынымды айтайын, андай сөз болгон жок. Мага кетесиң деп да эч ким бетиме айткан жок. А бирөөлөр атайын удургутуп атышат. Кетиребиз дешсе мен анын себебин билгим келет. Бирок мени кандай ишке түртүшпөсүн, мен дайыма кыргыз элинин кызыкчылыгы тарабында гана болом. Буга бөркүңөрдөй ишенип койсоңор болот.
-Экинчисин "Кумтөрдү" кайсыл иш боюнча бердиңиз сотко?
-Кыргыз өкмөтү канадалыктарга мурда казып атышкан борбордук аянттан бөлөк дагы 3 жерди казууга лицензия берип койгон. Тоо-кен мыйзамы боюнча жаңы жерди казуу үчүн конкурс, тендер өткөрүлүшү керек эле. А.Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде 2007-жылы бир лицензия берип, калган эки лицензияны ага чейинки өкмөттөр 2005-жылы 8-декабрда жана ошол эле жылы 22-июнда өзүм билемдик кылып берип коюшкан. Сессиядан Геология жана минресурстар мамагенттигинин башчысы В.Зубковду жарга такап сурасам, "А.Атамбаевдин буйругу менен лицензия берилген болчу" деп жиберди. Биздин "Кумтөрдөгү" болгон 15% акциябыз болсо, ал аз келгенсип канадалыктардын колуна дагы үч жерди каздырып коюп оозубузду ачып отурабыз. Бул боюнча сотко февраль айында кайрылдым эле, эмгиче жооп жок. Мыйзамсыз иштер көп. Анткени, биринчиден булардын ишмердүүлүгү бир да жолу ратификацияланган эмес. Экинчиден, Н.Танаев өз токтому менен Кыргызстан менен канадалыктардын ортосундагы генералдык келишимди жокко чыгарып салган. Берилген лицензиялар боюнча В.Зубков кылмыш жообуна тартылыш керек.
-Дегеле "Кумтөр" кени Кыргызстанга пайда бериши үчүн кандай кадамдарды жасаш керек?
-Биринчиден, кошумча берилген 3 лицензияны жокко чыгарып, башка ачык тендер жарыялаш керек. Экинчиден, пайданын жок дегенде 60%ы Кыргызстанга түшүш керек.
-А.Атамбаев өзгөрткөн келишимдин кандай артыкчылыктары бар?
- Салыктын көлөмүн бир аз көбөйттү, экинчиден Кыргызстандын акциясы дагы 15%га көбөйөт. Бирок ал келишим али ишке кире элек. Дагы бир жагы, эгер А.Атамбаевдин келишимин Жогорку Кеңеште ратификация кылчу болсок, Н.Танаевдин буга чейинки мыйзамсыз келишимдерин да ратификация кылган болобуз. Дагы бир жаман жагы, биз салыктан 1 млрд. 300 млн. сом алып атабыз деп ошого ыраазы болуп жүрө беребиз. Бирок канадалыктар 2006-жылы 16 тонна алтын казып алган болсо, эми мындан ары ал сумманы 40-50 тоннага чейин көбөйтүп казышса деле ошол салыкты төлөп жүрө берген атышпайбы. Антпей, канча казса ошончо салык алгыдай болушубуз керек. Биз 1 млрд. сом эмес, 1 млрд. доллар пайда алышыбыз керек эле. Экинчиден, мырза Атамбаев акыркы келишим түзөөрдө биздин акциябыз 51% болот деген. Биз да ошону күтүп атканбыз. Бирок кол коюшаарда бизди катыштырбай, өздөрүнчө эле бүтүрүп салышты. Кийинки келишим Атамбаевдикинен да кыргыз үчүн пайдалуу болуш керек.
-"Кумтөрдө" алтын казылып жаткан аянт канча?
- Борбордук кен чыккан жер 10 миң 70 га. Ал эми кошумча лицензия менен алып алган 3 жерди кошсок дагы 6 миң гектарга жакын аянт.
"Кумтөр" боюнча экологиялык чоң коркунучтар бар. 2002-жылы хвостохранилищасынын дамбасы 8 сантиметрге жарылып кеткен. Алар аны жашырып, эптеп бүтөп коюшкан. Ал жарылчу болсо түз эле Нарын суусуна барып куюлат. Анан бүт Ферганага жайылат. Буга көздүн карегиндей этияттык мамиле керек. Маселен, ошол эле Монголия менен Америкада кайсы бир компания келип, кен казып кеткен жер үчүн акча төлөп, ошол казылган жерин бүтөп, үстүн жашыл чөп чым төшөп, экологиялык таза абалга алып келип коюп, анан кетишет. А бизде канча бийик тоолор жок болуп, эчендеген мөңгүлөрдүн орду козголуп, жер менен жексен болуп атат. Бүгүнкүдөй алешен иш боло берсе, алардын ордун ким толуктайт. Тоо эмес айылдарда ушулардын айынан канча жол жыртылып, көпүрөлөр кулап атат. Кана жооп беришкени? Айтор, "Кумтөр" кени Кыргызстан үчүн толук бойдон бүдөмүк. Ал үчүн атайын "Кумтөр" боюнча мыйзам иштеп чыгыш керек дагы, ошол бойдон бул кен чырына чекит коюлушу керек. Мен бүгүнкү күнү соттошуп жатам. Бирок өзүбүздүн сотторго да толук ишенбейм. Айрым сот акелер "Кумтөрдүн" адвокаты болуп алышкан. Учурунда го Аскар Акаев "Кумтөргө" чымын кондурчу эмес. Өткөн сессияда министр Акылбек Жапаровду жарга такап сурай бердим эле, "Акаевдин үйбүлөсү "Кумтөр" келишими боюнча 450 млн. доллар пара алып коюшкан" деп айтып жиберди.
-"Центерра Голд компани" болуп өзгөрүп алышкандарына кайра бир ирет кайрылсак?
-Мөөнөтү бүтүп калгандан мурда ал "Кумтөрдү" биротоло аягына чыгарып, Кыргызстандыкындай өтө ыңгайлуу шартта жеп-ичип, байлыгын бөктөрүнүп кетиш үчүн түзүлгөн. Ошондуктан "Центерранын" директорлор кеңешине жалгыз бир кишини отургузуп койбой, жок дегенде 3 киши мүчө болгудай кылышыбыз керек. Ошондо кичине көзөмөл болот. Бир кишини алдап-соолап кызыктырып алыш оңой.
-Дегеле "Кумтөр" көйгөйлөрү боюнча президентке кайрылып айттыңызбы?
-Киргем, кирип соттор адилетсиз карап жатат десем "Дагы кайталанса айтыңыз, мен ошолорду жоопко тартам" деген. Дагы адилетсиз карашса, дагы кирем. Антпесе, "Кумтөрдү" тейлеп аткандар өздөрүнчө эле мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп алышыптыр. Аларды текшерген да, атургай сурап кызыгып койгон да жан жок. Болбосо "Кумтөрдө" алтындан сырткары күмүш, жез да алынып атат. А канча күмүш чыкканын билген кыргыз барбы? Жок да, жок. Дагы жакшы, кайра-кайра маселе козгоп атып, алар эми кичине ойгонгондой болушту. Өткөн эле жумада "Центерра Голддун" жетекчилери менен жолугуштум. "Деги качан кирешелүү ишканага айланасыңар?" деп такысам, "Быйылкы жылдан баштап" деп жооп беришти. Анан чыккан алтындын 1%ын Ысыккөл облусунун социалдык керектөөсү үчүн төлөө жөнүндө атайын сөз болду.
-Алтындан башка күмүш, жез алынып атат дедиңиз, "Центерра" жетекчилеринен ал тууралуу сурадыңызбы?
- Сурасам "Бир дагы грамм күмүш сыртка алып чыгып кеткенибиз жок. Анын баары "Кыргызалтындын" карамагына өткөрүлүп берилип атат" дешти. Ал эми "Кыргызалтын" бул боюнча унчукпайт. Алар менин бул боюнча суроомо да жооп берише элек. Эсеп палатасы буга көңүлүн бурушу керек. Азыр убакыт өткөн сайын Кыргызстан канадалыктарга уттуруп жатат. Анткени, күнү бүгүн да алтын тынбай казылып атат. А биз болсо илгерки келишимдин негизинде эле алардын салыгына ыраазы болуп коюп жүрөбүз.
Мен сизге дагы бир фактыны келтирейин, өткөн жылы "Кумтөр" "Кыргызтемир" мамлекеттик ишканасына 350 тонна темирди бир килограммын 3 сомдон саткан экен. Бирок ал темир түз эле Кытайга өтүп кеткен. Демек, мамлекеттик ишкана ушинтип коммерцияга кирип кеткен. Бул фактыны КР Бажы кызматы билип калат. Ошо менен Бажы кызматы "Кыргызтемирге" 1 млн. 200 миң сомдун тегерегинде айып салат. Бирок эмгиче ал сумма өндүрүлгөн эмес. Эмне үчүн деген маселе туулат. Анда эмне, алар менен бөлүшүп коюшканбы? Бажы кызматынын керек болсо кылмыш ишин козгогонго акысы бар.
-"Кумтөр" кандайча темир сатып жүрөт?
- Иштөө мөөнөтү өтүп, жашып калган ири станок, жабдууларды сатышкан болуш керек. Бирок алар темир сатканга укуктуу болсо аларга Бажы кызматы эмне үчүн айып салып жатат? Же анысы өндүрүлбөйт. Мына маселе ушул жерде жатат.
Кыргызстандын Бажы кызматынын кетирип жаткан дагы бир катачылыгын айтып коеюн. "Кумтөр" кени негизи бажы төлөмдөрүнөн бошотулган, бирок кошумча лицензия менен борбордук кен чыккан аймактан бөлөк дагы үч жерди казып жатышат. Ал жерлер бажы төлөмдөрүнөн бошотулган эмес. Бирок, ал үч аймак үчүн да тонналаган сырьелор, күйүүчү май, техникалар сырттан бизге бир тыйын салык төлөбөй кирип, бекер иштетилип жатат. Бул оюнчук маселе эмес. Токтоосуз текшерилиш керек.
- Биз "Центерра Голдго" өтө катуу талаптарды кое берсек, алар "Кумтөрдөн" баш тартып кетип калыштары мүмкүнбү?
-Жок, биринчиден, биздин талаптар өтө жөндүү. Экинчиден, азыр алтындын дүйнөлүк баасы абдан өсүп жатат. А "Кумтөрдүн" алтын запасы өтө чоң. Үчүнчүдөн, алар бизге эбегейсиз өтө чоң комбинат курушкан. Ал күнү-түнү шакылдап иштеп жатат. Колду шилтеп башка жакка кетип калышса, ал жерге дагы мындан көп каражат жумшашы керек. Биз кечээки жолугушууда "Центеррадан" чыгып кетебиз дегенге чейин бардык. Бирок акырында түшүнүшүп, ачык-айкын жана так иштешүү ниетине токтолдук. Баса, "Центерра Голд Инк" компаниясынын президенти Я.Хаменюк өткөн иш боюнча менден кечирим сурап, парламентке расмий кат жолдоду. Албетте, ал жерди кыргыздар өзүбүз казабыз деген - ал утопия. Бизде адистер да жок. Атургай алтын иштетүү үчүн кандай сырьену, каяктан, канча баага алып келип аткандары боюнча да билбейбиз. Анан "Кумтөр" үчүн 1 айда 12 млн. доллар чыгым кетет экен. Аны биз көтөрө албайбыз. Бирок колубуздан келбейт деп арзыбаган салык үчүн аларга бүжүрөп да калбашыбыз керек. Байлыгыбыз ысырап болгуча, ордунда жата бергени жакшы. Улутташтыруу деп чыкканыбыз менен анын аягына жеталбайсың. Анан калса Кыргызстан өмүрү эларалык сот аркылуу бирөө менен соттошуп көргөн эмес. Тажрыйбабыз жок. Анын үстүнө "Кумтөрдө" 1800 кыргызстандык иштейт. Өткөндө алардын үйбүлөлөрү көтөрүлүп, маселе кылышты. "Тезирээк ратификация кылып бергиле, бул жер иштебей калса үйбүлөбүздү силер багасыңарбы?" деп чыгышты. Айтор, ушундай экинчи жагы дагы болуп жатат.
Айтор, алтынды адамдар буюм катары эле эмес, өнөржайга да колдоно баштаган, баасы асмандаган бүгүнкүдөй мезгилде өз ырыскыбызды башкаларга жедире бербей, сактап калышыбыз керек.
Маек курган Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




  Үч тапан

ЖКдагы живой анекдот
Таарынышпасын, аттарын айтпай эле коелу, азыркы депутаттардын бири өткөндө ЖК залында келатса "Ак жолдун" бир депутаты залда турат дейт. Жумушун бүткөрүп болуп кайра тартса, дале турган экен. "Ой аке, сизге эмне болду?" десе, "Жанагы жардамчым эшикти бекитип коюп жок, таңгөрү, турам күтүп" деген экен. "Буга окшогон олдоксон көрүнүштөрдү көп көрөбүз, жыйындан оозун ачканды кой, жардамчыларына минтип сөзү өтпөй, тыңдап башкаралышпайт" деп күйүп атпайбы. Туура, жардамчылыкка бири тууганын, бири досунун кызын, бири аяш атасынын аяш үкөсүн, айтор, ала беришкен. Иш жүрбөгөн жерде анан ушинтип "тиш түшөт". Илгери бир кыйын жетекчи эшигинин сыртына "Кирээрден мурда сенин мага керегиң барбы, ошону ойлон!" деп жазып койчу экен. Анын сыңарындай, көп депутат сындуулар өлкөнүн парламентине "жөн эле" кирээрден мурда… жакшына ойлонушса болмок.

Эл ичи-анекдот кенчи
Кечке маал. Иштен катуу чарчаган гаишник таягын сермеп, машинаны токтотот:
- Саламатсызбы! Лейтенант Сапаркулов! - дейт колун чекесине көтөрүп, - акчаңыз баары жайындабы, көрсөтүп коюңуз!..

Карт гаишник каза болуп, тиги дүйнөгө сапар тартат. Кудай сурайт:
- Айта бер, пендем, адамдарга жакшылык жасадың беле?
- Жасаган учурларым болгон.
- Жамандыкчы?
- Андай да болгон.
- Анда эмесе астыңда эки жол турат: бири бейишке. Экинчиси тозокко. Кайсынысын тандасаң, ошол жакка барасың.
Гаишник бир аз ойлонуп туруп айтат дейт:
- Ушул эки жолдун кесилишинде калсам болобу?..













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!