Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
төрагасы А. К. Мадумаровго
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун
төрайымы Ж.Алиевага
Нарын облусунун тургундарынын атынан
Урматтуу Президент!
Урматтуу Төрага!
Урматтуу Төрайым!
Кыргызда "Эр жигитти эл таптайт" -деген накыл кеп бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, Кыргыз элине эмгеги сиңген ишмер, архитектура илиминин кандидаты Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевичти бүт өзүнүн аң сезимдүү өмүрүн элине ак кызмат өтөгөн, чыныгы элдин уулу катары тааныйбыз.
Ал Кыргыз мамлекетинин демократия доорунун алгачкы күндөрүнөн тартып эгемендүүлүктүн, эл жыргалчылыгын жана журт байлыгын коргоодо демократиянын принциптерин бек туткан чыныгы инсан катары кадыр-баркы элине сиңген инсан экендигин эч ким тана албайт.
Дал ушул күндөрү көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековго бийликтин жогорку бутактарындагы айрым адамдардын колдоосу менен ага карата кылмыш иши уюштурулуп камакка алынышын жалпы кыргызстандыктар менен бирге Нарын облусунун интеллигенциясы жана жалпы коомчулугу бүгүнкү саясат айдыңындагы каардуу теңтайлашуунун, акыйкатсыздыктын, саясий куугунтуктоонун өкүм сүрүшү деп таанышат.
Ал абакта отургудай адам өмүрүнө коркунуч туудурган жок! Наркотик, курал саткан жок! Миллиондогон коомдук мүлктү уурдаган жок! Ишенбай Кадырбеков окуучуларга үч айда 11 мектеп кургандыгы үчүн күнөөлүүбү? Мектеп, мечит кургандар эки дүйнөдө ак!
Биз, нарындыктар, Ишенбай Кадырбековду саясий- коомдук аң-сезими жетик, маданияттуу, айткан сөзүнө бек турган, дарамети, шаасы бийик, чыныгы элдик уул экендигине толук ишенебиз!
Аны тез арада кепилдик менен боштондукка чыгарып, ага карата уюштурулган кылмыш ишин жалпы эл алдында калыс жана ачык, мыйзам чегинде өткөрүүнү, аны бардык массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жеткирүүнү талап кылабыз.
Мыйзамдын ак-карасы менен эмгектин ажырым чегин ажыратып айрый албай, эл үчүн эмгектенген Ишенбай Кадырбековду абакка отургузган укук коргоочулардын дарамет-деңгээлине Жогорку Кеңеш саясий баа берүүсүн талап кылабыз!
Ата Журттун ар-намысы, кубаттуулугу жана көз карандысыздыгын туу тутуп жүздөгөн мыйзамдарды жараткан Ишенбай Кадырбековдун жарандык укугуна шек келтирип, намысын тебелеп, эл алдында маскаралоо максатын көздөгөн адамдар мыйзам алдында жоопко тартылышын Жогорку соттон талап кылабыз.
Биз, Теңир-Тоонун жалпы коомчулугу, көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековду тез арада абактан чыгаруусун жана ачык элдик сот процессин өткөрүүнү талап кылабыз, биздин кайрылуубузга жалпы Кыргызстандын интеллигенттери, патриот инсандары Ишенбай Кадырбековду абактан чыгарууну толук колдошот деп терең ишенебиз !
Нарын облусу. "Ишенбай Кадырбековду коргоо" коомунун мүчөлөрү.
176 адамдын колу коюлган.
2008-жыл. 26-май. Нарын шаары




  Парламент кепилдик берет

Эки фракциянын депутаттары
Ишенбай Кадырбековду камактан бошотууну суранууда
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы М.М.Оморовага
Урматтуу Максуда Мадиевна!
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргызстан коммунисттер партиясынан жана социал-демократтар партиясынан шайланган депутаттары, Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби төмөндөгүдөй:
Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз элине таанымал инсан Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич ички иштер кызматы тарабынан камакка алынган. Кандай күнөө коюлганда да Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевичти камакка алуунун өзү жалпы журтчулукка ар кандай шектенүүлөрдү туудурбай койбойт.
Албетте, эгер күнөөсү болсо мыйзам чегинде жооп бериши керек, жооп берет деп ойлойбуз.
Бирок, Ишенбай Дүйшенбиевичти көп жылдардан бери жакшы билген катары Сизге кайрылып жатабыз. Ишенбай Кадырбеков үч чакырылышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Министрлик кызматын аркалап, элибизге кызмат өтөп берген. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин биринчи вице-премьер-министр , транспорт жана байланыш министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматын аткарган.
Азыр ушул адамды камап коюунун зарылчылыгы барбы?
Мыйзам чегинде "эч бир жакка качып кетпейм" деген кепилдик менен Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевичти камактан бошотууну сизден өтүнөбүз.

Исхак Масалиев, Бейшебек Акунов, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, Николай Байло, Анаш Сейтказиев, Гүлжамал Султаналиева, Руслан Шаботоев, Асылбек Жээнбеков, Бүмайрам Мамасейитова.




Кадырбековго жер тууралуу койгон сот дооматтары жөнүндө
1.1992-жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын Айни көчөсү №73 Оморов Р. жеке менчик 0,11 га участкасын 17 % курулган фундаменти 12.8х 13) менен кошо сатып алган.Сатып алгандагы тууралуу келишими мыйзамдуу.
2. 2004-жыл 8-майда Дүйшөнбиев Н., Рысалиева Г., Кадырбеков И. жеке менчик участкаларын Кыргыз Республикасынын Жер жөнүндөгү кодексинин 62-статьясынын 1-пунктуна ылайык бирдиктүү кабат үй салуу үчүн И. Кадырбековдун наамына бекиттиришкен.
3. 2004-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы №117 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттарына 0.8 га жеке менчик үй куруу үчүн жер участкаларын бергенде И.Кадырбековго да жер берилген.
Демек, мыйзамсыз жер участкаларын басып алган деген каржы полициясынын дооматтары суу кечпей калды көрүнөт.

И. Жакшылыков Артисттер көп да
2003-жылы жайында А. Малиев, И.Исаков, И.Кадырбеков, А.Мадумаров, А. Бекназаровдорду атбашылык дежур чалдардын айдагы менен сөзгө келбей кууп чыкканы көбүңөрдүн эсиңерде чыгаар. Жолдон аларды Миңбулак эли кары-жашы дебей алкап тосуп алышты. Кылкылдаган калың элдин алдында А. Мадумаров чыгып сөз сүйлөп, "Кыргыз деп күйгөн Ишенбай Кадырбековдой уулду берген силердей элге башымды ийип таазим кылам"-деп ийилгенде, эл алкап батасын берди. Сүрөткө түштүк эле. Азыркы спикер ошол эле Адахан Мадумаровбу же башка А. Мадумаровбу?

Миңбулак айылы. Коконов Жаңыбай Чужой среди своих
Ишенбай Кадырбеков Бакиевдин командасында бычакка саптуусу эле. Ал билим тажрыйбасы, кандай иш болсо профессионалдуу деңгээлде иш алып барууга жөндөмдүү болгондуктан Бакиевдин айланасындагылар андан кооптонуу менен сыртка түртүп турушкан да. Эми биротоло андан кутулууну чечишти да. Акыл-эси толуп турган жигит кызматтан өзү кетпейт да, туурабы? Анан мына результат, үкам. 24-марттагы революция болуп бүтүп, эл дүрбөп, саясатчылар тирешип калганда мыйзамдын күчү менен жай-жайына алып келип, биримдүүлүктү сактаган Ишенбай Кадырбековдун эмгеги. Аны азыр көптөрү билгиси келишпейт.
Бегиш Ааматов




Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат
Ишенбай Кадырбековду алгач жумуштан четтетүү, андан кийин ага карата кылмыш ишин козгоп биротоло жок кылуу- максаттуу түрдө ишке ашырылган саясий заказ. Бишкек, Ош, Ысыккөлдүн жээгинде эң кирешелүү жер участкаларын ар кандай жолдор менен мурдагы бийликтеги жана азыркы бийликтеги таасирдүү адамдар менчиктештирип алууга жетишишкен. Курулуш боюнча мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен ал жерлерге казинолор, соода түйүндөр, көңүл ачуучу жайлар, пансионат жана эс алуучу жайларды куруп алышкан. Көп курулуштарды мыйзамсыз отургузушкан. Бишкек шаарында "Рамстор", "Ташрабат", "Караван сарай", "Ата-Түрк" сейил багынын айланасы, "Киргизия-1" ж.б жерлер эрежени одоно бузуп уруксат берилген. Башкы долбоор боюнча ал участкаларга мектеп, спорт сарайлар, коомдук эс алуучу жайлар курулуш керек. Мыйзамсыздыкка уруксат берген архитекторлорго кылмыш иши козголгон жок. Бийлик канатына калкалап жаңы кызмат орундарды берди. Андай жер үлүштөрүнүн айланасында чоң акчалар айланып, Акүйдүн, Көкүйдүн ичине эбак төшөлүп калган. Жер жана мыйзамсыз курулуштар козголгон сайын тергөөчүлөр, соттордун да алкымдары алданемедей ачыла баштаганда, кылгылыкты кылып кыл жип менен буугандар И. Кадырбековду оюндан биротоло эле четтетүүнү көздөшкөн. Президент билет. Өзү көрсөтмө да берген, бирок эч нерсе кыла албайт. Мамкурулуш доомат менен кайрылган бир да сот ишин уткан жок. Жеке менчик турак жай курулуш жаатын көлөкөдөгүлөр башкарат.Бул эмнеден кабар берет. Ал эми Президенттин жеке көрсөтмөсү менен мектептердин курулушунда жүргөн И.Кадырбековдун соттолуп отурушу мамлекеттик курулуш жаатындагы саясаттын толугу менен коррупцияланышынын ачык далили!.
Өмүрбек Кубан уулу,
ОсОО "Террас"
курулуш менеджери.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!