Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Сот залынан

Ишенбай Кадырбековдун жанына аялы менен кызын араң жолотушту
Ишенбай Кадырбековго финансы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигин башкарып турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагууда. Жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор, Баткен райондоруна мектеп салганда кызматынан пайдаланган, Бишкектен өзүнө мыйзамсыз участокторду алган деп күнөөлөшүүдө. Ишенбай Кадырбеков 25-апрелде суракка барган жеринен дароо камакка алынды. Эртеси 26-апрелде Ленин райондук соту аны 10 күнгө камоого санкция берди. Ишенбай Кадырбековду белгилүү адвокат Вячеслав Лужанский (убагында Куловдуку болчу) коргоп атат. Ленин райондук сотуна алып барышканда Ишенбай Кадырбековдун туугандары, бала-чакасы жана жакындары күтүп турушту. Колуна кишен салынып, жанында үч опержигит коштоп алган. Жанына жакын жолотпой атканда суранып атышып, аялына уруксат алып беришти. Экөө кучакташып көрүшүп атканда карап турган жакын туугандары ыйлап жиберишти. Баласы менен кызы да ошол жерде турду. Кызы оперлердин уруксатынан кийин атасы менен кучакташып көрүшүп, бирок кайраттуу кыз экен, көзүнө жаш тегеренип атканын билгизген жок. Ошентип соттун короосунда туугандары топурашып атса, сот бирдемеден чочулаганбы, бир кезде 40ка жакын милиция келип сыртка кардон болуп туруп калды. Анчалык деле коркунуч жок экенин түшүнүштүбү, 15-20 мүнөт тургандан кийин кайра кетип калышты.
Сот чечим чыгараар алдында залдагылар сыртка чыгышты. Колуна кишен салынган Ишенбай Кадырбеков 2-3 метр аралыкта туруп туугандары менен сүйлөшүп калганга үлгүрдү. Аялы болсо безилдеп жылуу кийим, тамак-аш тууралуу сүйлөшүп, денсоолугун сурап атты. Камалгандан берки бир суткада тамак киргизгенге уруксат берилбептир. "Камерада мени менен төрт кишибиз. Мен жаткан камерага видеонаблюдение коюлуп, камеранын эшигин эч ким ачпасын деп дароо опечатать этип коюшкан" деп айтып берип атты. Тамак-аш жагы кандай болуп атат деген суроого "Бир суткада бир тамак берилет экен, жанараак бир берилди" деп жооп берди. Иниси болот окшойт, бирөөсү "деги эмне айып коюп атышат, эмне деп атышат?" деп сурап калды. "Конкреттүү деле күнөө таккан киши жок. Мунун баары саясий заказ болуп атат" деп айтканга гана үлгүрдү. Сот залына кайрадан алып кирип кетишти. Соттун чечими жок күнөөлүү деп ярлык такканга эч кимдин акысы жок. Колуна кишен салып кылмышкердей кылып сотко алып келсе, мындайды жүрөгүң чыдап карап туруш кыйын го. Мынчалык катаал мамилеге ошол жерде турган депуттар да нааразы болушту. Ошентип сот 10 күнгө камаганга санкция берди. Эки жагынан эки опержигит жетелеп, дагы экөө машинанын алдына отуруп, РИИБге алып кетишти. Машинага түшкүчө 2-3 тууганы менен кол кармашып, өбүшүп калганга үлгүрдү. Бирок аялына баа бериш керек. Абдан кайраттуу, кыйын аял экен. Ал эми биртуугандары машиненин аркасынан көздөрүн албай телмирип кала беришти. Бул дүйнөдө бир туугандан артык эмне бар? Атадан артык эмне бар?

Чолпон Орозобекова




  Үч тапан

Эми Машкевичке ыйман берсин
"Кыргызстандын гидроэнергетикасын менчикке алгысы келген 4 компания бар, бирок мен алардын аттарын айтпайм" деп кечээ эле Чудинов мырза кылыктанып аткан. "Кыйратыпсың!" дээр киши жок аны. Тапкандары баягы-баягы эле Машкевич экен. Аны бүгүн Кыргызстандын оң, сол жээги тең бирдей ачык айтып жатышат. Кечээ бүт Кыргызстанга таанымал кадырлуу аксакалдарыбыздын бири "атаңгөрү Машкевич жеткен жеринен ашыкча беш пайданы соломоюн кетпеген шылуун эле, курутат го кыргызды…" деп түтөп отурду. Бийлик билген намазын окуду дечи, бирок жок дегенде ыңкылаптан кийин жаңыланып, аты башка аферисттерди табалбай, кайра эле Акаевден калгандарга кол сунуп аткандарына күйөсүң. Эмнеси болсо да, төө кыядан өтүптүр. Энергосекторубузга ээ болгондор атургай биз биякта кырылышып атсак, эбак эле ишин башташкан экен. Эми бир гана айтаарыбыз, айланайын Машкевич Александр, Фрунзеде төрөлүп, Фрунзе университетинде окуган экенсиң, сага эми кыргызчасынан айтканда, ыйман гана тилейбиз.

Эл ичи-анекдот кенчи
Баласы атасына:
- Ата, менин класс жетекчи эжейим сизди сүйүп калган окшойт!
- Капырай де?!
- Чын айтам, сизди мектепке дагы чакырып атат!


Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт:
Отузга чыкканча канча кызды сүйгөнүн айтып түгөтө албайт. Отуздан алтымышка чыкканча канча литр ичимдик ичкенин айтып түгөтө албайт. Алтымыштан ары канча жолу инфаркт болгонун айтып коркута берет.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!