Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Кыргыздын түбүнө "киргиздер" жетет

"Ак жолдун" ат кошчусу
ЖК депутаты Зайнидин Курмановдун бейнесине сүртүмдөр
Турсунбай БАКИР уулу,
КРнын экс-Акыйкатчысы:
- 2000-жылы Акаевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов аркылуу Зайнидин Курманов, Кабай Карабеков, Оксана Малеванная Жогорку Кеңешке депутат болушкан. Зайнидин Курманов жакшы окумуштуу, бирок саясатчы катары туруктуу позициясы жок. Бийлик эмне десе ошону угат. Көп учурда жердешчиликке берилип кетмей жайы бар.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ,
КДКнын төрагасы:
-Менин оюмча, ал абдан коньюктирщик болуп калды. Эң башында, биздин КДКнын саясий кеңешинин мүчөсү болчу. Партиялык ишмердүүлүгүн биздин партиядан баштаган. Андан кийин "Моя страна" партиясына өтүп кетип, ошол партия менен жүрүп калды. Анан эми "Моя страна" "Ак жолго" киргенден кийин ашынган "акжолчу" болуп калды. Өзүнүн туруктуу позициясы жок, кандайдыр бир кырдаалга өзүн ылайыкташтырып, өзүнө комфорт түзө жүргөн жигиттерден окшойт. Өзүнүн позициясын сактай албаган, бийлик партиясынын көрүнүктүү өкүлү болуп калды. Эртеңки күнү кырдаал өзгөрүп кетсе, "башымды оорутуп эмне кылам, андан көрө тынч оокатымды кылайын" деп булт этип башка жакка өтө качат.

Клара АЖЫБЕКОВА,
Коммунисттер партиясы:
-Ал өзү - билимдүү, илимдүү, тажрыйбасы бар саясатчы. Илимий жактан жакшы дасыккан. Бирок, көп учурда өзүнүн илимий көз карашын коньюктуралык саясатка баш ийдирип коет.

Кусейин ИСАЕВ, социолог-мударис:
-Кыргыздардан европалык билим алгандардын ичинен билимдүүсү, тарых илимдеринин доктору. Бирок ошондой болсо да бизде "киргиз" деген түшүнүк бар эмеспи, ал "киргиз" боюнча калды. Мындан он жыл мурда кыргыз тили жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып жатканда Жогорку Кеңештин сессиясында кыргыз тили жөнүндө мыйзамдын зарылчылыгы жок деп ошол каршы чыккан. Демек, өзү тарыхчы болуп туруп, илимдин доктору болуп туруп кыргыз тилине каршы чыкканына таң калам да. Экинчиси, быйыл Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлоо болуп жатканда "мен кыргыз тилин билип калдым, кыргызча лекция окуганга жарап калдым" деген. Анан депутат болгондон кийин суроо бергендерге "Мен кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албайм, мен кыргызча жакшы билбейм, орусча эле жооп берейинчи" дейт. Эми ушундай адамдардан кыргызчыл, мекенчил, улутчул болушун күтүүгө болобу? Мамлекет катары өзүбүздүн тарыхый ордубузду, жолубузду таппай жатканыбыздын эң башкы себептери - Зайнидин Курмановго окшогондордун пикирлери үстөмдүк кылып жаткандыгы. Зайнидин бийликке келип чечкиндүү түрдө жардамдашуунун ордуна өзүнүн эски адатын улантып жатат.

Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер:
- Үзөңгүкууш Кытайга берилип атканда мен талаш чегаралар боюнча коомдук комиссиянын төрагасы болгом. Ошол учурда Зайнидин Курманов депутат болчу. Парламентте катуу талаш болуп атканда, ал чыгып "Мен тарыхчы катары айтып коеюн, Ысыккөл облусунун эли-жери Кокон хандыгына караган эмес, Кытайга караган. Боромбай кытайлардан Ван деген чин алган. Ысыккөлдүн эли-жери Үзөңгүкуушу менен Кытайларга таандык" деп Акаевге жагынган. Эми Каркыра казактыкы деп отурат.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА,
Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси:
- Зайнидин Курмановдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтуу кыйын. Позициясы туруктуу деп мурда айтса болот эле, азыр айтканга болбой калды. Акыркы убакта анын жеке принциптери жок экенин көрүп иренжип калдык. Каркыраны, төрт пансионатты казактарга берүүдө, энергетика боюнча да колдоп берет деп күткөн жок элем. Өз принциптерин жоготконуна кейип отурам.

Амангелди МУРАЛИЕВ,
экс-премьер-министр:
- Мен Зайнидин Курмановду тарыхчы, илимпоз катары жакшы билем. Бир канча изилдөөлөрүн окугам. Ал киши - азыр "Ак жол" партиясынан депутат. Эң башкысы, партия эрежелерин так аткарып атат.

Асел СТАЛБЕК кызы, Дилбар АЛИМОВА




  Үч тапан

ЖКдан жоголгон 20 "Тойота"
Башкы прокуратура 3-чакырылыштын депутаттарына сатылып келинген 75 "Тойота Камри" автомашиналары боюнча кылмыш ишин козгоду. Кызыктын баарын КР Эсеп палатасы чукуп чыкты. Көрсө, мурдагы депутаттар парламенттин автопаркын жаңы автомобилдер менен толуктоо боюнча чечим кабыл алышып, 2007-жылдын 27-июлунда автомашинларды алып келүү келишими түзүлөт. Ал келишимге сатып алуучу катары ошондогу ЖК иш башкармалыгынын башчысы Алишер Абдимомунов кол коет. Ал эми сатуучусу болуп AL hamzan used cars EXHB ОсООсунун директору Кизван Улах Хан Рахмат кол койгон.
КР Эсеп палатасынын билдирүүсү боюнча ар бири 836 миң сомдук 2007-жылкы моделдеги 75 даана, жалпы баасы 62 млн. 700 миң сомду түзгөн "Тойота Камри" 2,4 GL маркасындагы автомобилдерди алып келүүгө тендер жарыяланган. Тилекке каршы, жыйынтыгында ЖК автопаркына ал машиналардын 55и гана келген. Калганынын дайыны эмгиче жок.

Эл ичи-анекдот кенчи
Психотерапевттин кабинетинде:
- Кечиресиз, сизди бир нерсе кыжаалат кылып жаткандай? - дейт доктор.
- Ооба, мен тезинен ажатканага барып келбесем, болбой турат!
- Андай болсо, ажаткана жөнүндө сүйлөшөлү, ко-ош…

Практикант-студенттен врач сурап атат:
- Оорулуунун абалы кандай?
Практикант:
- Приборлордун көрсөткөнүнө караганда жакшы эле окшойт, кардиограммасы кадимкидей түзөлүп калыптыр…












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!