Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Апаптап койчу, апаке!

Сыйкырчы жана супермен Копперфилддер
Телевизордон америкалык сыйкырчы Коперфилддин жоруктарын көрүп оозубузду ачкан элек. Кыргыздын жигиттеринин ичинен да сыйкырчы Коперфилддер чыкканын айтпай койгонго акыбыз жок. Бул үч жигит - Азамат Дооронбаев, Адил Кайыпов, Бакай Осмоев. Алар колуңда мыкчып кармап турган картаны алмаштырып коюп, акчаны көзүңүзчө учуруп, темир тыйынды чайнап жеп, кайра бүтүн кылып берип, ал тургай, жерден жарым метрче көтөрүлгөнүн көрүп төбө чачыбыз тик турду. Көз боемочу, сыйкырчы жигиттер "Авангард" деп аталган топ түзүп алышкан. Авангард-бул "алдыда жүргөндүк" деп түшүндүрүлөт. Микромагия элементтерин пайдаланып жасаган фокустары Дэвид Копперфилддикинен ашып түшөт, асти кем калбайт.

- Силердин элге көрсөтүп жатканыңар фокуспу же магиябы?
Азамат ДООРОНБАЕВ: - Сыйкырчылык. Мен кичине кезимден эле фантастикага жакын болчумун. Өзүмдү "супермен" сезгим келчү. Ата-энемди, бир туугандарымды таң калтырайын деп ар нерселерди ойлоп таба берчүмүн. Девид Блейнди "Көчөдөгү магия" деп телевизордон көрсөтүп калды. Телевизордон баарын даярдап койсо болот да деп ишенген эмесмин. "Бир картаны оюңарда ойлоп койгула" деди. Мен ойлоп койдум, аягында ошол картамды таап койду. Чынын айтканда, мен чочуп кеттим. "Бул эмне сыйкыр күчпү?" деп ойлонуп калдым дагы, көз боемочулук боюнча китептерди таап окудум. Ошентип үйрөнө баштадым. Силер сурагандай бизден "бул магиябы, же көз боемочулукпу?" деп сурап калышат, "Биз сыйкырчыбыз" деп жооп беребиз.
- Мунун сыры эмнеде? Же чын эле магия колдоносуңарбы?
Адил КАЙЫПОВ: - Бардык нерседе эмгек болуш керек. Бул жерде деле эмгектенүү керек. Кээ бирлер эмне үйрөнүп баштабасын, чыдабай таштап коюшат, биз болсо чыдап үйрөнүп келатабыз.
- Мүмкүн, гипноз колдонот чыгаарсыңар?
Бакай ОСМОЕВ: - Жок, бизде гипноз деген жок. Бул өзүнчө искусство да. Жаңы бир нерсени ойлоп табууга убакыт келди. Муну микромагия деп коет. Адамдын көзүнчө акча учат, карталар алмашып калат. Көздүн күчү менен буюмдарды жылдырабыз.
- Үчөөңөр кандайча табышып калдыңар?
Бакай ОСМОЕВ: - Кыргызстанда көз боемочулардын ассоциациясы бар. Илхам Асадов деген агайыбыз көз боемочулардын президенти. Бир жылда бир жолу Казакстан, Өзбекстандан сыйкырчылар келип жыйналыш өткөрүшөт. Ошол жерден жолугуп калганбыз. Мүнөзүбүз боюнча үч башкабыз, бизди фокус гана бириктирип турат.
- Турмушта дагы, балким, бирөөнү алдап көргөндүрсүңөр…
- Жок, турмушта биз эч кимди алдабайбыз. Бизге фокус көрсөткөндө элдин таң калган учуру жагат. Мисалы чоң эле кишилер, чындыгында андай болбошу керек экенин билип турса да, өзүн жаш баладай сезип калат. Ушундай таасир калтырганы бизди кубандырат.
- Кыйын кырдаалдан чыгып кеткенге ушул көз боемочулугуңар жардам береби?
Адил КАЙЫПОВ: - Бир жолу мен Москвада жүрсөм, милициялар кармап алды. Билесиңер да, кыргыздарды кармаса, оңой менен кое бербейт. Анан сумкамды тытып баштады. Картаны таап алды да "Картежниксиңби?" дейт. "Жок" дедим да, аларга фокус көрсөтүп бердим. Баары оозун ачып калды дагы паспортумду колума берип, "экинчи менин колума түшпө" деп кое берди.
Азамат ДООРОНБАЕВ: - Ушул фокусту үйрөнгөнүм менин мүнөзүмдү өзгөрттү. Мурда жоош бала элем. Адамдар менен пикир алмашып баштагандан кийин шайыр болуп калдым.
- Мисалы, силер казиного кирсеңер ийгилик менен чыксаңар керек?
- Комментарий жок. Бирок, биз өзүбүз карта ойнобойбуз.
- Дагы кандай таң калтырган фокусуңар бар?
- Мисалы биз күйүп турган тамеки менен адамдын көзүнчө айнекти тешип өткөрөбүз, бирок айнек бүтүн бойдон калат. Жакында дагы бир фокус ойлоп таптык. Кыргыз деген патриоттук сезимди ойготолу деп, жоолукту Кыргызстандын желеги менен гербине айландырып коебуз.
- Топтун аты эмне үчүн "Авангард"?
- Авангард - бул "алдыда жүргөн" дегенди түшүндүрөт.
Дилбар АЛИМОВА




  Гороскоп

Бал төлгө
(29-апрелден 4-майга чейин)
Кой (21.03 -20.04)
Айлык-акыны көбүрөөк төлөгөн жумуш издеп баштайсыз. Тынбай аракеттене берсеңиз ак желек сиздин колуңузга тийип, ийгилик коштойт. Жуманын экинчи жарымына пластикалык опперацияны пландабаганыңыз оң. Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруу ар дайым пайда алып келе бербеси эсиңизде болсун.

Букачар (21.04-20.05)
Сапарга чыгууңуз күтүлүүдө. Бул сиздин жакын курбуларыңызга же келечек максаттарыңызга байланыштуу болушу мүмкүн. Чыгармачылык менен алектенүүгө ыңгайлуу учур. Үйбүлө, жакын адамдарыңызга да көңүл бөлүүнү унутпаңыз. Чыр-чатактан алыс болууга аракеттениңиз.

Эгиздер (21.05-21.06)
Жуманын башталышында акча менен байланышкан иштерде ташыңыз өйдө кулайт. Мындай ийгиликтин болушу үйбүлөдөгү атмосферага дагы оң таасирин тийгизет. Бир туугандарыңыз тараптан да моралдык колдоого ээ болосуз. Жуманын экинчи жарымында көбүрөөк чыгым кетип калышы мүмкүн. Чыгаша болмоюн киреше болбойт, бул маселени сабырдуулук менен чечкениңиз туура.

Бөйөн (22.06-22.07)
Ийгиликтин жаңы жолдору көрүнөт. Ар бир кадамыңызды коердо акыл калчап жыйынтык чыгарган оң. Куру убада берүүдөн качыңыз, ал сиздин беделиңизге көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн. Сизден жогору тургандар же бийлик адамдары менен келишпестик болуп кетиши ыктымал. Кандай болбосун мыйзам чегинде болууну унутпаңыз.
Арстан (23.07-23.08)
Капчык толот, ал жагынан кам санабаңыз. Бирок ал үчүн сиз алдыңызга конкреттүү бир максат коюп, ошонун үстүндө катуу эмгектенүүңүз зарыл. Ден-соолугуңузга да кам көрүүнү унутпаңыз. Алыскы сапарга чыкпай кое турууну жылдызыңыз кеңеш берет.

Бийкеч (24.08-23.09)
Чет өлкөлүктөр менен баарлашасыз. Жеке мамиле түзүүгө ыңгайлуу учур, андыктан бул жылдыздын тушунда төрөлгөн бойдоктор түгөйүн табышы мүмкүн. Криминал чөйрөсүндөгү адамдар менен байланышуудан качыңыз. Сизди бирөөлөр шантаж кылышы мүмкүн.

Тараза (24.09- 23.10)
Карьераңыздын өсүшүнө шарт түзүлөт. Тажрыйбасы бар кишилердин кызмат орду көтөрүлүшү күтүлүүдө. Эски ооруну даарылатууга кез келди. Денсоолук эң башкы байлык экенин унутпаңыз. Бир туугандарыңызды жеке жашооңузга аралаштырбай кое турган оң.

Чаян (24.10-22.11)
Окуу, окуу жана окуу. Дал ушул принципти кармансаңыз жеңиш сиз жакта. Окууга эч качан кеч эмес. Идея, пландарыңыз жөнүндө жакын адамдарыңыз менен бөлүшкөнүңүз туура. Стресске түшүүңүз күтүлүүдө. Мындай учурда жөн гана үйдө жакын адамдар менен болгон оң.

Жаачы (23.11 - 21.12)
Кадыр-баркка ээ болосуз. Аны түбөлүккө кармап калуу баарынын колунан келе бербейт. Кыймылсыз мүлккө байланышкан иштерде да ийгилик коштойт. Жеке жашоону бир калыпка салууга убакыт келди. Жакын адамыңыздын көңүлүн алууга аракеттениңиз. Ага сюрприз даярдап койсоңуз ашыкчалык кылбайт.

Текечер (22.12-20.01)
Түгөйүңүздүн, же жакын адамыңыздын ийгилигинен пайдаланышыңыз мүмкүн. Романтикалуу жолугуулар, таанышуулар алдыда. Үйбүлөлүүлөр мамилелелерин бекемдөө менен алек болушат. Сот менен байланышкан чатактарда ийгилик сиз тарапта болбой калышы мүмкүн.

Суупери (21.01-18.02)
Үй, кредиттер менен байланышкан маселелерди чечүүгө өзүңүз катышсаңыз бат бүтөт. Жумушта болсо же мактоо, же премия күтөт. Аптанын экинчи жарымында жумуш сапарына барбай кое турууну жылдызыңыз кеңеш берет. Кандай чечим кабыл албаңыз-интуицияңызга ишениңиз.

Балыктар (19.02-20.03)
Жаңы таанышуулар күтүлүүдө. Алар романтикалуу мамилелерге айланып кетиши ыктымал. Бизнес үчүн ишеничтүү өнөктөрдү таап алышыңыз мүмкүн. Ири суммага бир нерселерди сатып алып же карызга акча бербей кое турганыңыз оң. Көңүл ачууга акчаны этияттык менен коротуңуз.

Даярдаган Дилбар АЛИМОВА




  Кыздарга сүйүнчү!

Кумир менен чайлашуу
Эгер сиз сыйлап, кумир тутуп, ал тургай ички сезимиңизди айталбай жүргөн атактуу инсандарыңызга жолугуп, кызыккан суроолоруңузга жооп алып, баарлашууну кааласаңыз, анда "Dе-факто" гезити "Кумир менен чайлашуу" рубрикасына чакырат. Шарты жөпжөнөкөй. Болгону гезит бетине жарыяланган ар бир атактуу инсанга байланыштуу суроолорго кимде-ким биринчилерден болуп туура жооп берсе, кумири менен чайлашууга мүмкүнчүлүк алат. Байланыш телефондору: 902703, 0772755529. Электрондук дарек- dеfacto.kg@gmail.com.
Бул ирет рубрикабыздын коногу ырчы, ди-джей жигит Чыңгыз Мырзаевди кумир туткан кыздар Камчыбекова Гүлнара, Кадырбекова Анархан, Асанова Наргиза, Жыпара, Айгүл кумири менен жолугуп, чай үстүндө баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Жолугушуу 29-апрелде саат 13 00дө болот.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!