Коомдук-саясый гезит
№28, 29.04.08-ж.






  Айыл турмушу

Персоналдык пенсионер Тарыхчы Чорчоев:
"Жердин айынан айыл өкмөтүбүз өзүн асып алды"
Асел СТАЛБЕК кызы
-Көл өрөөнүндөгү элдин турмушу, жашоосу кандай нукта өтүп жатат?
-Бакиев президент болгондо адегенде эле акимдерди, губернаторлорду "элге баргыла, элге жакындагыла, эл менен сүйлөшкүлө, элдин үнүн уккула, жерди иштетүүгө аракет кылгыла" деп айтты эле. Мына үч жыл болду, айтып коюп баарын таштап койду. Эми быйыл токоч жок калып кымбатчылык болгондо акимдерге, губернаторлорго кайрылып, жерди иштеткиле деп жатат. Жерди иштеткенде кандай иштетет? Он жети жылдан бери жер ооруга чалдыкты. Он жети жылдан бери бир грамм минералдык, органикалык жер семирткичтер чачыла элек. Мен жети жыл Ысыккөл району боюнча селхоз химиянын төрагасы болуп эмгектендим. Ал убакта ар жыл сайын 500 миң тонна кык, 30 миң тонна минералдык жер семирткичтер чачылаар эле. Жер семирткичтерди машина менен чарбаларга жеткизчү элем. Ушунун бирөө чачылбай калды. Жерди өкмөт менчикке бөлүп берип, эмне болсоң ошол бол деп таштап койду. Ар кимисинин ар кандай гектар жери бар. Адегенде бир-эки жыл ат соко менен эптеп-септеп айдады, эл түшүм алалбай жадаганынан таштап койду. Ушуну менен азыр жер катуу ооруга чалдыгып, чымга айланып кетти. Быйыл өкмөт нан кымбаттагандан кийин жерди иштетебиз, дан эгиндерди көбүрөөк айдатабыз деп акимдерге, губернаторлорго айтып жатат, бирок бул өзү ишке ашпайт. Анткени акимде да, губернатордо да колунда бир трактор жок. Бир грамм күйүүчү майы жок. Мына өкмөт Кытайдан, тияк-быяктан миңдеген трактор алды, аны бай адамдар сатып алды дагы өздөрүнө керектеп жатат. Азыр эми кооператив түзөбүз деп жатат. Элдин колунда же трактору болбосо, же соляркасы болбосо, же үрөөнү болбосо эчтекеси жок анан кантип кооператив түзүшөт. Айыл чарбасын оңдоонун бир жолу бар. Ар бир райондо өкмөттүн бир уюму болуш керек. Ошого акчасын төлөп коюп айдатып, чаптырып алса болду, калганын эл өзү иштетет. Ар бир айыл өкмөтүнүн карамагында, мисалы, үчүн миң гектар жери болсо мунун 20 проценти 200 гектар элге бөлүнбөй айыл өкмөтүнүн карамагында келатат. Айыл өкмөтүнө кредит берип, айыл өкмөтүнө тийиштүү болгон канчалаган жерлер айдалбай, себилбей ээн жатат. Өкмөт аны ойлоп койгон жери жок. Андан көрө селхозтехниканы уюштуруп, ошого өкмөт техниканы берип, ар кайсы жакта талкаланып жаткан тракторлорду, соколорду, айыл чарба машинелерин бир жерге чогултуп, оңдото турганын оңдотуп, акырындык менен ошону уюштурса бир нерсе болот да.
-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар четинен сатыла баштады. Көлдөгү төрт пансионат казактарга кетти. Көлдүн кулуну катары ушул жөнүндө эмне айтаар элеңиз?
-Балыкчыдан Корумду деген биздин айылга чейинки көлдүн жээгиндеги жерлер бүт сатылып бүткөн. Сатып алып жатканы кыргыз, ал эми сураштыра келгенде кожоюну казак же россиялык болуп чыга келет. Муну ким сатат? Айыл өкмөтү, аким, анан госрегистр. Мына ушулар жолдун жээгиндеги бош жерлерди сатып бүтүп, жолдун алдындагы көлдүн жээгинин бардыгын сата баштады. Көл жээктеги жерлердин айынан биздин Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Алсеитов Доктурбай деген жигит өзүн өзү асып өлүп алды. Мурда ага "мына сени аким, госрегистр алдап олтуруп эле жаман жолго салып жатат. Булар чыга берет, сен тутулуп каласың, токтот" дегенбиз. Ал өлгөндөн кийин анын артынан бийлик же губернатор бул киши эмне болуп өлдү деп кызыгышкан да жок. Ит өлгөндөй болду да калды. Асынып өлдү деп коет, анын себебин, эмне болуп өлгөнүн сураган киши жок.
Көзгө басаар жерлерибиз минтип сатылып жатат. Каркыра жайлоосу-негизи кыргыздын накта жери. Каркырада казактардын бир кымындай үлүшү жок. Илгерки Манастан калган жер. Көкөтөйдүн ашы ошол жерде өткөн. Биздин айылда Автошозордун 17 гектарды ээлеген лагери бар болчу. Ошону мурдагы президентибиз Аскар Акаев Нурсултан Назарбаев менен куда болгондо жөн эле белекке берип койгон. Аны кеп кылышкан жерлери жок. Назарбаев анын тегерегин тостуруп салган, ага эч ким кире албайт. Катарлаш биздин жерге Назарбаев бир соко берип кое элек. Ага арызданып арызыбыз жетпей койду. "Бизде клуб да, мончо да жок, водопровод да жок, бизге жардам берип коюңуз" деп Назарбаевге арыз жазсак, казак өкмөтүнүн администрациясы биздин өкмөткө жиберет, биздин өкмөт губернаторго жиберет, губернатор акимге жиберет, ушуну менен эчтеке жок.
Турист катары бизге Россиядан, Казакстандан эс алуучулар келет. Эми казактар төрт пансионатты келиштирип туруп куруп, тегерегин жергиликтүү эл киргис кылып тосуп салат. Пансионатка 90% жергиликтүү эл иштейт деп жөн эле айтып жатат. Пайдасын ошол казактар көрөт. Пансионаттардан сырткары андан башка жерлерди казактар сатып алып жатат. Булаңсуу деген айылда Алматынын трактор заводунун деректири менчикке деп он беш сотых жерди 3 миң долларга сатып алган. Анын жанындагы он сотых жерди биздин айыл өкмөтү жөн эле чечим чыгарып берип койду.
Өкмөт билбейт аны. Транспорт министлигинин 12 гектар жерди ээлеген "Юность" деген лагери бар болчу. Аны бирөлөөр алды да, четинен сатып жатат. 600 бала бир кирип тамактанчу ашканасы бар болчу, ошону казактарга 250 миң долларга сатып жиберди. Эми казактар ал жерге заңгыратып санаторий салып жаптат. Мына ушундай терс көрүнүштөр көп.




  Карызы үчүн кан төктү

Мылтык сатып берем деп, окко учту
2008-жылдын 6-апрелинде эртең менен Жайыл районунун РИИБисинин күзөт бөлүмүнө белгисиз киши телефон чалып, "биздин үйдө адам өлтүрүлдү" деген маалыматты берген. Айтылган дарек боюнча милиция кызматкерлери барса, үйдүн ээси 58 жаштагы Юрий Михаилович Шушпанниковдун өлүгү керебетте жаткан. Анын киши колдуу болгону айтпаса да маалым болчу.
Жакындарынын айтымында, Юрий Шушпанников аялы экөө жашачу. Окуя болор алдында бир апта мурун бир тууган инисинин ден соолугу жаман болгондуктан жанына алып алган. Өзү эч жерде иштечү эмес. Бирок дос, туугандарынын арасында сыйга ээ болуп жүрчү. Турмушта өтө жөнөкөй, жоктон барды тапкан карапайым эле. Жакын адамдарынын өтүнүчүн эки кылбай, дайыма суранганын аткарып берчү. Сырттан келген кишиге да жардамын аячу эмес. Бирөөлөр менен урушуп - талашканын эч ким көрбөптүр. Карыз болуп да көргөн эмес. Анан эмнеге мындай каргашалуу өлүмгө дуушар болгонун, Шушпанниковдо кимдин өчү бар экенине эч ким түшүнө албай калган.
Окуя болгон күнү эртең менен Юрийдин үйүндө эмне болгонун коңшу-колоңдорунун бири да көрбөптүр. Жубайы да күнүгө таң эрте чиркөөгө барып, кудайга сыйынып тургандыктан ал күнү да үйдө эмес болчу. Жанында иниси гана калган экен. Анын билдиргенине караганда ошол учурда ал сыртка чыгып кеткен. Короодо жүрүп мылтыктын үнүнөн улам үйгө чуркап кирип келатып, бир караан дубалдан ары чыгып кетип баратканын көргөн, бирок тааный алган эмес. Үйгө кирсе агасы жарадар болуп жерде жаткан экен. Дароо милицияга чалган. Коргоо кызматкерлери алгач кылмышка күнөөлүү деп Юрийдин инисин РИИБиге алып кетишкен. Бир күнү кечке сурак жүргүзгөн соң окуяга эч тиешеси жок экенин далилдеп, анан кое беришкен. Бул боюнча атайын иш козголуп, кылмышкерди издөө катуу көзөмөлгө алынган. Шушпанниковдун жакындарын, кошуналарын бирин калтырбай суракка алышты. Кылмыш болгондон үч-төрт күн өткөндө бир коңшусу "Юрийге бир таанышы келип, кандайдыр бир карыз доолаганын уккам" деп эстеп, ал шоопурду сүрөттөп айтып берген.
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей кан узатпай кылмышкер Владимир Леленко тез эле колго түшкөн. Ал тургай коргоо кызматчыларына Шушпанниковду атып өлтүргөн мылтыгын бакчасына катып койгон жеринен алып чыгып берген. Леленконун тергөөдөгү сөзүндө ал бул мылтыкты мурда эле алган. Рейстерге чыгып жүргөн кезде дайыма КАМАЗынын кабинасына салып жүрчү. Кокус жолдо бирдеме болсо колдоном деген. Аны көргөн досу "мага да ушундай мылтык таап бер" деп суранганына жок дей албай таап берүүгө макул болгон. Себеби кимге кайрылышты билчү. Досунун өтүнүчүн аткаруу максатында Шушпанниковго келип, тапанча таап берүүсүн суранган. Ал сураган нерсеңди беш жүз долларга таап берем деп акчасын алып калган. Бирок бир күндөн кийин кайра тиги акчанын үстүнө дагы алты жүз доллар кошуп бер деген. Баш аягы Леленко Шушпанниковго 1100 доллар карматкан. Акчаны алып койгон менен Юрий заказды таап берүүгө шашылган эмес. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Володя мылтыктын дайынын сураса, Шушпанников "мылтык таап бере албайм" деген. Анда акчамды кайтарып бер дегенине, "акча да жок болуп кеткен. Эми менден эч нерсе доолап келчү болбо, эгер дагы бир келсең досторума айтып, үйүмө келчү жолду такыр унуттуруп коем" деп коркуткан. Леленко милицияга кайрылайын десе эч кандай далили жок, эмне кыларын билбей калат. Анан көпкө ойлонуп, үйүндөгү мылтыгын алып Юрийдин үйүнө жөнөйт. Максаты Шушпанниковду өлтүрүү эмес, жөн гана коркутуп коюу болгон. Тилекке каршы, ал коркмок турсун кайра коркуткан. Сөзгө келбестен колуна соткасын алып, кимдир-бирөөгө чала баштаганда Владимир баягы айткан досторуна чалып аткан экен деген ойго кетип, ок чыгарган. Шушпанников жерге кулап калганда качып сыртка чыгып, эч нерсени билмексен кишидей кетип калган. Ал күнү "Кудайберген" базарына барып, күндөкүсүндөй өз ишин жасай берген. Окуя болгондон бир жума өткөн соң ушул базардан милиция кызматкерлеринин тузагына илинген.
Азыр анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Владимир Леленко тергөөдө. Киши өлтүргөнүнө өкүнүп аткандай түрү жок.

Бурул МУСАБЕКОВА




  Үч тапан

Ооганстандын президентине ок атылды
"Талибандын" жоочулары 27-апрелде Кабулда болуп жаткан парад учурунда Ооганстандын президенти Хамид Карзайга кол салышты. (www.akipreess.kg 28/04/08). Карзай жана аны менен кошо жүргөн өкмөт мүчөлөрү жабыркаган жок, бирок атылган октон 3 киши өлүп, 10 киши жарадар болду. Кол салгандардын айрымдары кармалып, сурак берип атат.

Эл ичи-анекдот кенчи
Май куючу станцияда.
Атасы:
- "Жигулиге" май куюп алалы, балам.
Кичинекей баласы:
- Ата, майды көп ичсе, биздин "Жигули" кийин чоң автобус болобу?..

Көчөдөгү кайырчы:
- "Бай болуунун 1000 түрү" китебинин авторуна колуңардан келген жардамыңарды берип койгулачы, бажалыста!..
- Ушундай китептин автору болуп туруп, өзүң кайыр сурап отурганың эмнең?
- Ошол 1000 түрдүн бирөө ушул да!..












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!