Коомдук-саясый гезит
№27, 24.04.08-ж.






  Ар бир кесип ардактуу

Стюардесса Лира
Лира Бейшеналиева Нарын шаарында туулуп өскөн. Кесиби-англис тилчи. Республиканын онго жакын ар кандай сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү. Учурда "Эсен-Эйр" авиакомпаниясында стюардесса. Кичинесинен бийге кызыкчу. Акыркы жылдарга чейин жаш өспүрүмдөрдү бийге үйрөтүп, сабак берип келди. Бойдок. Бирок "жүрөгүмөн түнөк тапкан адамым бар" дейт Лира.

-Лира, самолет менен жер кезген кандай экен? Кантип стюардесса болуп калдың?
-Мага эртеден кечке офистен чыкпай отуруп иштеген иштер жакчу эмес. Дайым кыймылда болуп, түрдүү нерселерге аралашып жашагым келет. Ал эми булуттун үстү менен дүйнө кезиш, албетте, менин кыялымдагы нерсе болчу. Теледен куурчактай болуп кийинип алып жүргөн стюардессалар көзүмө өзгөчө көрүнчү. Бирок, чынымды айтсам, турмуш жүзүнө келгенде сен ойлогондой жомок нерсе эмес экенин түшүнөсүң. Стюардессалыктын да өзүнчө оор түйшүктөрү бар.
-Дайыма абада учуп жүргөндүн да терс жактары бар бекен?
-Ооба, денсоолукка сөзсүз таасир этет. Ошол үчүн стюардессалар ченелүү мезгилге чейин биротоло ал иштен эс алууга кетишет. Бийик абада дайыма реакция күчтүү болот. Кан басымга дайыма оордук келип турат ж.б. Ошол үчүн ар 3 ай сайын медициналык кароодон өтүп турабыз.
-Демейде стюардессалар жүргүнчүлөргө тамак-аш алып келишет ж.б. андан бөлөк дагы эмнелерге жооп бересиздер?
- Мага да көбү айтып калат, силер самолеттогу официантсыңар да деп. Жок, андан бөлөк көп милдеттерибиз бар. Салондун ичиндеги коопсуздук эрежелерин, авария учурунда эмне кылыш керек ж.б. көп нерселер мойнубузда.
-Кудай сактасын, бирок булуттун үстүндө баратып самолет күйө баштады дейли. Сиздин аракетиңиз?
-Тфу, тфу, анын бетин ары кылсын. Бирок андай учурда жалгыз учкучтар, анан кудайдан башка эч нерсе жардам бералбайт. Биз инструкцияга жараша элдин көңүлүн тынчытып, эң биринчи көрсөтүлчү шарттарды кылабыз. Көптөр ойлойт, парашюттар берилсе керек деп, бирок биз вертолетто бараткан жокпуз да. Парашюттар самолет жүргүнчүлөрү үчүн каралган эмес.
-Лира, бир нече жолу бүт Кыргызстанга дүң болуп сулуулук жарыштарынан баш байгелерди алып жүрдүң. Айтсаң, сулуулук конкурсунда Европа өлкөлөрү көбүнчө эмнеге басым жасайт дагы, Азия менен чыгышта эмнеге көп көңүл бурат?
-Бизде сырткы келбетиңе, өңүңдүн жылдызына эле эмес, сөзсүз башка критерийлерди да ага кошуп баалашат. Айталы, өзүңөр көрүп жүргөндөй түрдүү суроолорду беришет, улуттук салттарды кошушат, акыры барып башка да өнөрлөрүнө кызыгып, салат жасатканга чейин кирип кетишет. Ал эми Батышта келбетиң, басканың, кийген киймиңдин жарашыгы болсо болду.
- Бишкектин көчөлөрүн деле карасаңыз. Кыргыздын сулуу кыздары барган сайын көбөйүп бараткандай.
-Эң туура. Чыны менен чырайлуу кыздарыбыз көбөйдү. Мен муну элдин бардык нерсеге болгон кызыгуусу, маданияты өсүп, жашоо ыргагы өзгөрүп бараткандан го деп ойлойм. Эмне дегенде ата-энелер балдарын кичинесинен баштап ыр, бийге ж.б. денсоолугуна,туура өсүшүнө керектүү нерселерге катыштыра баштады. Тамак-аштын сапаты, ар түрдүүлүгү да таасир этет. Анан, албетте, азыркылар бүт дүйнөнүн төгөрөгүндө болуп аткан өзгөрүүлөр менен өтө тыгыз байланышта болуп, маалыматты да толук жана жеңил алала турган болушту.
-Сулууларга көз арткандар көп болот эмеспи, артыңдан чуркаган жигиттер көптүр?
-Мага ал проблема деле эмес. Жакпагандарды бат эле ордуна коем.
-Айтсаң, азыр кыргыздын сулуу кыздары акчага азгырылып, ар кайсы өлкөлөргө көп кетип жатышат дешет.
-Эми ал, албетте, жаңылык эмес. Бирок бул өтө кейиштүү. Айрым адамдар мени да чет өлкөгө азгырууга аракет кылышкан. Бирок анын баары адамдын өзүнөн. Кээ бир кыздар баарын түшүнүп турушуп эле, акча же кызыкчылык үчүн кетип калышат. Ал жакта аларды кандай тагдыр күтүп жатканын бир кудайдын өзү билет. Мисалы, Корея өлкөсүндөгүлөр өздөрүнүн генофондун өзгөртүш үчүн атайын саясат кылышат экен. Кыргыздын сулуу кыздарын алдап алып барышып, ошол максатта пайдаланышат.
Бегимай БАКАШЕВА




  Үч тапан

Жылуулук жана ысык суунун баасы кымбаттайт
Жылуулук жана ысык суу тарифтерин көтөрүү боюнча планды өкмөт жактырды. Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапар Балкыбековдун айтымында, эл жылуулуктун өз баасынын 47%ын, ысык суунун өз баасынын 20%дан аз өлчөмүн төлөйт. "Ысык суунун 1 гигакалориясынын баасы 360 сомго чейин болот, тарифтин мындай көтөрүлүшү 5 жылдык атайын программанын иштелип чыкканы менен түшүндүрүлөт", - деди министр. Өкмөт жыйынында "Бааны минтип дароо көтөрүү болбойт, 7-10 жылга бирдей бөлүштүрүп көтөргөн туура",- деген пикирлер айтылды. Тарифтерди көтөрүү боюнча айтылган сындарды карап көрүп 28-май күнү өкмөттүн жыйынында Сапар Балкыбеков жылуулук жана ысык суунун бааларын көтөрүүнүн программасын сунуш кылат.

Эл ичи-анекдот кенчи
Жогорку окуу жайындагы жарыядан:
"Кирүү экзамендери болбой калды. Билеттердин баары сатылып кетти!"

Жаш эне "Тез жардамга" аптыгып чалып атат:
- Эки жашар балам кумга тоюп алыптыр, эми эмне кылам?!
- Балаңды эми цементке жолото көрбө!..

- Кыз-жигиттин мамилеси олуттуу экенин кантип билсе болот?
- Кыздын квартирасынан жигит таштанды көтөрүп чыга баштайт…












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!