Коомдук-саясый гезит
№27, 24.04.08-ж.






  Бейне

"Данчик-он взрослый мальчик"
Бул сөздү Мелиси, Адаханы, Данияры үйүрлөшүп теңтуш болуп жүргөндө бир нече ирет укканбыз. Экөө депутат, Мелис "Асабаны" жасап жаткан. Бир күнү Мелис "Үсөнов менен Мадумаровдун фамилиясын гезитке жазсаңар дароо бошойсуңар" деди. Эки фамилиядан баары үркүп калды. Экөөнүн парламенттеги коомчулукка жасап жаткан кызматы алты ай бою "Асабада" жарыяланбай, экөө өчкөн очоктон бетер жүдөп, "Леопольд, кечир, иттик бизден кетти" дешкен көрүнөт, Мелис булардын парламенттик чыгармачылыгы тууралуу олуттуу, ыкчам жазууга уруксат берди.
Бул үч жигит оппозициянын аккар, көкмузун чогуу татып, Алатоо элинин маңдайына бүткөн бактысындай көрүнүп жүрүшчү эле. Орус арабасына чегилгенсиген үч жигиттин бири - кыргыздар айтмакчы, арабанын четки атындай жулкунганы - Бишкек мэри.
Данияр - кыргыз, уругу - кушчу. Бабалары тиричилик айынан Таластан берешен Чүйгө ооп түшүп, казактар кол салганда аман калгандардын тукуму дейт санжырада. Таластын Алыбек даткасы ошол оор тушта келбептир. Санжырада ушундай.
Данчиктин атасы Токтогул Үсөнов менен Апас Жумагулов советтик кызматкер катары Чүйдө ынак болушкан. Үйбүлөлүк катышы болуп балдары эшик алдында аралаша кумдан шаар куруп ойношчу экен.
Данияр Үсөновдун мансапка таткануусу Карабалта шаарында башталган. Комбинаттын комсомол комитет катчысы, шаар комсомол комитет катчысы. Бул кесип өйдөкүлөргө эңкейип, өзүң өсүүнүн ыңгайлуу жолу болчу.
Кыргызча он ооз сөз билген жигит СССР кыйрап, Кыргызстанда Акаев "демократиялык аралча" киргизе албай жатканда аяш атасы Апас Жумагулов төрт баланы - өзүнүн жана Токтогулдун эки баласын "өкүртө" ишке салганын айтышат. Премьер-министр кезинде, андан соң Чүй губернатору болуп бийликке таарынып жүргөн чагында. "Даниярдын поездине зеленая дорога" деген ылакап ошол 95-жылдардын тегерегинде көп айтылчу. Азыр аны көбү унутуп деле калды. Москвадан ийне-жип, өтүктүн таманын, самын ташып бираз акча топтоп аткан Данияр Апас Жумагуловичтин көңүлүнө түнөгөн. Болбосо аны аз аралыкта Чүй губернаторунун кеңешчиси катары көтөрүп, андан ары ЖК депутаттыгына "түртүп" жибербейт болчу. Бул - бизнесибиз бир болуп калды, балам, деген сөз. Эки бүлөнүн Түркиядан келаткан жүгүн текшерем деп аракеттенген УКК кызматкерлери Мукаевдин көзүн чыгара чапкан деле Данчик менен Сергей эле да. Бул да тарых.
Акаев кыйтыр башкаруучу эмес беле, Апастын балдары эмнеге эле байып баратат деп күнбатышка сапар алып, Карабалтадагы, Аксуудагы, Ровноедеги спирт чыгаргыч, үй товар, тактай тилгич ишканалары, кафелерине чейин көрүп: "Кыргызстанда жүз эле ушундай фирма болсо, элибиз бутуна туруп, гүлдөп кетерин мен ойлойм" деп докладында айтып, өкмөттүк гезиттер жазып, эки ай өтпөй Данияр Токтогулович аттуу жаңы кыргыздын дандуу "ырыскысына" ревизорлор каптап барып, салык төлөбөгөнү үчүн үчтөн эки чарбасын банкротко учуратты. Мунусу саясатта Д.Үсөновдун даража күтө баштагандыгынан эмес, а Акүйдө тымызын төш тиреше келген эски менен жаңынын, Апас менен Аскардын тил келишпестиги болчу.
Данияр, өңгөчө, чыйрак иниси Элдияр экөө көп түйшүк тартышты. Поезддеги, самолеттогу буларга тийиштүү баалуу жүктөр казынага конфискацияланган учурлар бир катар ирет катталды.
Жогорку Кеңешке депутат маалында экономикалык маселелер боюнча популисттик идеялар, расчеттор, ушинтсек учуп кетебиз деп батперек учурган маалдары да арбын болду. Кыргызстанга миллиард киреше түшөт деп, трибунада тынбай айтып атчу. Ишеними үзүлбөгөн депутаттар аны биринчи вице-премьер да шайлап беришти. Дагы эле шарлатанство. Ага улай саясатта Үсөновдун үзөңгүсүн үзгөн жагдай түзүлө калып, аны ээрден тартып түшүштү.
Үсөнов кийинки парламентте да аз мурдагы кызмат ордуна умтулду. ЖК депутаттарынын кабинеттерине кирип, алардын кургак макулдугун алып, бирок шайлоодо өкмөттүн экинчи өкүлү болууга өтпөй калды. Депутаттар кыязы, "Инэксимбанк"эгесимин деген жигит бардар казак көпөстөрдүн кыргыз борборунда эмин ээрчитип жүрсө, демек бизге "бирдеме берет" деп үмтөтүшкөн болчу деген саясий талдамалар жарыяланып кеткен. Бирок аны Акүй улам кайра кызматка көтөргөнү түшүнүксүз-түшүнүктүү.
Үсөнов "4 млн. доллар акчам бар" деп бир нече ирет "бакырып" алганын депутаттар уккан. Ошондон соң бул жигиттин тегерегине банкирлер гана эмес, ар түркүн саясий "чөөлөр", "түлкүлөр" айланып-тегеренип жүрүшөт.
Үсөновдун мурунку жубайынан эки уулу бар, алар тестиер жаштан өтүшкөн. Данияр мырза кескин түрдө үйбүлөсүн которуп, жаңы бүлө күткөнүнүн түпкү сырын көпчүлүк түшүнө бербейт. Азыр ЖК депутаты Динара Исаева Үсөновдун карабалталык жердеши гана эмес, комсомол курактан таанышы. Динара- өтө ыкчам, ишкер, сабаттуу айым. Четтен товар ташыган. Челнокчулуктан баштап, авиакомпания түзүп, азыр 4 компаниянын кожойкеси. Алдында үч миңдей адам иштейт. Үсөнов кезинде бийлик кысымы менен толук банкрот болорунда Динара айым ага тогуз жыл мурда кол сунган. Ошондон бериге экөө бир үйдө түтүн булатып келатат. Айтымда, бул жубайлардын ири бизнеси Казакстанда. Жакында эле "Инэксимбанкты" "БТА" атына которуп, реструктуризациялаганын адистер чоң үлүш акчаны казак рыногуна которуу амалы дешет.
Жубайлардын болгону 3 офиси, үч үйү, эки машинасы бар делет декларацияда. Ушул ай башында 5-канал Д.Үсөнов премьер-министр, ал эми анын ордуна мэрликке А.Атамбаев (мунусу баш тартты дешет-ред) бекип шайланат экен деген кабар жарыялады. Данияр мырза бул кызматка барышы толук ыктымал. Себеби, президентти самолет тепкичинен мэр өзү гүл көтөрүп тосуп алган эч бир протоколдо жок. Бул берилгендиктин белгиси.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ




  Сыр дүйнө (ой толгоо)

САЯСАТТАГЫ АЯНДАР
Бул дүйнөдө ар нерсенин аяны болот. Саясат дагы мындан тышкары эмес. Ал аяндардан туура жыйынтык чыгарып, туура жолду тандаса өлкө оң жолго түшөт, болбосо акыры жакшы бүтпөйт. Мен акыркы жылдары ушуга көзүм жетти.
Көк туудагы көп касиет казактарга ооп кетти
Кыргызстан өз алдынчалыкка ээ болгон соң өлкөнүн мамлекеттик символикасы тууралуу талаш-тартыштар күч алды. Ары тартып, бери тартып атып акыры легендарлуу парламентте көп киши сунуш кылган көк туунун ордуна кызыл туу кабыл алынды. Бир эсе өзбек элинин салтын өзүнүкүндөй көрүп, "мен көк туунун алдынан өтпөйм, түштүктө бул азанын белгиси" деген депутат аялдын сөзүн угушса, бир эсе коммунисттердин үстөмдүгү күч болду. Ортосуна күндүн сүрөтү тартылды, бирок анын кебетеси күнкарамага окшоп калды. Кош кабылан ааламды айланган жакшы бир гербдин долбоору өтпөй калып, анын ордуна чабалекейге окшогон белгисиз бир куштун сүрөтү кабыл алынды.
Андан бери казактар көчмөндөрдүн көк туусун кабыл алып, көчмөндөрдүн көп касиети казактарга ооп кетти. Улуттук салтын, маданиятын, тилин кайра жандандырышып, казактын зоболосу көтөрүлдү. Орустардын геосаясий таасирине такаат берип, Астанага жаңы борбор салды. Эчак соолуган Арал деңизин кайра толтурганга жетишти. Кыргызстандын ички-тышкы саясаты күнкарамадай болуп, ар кимди туурап, ар кандай моделдерди элдин башына эксперимент ойнотуу менен улантылды. Көгүчкөнгө окшогон чабал саясаты чабыттап алыс кеталбай, шамалдын эпкини менен ар кимдин ыкыбалында болду. Гимнине кирип кеткен "досторуна даяр дилин берүүгө" деген микробдой саптар түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Орусия менен Казакстанга ыкташкан, маалыматтык мейкиндиги эки бөлүнгөн, бөлөктүн динин алган, бөтөндүн тилин алган, тилине кошуп дилин алган азыркы кыргыз калкын эске салат. Дилин бербейт, өзүн сыйлаган улут! Улуттун дили өзү үчүн ыйык, башкаларга табышмак болууга тийиш.

Кыргызстанды торт кылып жешкен
А. Акаевдин бийликтен кетишине саналуу убакыт калса керек эле, кезектеги жаңы жылдык президенттик кече болуп аткан. Азыр "Ак жол" партиясына кирген депутаттардын бири, өтө чоң бизнесмен Кыргызстандын рельефтүү картасы түрүндө килейген торт жасатып, биринчи айымга тартуу кылды. "Биринчи сиз кесиңиз" деп бычак алып келди. Биринчи айым баласын чакырып алып, кестирип, үйбүлөсү менен ооз тийип, андан кийин тегерегиндеги адамдар ооз тийишти. Кыскасы, баягы Кыргызстандын рельефтик картасы түрүндөгү тортту бөлүп жешти. Жүрөгүм шуу дей түштү. Кыргызстандын картасын кесип жеп атышкан адамдар көзүмө суук учураса, аны даярдап кошомат үчүн тартуу кылган тигил базарчы ого бетер жаман көрүндү. Азыр да жинимдей көрөм. Кыргызстандын четинен кертилип сатылышы ошондон бери катуу күч алды. Азыр андан бетер уланып атат.

Ф. Кулов кылычын сындырып басып кеткен
Феликс Кулов камакта жатканда "Асаба" бекен, же анда "Агым" болуп калды беле, айтор, "Пейджер" рубрикасына бирөөнүн каты чыкты. "Түшүмдө Акаев менен Кулов кармашып, акыры Кулов жеңди. Бирок жеңген соң өлтүрөбү десем, кылычын сындырып салып басып кетти" деген кат экен. Эсимде калды. Кийин текшерейин дедим. Көп жылдан кийин Ф. Кулов элдин күткөнүн кылбай, К. Бакиев менен тандемге барды. Анысынан алданып калып, Бириккен фронтту алып чыга коем деп, дегеле митинг аттуунун баркын кетирип, элдин ишеничинен ажырап калды. Бийликке каршы чыккан элдин кылычын сындырды.

Акаев добуш бергени келсе, желек кулап кеткен
2005-жылы чуулгандуу 24-март окуяларына жем таштаган парламенттик шайлоо күнү чогуу иштеген кыз А. Акаев шайлоого катыша турган № 24-мектепке барып келди. Келгенде кызык нерсени айтты. "Байке, А. Акаев кирип келээри менен маңдайында илинип турган желеги түшүп кетти. Жансакчылары желекти ордуна коюп убара болуп калышты. Бул эмнеси?" деди. "Өз башына көрүнсө эле болду, мамлекетке зыянын тийгизбей" дедим ичимден. Көп өтпөй эле А. Акаев өлкөдөн качып кеткенге аргасыз болду. Кыргызстандын желеги түшүп кеткени өз башына эле көрүндүбү, же бул жышаандын мамлекетке мындан ары да коркунучу барбы - анысы ушу күнгө дейре беймаалым.

24-мартта ызгаарлуу шамал жүрдү
Бийлик алмашкан маалда 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкектин дүкөндөрү талоончулукка туш болду. Эртеси талоончулук дагы улантылмак болуп, Совет көчөсүндө жашаган шаардыктар үйүбүздү кайтармакка таш, келтек алып тышта жүрдүк. Милиция менен элдик кошуундар жакшыраак даярданган экен, талоончуларга эч нерсе талатышкан жок. Талоонго чыккандардын кылыгына жини кайнадыбы, же жөн эле кокустукпу, айтор, жаратылыш жарыктык жардамга келди. Алеки заматта ызгаарлуу шамал келип, талоонго чыккандар да, алардан шаарды коргойбуз дегендер да калчылдап үшүп чыкты. Катуу, муздак шамал таң аткыча токтогон жок.

К. Бакиев түшүп жүргөн учак өрттөнүп кетти
Президент К. Бакиев Кыргызстандын ичинде пайдаланып жүргөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансындагы учак 2007-жылы 23-июнда аварияга тушукту. Аба майдандарын инспекциялык текшерүү жүргүзүп жаткан авиациялык кызматкерлер отурган учак жолдо баратып күйүп, ээн талаага конууга аргасыз болду. Ичиндеги адамдар бүт кутулуп, бирок учактын өзү эч нерсеси калбай өрттөнүп кетти. Андан бери мамлекет башчысынын эл ичиндеги рейтинги мурдагыдан да күчөп төмөн түшүп келатат.

Айтеңир аман болсун!
"Жаман иттин аты Бөрүбасар, жаман эрдин аты Кудайназар" деп эл бекеринен айтпайт. Азыр Манас, Айтеңир, "Теңир ордо" деген аттар жана аталыштар көп. Ар бир коюлган аттын жоопкерчилиги болот. Манас деп ат койгонго бабалар бекеринен тыюу салган эмес. Аттын баркын кетирбеш керек. Манас кыргызда бирөө эле болгон, анын сырлары эмгиче ачылып бүтө элек, жана ачылбайт дагы. Ал эми Теңир деген кыргыздын түшүнүгүндө Кудай деген сөз. Ушундан улам мурдагы президентибиз небересинин атын Айтеңир койгону сөздүн баркын билгендерди абдан ирээнжиткени бар.
Сөздүн, кылык-жоруктун, ал тургай ойлогон ойдун жоопкерчилиги болот. Бул жарык дүйнөдө жашоонун өзү өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат.
Кыргыздар, кесирибиз качан токтоор экен, пейилибиз качан оңолоор экен, табияттын берген белгилерин туура кабылдап, туура жыйынтык чыгарганды качан үйрөнөөр экенбиз? Кеч болуп калбаса болду.

Жыргалбек Касаболотов












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!