Коомдук-саясый гезит
№27, 24.04.08-ж.






  Ойгон, кыргыз

"Казакстандын бир бөлүгүнө айланбайлы…"
Парламентке жаңы мыйзам долбоору киргизилди. Түшүнбөгөнгө катардагы мыйзамдыр, түшүнгөнгө өтө коркунучтуу. Шоркелдей кыргыздын мойнуна дагы бир каамыт тартылганы туру. Биз буга чейин Токтогул ГЭСтеринин каскаддарын жана өтө жогорку көрсөткүчтө ток өткөрүүчү улуттук электр линиялардын өзгөчө макамы бар , эч ким суук колун тийгизе албайт деп сыймыктанып жүргөнбүз. Бирок, Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министрлиги бул өзгөчө макамды алып салууну көздөшүүдө. Кыргыздын маңдайына бүткөн дагы бир ырыскысына кол салуучу мыйзам долбоору 2008- жылдын март айынын аягында киргизилген. Жакын арада бул мыйзамга эл өкүлдөрү опоңой эле "добро" берип коюштары да мүмкүн. Долбоорду өзгөрткүлө деп "догурунган" демилгечилердин айтымында, бул стратегиялык, маанилүү объектилерден өзгөчө макамды алып ыргытпасак "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" акционердик коомдору өздөрү ээлик кылган мүлкүн каалагандай калчай албай калат имиш. Бул мыйзам долбоорду "акжолчулар" өткөрүп берсе, шорубуз шорподой катты го. Кечээ электр энергияга тариф 7 тыйынга кымбаттады. Эми алкымы чоң акционердик коомдор жаңы мыйзам долбоору менен өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илсе, кыш күрөөдө 70 тыйын 7 сомго көтөрүлүп кетсе, ага да капа болбошубуз зарыл. Себеби, кожоюн өзү билет.

Дооронбек САДЫРБАЕВ, коомдук ишмер, экс-депутат:
"Жер бетинен сыйпалап таппай калышыбыз мүмкүн"
- Албетте, өзгөчө макамды алып салган соң жаңы кожоюндар эмне кылса өзү билет да, электр энергиянын тегерегиндеги күнгөй-тескей маселелер карапайым калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Бир жагынан карап көрсөң өкмөттүн шайы кетип калды, маанилүү объекттерди ар кимдин колуна салып бергенден бөлөк аргасы жок. Антип жеке менчик колго салып бербесе колдонулбай тура бергенден мунун баары керектен чыгышы мүмкүн. Бирок, буга ким күнөөлүү? Мышык ыйлай турган абалга жеткизип, алакан жайгандын ордуна өкмөт небак ордунан козголсо болмок да. Электр энергияны менчиктештирүүдөн карапайым калк эч нерсе утпайт, болгону чиновниктер аз уурдайт, уурдаганга мүмкүнчүлүк калбай да калат. Мындай өкмөттүн алешем иштеринен кийин катардагы калктын жашоо деңгээли жогорулайт дегенден үмүт үзөлү, анда-санда бериле калчу бир жолку дотациялардын да пайдасы тийбейт, тарифтер көтөрүлгөндөн көтөрүлө бермекчи. Менин оюмча, мындай ылдамдыкта менчиктештирүүнү өздөштүрсөк жакында жер бетинен Кыргызстан деген өлкөнү сыйпалап таппай калышыбыз мүмкүн. Россиянын бир бөлүгүнө айланабыз, ал бакыт бизге буюрбаса, Казакстандын бир бөлүгүнө айланып баш калкалаганыбызга сүйүнсөк канакей. Эл нааразы болуп, массалык түрдө толкундоолор чыгат деген азырынча болбогон сөз. Себеби, бийликке билегин көрсөтө турган оппозициянын жели чыгып калды. Болгон күч-дараметин көрсөтүштү. Эл да оппозицияны колдобойт, элдин оппозицияга болгон үмүтү текке кеткенин апрель митингдери көрсөтпөдүбү. Демек азыр оппозицияда жүргөн адамдар бүгүн саясатты таштап, элдин камын ойлогонду унутуп, өзүнүн үйбүлөсүнүн камын көрүшсүн. (www.bpc.kg)

Динара ОШУРАХУНОВА, "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициянын лидери:
"Сынган тепшини тиктеп аңкайып калбайлы?!"
- Биз электр энергияны өткөн үч баскычтагы менчиктештирүүнүн оң жана терс жактарын түшүндүрүүнү талап кылабыз. Коомдук экспертиза түзүлүп жыйынтык чыгарсын. Анан менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычын эмнеге күч менен ишке ашырууга аракет болуп атат, ушуну түшүндүрүп беришсин.Менчиктештирүүнүн үч баскычында энергосекторду реформалайбыз деген шылтоо менен өтө чоң суммадагы акчалар тартылган. Демек, бул акчалар азыр кайда, аларды эмне үчүн эффективдүү колдоно алышкан жок, жана бул үчүн ким жоопкерчиликти мойнуна алат? Андан сырткары социалдык-экономикалык маселелерден чыгуу үчүн өкмөттүн антикризистик программа түзгөнгө шайы барбы? Ошондуктан, биздин жогорку талаптар аткарылбаса, электр энергияга байланыштуу мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш кароону токтотушсун. Мындай өтө маанилүү сфераны менчиктештирүүдө биз дүйнөлүк тажрыйбага таянышыбыз зарыл, ал үчүн өтө чоң жана жоопкерчиликтүү иш-чаралар өткөрүлүүсү керек. Төрт жуманын ичинде өлкөнүн өтө маанилүү объектилерин менчиктештире салып, сынган тепшини тиктеп аңкайып калбайлыбы. Көрүп атасыңар, менчиктештирүүнүн үч этабын оңдуу жөндөй албагандар бүгүн кызматтан кызматка көтөрүлүп атат. Демек, мындай көз боемочулуктарга эч ким жооп бербей кутулушабы?Менчиктештирүүнүн демилгечилери өздөрү көптөгөн суроолорго жооп бере албай шайлары ооп атат, эртеңки күндү да көрө билишпейт. Болгону алар менчиктештирүүнү эптеп аман-эсен өткөрүп алышса, анан башка суроолорго баш катырабыз дешет, анда таптакыр кеч болуп калат. Өткөн окуялар бизге сабак болушу керек эле да, аны биз көз жаздымда калтырып, кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албай атабыз.

Жылдыз Мусабекова




  Оппа, оппозиция

"Мамлекетти жоготуу коркунучуна туш келдик"
Оппозиция өкүлдөрү прокуратуранын эскертүүсүнө карабастан жөө жүрүшкө чыгууга катуу даярдык көрүп атышат. Көлдүктөргө Кочкордон, Таластан, Жалалабаттан, Нарындан эл келип кошулары күтүлүүдө. Оппозициячыл саясатчылардын бири Аликбек Жекшенкулов буларды билдирди:
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туура эмес ички жана тышкы саясат жүргүзүлүп жаткандыктан, биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна туш келип олтурабыз. Кытайга Үзөңгүкуушту, казактарга Каркыраны бердик. Кезекте түштүк коңшуларыбыз турат. Бийликтегилер болсо элдин көзүн будамайлап, кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин таламын талашкандарды бийлик талашып жаткан оппозиция катары гана көрсөтүүдө. Бүгүнкү абал оппозициячыл күчтөр үчүн эле эмес, бүткүл кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ. Эгерде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнөн ажырасак, анда чоң, кичине мамчиновниктер да өз өлкөсүнөн ажырап кала турганын алар да ойлонушу керек. Бүткүл калайык-калк, анын ичинде милиция жана башка укук коргоо органдарынын өздөрүнүн да кызматкерлери, мамлекеттик бюджеттин эсебинен күтүлгөн бардык кызматкерлер, чыгармачыл интеллигенция болуп баарыбыз бирдикте аракеттенүүбүз зарыл.

Карпекович Каркырага кайгырбайт!
Кыргыз тилди чала-була билген Зайнидин Курманов парламентке отургучакты Курманбек Бакиевди көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чаап атчу. "Акжолчуга" айланганы кыргыздын кызыкчылыгына каршы сүйлөп, акыр Акүйгө жаксам болду деген принципти тутунуп калды. Каркыра тууралуу теледен сүйлөп атып, "казактарга канча кетти, канча аянт экенин кайдан билем"" дейт. Каркырага күйүп сүйлөп аткан сөздөрдүн баары ага жомок экен. Кыргызга күйбөгөндөн түңүл деп ушундайды айтат.

"Атамбаевди чийгенге шашпагыла"
Укук коргоочулар парламенттин таркашын талап кылып, андагы СДПК менен Коммунисттер партиясынан мандатыңарды таштап, парламенттен чыгып кеткиле деп суранышууда. Коммунисттер унчукпайт. СДПК болсо "бул дудук парламентте жок дегенде биз сүйлөп туралы" кыязында жооп берди. Бирок Иса Өмүркуловдун пикиринде, бул маселе күн тартибинде кала берет, убакыт көрсөтөт. СДПК энергетиканы менчиктештирүү маселесин элдик референдумга алып чыгыш керек деп эсептейт. Бул партия көлдүктөрдүн жөө жүрүшүн колдойт. Ал эми Атамбаев тууралуу суроого Руслан Шаботоев "Атамбаевди тизмеден чийип салганга болбойт" деди. Алмаз Атамбаевге президент тарабынан кызмат сунушталып, бирок баш тартып келатат. Бирок жүрөгү оппозициядабы же Акүйдөбү, анысын айта элек.




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
Эки чал жолугушуп калат:
- Иш кандай? - дейт бири.
- Иш жакшы. Уктаганым үчүн акча алам, - деп жооп берет экинчиси.
- Эмне болуп иштейсиң?
- Кароолчу болуп…

- Арак ичесиңби?
- Мунуң сурообу же сунушпу?
- Суроо.
- Жок, ичпейм.
- Сунуш болсочу?
- Анда, ичем!..

Бишкектеги америкалык 11 жоокер аракечтиги үчүн айыпка жыгылды
"Манас" аба майданындагы АКШнын аскер-аба базасынын 11 жоокери спирт ичимдиктерине берилип кеткени үчүн ири суммадагы айыпка жыгылышты. Америкалык аскер-аба күчтөрүнүн абадагы экспедициялык 376-канатынын сержанттык курамынын тартипсиздиги тууралуу баяндаган АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн "Air Force Times" гезити жазып чыкты (www.24.kg 22/04/08). Быйыл февралда жана мартта улук сержант наамындагы 11 америкалык аскер ашкере ичимдик ичип, андан башка дагы тартип бузууларга барганы ачыкка чыккан. Алардын баары аскердик наамы төмөндөтүлүп, ар бири 1500 доллар өлчөмүндө айлыгынан кесилген. Авиабазада күнүнө эки банка пиводон ашык ичкенге уруксат жок.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!