Коомдук-саясый гезит
№27, 24.04.08-ж.






  Тамаша-айтыш: күлөсүзбү же ыйлайсызбы?

Кураке менен Нуракенин айтышы
Курманбек деген мырза Астанага барып, аны Нуракең тосуп алып, домбрасын чалып, кадимки Жамбыл акындын абанына салып кайрып туру дейт.

Нураке:
Хан Курманбек аманбы,
Амандашсам жаманбы.
Ар түркүн сөздөр жакында,
Азалуу кылды агаңды.
Анткенимдин себеби,
Өткөндө жаман кеп уктум,
Өзүңдү ушул дүйнөдөн,
Өтүп кетти деп уктум.
Аябай жаман кеп уктум,
Алтындай болгон жаныңды,
А дүйнө кетти деп уктум, - деп келип токтойт, ошондо Куракең сузактык Барпы атасынын мотиви менен мындай деп боздойт.
Курманбек:
Айланып учуп келейин,
Айланайын, Нураке,
Арманым айтып берейин.
Кайрылып учуп келейин,
Кагылайын Нураке,
Кайгымды айтып берейин.
Ооруй калып батышка,
Он беш күндөй жатышка,
Аттанып кеткем өткөндө,
Ала шалбырт көктөмдө.
Германия жеринде,
Гитлердин элинде,
Дарыланып жаткамын,
Дал ошондо башташты,
Көмүп коё жаздашты.
Мындагылар жиниме,
Тийип койду Нураке,
Тирүү турсам тизмеден,
Чийип койду Нураке.
Кара жиним кагышты,
Каза кылып салышты.
Мала каным агызды,
Маркум кылып салышты.
Элден мурун Акүйүм,
Ишенип осол иш болду.
Бийликке келет элек деп,
Бир тобу шашып ит болду.
Бийлик талаш башталып
Бирин - бири башкарып.
Штаб ачып айрымдар,
Шымаланып каш кагып.
Шым болушту акыры,
Тилектери таш кагып.
Алигиче көзүмдү,
Карай албай жүрүшөт.
Элдин баары кеп кылса,
Эсил кайран деп турса,
Эң эле жаман турбайбы,
Ким көрүптүр мындайды.
Эл айтса эле чын чыгат,
Деп ичимден тынчылап,
Тирүү болду бекем деп,
Теримди коем чымчылап.
Күзгүгө барып карандым,
Чачы-башым тарандым.
Аман-эсен турганга,
Анан барып ынандым.
Ошентип келсем кеселдеп,
Кармап көрсөк бекен деп,
Шекшип жүрдү далайы,
Двойниги экен деп, - деп ырдаган Кукең жашып барып токтойт, аны Нуракең коштойт.
Нураке:
Карасам аман-эсенсиң,
Карылар кеби чын болсо,
Карганча жашайт экенсиң.
Байкасам аман-эсенсиң,
Бабалар кеби чын болсо,
Бир топ жыл жашайт экенсиң.
Ээ, муну мындай таштайлы,
Эл чарбасы деген бар,
Эми ошондон баштайлы.
Манас атаң бербеген,
Мааникер күлүк тердеген,
Маанилүү жерди алалбай,
Мазги оору болуп келди элем.
Богун да жатка бербеген,
Бокмурун бабаң жердеген,
Борумдуу жерге сук артып,
Боз ала болуп келди элем.
Көкө теңир теңдеген,
Көкөтөй бабаң жердеген,
Кесимин да кезинде,
Көкчө атама бербеген.
Каркыраны кайраным,
Канжыгама байладың.
Орошон жерди сугунтуп,
Оозумду майладың.
Казакка бүгүн сен келдиң,
Кабыргам сага ыраазы,
Кан кудам бербес жер бердиң.
Астанам аттап сен келдиң,
Азат боюм ыраазы,
Акаев бербес жер бердиң.
Балбайдын жерин маа бердиң,
Балпайган иним маладес,
Баарынан сага баа бердим.
Боронбай журтун маа бердиң,
Борумдуу иним маладес,
Болжолсуз сага баа бердим.
Кыртышын кыя сатса да,
Кың этип койбос берешен,
Кыргыз да кыйын эл экен.
Өзүңдөй болуп жеримди,
Короткон болсом карыштап,
Казактар кокомду жулуп алышмак.
Ысыката, Таластан,
Ызы-чуу түшүп талашкан.
Ыроолопсуң жерлерди,
Ыраазы болсун жараткан.
Төрт пансионат берипсиң,
Аныңды да алайын.
Анклав кылып салайын.
Арадан жылдар өткөн соң,
Автономия берээрсиң,
Ак калпак кыргыз агайын, - деп Нуракең өлөңүнүн аягына жетип, ага Кукең аябай шерденип кетип,
Курманбек:
Канатташ турган казактын,
Кыргызы бар багы бар.
Кызыксаңыз кыргызда,
Кыйла жерлер дагы бар.
Кыйнамыш болуп койсоңуз,
Бир айласы табылар.
Буудай берип, ун берип,
Бурдатып бир топ пул берип,
Турсаңыз биз да турабыз,
Тамеки бакчу кул берип,- деп Кукең ырын бүтүп, туруп калат Нуракеден жооп күтүп.
Нураке:
Улуу журтуң ар качан,
Аман болсун тууганым.
Ушуну менен соодабыз,
Тамам болсун тууганым.
Марттыкты сага көп берген,
Мактайын теңир, кудайды.
Берешен жаның бар экен,
Бербестен киши сурайбы.
Эмики жолку айтышта,
ГЭСтерден кепти улайлы.

Эки президенттин
тамаша-айтышка салган
Кубат АРАЛ




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
- Мен жети жыл бою арак ичпей, тамеки чекпей, кыздарга барбай жашоо өткөздүм…
- Анан эмне болду?
- Ошентип, жети жылдан кийин мектепке, 1-класска кирдим.

Алыскы райондордун биринде жашаган дүжүр чал кемпирине айтат дейт:
- Айланайын Алийман, жаман айтпай жакшы жок, кокус экөөбүздүн бирөөбүз кайтыш болуп кетсек, мен Бишкеке көчүп кетейин деп чечтим…

Нарын Айып "Кабардын"
башчысы болду
"Кабар" улуттук маалымат агенттигинин башчысы кызматтан бошотулганын Өкмөт үйүндөгү булактарга таянуу менен "24.kg" агенттиги жазып чыкты. Ал бул агенттикти акыркы эки жылда жетектеп келген. Акыркы эки жылдан бери "Кабар" оперативдүүлүгү, объективдүүлүгү жагынан катуу уттуруп, маалымат булагы катары баалуулугун жоготуп бараткан. Эми Нарын Айып оңдойт деген үмүт чоң.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!