Коомдук-саясый гезит
№26, 22.04.08-ж.






  Жума собол

Айкөл "Шрек" оппозицияга муштум түйдү
Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин бейнесине сүртүмдөр
Элмурза Сатыбалдиевди саясий чөйрөдө "Шрек" деп тергегендер бар. Бир чети бул ат ага айкөл, ак көңүл образ берип турат. Аны жакындан билгендер чындап эле ак көңүл, жайдары мүнөзү бар деп калышат. Мультфильмдеги бул образды бөбөктөр ак көңүлдүгү, кенебестиги, кенендиги, ошол эле учурда чоң муштумдугу үчүн жакшы көрүшөт эмеспи. Элмурза Сатыбалдиев айрым бир маектеринде кай бир иштерди муштум менен чечкенди туура көрөрүн айтканы бар. Баса, ал кечээ оппозицияга да муштумун көрсөттү. "Жөн жүргүлө" деп эскертүү берди.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, Коомдук парламенттин спикери:
-Башкы прокурор болгонго чейин аны билчү эмес экенмин. Бир караганда бул жигит жаш, жигердүү сыяктуу туюлат. Бирок, кээде адыраңдап сүйлөп жиберет. Мыйзамчы кызматкер так сүйлөп, абийирдүү иштеши керек, туурабы? Кайсы бир маектеринде мен муштум менен болсо да, коргоп алам дегендей сөздөрү адамды ыңгайсыз абалга калтырат. Аксы маселесин чечем деди. Чечпейби? Мунун артында ыйман парасаты деген ыйык журт бар да. Ушуну эске алса.
Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу:
-Бакиевдин гана оозун караган киши да. Саясат деген прокурордун иши эмес. Бул болсо элдин оозун басам деп, оппозицияга эскертүү берип атат. Прокурор болгудай шансы жок болчу, бирок өйдө жакка жагат экен. Ошолордун табитиндеги адам экен, эмне кыл дейсиңер?!
Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси:
- Ал кишинин ишмердүүлүгүнө ортодон төмөн баа берсе болот. 1,5 жыл ичинде бир топ мыйзам бузууларга барды. Өз кесибинин профессионалы деп айта албайм. Ал тууганчылык, таанышчылык аркылуу эле бул кызматка келди. Эгер ал өсөм деген ою бар болсо билимин, интеллектин жогорулатышы керек. Бир кландын кызыкчылыгын көздөбөй, элдин кызыкчылыгы үчүн бир аз иштеп койсо жакшы болот эле.
Азиза АБДРАСУЛОВА, укук коргоочу:
- Мыйзамдарды көзөмөлдөө генпрокуратуранын колунда болуш керек. Бизде мыйзамдар жакшы аткарылбай жатпайбы. Элмурза Сатыбалдиев Аксы окуясы боюнча ишти анча-мынча жылдырымыш болуп атканы менен эч ким жоопко тартыла элек. Генпрокурор деген мамлекеттик кызматтагыларды да көзөмөлдөш керек. Биз ошол деңгээлге көтөрүлө албай жатпайбызбы?!
Султан УРМАНАЕВ, ЖКнын экс-депутаты:
- Ал мага эч бир илинчеги жок эле кылмыш ишин ачпады беле?! Мыйзамды уруп да койбой, өйдө жактын кызматын аткарганын быйыл Аксыга барганда бүтүн эл айтпадыбы. Дегеле Генпрокуратурага терең реформа жасалмайын Сатыбалдиевдердин далайы бул олуттуу кызмат ордунда бийликтин камчысын чаба берет.
Ырысбек ӨМҮРЗАКОВ, "Трибуна" эркин гезитинин башкы редактору:
- Элмурза Сатыбалдиев белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиевдин биртууган кайниси экенин билем. Ал эми ишмердүүлүгүнө келсем, Азимбек Бекназаровго караганда билими жетиштүү болсо керек. Бирок азыр мыйзам боюнча кылмыш иштерин ИИМдин өзү эле тергеп жатпайбы. Башкы прокуратура мамлекеттик маанидеги кылмыш иштерине келгенде, орусча айтканда "моя хата с краю" сыяктуу позицияны тутунуп алды. Аксы маселесин, мисалы, Сатыбалдиев чече албайт. Ушуну менен эле көп нерсе түшүнүктүү болуп турбайбы. Башкы прокуратура азыр деле Акүйдүн жетегинде.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
-Эми ага пикир айтуу кыйын да. Мага эки кылмыш иши козголуп, анын кароосунда турат. Бирдеме десем балээ басат го.
Тайырбек САРПАШЕВ, экс-депутат:
-Ал келгени генпрокуратуранын айланасындагы ызы-чуулар тынчып эле калды. Негизи өзү көп сүйлөбөгөн, унчукпаган, бирок, көп иштеген адам экен. Менимче, азырынча анын артынан чубалтып айта турган деле сөздөр боло элек. Ал эми жанагы Аксы окуясы боюнча айтылып жүргөн ар кандай ушак сөздөр генпрокурордун колунан келе турган иш эмес. Эми ал бир кудайдын, анан тарыхтын сынында калды.
Дүйшөн ЧОТОНОВ, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
-Элмурза Сатыбалдиев жалаң үйбүлөнүн тапшырмасын аткарып отурган адам. Прокуратурага түздөн түз тиешелүү иштерди аткарбай эле, президентке сын айтып койгондорду куугунтуктап, ошолорду тазалаштын эле амалы менен отурат. Курултайдан кийинки оппозицияга эскертүүсү да буга далил.
Дилбар АЛИМОВА,
Күнболот МОМОКОНОВ




  Каркыра күйүтү

Кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток
Ошентип 17-18-апрелде президент К. Бакиев Астанага барып, кесиптеши Н. Назарбаев менен жолугушуп кайтты. Казак президенти төрт пансионатты өткөрүп бергени үчүн Кыргызстан тарапка ырахмат айтты. Ортодогу документтерге эки президент, тышкы иштер министрлери, транспорт министрлери кол коюшту (akipress.kg 08/04/08).
Жетишилген макулдашуулардын ичинен көңүлгө арзыганы - Н. Назарбаев кыргыз жарандарынын Казакстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрүшүнө уруксат берүүгө даяр экенин билдирди. Буга чейин ал 5 күн болчу. Экинчиден, Казакстан Жалалабаттагы мунай иштетүүчү заводго чийки мунайзат бере тургандыгы сүйлөшүлдү (www.kabar.kg 18/04/08). Албетте, казактар аны да базар баасында берет, ошол себептүү андан чыккан мунай продуктуларынын өздүк наркы, демек өтүмдүүлүгү кандай болоору азырынча белгисиз.
Үчүнчүдөн, Казакстан мурда сүйлөшүлгөн макулдашуу боюнча Кыргызстандын Мамматрезервине казактардан 50 миң тонна буудай келмек. Ал арада Казакстан буудайдын экспортуна тыюу салып койгон болчу. Ошол 50 миң тонна буудай Кыргызстанга ээн-эркин кирмек болду(www.kabar.kg 18/04/08). Бирок эми муну жетишкендик деп айтыш кыйын, анткени Кыргызстанга келе турган башка буудайга казакстандыктардын бөгөтү сакталып кала бермекчи. Айтмакчы, расмий Астана Кыргызстандан келген картөшкөнү "курт түшүп атат" деген негиз менен өз аймагына киргизүүгө бөгөт койду. Демек, бул кыргыз дыйкандары үчүн экспорттун дагы бир жолу буулду деген сөз.
Ушунун баарын жер тагдырына салыштыра келгенде, Кыргызстан анча деле утушка ээ болбогону көрүнүп турат. Сөз болуп жаткан жетишкендиктер Каркыра менен төрт пансионаттын шыйрагына да татыбайт. Кыргыз жетекчилигинин кылганы бир жеген ашы үчүн өзү жашаган үйүнүн бир бөлмөсүн айырбаштаганга барабар.
Ансыз деле эки өлкөнүн ортосундагы карым-катыштан коңшулар көбүрөөк утуп келатканы көрүнүп эле турат. Казак соодагерлери Токмоктогу мал базардан малды кымбат сатып кетип, Кыргызстанда эттин кымбатташына салым кошкону, казак банктары Кыргызстанда орчундуу орун ээлегени, казак жарандары Көл кылаасындагы майлуу-сүттүү жерлерди башка адамдарга каттатып коюп сатып алып атканы айтылып эле жүрөт. Кыргыз экономикасы Казакстандан транзит, эмгек миграциясы, айыл чарба өндүрүмдөрүн экспорттоо жагынан көз каранды.
Казакстандын кызыкканы - Кыргызстандын суу жана энергетика ресурстары. Бирок Казакстан Кыргызстандын суу-энергетика ресурстарын өнүктүрүүгө салым кошоору көп жолу айтылып келген болсо да, бул жолу ал жөнүндө эч кандай конкреттүү документке кол коюлган жок. Демек, же баасы бычыла элек, же сааты чыга элек. Эгерде баасы бычылып, иш бүтсө Кыргызстан менен Казакстандын жакында түзүлгөн мамлекет аралык кеңеши Борбор Азиядагы жаңы союзга негиз түзүшү мүмкүн. Союз деген менен, ал жерде Казакстан башкы ролду ойноп, Борбор Азия аймагына үстөмдүк жүргүзүү аракетин баштайт, Кыргызстан болсо анын чийкизат базасы жана энергетика булагы катары кызмат кылат. Казакстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн чыңдаганга, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чектегенге жол ачылат. Азырынча көзгө урунуп жаткан тенденция ушул.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ




  Укмуштуунун төөсү жорго

Бизди таң калтырбагандар
Депутат Исхак Масалиев
Кыргызстан коммунисттеринин жетекчиси Исхак Масалиев Кыргызстанда нааразылык акцияларынын убактысын жана ордун чектөөнү сунуш кылууда. Ал палатанын кароосуна киргизген мыйзам долбоорунда жергиликтүү администрацияларга жана ыйгарым укугу бар органдарга митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу укугун ыйгаруу каралган. Өкмөт Үйүнө, Жогорку Кеңешке, өкмөттүк резиденцияларга, кооптуу өндүрүш объектилерине, чоң жолдорго, сотторго, түрмөлөргө, аскер бөлүктөрүнө жакын жерде акция өткөрүүгө жол берилбейт. Мындан тышкары, нааразылык акциялары таңкы 9дан кечки 8ге чейин гана өткөрүлүшү керек, ал эми боз үй, чатыр тигүүгө тыюу салынмакчы.
Падышалык Россия өз учурунда ушундай чектөөлөрдү киргизсе, коммунисттер ийгиликке жетет беле? А. Акаевдин тушунда ушундай чектөөлөр бар беле? Болсо аны бузгандар да жооп беришеби?

Игорь Чудинов
18-апрелде Кыргызстандын өкмөт башчысы Агахан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Нуржехан Мавани менен жолугушууда бул тармакка кыргыз тилиндеги поэзия, проза жана жомоктор боюнча балдардын эң мыкты чыгармасына конкурс уюштурууга катышууга чакырды (www.kabar.kg 18/04/08). И. Чудиновдун айтымында, бул маселеде эл аралык уюмдардын жана кыргыз өкмөтүнүн ишин айкалыштыруу зарыл. Конкурстун жыйынтыгы боюнча анын жеңүүчүлөрүнүн чыгармаларынан альманах чыгарылмакчы. Мындай иштер албетте, кубандырат. Эми Кыргызстандын мамлекеттик тилин үйрөнүп атам деген азыркы премьер-министр өкмөт жыйындарын кыргызча алып бара баштаса андан да жакшы болот эле.

Марат Кайыпов
"Эркинтоо" гезитиндеги маегинде адилет министри Марат Кайыпов Кыргызстан бир нече аял алган эркектерди кылмыш жазасына тарткан дүйнөдөгү жападан-жалгыз өлкө экендигине көңүл бурган (www.24.kg 18/04/08). Анын айтымында, көп аял алууда эч кандай кылмыш жок, анын үстүнө жаза мөөнөтүн өтөп келгенден кийин деле кайра ошол аялдарына кайтып келет имиш. "Алар жөн эле бай эмес, ден соолугу чың, балдары да дени сак болот. Эмне үчүн дени соо кишилерден тукум калбай, жалаң аракечтерден гана тукум калыш керек?" деген маселе коет ал.
Министр ошону менен катар башка улуттагылардын өкүлдөрүнө турмушка чыгып кетип жаткан кыргыз кыздарынын да маселесин койгон. Анын айтымында, көптөгөн кыргыз кыздары башка мамлекеттин жарандарына, айрыкча кытайларга турмушка чыгып, башка өлкөнүн жарандыгын алып кетип жатышат. Кайыповдун айтканына ишенсек, андайлар бир райондун калкына барабар экен.




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
Жээкте бака бутун сууга салып отурат. Сүзүп бараткан крокодил баканы жегиси келип ою бузулат. Баканы сөзгө тартмак болуп:
- Суу кандай экен, жылуубу?
Анда бака:
- Мен бул жерде сага термометр эмес, сулуу ургаачы катары отурам! - дептир.

- Балдар, мектепке келемишти ким алып келди эле?!
- Ал келемиш эмес, австралиялык такса деген ит!
- Такса-максаңды билбейм - мышык жеп кеттиби, демек, келемиш!

Оппозиция эскертүү алды
Прокуратура оппозициянын анабашы болгон алтооно- Ө. Текебаевге, Т. Сариевге, А. Жекшенкуловго, А. Бекназаровго, А. Эркебаевге жана М. Чолпонбаевге эскертүү берди. Аны кечээ шаар прокурору А. Турганбаев колдоруна тапшырып кетти. Прокуратуранын пикиринде, 12-апрелдеги курултайда оппозиция бийликке сын айтып, тартип бузуп коюптур. Экинчи андай кылсаңар, жоопко тартыласыңар деп эскертти. Прокуратура ошентип жөн жүрбөсөңөр, бирди көрөсүңөр деп сөөмөй кезеди.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!