Коомдук-саясый гезит
№26, 22.04.08-ж.






 "Df" факты

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ишкерлерди текшерүү тууралуу былтыр 3-июлда чыккан президенттин жарлыгын бузгандыгы үчүн 70тен ашуун мамлекеттик кызматкер кызмат жоопкерчилигине тартылган.

  Күн жебе

К. Бакиев "акжолчуларды" чогултат
"Ак жол" партиясынын биринчи съезди 29-апрелге белгиленди. "Ак жол" партиясы катарыбызда 100 миң кыргызстандык бар деп мактанууда. Бирок аталган партияга жалаң бюджеттик мекемедегилер күчтөп тизмеленгенин айтышпайт. Эл аралык тажрыйбада партиялар канчалаган съезддери болуп, орчундуу иштерди жасагандан кийин бийликке келет. "Ак жол" партиясы болсо Жогорку Кеңешти басып алгандан кийин биринчи съездин өткөрүп атканына уялып атабы же жокпу?




  Чыгыш экзотикасы

Кыргызстанда кальян тартуу модага айланууда
Кальян - бул Чыгыш өлкөлөрүнүн фольклорунун бир бөлүгү болуп саналат. Азыркы убакта кальян тартуу бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да модага айланды. Мындан үч жыл мурда Бишкекте "Рандеву" жана "Колизей" деген эки гана кафеде бар болчу, азыр болсо кафелердин көпчүлүгүндө бар. Анын баасы 200 сомдон 500 сомго чейин. Бир кальянды 4-5 киши ортого коюп алып тартса деле болот. Ар бирине өзүнчө соро турган "упчусун" беришет. Бишкектин кафелериндеги кальяндарда алма, алча, клубника мөмө-жемиштеринин даамы менен жыпар чөптөрдүн даамдары сунуш кылынат. Андан сырткары кальянды кадимки эле тамекини тартуучу аспап катары да пайдаланышат.
Кээ бир кардарлар апийимдин да майдаланган бүртүктөрүн жашырып алып келип, тартып аткан кальянга
кошуп алышат экен.

1 кальян = 100 тамеки
Кальяндын зыяны бар же жок экени азыркыга чейин талашка түшүп келе жатат. Тамекиге караганда зыяны көбүрөөк деген пикирлер да бар. "Жок, кальянда жыпар жыттарды эле тартасың, же тамеки болгон күндө да ал суу аркылуу тазаланып өтөт да, зыяны жок" деп талашкандар да бар. Денсоолук боюнча Бүткүл дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, бир саат кальян тартуу 100 тамекиге барабар экени айтылат. Тамекини таштай албай жүргөндөр кальян тартуу менен да ташташат экен.

Кальяндын түзүлүшү:
Колба
Кальяндын ылдыйкы бөлүгү ушундай аталат. Ага суюктук куюлат, түтүн ошол суюктук аркылуу өтүп муздайт жана тазаланат. Колба сынып калбай турган жана кооз болуш керек. Хрусталдан, айнектен жана металлдан жасалган түрлөрү бар. Колбада канча суу бар экенин карап туруу керек, ошон үчүн металлдан жасалгандан көрө айнектен жасалганы көбүрөөк колдонулат. Айнек колбага караганда хрусталдан жасалган колба бышыгыраак болот.
Шахта
Шахта - бул, мындайча айтканда, кальяндын моюну. Түтүн колбадан келип дал ушул шахта аркылуу өтөт. Шахта канчалык узун болсо түтүн ошончолук жакшы муздап, тазаланып барат. Көбүнчө ал латундан же дагы башка металлдан жасалат, калыңдыгы 3 милиметрден кем болбош керек.
Шланг
Шлангдын диаметри чоң болгон жакшы. Анткени, диаметр канчалык чоң болсо, аны соруу ошончолук жеңил болот.
Чөйчөкчө
Тамеки же ар кандай жыпар жыттуу чөптөрдү сала турган орун. Ал чуңкур болуш керек. Чөйчөкчө негизи чоподон жасалчу. Азыркы убакта болсо ар кандай кооз материалдардан жасалып жатат.
Табак
Табакта ар дайым чок туруш керек. Чокко айланган көмүрдү атайын кичинекей темирлер менен четинен көсөп, температураны бирдей кармап турушат.
Дилбар АЛИМОВА




  Кальян тартып көрдүңүз беле?

Турсунбай БАКИР
уулу, экс-Акыйкатчы:
- Чет өлкөлөрдө, эгер ал мусулман өлкөсү болсо, алманын, өрүктүн, алчанын, дагы башка мөмө-жемиштердин кактарын кальянга салып алып тартышат. Ал эми христиан өлкөлөрүндө наркотикалык заттарды аралаштырып чегишет. Мен Иранга барганымда мөмө-жемиштердин кагы салынган кальянды тартып көргөм. Бирок мага даамы жаккан эмес. Ошондон кийин тарткан жокмун. Азыр эми карасаңар, кафелерде көбү кутургандар, бузулгандар кальян тартып жатышат.

Болот ТЕНТИМИШОВ, актер:
- Негизи кальяндын мекени - Персия өлкөсү. Ошол жактан башка өлкөлөргө да тарап, азыр бизде да пайда болуптур. Бардык эле чыгыш өлкөлөрүндө конокторду кальян менен сыйлашат. Персияга барганымда мага дагы сунушташкан. Бирок, мен тартпай койгом.

Тынчтыкбек КОЖОБЕКОВ,
"Миң-Кыял FM"
радиосунун продюсери:
- Түркияга барганымда биринчи жолу тартып көргөм. Ал жакта ар бир эле кафеде бар экен. Жаман деле эмес экен, жыпар даамдуу болот. Тамекиден жакшыбы же жокпу айта албайм, анткени мен тамеки тартпайм да. Бирок, мага көп деле жаккан жок. Ошондон кийин тарткан жокмун.




  Үч тапан

Эл ичи-анекдот кенчи
Бир киши тоту куш сатып алам деп куш базарга келет.
- Тоту кушуң сүйлөйбү? - деп сатуучудан сурайт.
- Сүйлөйт. Кана, сүйлөп койчу бул кишиге.
Тоту куш такыр сүйлөбөй коет. Жалынса да сүйлөбөйт.
- Сүйлөбөгөн тоту куш турбайбы, - дейт кардар.
Ачуусу келген тоту куш:
- Эй киши, сен дедукция жана индукция методун билесиңби?
- Андай сөздөрдү биринчи жолу угуп атам, - дейт кардар таң калып.
- Анан сендей келесоо менен эмнени сүйлөшмөк элем, айтчы?! - дептир тоту куш.

Расмий документтерди жасаган
12 адам СИЗОдо жатат
Расмий документтерди жасаган 12 адам камакка алынган. Азыр алар УККнын СИЗОсунда жатышат. Алардын ичинде Ички иштер министрлигинин паспорттук системасында иштеген жогорку кызматтагылар да бар. Буга чейин документтерди жасаган атайын топ кармалганы кабарланган эле. УККнын маалыматына караганда, Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр тааныштары аркылуу жасалма метрика, аскер билетин, ID-карта же паспортторду алышкан. Бул кылмыштуу топтун колунда сот органдарынын, башпрокуратуранын мөөрлөрү, каттоого тургузуучу жана чыгаруучу штамптар болгон.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!