Коомдук-саясый гезит
№24, 17.04.08-ж.






  Укуругум долоно

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
"Акжолчулар" жабык эшик артында энергетиканын тагдырын чечип атышат"
-Кечээ "Ак жол" партиясынан шайланган депутаттар чогулуп, Жогорку Кеңеште фракциянын жыйынын өткөрүштү. Анда үч маселе каралды. Биринчиси, электр энергиясын менчиктештирүү маселеси. Бул боюнча депутат Данилов "энергетика товар катары каралыш керек" деди. Эгерде электр энергиясын товар катары карап, болбогон акчага сатышса, анда элдин эртеңкиси эмне болот. Булар карапайым элдин кызыкчылыгын ойлобостон, коррупцияны өркүндөтүп атышат. Жыйындын башында Чолпон Баекова төрагалык кылып, биздин киргенибизди көрүп, учурашып, жыйынга катышып атканыбызга каршылык көрсөтпөй эле олтурган. Аңгыча Элмира Ибраимова келип танапис жарыялап, чогулуштун экинчи бөлүгү жабык өтөт деп биздин кетүүбүздү өтүндү. Биз себебин сурап, мыйзам бузбаганыбызды айтсак, милициялар менен келип, кадимкидей кубалап чыгышты. Андан аркысы эмне болгонун билалган жокпуз.
-Жабык өткөзүүнүн себеби эмнеде деп ойлойсуз?
-Мурда электр энергиясын коргоп турган атайын мыйзам бар болчу. Булардын максаты ошол мыйзамды жокко чыгаруу. Ал мыйзам жокко чыккандан кийин биздин электр энергиябыз сатылып, карызга берилип же залогдо калышы ыктымал. Анан аны алгандар бизге электр жарыгын кандай шартта берет. Азыр бир-эки саат өчүрсө, балким, кийин бир-эки саатка гана жарык берет. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. "Акжолчулар" муну ойлогон жок. Жоопкерчилик дегенди билбей эле эптеп мыйзамды жоюуну көздөп атышпайбы. Эч кимди киргизбей чогулуш жасаганы да ушундан. Биз менчиктештирүүгө каршы эмеспиз. Болгону элдин мүдөөсүн ойлоп, жыйынды ич ара талкуулабай, ошо элдин алдында ачык айтышсын.
-Сиздер өз сунуштарыңарды айттыңыздарбы, эмне кылса болот?
-Биз сунуштарыбызды айттык. Электр энергиясын менчиктештирбей эле Россияныкындай кылып, акчасын төлөбөгөндөрдүн мүлкүн алып коюуну айтканбыз. Ага көнүшпөдү. Бакиев мырза болсо бары жакшынакай иштеп атат дегени менен чынында электр энергиясынын ичиндеги айрым майда жерлери сатылып, менчикке өтүп кеткен. Электр энергиясы банкрот болду дейт. Ага бөлүнгөн 300млн. акча кайда кеткени белгисиз. Согуш жылдарында банкрот болбогон электр кантип ушундай заманда түгөнүп калсын? Булар элдин байлыгын жеп, кылмыштуу саясат жүргүзүп атышат.




Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
Президент "акжолчуларды"
энергетиканы сатыш үчүн алып келди"
-"Акжолчулардын" фракциясында энергетика боюнча улуттук программа жана стратегиялык обьект жөнүндө мыйзамды жоюу маселеси каралып атат. Буга бизди катыштырбай коюшту. Эмнеге "акжолчулар" эл менен иштешкиси келбейт? Бизди өзгөчө статус берилген стратегиялык объекттеги Токтогул каскадынын тагдыры кооптондурат бизди. Токтогул каскадына жалпы беш ГЭС, түштүк менен түндүктүн ортосундагы тартылган электр линиялары кирет. Буга чейин Токтогул каскады мыйзам менен корголуп, сатылууга, менчикке өткөрүүгө же күрөөгө коюуга тыюу салынып келген. Эми ошо мыйзамды жок кылабыз деп аракет кылып атышат. Ал мыйзам жоюлса Жогорку Кеңештин ратификациясы жок эле менчикке өтүп же тышкы карыздарга берилип кетиши мүмкүн. Азыркы парламентте керек болсо мөңгүлөрдү, токойлорду, сууларды ж. б. жаратылыш ресурстарын жеке колго сатууга жол ачкан мыйзам долбоору даярдалууда. Демек, электр энергиясынан кийин мына ошолорду соодалаганга өтөт экенбиз да. Буларда Кыргызстанды таламай максаты пайда болуп атат. "Ак жол" партиясы кыргыз элинин кызыкчылыктарына каршы иштеп жатат.
-Демек, энергетиканы сатууга жол бербей, кармап келген мыйзамды жоготууга аракет башталыптыр да?
-Ооба, оболу ушул мыйзамды жоготуш керек болуп атат. 2006-жылы ушул мыйзамды жок кылуу мурдагы парламентте каралып, бирок депутаттар макул болбой койгон. Анан буларга тил алган, айтканын оюндагысындай аткарган парламент керек болгон. Анан шашылыш шайлоо өткөрүп, президент өзүнүн кызыкчылыгын коргой турган "акжолчуларды" алып келди. Менимче, энергетика тармагын сатуу деле мурдатан пландалган болушу керек. Ошондуктан булар ойлонбостон Акүйдүн буйругун аткарыш керек болуп атат. "Акжолчуларда" азыр көкүрөктө эл тууралуу ой болбошу керек, булар президенттин гана буйругун аткарганы келген желдеттер.
Бурул МУСАБЕКОВА




Президенту
Кыргызской Республики
Бакиеву К.С.
ОБРАЩЕНИЕ
Уважаемый Курманбек Салиевич!
В газете "Де факто" 3 апреля 2008 года опубликована статья "Китепканага көз арткандар кимдер?". Она о ситуации, сложившейся вокруг Общественного фонда "Библиотека Первого президента Кыргызской Республики". Как нам известно, Библиотека предназначена была стать национальным центром истории становления и развития кыргызской государственности, центром интеллектуального и духовного обогащения нашего народа. И вдруг из статьи мы узнаем, что этот уникальный проект на стадии уничтожения!
Мы обращаемся к Вам, Курманбек Салиевич, как главе государства - гаранту Конституции Кыргызской Республики, помочь сохранить этот будущий очаг культуры и истории, науки и образования, прекратить противозаконные действия, творимые Генпрокуратурой.
Вот уже в течение трех лет после событий 24-марта 2005 года с ее стороны не прекращаются необоснованные нападки на Общественный фонд. С большим трудом собранный архивный, документальный, книжный, музейный фонд опечатан. Претензии прокуратуры, что здание библиотеки построено якобы на бюджетные средства не имеют никаких оснований. Полученные Общественным фондом на основе договора дарения два строения, были отреставрированы им на привлеченные спонсорские средства и добровольные взносы. Еще в 2005 году после долгого разбирательства уголовное дело по этому вопросу было прекращено, а в 2007 году безосновательно возобновлено. В нарушение действующего законодательства, по иску Генпрокуратуры этот же вопрос одновременно рассматривался во всех судебных инстанциях в гражданском порядке.
Эта длительная судебная тяжба имеет единственную цель - отобрать здание Общественного фонда. Прокуратура и суды уже в третьем круге, рассматривая вопрос собственности, не учитывают одного: библиотека - собственность Общественного фонда, она предназначена для блага народа. Мы глубоко убеждены - Библиотека, несмотря на мелкие прокурорские уловки и препоны, должна работать, сохранить и преумножать свою миссию и предназначение - сбор, хранение и предоставление общественности всех библиографических и исторических материалов, обучение молодежи современным информационно-коммуникационным технологиям и др.

Уважаемый господин Президент!
Сколько угодно можно белое называть черным, а черное белым. Можно не признавать заслуг отдельно взятого человека, но нельзя не признать Истории, в которой народ Кыргызстана прожил 17 лет своей независимости. Нет необходимости приукрашивать реальность. Были за эти годы успехи и недостатки, взлеты и падения. И самые сложные первые 15 лет становления страны связаны были как с именем Аскара Акаева, так и с теми, кто стоял у руля государственной власти рядом с ним. Именно в эти годы Кыргызстан стал суверенным государством и занял свое достойное место в мировом сообществе. Именно в эти годы наш мудрый и сплоченный народу уберег нашу страну от гражданского противостояния и возможного кровопролития. И Вы как политик понимаете это лучше, чем кто-либо другой.
В этой связи сохранение Библиотеки, продолжение работы по созданию историко-научного центра крайне необходимо. Какими будут страницы истории нашей независимой и суверенной страны сегодня - зависит от Вас. Будут ли это справедливые страницы истории или те, которые впоследствии будут переписаны из-за неправдивости, тоже сегодня в Вашей власти.
В этой истории будет и Ваше имя - и как оно будет записано зависит от того, какой след Вы оставите в истории Кыргызстана. Но это непременно будет след, по которому наши дети будут судить о мудрости власти или её недальновидности, потому как Историю пишет время, и складывается она из реальных поступков.
Уважаемый Курманбек Салиевич! Мы обращаемся к Вам, как к последней инстанции в нашем государстве, способной навести порядок в правовом беспределе, творимом отдельными государственными органами и чиновниками!
Помогите остановить необоснованное посягательство на имущество Библиотеки, прекратить неприкрытый передел собственности в пользу отдельных чиновников.
Позвольте верить в справедливость судебной системы и её независимость!
Для этого требуется лишь Ваша политическая воля и признание необходимости сохранения истории Кыргызстана в лицах и личностях. Какой бы эта история не была - она наша - история независимого Кыргызстана, в которой 15 лет был Аскар Акаев и последние три года - Вы. А потому, сохранение Библиотеки имени Первого Президента Кыргызстана это не частный проект. Это проект национальный, государственный и исторический. Его ценность в свое время докажет История. Вам же необходимо помочь сохранить его, как важный для всех, кому дорога страна - с её прошлым, настоящим и будущим, с её статусом суверенности, с её независимостью, где институт Президентства - символ государственной власти.
С уважением,
К.Сартбаева, Т. Уметалиева, М.Тентимишев, А.Орузбаева и др. деятели культуры, образования и науки




  Үч тапан

Флориданын тургуну интернеттен
Кыргызстандын аскер
техникасын саткан
Флориданын жашоочусу Интернет аркылуу Кыргызстандын аскер техникасын сатып бизнес кыла баштаган. "Новое русское слово" гезити жазып чыкканга караганда, Флорида федералдык бийлиги штаттын жашоочусуна согуштук авиацияны мыйзамсыз саткан деген күнөө койгон. 70 жаштагы Питер Спитц Зимбабвеге 750 миң доллардан10 вертолет сатуу боюнча келишим түзүп койгонун полиция тастыктайт. Тергөөчүлөрдүн айтымында, америкалык Питер баары болуп 40 аскер техникасын сатканы даярданып аткан. Ал техникалардын ичинде Советтер Союзу жасап, СССР кулагандан кийин Кыргызстанда калган вертолет, реактивдүү истребителдер да бар деп айтылат гезиттин материалында.

Эл ичи-анекдот кенчи
Жээкте балыкчылар балык уулап отурушат. Өтүп бараткан бекерпоз:
- Арагыңар барбы, балыкчылар?
- Арак жок!
Жарым сааттан кийин жанагы бекерпоз:
- Балыкчылар, мына арагыңар.

Жаз. Тегеректин баарын суу каптап атат. Кичинекей аралчада ит менен коен жардам күтүп отурат. Аңгыча алыстан кайык көрүнөт.
- Ур-ра! Буюрса, өлбөйбүз! Мазай ата
келатат! - деп кыйкырат коенек.
Кайыкты көпкө тиктеген ит бир маалда үшкүрүнөт:
- Жок, коенум, ал Мазай ата эмес, ал Герасим!












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!