Президент Курманбек Бакиев бүгүн Астанага жөнөп кетти. Маанайы жакшы узады. Казак президенти бир нече жылдан бери күтүп аткан Каркыра жана башка талаш жерлердин тагдыры чечилди. Ал аз келгенсип казак туугандар догурунуп талашып аткан төрт пансионат да "белекке" кетти. Бул эс алуу жайларын Казакстандын менчигине акысыз бергенге милдеттүү эмес болчубуз. СССР министрлер советинин мыйзамдык актылары боюнча бул курорттук объектилер Кыргызстандын балансына жана карамагына эчак берилген. Кыргызстан совет ыдыраган кезде, мындан туура 16 жыл мурда, казак бийлиги койгон мындай доону дароо четке каккан. 1992-жылы 9-октябрда КМШ президенттери "Менчик укуктарды өз ара таануу жана аларды жөнгө салуу жөнүндө" келишимге кол коюшкан. Ушул келишимде Казакстан пайдаланып турган курорттук объектилерди сураган. Бирок келишимге кол коюп атып ошол беренени кыргыз тарап чыгарып таштап, мындай милдетти моюнга албай койгон. Ошондо Казакстан унчуга алган эмес. Бирок азыр жамандын сырын коңшусу билет болуп, каржалып карызга белчесинен батып турган өлкөнүн мойнуна минип алды. Казакстан байларына жана бизнесмендерине таянып, Кыргызстанды кокодон алууда. Нурсултан Назарбаев өзү китебинде жазган Модэ жана Дун-ху тууралуу икаяны турмушка ашыргысы келип атат. Бирок биздин бийлик жерди саталы деп кеңеш бергендердин башын албайт, тескерисинче кубаттайт. Биздин бийликтин философиясы-сатуу, сатуу, сатуу жана сатуу. Өлкөдө азыр өтө чоң масштабдагы прихватизациянын доору кирип келатат.

  Азыркынын кошогу

Кош, Каркыра!
Мандатын бекер тапкандар,
Манчыркап шекер таткандар,
Мансабың чыксын көзүңдөн
Манастын жерин саткандар.

Там-ташын бекер тапкандар,
Тойота минип чапкандар,
Кылымда урпак кечирбейт
Кыргыздын жерин саткандар.

Адашкан жолдо "Ак жолдор",
Ажого жаккан сак колдор
Көрбөгөн күндү эртеңки
Көөдөнү сокур, таш боорлор.

Жарды экен акыл оюңар,
Жарлуу экен басар жолуңар.
Бабаңдын жерин бергенге,
Барды экен кантип колуңар.

Казактын кара шоктугун,
Кан Кошой кара жоктугун.
Жонунан кайыш тилмек ээ
Жок десе болсо Бокмурун.

Көрсөтүп жатса куулукту,
Көлдүктөр уктайт, дудукпу?
Нур жааган кыргыз журтунан,
Нурсултан эмне улукпу?

Бакиевдин заманы,
Балыкчынын шамалы.
Алтын болуп баратыр,
Акаевдин карааны.

Курманбектин заманы,
Куу-шумдуктун амалы.
Кыл жута берсек коңшу деп,
Кыргыздын жери калабы?

Аз колдун канча аргасы,
"Ак жолдун" канча пайдасы?
Казыркы "акжолчуларың",
Кылымдын кара тамгасы.

Теледен биздин бек айтты,
Тирилип келип эми айтты.
Тиктебей өчкөн жарыкты,
Тергиле тезек деп айтты.

Техника өскөн заманды,
Тезекке теңеш жаманбы?
Кырк тогуз жылга дегендер,
Кул кылат катын-балаңды.

Көрүнүп Данчик, мальчиктер,
Көчөдө жүрөт гүл тигип.
Көрктөнмөк калаа өзү эле,
Көңүлгө турса күн тийип.

Кыраңда гүлү аңкыган,
Кош эми, жайлоо Каркырам.
Балыктар барда Көк үйдө,
Баралбайм сенин артыңан.

Жекебек Журтов








Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!