Коомдук-саясый гезит
№24, 15.04.08-ж.






  Зөөкүр заман

Чоң муштум бомж
Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде Жаш Гвардия бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги №8 мектептин жанындагы люктун ичинен 35-40 жаштагы азиат улутундагы жигиттин өлүгү табылган. Тыкыр изилдөөнүн аркасында көп узабай шордуу жигитти ким өлтүргөндүгү анык болду.
Өлкөбүздөгү жашоонун кыйынчылыгынан алты саны соо жигиттердин үй-жай күткөнгө чамасы келбей, көчөдө тентип-темселеп жүргөндөрү адамдын зээнин кейитпей койбойт. Жашоого болгон эч кызыкчылыгы жок, курсагы тойгонуна ыраазы болгон бомждор өкүртө арак ичип, жинди сууга жиниккенде адам оюна келбеген кылмыштарга барышат.Ошондой таш тагдырга тушуккандын бири-Берди уулу Нургазы. 28 жаштагы Нургазы-Алайдын Гүлчө айылынын кулуну. Сегиз бир туугандын кичүүсү. Ата-энесинин көзү өтүп кеткенине көп болгон. Орто мектепти тогузунчу класска чейин окуган. Андан кийин жумушсуз жүрдү. Айылда жумуштун жоктугунан башка жаштар сыяктуу эле ал да Бишкекке бакыт издеп үстүбүздөгү жылдын февраль айында келген. Бишкекте жашаган туугандары жок, батирге баш пааналайын десе жанында жарты тыйыны болбогондуктан бомждорго кошулуп алып көчөдө жашачу. Күнүмдүк нанын таап жеш үчүн кээде жалданма жумуштарга чыга калчу. Керели-кечке кезерип тапканы күнүмдүк нанына араң жеткендиктен, көбүрөөк акча табууну көздөп Казакстанга барып иштеп келүүнү ойлойт. А жерде жумушу жоктун баары Казакстандан жакшы акча табышаарын саймедирешкенин угуп калчу да. Өзү сыяктуу көчөдө жүргөн жумушсуз балдар менен кошулуп март айында Казакстанга барып 12 күн иштеп келген. Бара калса эле акчаны самандай сапырып келебиз деген тилектери орундалбай, төртөөлөп болгону 2 миң сом акча табышкан.
7-апрель күнү эки миң сомду чөнтөккө түйгөн төртөө алгач Токмокко келишип, тапкан акчаларынын жарымына кийинишет да, "кийген киймибизди майлайлы" деген шылтоо менен атың өчкөн аракты ортого коюшуп, оо бир топтон кийин кызып алган немелер өздөрүнчө эки жакка бөлүнүп кетишет. Арактын ачуусу тарагандан кийин эсине келген Нургазы досторун таппай калат. Чөнтөгүн сыйпаласа бир да тыйын акчасы жок, курсак курулдайт. Бөтөлкөлөш, тагдырлаш досторун издемекчи болуп 7-апрелде түнү менен Бишкекке келип, бомждор чогула калчу Некрасов менен Кулиев көчөсүнүн кесилишиндеги ит базарга келет. Ит базардын жанында жайгашкан комокторго барып, ошол жакта жүргөн бомждордон досторун сураштырат. Алар досторун көргөндүгүн айтышат. Ошол жерден өзү менен Казакстанга чогуу барып, Токмоктон чогуу арак ичип олтуруп кетип калган бир досуна жолугат. Нургазы аны көргөндө "Силер эмнеге качып кеттиңер, акчанын баарын алып кетип" деп таарынычын төгөт. Мындай шылтоо табылбай турганб,ы тигиниси да "Менде акча калган, олтуруп ичпейлиби" деп, кайрадан азгырык арактын бийлигине баш ийишет. Жарытылуу тамак ичип, жыргатып ак шейшепке жатып, буту-колду кере чойгонду көптөн бери көрбөгөн немелер бат эле кызуулукка алдырышат. Нургазы түнү менен уктабай Токмоктон Бишкекке келип абдан чарчаган эле. Жанындагы досу да чарчаган окшойт, "жүр барып уктайлы" деп экөө бомждор жашаган №8 мектептин жанындагы люкка барышат. Эртең мененки саат он болуп калган. Люктун ичине киришсе бир бомж уктап жаткан болот. Нургазынын жанындагы досу уктайм деп, уктап жаткан бомждун жанына жатып таттуу уйкуга кетет. "Сен уктасаң уктай бер, мен уктабайм" деп Нургазы сыртка чыгып, бомждор чогулуп алып арак иче турган жерге барып, дагы арак ичет. Канча саат өткөнү белгисиз, оолжуп кайра люкка кирип, уктап жаткан досун ойготот. Ал турбайм деп ордунан козголбой коет. Досунун жанында уйкуда жаткан бала уйкусун бузуп жатканга жини келдиби "Жөн уктатасыңбы же уктатпайсыңбы" деп Нургазыга кыйкырат. Жинди суунун касиети менен урушаарга тоо таппай турган Нургазы "Сен эмне деп келжиреп жатасың" деп тиги баланы жаткан жеринен жини тарагыча сабайт. Экөөнүн урушуп атканына маани бербей, арачылап койгонго да жарабай досу уктай берет. Ызы-чууну да тоготпой уктаган досуна жини келип, "турбасаң турбай эле кой" деп, люктан сыртка чыгып, комокко барып жүз грамм соктуруп кайра досуна келсе, жанагы сабаган баласы өлүп жаткан болот. Чочуп кетип өлүктүн жанында жаткан досун ойготот, анысы турбайт. "Жаныңдагы бала өлүп калыптыр, сен өлүктүн жанында жатасың" десе да ойгонбойт, деги уга турган да түрү жок. Уйкудан ойгонбогон досун люктан сыртка сүйрөп чыгып обочороок жерге жаткырып коюп өзү куйругун түйүп жоголот. Анан Ленин РИИБинин кызматкерлери көчөдө жаткан Нургазынын досун кармашып, болгон окуяны угушуп, ошол күнү саат үч ченде люктун ичиндеги өлүктү табышып, сөөктү өлүкканага алпарышты. Өлгөн бала ким экени алигиче аныктала элек. Кылмышкер Берди уулу Нургазы көп узабай колго түшүрүлүп, мастыгы менен адам канына забын болгонун мойнуна алды. Нургазы өлтүрүп алган баланы тааныбасын, мурда бир жолу люкка келип түнөгөндө көргөнүн айткан. Кылмышкер азыр убактылуу кармоочу жайда олтурат. Канча жылга кесилээрин сот аныктамакчы.

Асел СТАЛБЕК кызы




  Базардагы мушташ

"Дордойдо" тачке түрткөн Жумабайды эмнеге атышты?
Өткөн аптада "Дордой" базарында дунган менен кыргыздар мушташып, "дунгандар кыргыз жигитин атып салыптыр" деген сөз тарады эле. Ушул айтылган кептин чын-бышыгын билүү үчүн аталган базарга барып, ал жердеги сатуучулар, жабыркаган баланын достору жана дунган соодагер менен маектешип, болгон окуя тууралуу пикирлерин угуп кайттык. Үч-төрт күн мурда дунган соодагерлери базарга уй союп келип, кыргыздардан кечирим сураптыр.
Сулейман, ок атылган контейнердин кожоюну, улуту дунган:
-Чырдын башы болор-болбос акча үчүн чыккан. Тачка айдаган жигит менен биздин реализатор Ясыр товарды алып келип берген акысына бир сумманы сүйлөшкөн экен, анан товарды алып келгенде тачкист үстүнө акча кошуп берүүсүн сураган. Ясыр ага макул болбой койгондо тиги бала чыр салып, экөө уруша кетишкен. Тачкист барып толтура балдарды ээрчитип келип, мушташ боло баштаганда Ясыр өзүн коргоо максатында тигини резина ок менен атканы чын. Азыр ал тергөөдө болсо керек. Мен чынында дайынын билбейт экенмин. Негизи соодагерлер менен тачка түрткөндөрдүн ортосунда мындай чырлар көп эле болот. Тачкисттер башында бир бааны айтышат да, келгенде үстүнө акча кошуп бер деп коколой беришет.
-Анан баары эле атабы?
-Жок. Болгону көпчүлүк соодагерлер жанына коргонуу үчүн ар кандай курал салып жүрүшөт. Себеби базар деген базар да. Ар кандай окуялар болуп кетиши ыктымал.
Айнура, сатуучу:
-20 сомдун айынан уруш чыккан. Күнөө кыргыздарда эмес. Дунган жүгүн алып келдирип туруп, акчасын толук төлөбөй койгон үчүн чырдаша кетишкен. Азыр резина ок менен атты деп чыгышты. Бирок милициялардын сүйлөшүп атканын уктум. Башкача бир пистолет менен атыптыр. Газовый окшойт. Бул жакта түрктөр болсо "кыргыздар бир нерсесин уурдап алыптыр, анан атып салыптыр" деген ушактарды айтып атышат. Эч нерсесин уурдаган жок. Булар кыргыздарды басынтып, "уурдады, сабады" деп жалган жалааларды жаба беришет. Кечээ бул жакка уй союп келип, тамак берип кечирим сурашты.
Тачка түрткөн балдар, ошол жердеги окуяга күбө болгон соодагерлер толук маалымат берүүдөн баш тартышты. "Кечирим сурашты, анан кайра козгогондо эмне пайда? Эртеңки күнү бизге өчөшүп дагы уруш чыгып кетсе, ким кепилдик бере алат? Базарда соодагерлердин көбүндө курал-жарак бар. Ушундай заманда булар менен өчөшүп жин тийиптирби? Мамлекет биздин коопсуздукка кепилдик бере албагандан кийин кантип тобокел кылабыз?" дешти көпчүлүк соодагерлер. Дунгандын колунан жабыркаган баланын аты Жумабай экенин билдик. Бирок өзүнө жолуга алган жокпуз. Тачке түрткөн досторунун айтымында, айылга ата-энеси алып кетиптир.
Даярдагандар Бурул МУСАБЕКОВА,
Дилбар АЛИМОВА




  Күйөө баланын кылыгы

Кайненесин муунтуп өлтүрдү
Өткөн айда Сокулук районунда 87 жаштагы кемпирди өз күйөө баласы муунтуп өлтүрүп, бул кылмыш уккан-көргөндөрдүн оозун ачырды. Сокулук райондук милиция бөлүмүнө аял киши телефон чалып, үйүндөгү чоң энесин аеосуз сабап өлтүрүп кетишкенин айтып, жардам сураган. Милициялар кылмыш болгон жерге барып кемпирдин киши колдуу болгонун аныкташат. Муну соттук-медициналык экспертиза да далилдеген. Катуу көзөмөлдөн соң кылмышка күнөөлүү деп шектелген маркумдун күйөө баласы 30-35 жаштардагы Бакирдин кармалган. Ал тергөөчүлөрдүн берген суроолоруна эч каршылык көрсөтпөстөн эле кылган күнөөсүн мойнуна алып, окуяны баштан аяк баяндап берген. Анын айтуусунда, Бакирдин аялы Элмира менен баш кошуп, бирге түтүн булатканына алты жыл болгон. Башында экөөнүн мамилеси аябай ысык болчу. Анын жашаганга жери жок болгондуктан аялынын чоң энесинин үйүндө кайненеси, аялы үчөө баш калкалап, жан багышчу. Адегенде Бакирдин жакшы иштеп, акчаны көп тапчу. Бирок Элмира экөө алты жыл бирге жашаса да балалуу болушкан эмес. Кээде баланын айынан аялы менен да чатакташкан учурлар болгон. Анан акыркы күндөрү Бакирдиндин иши оңунан чыкпай, тапкан каражаты да азайып баштайт. Мындай көрүнүшкө аялы, кайненеси, чоң кайненеси үчөөнүн жини кайнап, Бакирдинге нааразы болуп башташат. Акыры эчнерсе бербей үйүнөн кууп чыгышкан. Үстүндөгү бир сыйра эски кийими менен чөнтөгүндө сокур тыйыны жок Бакирдин адегенде досторунун, тааныштарынын үйүндө эптеп күн көрүп жүрчү. Ортодо бир айча убакыт өткөн соң кийимдерин алмакчы болуп кайненесинин үйүнө барат. Үйдө карыган кайненеси жалгыз экенин билип, короонун дубалынан секирип кирет. Үйгө кирсе чоң энеси кызуу уйкуда экен. Шек алдырбай кийимдеримди салыштырып кетип калайын дегиче үй ээси ойгонуп, күйөө баласына кыйкырып, күтүүсүз ызы-чуу сала баштайт. Чыр салып аткан кемпирге жини кайнаган Бакирдин аны түртүп жиберет. Жерге жыгылган чоң эненин башын полго ургулап, бетке-көзгө койгулап аябай сабайт да, ал жетишпей калгансып колу менен муунтуп, биротоло жан бергенин көргөндөн кийин эч нерсе болбогонсуп шашпай кийимдерин салып, ага кошумча үйдө катылган акчаны, кымбат баалуу алтын буюмдарды алып бейкапар чыгып кетет. Кылмыштын изи суубай эртеси көчөдө жүргөн жеринен милиция кызматкерлеринин кылтагына илинген.
Бакирдиндин аялы Элмира менен апасы Сайранын айтымында, ал күнүгө арак ичип, мас болуп келип тынчтык бербей, азапты бергенине чыдабай үйдөн кууп чыгышкан. "Эч жерде иштеген эмес, үйгө акча таап келмек тургай кайра бизден алчу. Мурда эле уурулук кылып, кошуна-колоңдордун буюм-тайымдарын уурдап сатып кармалган. Бирок коңшуларыбыздан кечирим сурап, акча берип арыздарын кайтарып алганбыз. Ошондо эле жөн койсок эмне?" дейт аялы Элмира.
Бакирдин колго түшүп, кылмышынын бети ачылгандан кийин милиция кызматкерлери анын жашаган жеринен жарым килограмм марихуана табышкан. Адам өмүрүнө кол салган жана баңгизатын алып жүргөнү үчүн кылмыш иши козголду. Учурда тергөө аяктап, иш сотко ашырылды.

Жазып алган Бурул МУСАБЕКОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!