Коомдук-саясый гезит
№24, 15.04.08-ж.






  Курсак курулдаса да курултайга эл барабы?

Оппозиция жана чарчаган эл
Ошентип, 12-апрелде Бишкекте оппозиция менен бийлик экөө тең көптөн күткөн Курултай да болуп өттү. Спорт сарайындагы орундар толуп, айрымдары тышта калгандарына караганда, жыйынга чакырылган-чакырылбаганы кошулуп баш-аягы 2,5-3 миңдей киши катышты.
Эсте калганы - жыйын соңунда Болот Шерниязовдун сунушу менен элдин баары көпкө чейин "манастап" ураан чакырганы болду. Жыйынга катышкандардын духун көтөргөн ушул эле болду окшойт. Анткени Көкөтөйдүн ашы өткөн, көп жыйындын башы өткөн Каркыра баш болгон далай жер казактарга тартууга кеткени чындап эле мындан башка ураан жарабай турат. "Тирилтип келбесеңер болбой калды" деп айткандар чыгып атат, эл ичинде. Чын эле үмүт менен айтканы же чымчылап атканы бүдөмүк.
Кубандырганы - жер-жерлерден келген делегаттардын стратегия түзүп жибербесе да, алдыдагы бир кадамды алдын-ала ойлонууга аракети болду. "Эгерде жаңы бийлик келсе мурдагы мыйзамдардын баары жокко чыгыш керек, мамлекет буга чейин өзүнө алган милдеттенмелер жарабайт" дегени ушундан кыйыр түрдө кабар берип турат. Анткени, бийликти алмаштыруу менен кошо системаны алмаштырбаса, эч нерсе өзгөрбөсүн бир топтору түшүнө баштаган окшойт. Дагы бирөөлөрү "Коомдук парламент түздүк, эми коомдук президент шайлап алалы, ошол кишиге баш иели" дегендей сунуштарды айтышты. Ачык айтылбаган менен бул революциячыл кыймылдын сунуштары. Бийликке каршы чыккан топтун командасы, бийликке келсе эмне кыла тургандыгын ачык, ар бир күнүнө чейин эсептеген кризистик программасы, менчикке, мамлекетке, тышкы саясатка ж. б. карата так мамилесин билдирген платформасы болууга тийиш. Демек, бул саясий күрөштүн ар кандай өңүттөрү элдин ичинде аз болсо да ойлонулуп, жаңы лидерлер акырындап бышып жетилип келатканы.
Бирок жыйында оппозициячыл саясатчыбыз дегендер "бириктик, мындан ары бир болобуз" дегени менен кимдин тегерегинде баш кошоорун айтышкан жок. Бул стратегиялык жаңылыштык. Анткени мисалы, Каркыра менен кошо төрт пансионаттын кошуналарга чыркыраган бойдон кетишине, казак чегарасы Кыргызстанды ар кай жерден тепчип турушуна, энергетиканын сатылышына өзүн кыргыз санаган элдин көбү эле каршы. Бирок андай абалды кантип өзгөртүш керек десе эле көпчүлүктүн оюна бийликти алмаштыруу келет. Азыр элди "Конституцияны өзгөртөбүз, баланча-түкүнчө талаптарды коебуз" десең оңой менен нааразылык акцияларына чыгара албайсың. Анткени, мыйзамдар, Конституциянын оош-кыйыштары, демократиянын ар кандай түрлөрү көпчүлүк үчүн анча түшүнүксүз, анын баарын түшүнгөнгө милдеттүү да эмес. "Бийлик жерибизди коңшуларга таратып атат, буларды алмаштырбаса болбой калды, эмне кылсак да кетиребиз, башкасын (конкреттүү адамды) бийликке алып келебиз, алып келгенден кийин ал мына мындай иштерди аткарат, ошол кишиге ишенесиңерби? Ишенсеңер камынгыла" десе түшүнүктүү болот. Ишке ашып кетсе айта жүргөнгө да жакшы. 24-мартты эмгиче сөз кылып, календарда кызыл тамга менен белгилеп жүрүшпөйбү.
Курултайда бир топ саясатчылардын кадимкидей эскирип калганы көрүндү. Элдин баары эчак билип, жон териси менен сезген нерселерди кайра-кайра айта бергени жадатты. Эл жаңыча кадамдарды, жаңыча көз караштарды, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтүп атат. Эл чарчап турат. Баарынан. Бийликтен да, кымбатчылыктан да, жакырчылыктан да, оппозициядан да. "Минтип жүрсөң, куу тазым, курутасың Жумгалды" деп кайран Мидин жазгандай, эл менен иш алып баруунун таасирдүү жолдоруна үйрөнбөсө, саясий күрөштүн жаңы формаларын пайдаланбаса булар нымтырап жүрүп элдин калган-каткан симпатиясынан да куржалак калган атышат. Анда алардын ордун башкалар ээлейт. Эл кимге кол чаап, кимге көңүл бурбай коюп жатканынан эле кайсы тактика туура, кайсынысы туура эмес экени сезилип турат. Андыктан азыркы бийликтегилер да, анын каршылаштары да жеке дымагын эле эмес, кийинки жоопкерчилигин кошо ойлоно турган мезгил жетти.
Жыргалбек Касаболотов




Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Бүгүнкү бийлик эчак саясий банкрот болгон"
-Оппозиция өлүмү президенттин өлүмү сыяктуу эле апыртылган сөз. Муну Бакиев өкмөт менен өткөргөн жыйынында да ачык айтты. "Эки-үч оппозиционердин эбин таппай атасыңар. Алар маалыматтык талааны ээлеп алышты, бүт өкмөт ушуларга күчүңөр жетпейт, силер иштегенди билбейсиңер" деп мамлекеттик ресурсту пайдаланбай жаткандыгын белгиледи. Бул - демек, оппозиция өлө электигинин, анын таасирдүү күч экендиги жана эффективдүү иштеп жаткандыгынын далили. Президент өзү дагы жабык имаратка 2,5 миң адамды чогулткан эмес. Ушунча элдин келгени Курултай эң маанилүү саясий окуя болгонунан кабар берет. Шайлоодо "Ата Мекен" партиясы расмий түрдө 230 миң добуш алган. Чындыгында андан да көп алган."Акыйкат үчүн"кыймылы бийлик жүргүзүп аткан саясат менен макул болбогон көп саясий күчтөрдү бириктирип турат. Эгер Жогорку Кеңешке келбей калган башка партиялардын дагы реалдуу алган добуштарын кошкондо Курултай Кыргызстандын көпчүлүгүнүн кызыкчылыгын көздөйт деп айта алабыз. Бүгүнкү бийлик элдин ишенимин жоготту, бул бийликтин толугу менен эчак саясий банкротко учураганын айтып турат.

Чолпон ЖАКУПОВА, "Адилет" укук коргоо клиникасынын жетекчиси:
"Күз-кышка таяп 24-март кайра болот"
- Күз-кышка таяп Кыргызстанда экинчи 24-март болот го деп ойлоп жатам. Курултайдан күткөндөрүм толугу менен аткарылды. Себеби, ал жерде бийликтин саясаты менен макул болбогон бардык күчтөрдү бириктирүү жөнүндөгү идеялар айтылды. Акыркы күндөргө чейин Курманбек Бакиев тарапта жүргөн саясатчылар дагы Курултайга келди. Мисалы, Топчубек Тургуналиев. Биригүү идеясына оппозиция капысынан келген жок. Коом жана саясий күчтөр өсүп жетилди. Буга кырдаал өзү алып келди деп ойлойм. Бийлик элдин пикири менен эсептешпей туруп Каркыра менен пансионаттарды Казакстанга берип салды. Менимче, ЖК энергосекторлорду менчиктештирүүдө да ушундай эле чечимге келет болуш керек.

Бөдөш Мамырова, "Ар-намыс" партиясынын лидери:
"Тезек дефицити күтүлөт"
-Биз Акаевдин системасын түп- тамырынан бери жок кылабыз деп, өзүбүздүн көзүбүздү оюп алдык. Муну эмне менен бекемдегим келет. Бийликтин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруучу кеңешибиз бир гана адамдын кулуна айланды. "Ар- намыс" партиясы жаңы шайланып келгенде эле бул парламент легитимсиз деп атаганбыз. Мыйзам боюнча шайлоого катышкан 12 партиянын ар бир участок боюнча шайлоонун жыйынтыгын жарыялаш керек эле. Ушул күнгө чейин жарыялабай жатат. Анткени "Ак жол" партиясынын орду парламентте жок. Президент Германиядан келип эле элге "отунуңарды даярдап алгыла, жарыкты маал-маалы менен өчүрөбүз" деп айтты. Аз күндө бизде тезек да дефицит болот. Өкмөт эми аким, айыл өкмөттөргө элге тезек терүүгө тыюу салдырып, анан президенттин туугандары сата баштайт. Дагы бир орчундуу маселе- түштүктө элдин жашоосу оор. Бирдеме десе эле бийлик түштүккө таянат дейт. Бийлик таяна тургандай түштүктө эл деле калбай калды. Баары тентип сыртка чыгып кетишти.

Темир Сариев, Коомдук парламенттин мүчөсү:
"Үч баштуу ажыдаар өлкөнү курутту"
-Азыркы кыйын заманда элдин өнүгүп-өсүп кетишине тоскоол болуп кендирин кесип турган нерсе- бул экономика. Экономикалык абал бүгүн Кыргызстанда оор акыбал бойдон калууда. Бүгүн биздин экономика күнүмдүк турмушка түздөн-түз терс таасирин тийгизген негизги үч проблема бар. Алар: коррупция, жумушсуздук, жакырчылык. Бул үч маселе Кыргызстан үчүн үч баштуу ажыдаардай бири бирин колдогон балээ болду. Мамлекеттик органдардагы коррупция, мыйзамдарды орой бузуп, бизнеске, эркин экономикага кийлигишүүсү күндөн күнгө күчөп баратат. Эксперттердин айтымында, мамлекеттик бюджеттин 30%ы уурдалып жатат. Бүгүн биз үчүн эки маселе орчундуу: 1. азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык секторду өнүктүрүү; 2. суу менен энергетика жагынан өзүбүздү өзүбүз камсыз кылуу. Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу державасы болуп калууга мүмкүнчүлүгү бар.




  Элдик Курултайдын резолюциясы

Каркыранын, пансионаттардын берилишин кыргыз элине кыянатчылык деп эсептейбиз!
1. Адилетсиз, ыймансыз жана жоопкерчиликсиз бийлик системасы орнотулуп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасы өтө оор саясий, социалдык жана экономикалык абалга туш болду. Азык-түлүктүн, күйүүчү майлардын, коммуналдык төлөмдөрдүн, жолкире акысынын кескин кымбатташына байланыштуу элдин турмушу күн санап оорлоп бара жатат. Карапайым элдин турмушун жакшыртууга, баалардын өсүшүн токтотууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган шашылыш чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевден талап кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канагаттандырарлык эмес деп табылсын.
3. 2007-жылдын 21-октябрында болгон Референдум мыйзамдуулуктан четтеп, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, добуш берүүгө катышкан элдин санын көбөйтүп жазуу, жалган протоколдорду даярдоо менен өткөрүлгөнүнө байланыштуу кабыл алынды деп саналган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Шайлоо кодекси легитимдүү эмес деп табылсын.
4. 2007-жылдын 16-декабрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендигине, шайлоонун жыйынтыгы өзүмбилемдик менен даярдалган жалган протоколдорго таянып чыгарылгандыгына, бүгүнкү күнгө чейин шайлоонун толук жыйынтыгы ачык жарыя боло электигине байланыштуу Жогорку Кеңештин азыркы курамы легитимсиз деп табылсын, парламент таратылып жаңы шайлоолор жарыя кылынышы талап кылынсын. Ушу жагдайга байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан ушул кезге чейин кабыл алынган мыйзамдар жана чечимдер толугу менен легитимсиз экендиги тастыкталсын.
5. 2007-жылдын 21-октябрындагы Референдумду жана 16-декабрындагы шайлоолорду уюштурууда жана алардын жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кылмыш жообуна тартылсын.
6. Жакынкы аралыкта жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо болооруна, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мөөнөтү да жакындап калганына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүнөн теңме-тең санда түзүлүшүн талап кылабыз.
7. Энергетика тармагын менчикке сатууну, кен-байлыктарды жең ичинен бөлүштүрүүнү, мектептер менен жогорку окуу жайларын менчиктөөнү, кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө сатууну тезинен токтотуу Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевден талап кылынсын. Каркыра жер участогун жана көл жээгиндеги эс алуу жайларын Казакстанга берүү боюнча келишимди кабыл алуу жана ратификациялоо кыргыз элине карата кыянатчылык деп табылсын.
8. Жарандык укуктар менен эркиндиктерин чектөөнү, эркин массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү, өз укуктарын коргоо максатында чыгышкан жазыксыз адамдарды камоону жана аларга айып тагууну токтотууну жана мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан укук коргоо кызматкерлерине карата чара көрүүнү мамлекеттик бийликтен талап кылабыз.
9. Элдик Курултай тарабынан коюлган талаптар чукул арада аткарылбаса жалпы өлкө боюнча жарандык моюн сунбоо, митинг жана аркандай нааразылык акцияларын уюштуруу башталсын.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!