Казакстанга кеткен "Казакстан" пансионаты - 17,5 гектар, "Автомобилист" - 15 гектар, Тамчыдагы пансионат - 15, 026 гектар, "Салам" эс алуу үйү 13,2 гектар жерди ээлейт. 

Өткөн жуманын этеги кыргыздардын тагдыр чечер окуясы менен чектелди. Акаевдин заманында Үзөңгүкуушту Кытайга кармата берген өнөр Бакиевге да жугуптур. Казактарга төрт талаш жерди - Таласта, Жайылда, Канта жана Каркыра жайлоосунун жарымын казак туускан сындууларга өткөрүп берүү маселесин парламенттеги Акүйдүн очогундагы отун тизелеп отура калып үйлөгөн "акжолчулар" эртеден кечке "эл,эл" деп элирип сүйлөп атып, акырында кармата беришти. Бул окуяга акыры тарых өз баасын берет. Каркыра менен кошо көл жээгиндеги төрт пансионат да чыркыраган бойдон кетти. Москвада жаткан экс-президент кудуңдап отурса керек. Себеби, Курманбек Бакиев деле жер маселесине келгенде Акаевге теңелди. Экөөнүн тең тарыхта орду окшош эле болгону калды көрүнөт. Аскар Акаев ушул күндөрү сүйүнгөн бойдон Курманбек Бакиевге "Үзөңгүкууш" деп аталган орден жасатып, көкүрөгүнө тагып койгондон да качпас эле.


"Акжолчулар" фракция башчылыгын талаша башташты
Кечээ биздин алган маалыматтарга караганда, президент К.Бакиев "акжолчу" депутаттарды түгөл 7-кабатка "килемге" чакырыптыр. Жыйын "строго" жабык эшик артында өткөн. Президент "акжолчуларды" жыйнаптыр десе, биз же 4 пансионатты сөзүмү эки кылбай өткөрүп бердиңер деп рахмат айтып, же каршы болгон "кесиптештеринен" кайыш алабы деп ойлогон элек. Чо-оң жаңылыппыз. Көрсө, "Ак жол" фракциясынын ичи өз ара жикке бөлүнүп, ошонун айынан фракция жетекчилигинин ордун талашып жаткан кербездери экен, кайрандар. Баягы атанын эси жок уулдарындай болуп деген кеп да. Болбосо аталык аларга минбегенди мингизип, көрбөгөндү көргөзүп атпайбы… Айтор, президент "аныңарды койгула" деп "акжолчуларды" тартипке чакырган имиш. Атургай "Ак жол" ичинен төрагалык орунга да көз арткандар бар экен дешсе "ок" деп чоочуп турабыз. Баягы парламент жаңы шайланып келгенде "азыр эч нерсе эмес, көп өтпөй "акжолчулардын" өздөрүнүн ички концертин көрө баштайбыз" дешти эле. Же ошол синдромбу?


Элмира айымдын "танаписи"
Ысымын укканда бир эмес, мүлдө кыргыз башын ийип урматтаган маркум Султан Ибраимовдун тун кызы Элмира Ибраимова бүгүн парламенттеги "Ак жол" фракциясын жетектейт. Билимине, тажрыйба, таалиминен эч кынтык таппайбыз. Бирок кечээ парламентте кыргыздын бир ыптасын кесип алгансыган пансионаттар маселеси убагында төрагадан добуш берүүгө чейин 15 мүнөт танапис жарыяланышын сылык-сыпаа өтүнгөн эле. Ошол 15 мүнөт аралыгында Элмира айым фракция депутаттарын топтоп "баарыбыз бир болгондон кийин катардан чыкпай, сөзүбүз да бир болсун, "өлсөк бир чуңкурда, бар болсок бир дөбөдө бололу" масилетин курган экен.
Түшүнөбүз, колу-бутуңуз байлануу, бирок өлкө тагдыры, эл, жер байлыгы үчүн качан принципиалдуу болобуз?
Же качан кыргыздар тонолуп бүтүп, тоо таянып качаарда ганабы? Андай болсо сиздин билимиңиз менен тартиптүүлүгүңүздүн кимге кереги?!

"Алтын колдон" алтын медаль
Жомокту чынга айланткан алтын колдуу хирург Сабыр Жумабековдун аты азыр бүт дүйнөнү дүңгүрөтүп турган кезеңи. Саясый ызы-чуудан алыс болоюн деп парламентте мандатын тапшырып баса бергенден бери канча оорулууну бутуна тургузуп батасын алды. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, профессор, КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сабыр мырза кечээ Мустафа Кемал Ата Түрк атындагы эл аралык илим жана маданият кайрымдуулук фондунун "Алтын кол" номинациясынын алтын медалын тагынды. Сыйлыкты фонд президенти Мудур Усманов тапшырып атып, профессордун Ата Мекен алдындагы опол-тоодой эмгегин белгилеп, медицинага кошкон уникалдуу салымдары үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди.










Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!