Коомдук-саясый гезит
№23, 10.04.08-ж.






  Упчу убадалар

Асия САСЫКБАЕВА, Коомдук парламенттин мүчөсү:
"Курманбек Бакиев убадаларынын бирин да аткарган жок"
- Асия айым, Курманбек Бакиевдин 2005-жылдын 24-мартынан кийин кандай убадаларды бергенин коомчулук билет. Андан бери үч жыл өттү. Конституциялык реформа болобу, жалпы система болобу, ар бир тармактагы президенттин убадаларына жана анын жыйынтыктарына кенен токтоло кетесизби?
- Сөз башында айтып коюшум керек, 2005-жылдын 24-мартына чейинки болгон окуяны мен революция деп атай албайм. Ага чейин мен революция болот деп ишенген элем. Революция болгондо мамлекеттик түзүлүштөгү система өзгөрмөк, бирок бизде андай болгон жок. Граждандык коомдун ошол кездеги биринчи талабы Конституцияны өзгөртүү жана бардык бийлик бутактарынын полномочиелерин бирдей бөлүштүрүү болчу. Айрыкча, эл сот системасынын көз карандысыз болушун талап кылган. Президенттик шайлоонун алдында Курманбек Бакиев массалык маалымат каражаттары аркылуу биринчи кезекте Конституцияны реформалоону, сотторду көз карандысыз кылууну, авторитардык системаны жоюну, УТРКны коомдук каналга айлантууну, кадр саясатын да өзгөртүүнү, Аксы окуясын аягына чейин териштирип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну убада берген. Мына үч жыл өттү, алардын бирөө дагы аткарылган жок.

Конституциялык
реформа боюнча
- Граждандык коомдун демилгеси менен Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал жакка бардык бийлик бутактарынан, граждандык коомдон да, саясий партиялардын да өкүлдөрү кирген. Бакиев өзү да кеңешменин биринчи жыйналышына келип, Конституциялык кеңешменин иштешине бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылаарын айткан эле. Бул кеңешме Конституциянын жакшы долбоорун иштеп чыкты. Бирок Бакиев өзү Конституциялык кеңешмени таркатып, Конституциянын долбоорун жазуу боюнча бир канча жумушчу топторду түздү да, аларга президенттик, парламенттик, президенттик-парламенттик башкаруулар боюнча үч долбоор жазгыла деп тапшырма берди. Эл бул долбоордун бирин дагы кабыл алган жок. Бакиев өзүнүн демилгеси менен алып чыгып аткан антидемократялык долбоорду эл кабыл албасын билип туруп, референдум аркылуу таңуулап койду. Бир канча маанилүүү нормаларды алып салды, мисалы "Бийликти узурпациялоо оор кылмыш" деген норманы алып салды. Анан дагы "Жер, жер астындагы байлыктар жана башкалар жеке менчикке берилсе болот" деген норманы кошуп койду. Ага чейинки долбоордо биз "бул байлыктар элдин гана менчиги болуш керек" деген элек. "Айыл өкмөттөрү дайындалат" деген норманы киргизгени да бизди артка тарткан норма болуп саналат. 17 жылдан бери Жергиликтүү өзүн өзү башкарууну түзүүгө аракет жасап келдик, анан эми эле бир аз бутуна туруп келатканда, "айыл өкмөтү дайындалат" деп алдыга эмес артка тартып жатат. Конституция дагы легитимдүү болбой калды, анткени референдум кандай өткөнүн "кирпичечендер дагы" түшүндү.

Кадр саясатында
- Курманбек Салиевич "Кадр саясаты өзгөрүлөт. Чоң кызматтарга келе турган адамдардын жаңыча ыкмалар менен иштөө тажрыйбасы бар болуш керек. Профессионалдык деңгээли жогору, жакшы уюштуруучуларды гана жумушка алабыз" деген эле. Андан сырткары, сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде Өкмөт башчысын кайра-кайра алмаштыра берүү да 24-март окуясына алып келгенин айтты. Курманбек Бакиев башкарып жаткан эки жарым жылдын ичинде 4 премьер-министр алмаштырдык. Кадр саясаты бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Дагы эле профессионалдык деңгээлине карабай жердешчилик, тааныш аркылуу, "сен мага, мен сага" деген эреже менен жумушка алынып жатат. Парламент деле ошондой жол менен куралды. Референдум жана мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолор аркылуу бүгүн бийликте компетентсиз, Кыргызстандын олуттуу проблемаларын түшүнбөгөн адамдар отурат. Түшүнгөн күндө да өздөрүнүн пикирлерин айталышпайт, анткени чечимди саясий кеңешме гана кабыл алат. "Ак жолчулардын" патриоттук сезими болсо "Каркыра" маселесине келгенде дароо эле жок деп жооп беришмек, алар бул маселени кароону башка күнгө калтырышты.

Аксы окуясы
боюнча
- Аксы эли бийликтин берген убадаларынан тажаганын жакшы билесиздер. Биздин өлкөдө адилеттүү сот системасы жок болгондон кийин, алар өздөрү көз карандысыз сот түзүп алып өкүм чыгарып коюшту. Бул бүгүнкү күндө бийлик бутактарынын бири да элдин талабына жооп бербей жатат дегендик. Курманбек Бакиев: "Аксы окуясына күнөөлүүлөр табылат жана алар жоопко тартылат" деп убада берген. Сот, прокурорлорго Аксы окуясын териштирүү боюнча тергөө жүргүзгөнгө тапшырма да берген. Бирок убадасын аткарган жок.

Парламент жөнүндө
- Парламентке болсо отурганга укугу жок адамдар депутат болуп калды. Алар "Ата Мекен" партиясынын добуштарын уурдап алышкан. Мен бул депутаттарды бийлик дайындаган деп айтсам да болот. Азыр парламентте саясий партия деген эмне экенин билбегендер отурат. Анткени алар партияны түзгөн да эмес, партияда иштеп көргөн да эмес. Кээ бири акча төлөгөн, башкалары-тугандары, достору. Түшүнбөй эле келип алгандар да бар окшойт. Алардын өзүнүн добушу жок, саясий кеңешмеге баш ийет. Саясий кеңешме болсо ошол эле президент, төрага, жана башка чоң кызматтагы чиновниктер. Ошон үчүн Адахан Мадумаров "БШК элдин алдында отчет бергенге милдеттүү эмес" деп билдирүү жасады. Балким, туура айтылып жаткандыр, анткени "Акжолду" эл шайлаган эмес. Бийлик жетелеп алып келип отургузуп койду. Эми алар бийликке гана отчет берет да.
Шайлоолор жөнүндө
- Эң алгачкы сөздөрүндө президент "Мен силерге Акаев эмесмин. Шайлоолор Акаевдин учурундагыдай болбойт. Таза жана ачык шайлоолор болот" деп айткан. Анан шайлоолор өткөндөн кийин унчукпай эле койсо болмок. Уялбай туруп "Шайлоолор ачык, таза өттү. ШОСтун байкоочулары ушинтип айтып кетти" деп билдирүү жасады. ШОСтун байкоочулары баары авторитардык мамлекеттерден келген да. А башка демократиялык өлкөлөрдөн келген байкоочулар болсо "таза эмес өттү" деп айтты. Тескерисинче, авторитардык системаны курганга аракет кылып жатышпайбы. Мисалы, "Саясий партиялар жөнүндөгү" каралып жаткан жаңы мыйзамда "Парламенттеги көп орунду ээлеген саясий партия бюджеттин эсебинен каржыланышы керек" деп айтылганы да ошого алып баратат. Эмне үчүн эл саясий партияны багыш керек. Бул болсо башка партияларды дискриминациялоо болуп саналат. Бул жерде адам укугу бузулуп атат.

Сөз эркиндиги боюнча
- Мамлекеттик жана өкмөттүк гезиттер болбойт. Мыйзам, жарлыктарды жарыялаган гезиттердин кимге кереги бар? Бардык массалык маалымат каражаттары эркин болушу керек. "УТРКны коомдук каналга айландырабыз" деп айтты эле президент. Бул убадасын да аткарган жок. Андан сырткары, өз оюн ачык айткан адамдарды укук коргоо органдары, СНБ аңдып жүрөт. СНБга башка жумуш жок калгандан бетер жалаң оппозицияны аңдып, ошол "эмгеги" үчүн айлык алып отурушат.

Үйбүлөлүк бийлик жөнүндө
- Убагында Бакиев үйбүлөсүн мамлекеттик иштерге такыр аралаштырбайм деген эле. Кечээ ал өлкөдө жок болгон учурда анын үйбүлөсүнө байланышкан ар кандай сөздөр айтылып жатты. Бул анын үйбүлөсүнүн мамлекеттик иштерге аралашып жатканынан кабар берет. Болгону үйбүлөлүк башкаруу бир үйбүлөдөн башка үйбүлөгө өттү. Система өзгөрбөй, болгону Акаевдин ордуна Бакиев келип отуруп калды. Бирок, "журт атасы" болуп калганга анын жакшы шансы бар болчу. Жөн эле мурдагы президенттин кетирген каталарын оңдоп, элдин талаптарын аткарса болмок.
Дилбар Алимова




  Айда туусам, айда жок...

"Шайлооң менен шамыраң кал..."
(XXI кылымдагы кыргыздын төл сөзү)
Кыргызстандагы шайлоолор демократия күзгүсү эмес эле коомду курутчу эпидемияга айланды. Кечээги парламенттик шайлоо да буга далил. Соңку референдум жана парламенттик шайлоодо элдин бийликке болгон ишениминин эң акыркы тамчылары жок болду. Акүй бардыгын танкадай тепселеп туруп, зордук-зомбулук менен "Ак жолду" өткөрдү. Өмүрү теле менен гезиттен же бийлик трибунасынан гана көрүнчү өлкөнүн эң чоң каймактары элге барышты, элетти түрө кыдырышты. Аларга кабаттап убада беришти. Ай-асманды сүйлөп, калп айтышты. Түз да, кыйыр да түрүндө өз ооздору менен соодалашты. Бул көрүнүш карапайым элдин көкүрөгүнө кыттай уюп, кирдетти. Болгондо да массалык түрдө аларга карата жийиркеничти пайда кылды. Азыр кайсы айылга барбагын, "Ак жол" партиясы дегенде мыйыгынан күлүп, кол шилтеп коюшат. Ошентип, Акүй бүгүн элдин добушун уурдап, ишенимин уурдап, ар-намысын тепселеп таштады. Элди түптөп турат деген интеллигенция менен элита дал ошол шайлоолордо элден мурун кызыл кулактык, жердешчилик менен сатылып жеке кызыкчылыгына жараша элди үндөп турду. Эч ким тирилик бечаралыгынан баш көтөрө алышкан жок. Кай бири гана "Акыркы өткөрүлгөн референдум жана шайлоо менен кыргыздын көзү ачылышы керек эле" деп жер муштап атышпайбы. Эң туура. Ачылышы керек эле... Бийлик элдин жарымынын көбүнүн назарын каратып туруп сындырышпадыбы. Эми азыр ошончо көкүрөк сыздоону кантип басып кол шилтеп коебуз деп отурушат?! Күчтүү бийлик деген эмне? Ураалап элдин колдоосу, сүймөнчүгү, ишеними менен келген бийлик гана күчтүү. Ошондо эриш-аркак иш болот. "Ак жолдун" келиши менен бийлик жана элдин ортосу ого бетер ажырады. Анткени, өлкө тагдырын Акүй менен гана "Ак жол" чечет. Эл өз тагдыры, жери, байлыгы, эмне болуп чечилип жатканын эми иш бүткөндүн эртеси гана билет. 100% партиялык тизме менен парламент түзүлүп, өлкө болуп көрбөгөндөй жаңы кадамга, алдыга жылдык деп көкүрөк уруп жатышат. Жок. Андай болгон жок. Биз тескерисинче бери болгондо 10 жылга артка кеттик. "Ак жол" партиясы бир үйбүлөнүн кызыкчылыгын коргош үчүн отурат. Эгерде шайлоону адилет өткөрүшкөндө аты адеми мындай система нагыз көркүнө чыкмак. Президент министрлерине "маселени түшүнбөгөн депутаттар бар, аларга окутуп түшүндүргүлө" дейт. Аларды окутканча, ааламдаштыруу закымынын кайсы чаңында калаар экенбиз. Бийлик, момун парламент көзү ачылып, калыптанганча өлкөдөгү кашыктап жыйнаган демократиянын караанын биротоло кубалап, чөмүчтөп чачкылары келет. Жалгыз ошол вазипа менен келгендигин "ак жолчулар" бүгүн болбосо да эртең түшүнүшөт. Курманбек Бакиев болсо өзүнүн эл алдындагы катачылыктарын качандыр бир сезер бекен?! Бүгүн болсо ага карата эл арасында үмүтсүздүк, кайдыгерлик менен карап калышканын, анын коррупциялашкан бийлигинен тажашканын сезип атты бекен?! Же мрамору калың Акүйгө элдин маанайы өтпөйбү? Акыр К. Бакиев соңку референдуму жана 16-декабрдагы парламенттик шайлоосу менен өз тагдырын аныктап койду көрүнөт. Канчалык жандалбастабасын эчак элдин назарын сындырып алган.
Жеңишбек Эдигеев




  Күйгөн катын кошокчубу?

Бөдөш Мамырова, "Ар-намыс" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Жаман үйдү коногу бийлейт"
-Элдик курултайды өткөрүүнүн зарылчылыгы эмнеден улам келип чыкты?
-Акыркы убактарда Кыргызстанда саясий абал абдан курчуп кетти. Өзгөчө шайлоонун жыйынтыгынан кийин "чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" деген кырдаалга тушуктук. Карапайым эл бийликтен үмүт артып, жакшылык күтүп, жолугушууларда "президентке шанс бербейсиңерби, иштесин, көрөлү" деп атышкан, анан шайлоонун шайтан оюндарынан соң кичине илинчек сыяктуу калган үмүт суу сепкендей жалп өчтү. Буга саясатчылар, коомдук ишмерлер гана эмес, элдин арасында өзүнөн өзү бийликке үмүтү үзүлдү. Экинчиден, күндөн-күнгө азык-түлүккө болгон баалар космостук ылдамдык менен өсүп атат. Муну көзөмөлдөгөнгө, бир нукка салганга азыр өкмөттүн чама-чаркы чектелүү экенине саясатчылар, оппозиция гана эмес, карапайым эл да түшүнүп, өзүнүн оокатын өзү кылып, өзүнүн көөсүн өзү көөлөй турган абалга жетти. Барсаң, жолуксаң, "ой биз силерге эле добуш бердик эле, эмне үчүн өтпөй калдыңар, эмне үчүн?" деп суроо беришет. "Эмне үчүн?" деген суроого чекит коюп элге саясий, социалдык, экономикалык абалдын чыныгы картинасын айтып коюш ар бир коомдук ишмердин, ар бир саясатчынын, шайлоого катышкан ар бир адамдын милдети. Коомдук парламент чогулуп кеңештик, элди туңгуюкка камабай болгонун болгондой айталы, эртеңкисине кам көрүшсүн, кантип оокат кыла турганын чечсин, курултайда баары ортого салынып, айтылат. Энергетика, тамак-аш, саясий кризистен чыгуунун жолун табышсын. Каалайбызбы, каалабайбызбы, эл деген тараза. Эгерде ушу жашоого, энергетика кризисине, тамак-аш кымбатташына, ушу парламентке ыраазы болуп жашай беребиз дешсе - элдин өзүнүн эрки.
-Мына ошол эл шайлап берген парламент бүгүн - эртең кылымдардан кыргыз эли кашыктап жыйнаган байлыктарды, пансионаттарыбызды "сурангандардын" баарына карматып берүүгө белсене киришип атканына не дейсиз? Ушундай маселелер курултайда кеп болобу?
-Бизди эл шайлап келди деп өздөрүнө ишенип алган парламенттин мыйзамсыз иштеринин баары курултайда каралат. Жакында парламенттин колу менен Кыргызстандын эң талуулуу жери, мындан аркы тагдырын, келечегин чече турган энергосистемабыз, жерлерибиз кеткени турат. Туризм менен өлкөнү оңдойбуз деп саймедиреп атышпайбы, туризмди биз биринчи Ысыккөлдөн баштайбыз. Чатыркөл, Сарычелек, Арсланбап ж.б. туризмди чечиш келечектин иши. Ага каражат, карандай күч керек. Мына, дапдаяр турган көлүбүздүн пансионаттары кетүүдө. Парламенттеги "ак жолчулар" спикери баш болуп уялбай - этпей эле, "пансионаттар СССР кезинде салынып калган, коңшу мамлекеттер менен мамилебизди үзбөшүбүз керек, арендага берип атабыз" деп атпайбы.
Бир нерсеге көңүл бурсак, Союз кезинде кимдин территориясында, кандай объект курулган болсо, ошо өлкөдө кала берди, эч ким көчүрүп кеткен жок. Мына, Казакстанга "Байкоңур" стратегиялык объектиси курулган, бирок "Байкоңур" Казакстанда эле калбадыбы, эч ким талашкан жок, ракетасын сынайбыз, тиги, бу дешсе кадимкидей арендасын төлөп турушат. А бу жерде Россиянын чоң күчү, таасири бар болчу, күчкө салып Россия алып койсо болот эле да. Мынакей биздин чабалдыгыбыздан, эркибиз жоктугунан, коркоктугубуздан улам ким көрүнгөн келип койкоңдоп, башкарып, талап этип атат. "Хоп майли" деп жаман үйдү коногу бийлейт таз кейпибиздебиз. Бийлик элди "булар пансионаттарды кура берсин, силер жумуш менен камсыз болосуңар, 49 жылга арендага бердик, мөөнөтү бүткөндө өзүбүздө калат" деп алдап атышпайбы. Узак мөөнөткө берилген нерселерге этият болбосок өтө кыйын. Тарыхка кылчайсаңар, көп мөөнөткө берилген жердин баары коңшу мамлекеттерге өтүп кеткен. Түштүктө убагында Кемпирабад Өзбекстанга көп мөөнөткө арендага берилген, азыр анклав болуп, бир област менен бир областты бөлүп койду. Эң чоң, кооз жерибиз Шахимарданга өзбек чоңунун көзү түшүп, "чай ичип, эс алып кете турган жер экен" десе, дагы бир чоң сөрөйүбүз "майли, чай ичип туруң" деп бере коюптур, азыр Баткенге эл өтө албай эмне деген гана күндү көрүп атат. Энергосистема боюнча элди алдагандарын карасаңар күлкүң келет, "жарык өчүп атат анткени, электростанциялар иштен чыгып, жабдуулар ремонтко муктаж , аны оңдогонго каражат жок, ошол үчүн башка кожоюнга берсек алар оңдоп-түздөйт, жарык өчпөйт, тариф арзан болот" деп атышат. Биз аферага алданып энергетикабызды кармата койгон соң жаңы кожоюн тарифин кандай кылат, жарыгын качан өчүрүп, күйгүзөт өзү билип, өтүгүн төргө илбейби. Эр болсоң бирдеме деп көр. Элге "тезек жаккыла" деп президент айтып аткан соң, биз эмне үчүн өлкөдөгү кырдаалды элге ачык айтпашыбыз керек. Эмне үчүн Токтогул суу сактагычында суу азайганын, азык-түлүк кымбаттаарын, коррупция гүлдөөрүн эки жыл мурун айтып, тезек камдагыла десе жарашат беле? Бийлик элдин башын айлантып, көрүнгөндү айтып көз боемологонду токтотсун. Элди бир, эки, үч жолу алдаса мейли, төртүнчүсүндө чыдоонун да чеги болот да.
Жылдыз МУСАБЕКОВА
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!