Коомдук-саясый гезит
№23, 10.04.08-ж.






  Ыр секи

Ильяз АБДРАЗАКОВ:
"Түнү менен ошол кыз түшүңө кирип чыгат…"
Ильяз Абдразаков казактын ырчысы Кайрат Нуртас менен дос. Март айында Ильязды алар Казакстанга концертке чакырышкан эле. Эми аларга жооп кылып Кайрат баштаган жаш ырчыларды Бишкекке конокко чакырып жатат. Алар 5-май күнү Спорт Ордосунда бир күн эле концерт коюшат.

-Ильяз, жаш ырчылар көбөйүп кетпедиби, "Булар лампочка сыяктуу, бир күйүп өчүп калат" деген пикирлер да айтылып жүрөт. Сен буга кандай көз караштасың?
-Эми алардын арасында эл талантын баалаган ырчылар да жок эмес. Бирок чынында эле таланты барлар деле, жоктор деле чыгып кетти. Жогорудагы айтылган пикирге мен деле кошулам. Бара-бара таланттар өздөрү тандалып калат.
-Ошол көп ырчылардан өзгөчөлүгүң эмнеде?
-Мен алардан өзгөчөлөнүш үчүн көп аракеттерди жасайм. Өзүм аранжировка жасаганыма байланыштуу ырларымдын аранжировкасын жакшы жасаганга аракет кылам. Жөнөкөй болгонго аракет кылам.
-Бала кезиңден эле ырчы болом дечү белең?
-Ырчы болом дебей эле, ырчы эле болчумун кичинемден эле. Мектептен эле ырдап жүрчүмүн. Айылда тойлорго чыкчумун. Үйдө ар кандай аспаптарды ойной берчүмүн. Менин азыр музыкалык билимим жок. Башка жумуш кылайын деп деле ойлонуп көрдүм, бирок, Кудай музыка жагынан талант бергенден кийин, ушул чөйрөдө эле калайын деп чечтим. Мага баары бир музыкалык билим керек экен. Ошого быйыл окууга тапшырайын деп ойлоп жатам.
-Ата-энең, бир туугандарың каякта?
-Мен өзүм Баткен областынын Кызылкыя шаарынанмын. Бирок, азыр ата-энем да Бишкекте турушат. Инимди жаныма алып алардан бөлөк жашайм. Мен аранжировка кылгандыктан көп адам келет да, ошого мен ата-энемден бөлүнүп өзүмчө жашайм.
-Динге кандайсың?
-Мусулманмын. Кудайга ишенем, корком. Намаз окуганды да үйрөнгөм. Жума намазга барып турам. Азыр бирок, намаз окуганга шартым жок. Кудай буюрса, убактысы келсе окуйм деген ниетим бар.
-Ичимдик, тамеки жагына шыгың барбы?
-Мен арак дегенди такыр ичпейм. Тамеки да тартпайм.
-Сени баңги затын колдонот экен деген сөздөр чыгып кеткен эле…
-Ар кандай эле ушактарды чыгара беришет экен. Өткөндө болсо, Россияда жүрсөм, Ильязга бирөө Россияда бычак сайып кетиптир, каза болуп калыптыр деп айтышты. Анан дагы Нарынга бирөө концерт коюп барып, мага айтпай эле мени да тизмеге кошуп коюптур. Барбай койсом, микрофондон "Ильяз жолдо келатып Долондо авто кырсыкка учурады, азыр ооруканада жатат" деп айтышыптыр. Менин номеримди да берип коюшкан экен, баары мага телефон чалышат, өзүм да түшүнбөй калдым.
-Ошондой ушактарды чыгарганга, мүмкүн кимдир бирөө кызыкдардыр?
-Билбейм… Антиреклама дагы адамга керек да. Көңүлүмө деле албайм. Башкысы өзүмө ак болсом болду да.
-Сенде кыздар көп болсо керек?
-Күйөрман кыздар көп эле. Телефон номеримди таап ала беришет экен. Арасында ойноп чалгандары деле болот. "Сиз, Ильязсызбы?" дешет дагы кайра "Ииии" деп коюп коет. Анан ал дос кызына "мен Ильяз менен сүйлөштүм" деп айтат экен. Дос кызы чалат "Чын эле сүйлөштүңүзбү?" деп… Гезит үчүн эле айтканда эмес, чын эле сүйлөшкөн кызым жок. Анткени кыздарга убакыт жок.
-Качан үйлөнөсүң анан? Болочоктогу жубайыңдын кандай болушун каалайсың?
-Узаааа-ак жылдардан кийин. Жакшы адам болсо, мени түшүнсө болду.
-Мүнөзүң кандай?
-Жиним бат келбейт. Сабырдуулугум бар. Жаман жагым-жалкоомун. Аны баары эле билет. Бала кезде шогураак болчумун. Ата-энем ошол үчүн кичине кыйналып жашап көрсүн деп Абдумалик Шерматовдорго кошуп Бишкекке жөнөтүп жиберген. Жакшы эле кылган экен. Азыр дагы эле шоктук кылып айылда жүргөнүмдө кандай болот эле, билбейм. Сабактан каччумун. Элге, өзүмө кылган тентектигим ошол. Бир ай сабакка барбай койгон элем, анан Бишкекке жөнөтүп жиберишкен. Бирок, мектепте баары жакшы көрчү мени, эжейлеримден бери тийишчү.
-Тамак жасай аласыңбы?
-Өзүм тамак тандабайм, кандай тамак болсо жей берем. Бирок, жумуртка куургандан башканы билбейм.
-Сени бир гезиттен тамашага салып бир кыз үйүнө чакырды го, сен анан макул болуп алдың. Чын эле кыздар чакырса үйүнө барат белең?
-Чын эле ишенип алдым анда. Концертти токтотуп коеюн десем, тамаша деп калды. Өзү да аябай назик сүйлөйт экен, буга чейин андай чакыруу болгон эмес эле. Ошончолук жакшы болуп атса кантип барбайсың, барайын деп эле ойлодум эле…
-Сүйүп көрдүңбү?
-Бир күндүкпү? Чынында мен катуу сүйүүгө чалдыга элекмин. Көчөдөн бир жакшы кызды көрүп калсаң, түнү менен ошол кыз түшүңө кирип чыгат дагы, эртесинде унутуп каласың.
-Мектепте дагы эч кимге кат жазган жок белең?
-Мектепте мен кыздарды жаман көрчүмүн. Бир партага кыз менен отургузуп койсо чачынан тартып, тийишип отурчумун. Ал да мени кичине басынтып сүйлөп койчу. Мен да намыскөймүн да, анан экөөбүз уруша берчүбүз. Кыздарга баш ийчү эмесмин. Анан сүйүү деген кайдан? Аялыма да баш ийбесем керек.
Дилбар АЛИМОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!