Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






  Бөтөн элде султандар

Дүйнө кезип кеткен кыргыз спортчулары
Кыргызстандын бокс чөйрөсүнөн АКШга кетип, профессионалдык боксто чоң ийгиликке жетип, Кид Даймонд деген каймана аты менен белгилүү болгон, бокстун шаары Лас-Вегаста кыргыз атын дүңгүрөткөн Алмаз Раимкуловду кимдер билбейт. Испаниянын курама командасында башкы машыктыруучулук кылып жүргөн жердешибиз Талант Дүйшөбаев тууралуу да мурда кенен жазганбыз. Биздин гезит ушул тизмени улантып, чет жакта жашап, башка өлкөнүн атынан чыгып жүргөн кыргыз спортчулары тууралуу маалымат берип турабыз. Кыргыздар канча таланты башка мамлекеттин намысын коргоп жүргөнүн биле жүрүшсүн.

Эмил Кенжесариев
18 жаштагы Эмил Кенжесариев алгач Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубунда ойноп баштаган. "Абдыш-Атада" жүргөндө 15 жолу оюн талаасына чыгып, "Бахреин" менен Кыргызстандын ортосундагы мелдештин экинчи айлампасында орун алмаштырып, "Бахреин" командасына гол киргизгени менен эсибизде. Андан кийин Казакстанга кетип, алгач Алма-Атынын "Сесна" командасында ойноп, кийин "Астана" командасына өткөн. Казак жарандыгын алган. Кезинде "Абдыш-Атадан" Малинин деген оюнчу экөө бирге кетип, бирок Малинин Эмил сыяктуу ийгилик жарата албай, акыры Алма-Атынын аты чыкпаган "Мега спорт" командасы менен келишим түзүп, ошол жерде калган. Ал эми Эмил "Астана" командасынан казактардын футбол командаларынын алдыңкысы болуп жүргөн, Казакстандын чемпиону болгон "Актөбө" командасына өткөн. Команданын жарым коргоочусу. Өзү жакшы көргөн 5 деген номуру менен ойноп жүрөт. Казакстандын курама командасына кабыл алынууга талапкер болгондордун алдыңкы сабында туруп, команданын лидерлеринин бирине айланды. Казакстан спортунда анын аты "кыргыз" деп гана айтылып жүрөт. Эмил оюн талаасына чыкканда, казак баяндамачылары "карагылачы кыргыз оюнчусун" деп ал ойногон ар бир мелдешинде айтат. Эмилдин эң бир артыкчылыгы жалаң штрафной абалдарында топ тээп киргизгендигинде. Максатсыз дарбаза артына кеткен топторду да туура узатып бергендиги менен айырмаланат. Баса, маалыматтарга караганда Эмилге Италиянын "Милан" клубунан жуучу жибергендер болуп жаткан да жайы бар.

Эрнесто Инаркиев
Дүйнөлүк шахмат федерациясы акыркы жылдардын алдыңкы мыкты шахмат дөө-шааларын аныктады. Эркектер арасында биринчи тизмеге индиялык Вишванатан Ананд, россиялык Александр Крапник жана болгариялык Веселин Топалов илинсе, Кыргызстандын шахмат боюнча жаштар арасында чемпион, дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү табылган Эрнесто Инаркиев болгардын Топаловунан 122 баллга аз упай топтоп, тизмеге 39-чу болуп илинди. Дүйнөнүн мыкты делген 15 шахматчысынын катарына кириш үчүн 2700 упай топтоп, ал тизмеге илинүүгө болот. Эрнесто азыр 2577 упайы менен алдыңкы шахматчылардын артындагы биринчи сапта. Эрнесто 7 жашынан кыргыз шахматында жылдызы жанган. Бирок 13 жашка келгенде Эрнесто Калмык президенти Кирсан Илюмжановдун чакыруусунда Элиста шаарына көчүп кеткен. Андан кийин Россияга көчүп келип, ал жактын шахматын көтөрүп, орустардын атынан чыгып жүрөт. Ал азыр болгону 21 жашта. Россия мамлекеттик социалдык университетинин экономика багытындагы бөлүмдүн студенти. Келерки жылдын август айына дүйнөлүк шахмат федерациясы шахмат шаары аталган Элиста менен Чехиянын Карловы Вары шаарларында дүйнөнүн мыкты шахматчыларынын такта үстүндөгү чоң таймашы болорун белгилөөдө. Ал мелдешке катышууга Вугара Гашимова, Теймуром Раджабов (Азербайжан), Дмитрий Яковенко(Сочи), Мохаммед Аль-Модиахи (Доха), Янник Пеллетье (Монтре), Девид Навара (Карловы Вары) жана жердешибиз Эрнесто Инаркиевдердин (Элиста) ысымдары аталды. Бул таймаштарда Эрнесто жеңишке жетээрине көзү жетет жана алдыңкы мыкты шахматчылардын катарынан орун алууга аракети күч.

Бакыт Ахмедов
Бакыт Ахмедов Кыргызстандын оор салмак боюнча эң алдыңкы балбандарынын бири болчу. Кыргызстандын желегин көптөгөн мамлекеттерде коргоп, намысты көтөрүп келген. Сиднейде өткөн олимпиадада 94 кг салмакта күч сынашып, төшкө алып 170 кг, силкип 192,5 кг ды түртүп, жалпы 367 кг ды багынта алган. Учурда Казакстандын курама командасына алынып, ал жактын Шымкен областынын атынан ат салышып жүрөт. Бакыт Казакстандын атынан чыгып жүргөн менен кыргызстандык балбан экендигин бүтүндөй КМШ билет. Башкы машыктыруучусу Алексей Нинин айтымында, азырынча казак балбандар арасында Бакыт жасаган эрдик кайталана элек. Дүйнө чемпионатында 105 кг салмакта күч сынашып, 410 кг салмакты 5 айлампада түртүп, "коло" медалдын ээси болгон. Аз убакытта Казакстандын качанкы мыктылары делип жүргөн -Афина олимпиадасында "коло" медал ээси Сергей Филимонов менен казак чемпиону Роман Русяновскийлердин катарына кирип, жаштар арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында 2-орунду алган. Быйылкы Пекинде өтө турган дүйнө чемпионатына казактар Бакытты катуу даярдап жаткан кези.
(Уландысы кийинки санда)
Күнболот МОМОКОНОВ




  Автограф

Шоумен Бакыт Букаев сулуу кыздарга быйыл чекит коет
-Бакыт мырза, айрыкча сулуулук конкурстары акыркы убакта адилетсиз өтүлгөндүгү тууралуу угуп калабыз. Орунду сатып алган учурлар кездештиби?
-Ошол тууралуу бир окуяны айтып берейин. Алабуканын мурдагы акими Абдусалам Юлдашев конкурс өткөрүүгө жакшы шарт түзүп берди. Алабуканын ар бир айыл өкмөтүнөн кыздар келип катышты. Күндө эртең менен репетицияга келишет, конкуренция ушунчалык күч болду. Ал конкурска тамеки ферментациялоо заводунун замдиректорунун карындашы катышты. Алабукадагы авторитеттүү жигит экен. Ал карындашына биринчиликти алып бериш үчүн Болот Тасмаевди ортого салыптыр. "Мен Бакытты билем, ал баары бир көнбөйт" деп ага айтыптыр. Анан андан кийин жюринин курамындагы алты адамды колго алып коюптур. Шакен Жоробекова деген "коммунистка" эже бар болчу, ага айтпаптыр. Маданият үйүнүн жанында "Ала-Бука" деген ресторан бар болчу. Азык-түлүгүн алпарып, конкурс бүткөндөн кийин жюри мүчөлөрүн сыйлаймын деп даярдатып коюптур. Күндүз суусаганыбыздан кире калып билип жатпайбызбы. Замдиректордун карындашы конкурска даярданып жатканда батыш жылдыздарындай болуп иномарка менен келип, бири видеого тартса, бири сүрөткө тартып, тим эле укмуш болгон. Беш-алтоосу костюмдарын көтөрүп алган. Жакшынакай болгону менен суроолорго жооп бере алган эмес. Анан ага кантип гран- прини берет элек.
Анын карындашы 1-вице- миссти алды. Баш байгени кызылаталык Медина аттуу кызга бердик. Конкурс аяктагандан кийин гран-прини жеңбей калган кыздын агасы бир-эки жюрини жакалабадыбы! Кызылатанын айыл өкмөтү ыраазы болуп, ырахматын айтты. Жюри мүчөлөрү даярдап койгон ресторанга киришпептир. Орун албай калган кыздын агасы аларга жүргүлө деп айтпай коюптур. Ресторандагылар аларды күтө беришиптир. Ушундай кызык окуя болгон.
-Жакында Баткенге барып сулуулук конкурсун өткөрүп келиптирсиз. Кандай өткөрүп келдиңиз?
-Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Дастан Бусурманович Ходжаевдин чакыруусу менен конкурс өткөрдүм. Баткен району боюнча кыздардын, жаш мырзалардын конкурсун өткөрдүм. Баткенде областтык театр бар экенин билген эмесмин. Ал театр маданият үйүнүн имаратында, бирок биротоло театрга бөлүнүп бериле элек экен. Муну айткан себебим, Бишкекте мурда топ жылдыздардын арасында көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн, илинип- илинбеген Апас Жайнаковдун мага кылган мамилеси болду да. "Каяктагы эмелерди чакырышып конкурс уюштурат мага көргөзбөй эле" дейт. "Налогдон өткөргүлө, арендасын алгыла" деп жанындагыларга кыйкырат. Деректир экениңизди билген эмесмин, мени райондук бийлик чакырды дедим. "Кыргыз жерин" жазган кишинин "Бар жогол Бишкегиңе" дегени мени абдан капалантты. Андан трайбалисттик мамилени күткөн эмес болчумун. Репетиция кылып жатсам жан-жөкөрлөрү келип фойеден кууп чыгышат, же розеткамды сууруп кетишет. Апас Жайнаковдой таланттуу адамдар пенделиктен өйдө эле болушса деп ойлойм.
-Өзүңүз болсо бойдок, бирок он жылдан бери сулууларды эле тандап келатасыз да?
-Чолпоната жана Балыкчы шаарларында май айында конкурстар өтөт. Ушул иш менен алпурушуп жүрүп он жыл өткөнүн деле байкабай калыптырмын. Иш деп жүрүп жеке турмушту да ойлонбой келатыптырмын ойлосом. Күзүндө жети дубан жергебиздеги жеңүүчү кыздарыбызды финалдык турга чогултабыз. Ушуну менен бул тармактагы ишим жыйынтыкталат окшойт. Ушуну менен сулууларга чекит коем.
Асел СТАЛБЕК кызы




  Күлкүлятор

Төөсү жорго төрт кабар
Кечээ чак түштө биздин чекисттер Бишкектин чок ортосунан элесепет тээп бараткан эки коррупционерди колго түшүрүштү. Алар изин будамайлаш үчүн өздөрүн кытайлык кыргыздарбыз деп жанын жеп атышат. Дайын- даректери тыкыр изилденүүдө. Элесепеттерин да суракка алууну пландаштырып жатышат.
***
Таңга маал, орозочулар али оозун бекитип бүтөлекте, айылдагы айтылуу чаар короз дайынсыз жоголду. Ана кыйкырат, мына кыйкырат деп атканда киши колдуу болду. Өзү "Таң жарчысы" деген соор гезиттин белдүү кабарчысы болуп иштечү. Канатынан калем учтап жүргөн, келечектен чоң үмүт арттырган корозпондент болчу, чиркин. Кантейик, куураган турмуштун айынан куутамакка эрте кеттиң. Жаткан курсагың жайлуу болсун.
***
Бүгүн-эртең, эгер жаан-чачын болбосо, шамалдын ылдамдыгы чөптүн башын кыймылдатпаса, бензин кымбаттабай турса "Бойдоктор" партиясы борбордук аянтка бикетке чыгабыз деп беленденип жатышат. Алардын койгон талаптары: "Талак, талак жана талак!", "Контрольный талак!", "Кетсин!", "Жашасын Жалгызжат!", "Урук коргоочулардын укугу тебеленбесин!" ж.б. Кошулам дегендерге буракосачитай китебин ала келишсин деген шарты да бар.
***
Байыркы дүйнөнүн тарыхын изилдеп жүрүп, кийин оокаттын айынан акча-тыйындуу бомжулук кесипке ооп кеткен бир илимпоз өкмөттөн өзүнө бөлдүрүп алган таштандыны аңтарып-теңтерип атып жарымы жок бир китеп таап алды. Аты "Каратаман кантип миллионер болду?" Элге-журтка жайы-кышы таанымал инсан китептин экинчи жарымын издеп табат элем деп айтылуу Алматы калаасынын Мусор далаасын , Ташкендин Таш-шап кой талаасын изилдегени жөнөп жатат.

КИМБАЙКЕ












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!