Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






  Китептен үзүндү

Азимбек БЕКНАЗАРОВ
"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
Өтмөк ашуусунда камалып калдык
Бизди коштоп жүргөн аксакал "силерди Өтмөккө чейин узатып коет" деп бир "Нива" машинасы менен 5-6 жигитти кошуп берди. Өтмөктөн ашып Суусамырды көздөй түшүп келе жатканда биз бара жатканда жолдон жолуккан УАЗ автомашинасы менен грейдер кайра Таласты көздөй бара жатыптыр.
Алардан 300 метрдей өткөндөн кийин атайын жабылган жолго кабылдык. Жол эки тарабынан сүрүлгөн кар менен тосулган. Токтой калып жаңы эле өткөн грейдерди ачып берсин дейин деп арт жагыбызды карасак, грейдер артыбызда жолду жаап жатканын байкадык. Ошондо түшүндүк булар биздин жолду артыбыздан да, алдыбыздан да жаап жатканын. Анан биз үйүлгөн кардын канчалык экенин билиш үчүн "Нива" машинасындагы балдарга "Силер алдыга түшүп карды жиреп көргүлөчү" дедик. Алар алдыга түшүп карды жиреп келишип, 5-6 метрден кийин эле ташка кабылышып токтоп калышты. Көрсө өңчөй эле карды үйүшпөстөн, кардын арасына чоң-чоң таштарды кошо таштап кетишиптир. Ошол учурда түнкү саат бир, экилер чамасы болчу. Күндүн суугун айтпа. Ойлонуп, эмне кылыш керек деп калдык. Эч бир жакка кеткенге жол жок. Чолпонбек экөөбүз кеңешип, айдоочубуз Шамалды (Жыргалбекти) "сен машинада кал, биз Суусамырга жөө барып, трактор таап келели" деп жөнөдүк. Чолпонбектин батинкеси тайгак экен. Улам эле тайып жыгылып калат. Тайбасын деп экөөбүз колтукташып 12 чакырым жөө бастык. Бишкек - Ош жолуна жакындай бергенде алдыбыздан машинанын жарыгы көрүндү. КАМАЗдын артынан жип машина бизден өтүп барып токтоп калды. Жип автомашинасынан бирөө баш багып "Азимбексиңби?" деди. Ал Курманбек Салиевич экен. Көрсө Курманбек Салиевич, Топчубек Тургуналиев, дагы бирөөлөр Таласка курултайга келе жатышыптыр. Биз аларга болгон окуяны айткандан кийин дароо Бишкекке кеттик деп чечишти. Биз КАМАЗ машинасын жолдо калган биздин машинага жиберип, Топчукем келе жаткан машинада күтүп отурдук. Ал эми Курманбек Салиевич жана башкалар Бишкекке кетишти. Кийин бул окуя тууралуу Чолпонбек Абыкеев "Аалам" гезитине чоң макала жазды. Биздин машинаны КАМАЗ чыгарып келгиче таң да атты. Бишкекке жетейин деп калганда Жалалабаттан Бектур, Оштон Дүйшөн телефон чалышып, бийлик обладминистрациядан элди күч менен кууп чыгууга аракет жасашканын, элдер жарадар болушканын, бирок, элдер кайра топтолушуп, бийликти кууп чыгышканын, Жалалабатта ИИБинин имараты күйгөнүн, абал оор экенин айтышты...

Мен кайрадан Ошко жалгыз кеттим же
Ош, Жалалабат
обладминистрациясынан бийлик элди
кантип кууп чыкты
Биз түз эле штабга келдик. Бир топ акылдашкандан кийин Ошко, Жалалабатка барыш керек деген чечим алдык. Бирок, Үсөн Сыдыкович, Курманбек Салиевич, Топчубек Тургуналиевич жаңы эле түштүктөн келишкенин айтышып, баруудан баш тартышты. "Анда мен барайын. Машина маселесин чечип бергиле" дедим. "Өзүң эптеп машина таап барып кел. Кийин жол киреңди төлөп беребиз дешти". Алардын мындай жообунан кийин мен Самсаалы Четинбаев деген инимди таап, түштүккө алып барып келүүсүн өтүнүп, "Машинага майды да өзүң куясың. Бизде эч нерсе калбады" дедим. Ал иним шыр эле макул болуп, биз ошол күнү эле түшкө жакын жөнөп кеттик. Эртеси Жалалабатка саат ондордо кирип бардык. Түз эле губернатор Жусуп Жээнбековго кирдим. Ал болгон окуяны айтып берди. Андан сырткары Баяман Эркинбаев келип, экөөсү урушуп кеткенин да айтты. Баямандын каякта экенин сурасам, "Жалалабатта жүрөт" деди. Баяманды таап "Эмнеге Жээнбеков менен уруштуң?" десем, "...Азим аке, сынап көрдүм да" деп күлүп койду. Биз Баяман экөөбүз Жалалабаттагы генерал Бакаев башкарган ички аскер бөлүгүнө келдик. Ал жерде солдаттарды жыйнап, солдаттар сабап бети-башы көгала болгон аялды аларга көргөзүп, "өзүңөрдүн энеңерге кантип кол көтөрдүңөр" деп Баяман катуу сүйлөдү. Солдаттардын эл жагына өтүшүн сурандык. Биздин мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин алар эл менен болобуз деп чечишип, үч солдатты офицерлери менен обладминистрациянын алдына топтолгон элге жиберишти.
Биз солдаттардан кийин К. Батыровдун Өзбек-Кыргыз университетине келдик. Ал жерде өзбек улутундагы бир топ адамдар менен сүйлөшүп, силер да "Кыргызстандын жаранысыңар" деп, саясый күрөштө четте калбашын өтүндүк.
Андан кийин обладминистрациянын алдындагы элге келип, Нооруз майрамы менен куттуктап, Баяман экөөбүз сүйлөдүк. Баяман ал жерде турган элге 150 миң сом жардам берди. Аскер бөлүгүнөн келген аксылык жоокер элге кайрылып, солдаттар эл менен экенин айтты. Ошону менен катар эле бир топ милиция кызматкерлери эл тарабына өткөнүн жарыя кылышты. Андан соң Жалалабат милициясынын ИВСинин күйүп кеткен имаратын көрдүк. Областтын прокурору, менин курсташым Тимур Ибраев ал жайда кармалып олтургандар качып кетишкенин, кээ бирлери өздөрү кайра келишкенин, калгандарын да издеп жатышканын айтып берди. Анын 4-марттан бери ар дайым элдин арасында болуп, калыс, туура сүйлөгөнү үчүн, ошол күндөрү аброю аябай көтөрүлүп, эл сыйлап калган. Башка жетекчилерге окшоп качып кетпей, күнү-түнү дебей эл менен чогуу жүрдү.
Ошол күнү түштөн кийин мен Ошко кеттим. Биз Ошко келгенде губернатордун иш бөлмөсүндө губернатор А. Артыков, Д. Чотонов, Роза Отунбаева жана башкалар отурушуптур. Обладминистрациянын эшигин элдик дружиналар катуу көзөмөлгө алышыптыр. Алар 20-мартта Садиев жетектеген ОМОНдор кантип кууп чыкканын, Д.Чотонов менен Анвар Артыковду кармашып, кайра коё беришкенин айтышты. Сыртка чыгып элдин арасында мурдагы милициянын офицери Абдылда деген жигит "Акаев кетсин" деген рюкзак асынып атчан жүргөнүн көрдүм. Мен жыйылган элге бир азыраак сүйлөп, эрдиктерине ыраазычылык билдирип, күрөш жакында Бишкекте уланарын, ага чейин жеңишти колдон чыгарбоолорун өтүндүм. Эл арасында атактуу куудул Жамбыл Камчиев элдин духун көтөрүп, күлдүрүп концерт берип жүрүптүр. Кечке маал Бишкекти көздөй жөнөдүм, Биз менен Роза Отунбаева, Клара Кабилова кошо келишти. Самсалы иним түндөп Бишкектен уктабай келгенине карабай кайра Бишкекке машинасын айдап жөнөдү. Жалалабаттагы, Оштогу элдин духун көрүп, "мен да революционер боломун, Бишкекке жетсем эле досторума айтып, иштеймин" деп шерденип келди. Чынында ал өзүнүн достору менен 24-март күнү революционерлердин алдыңкы катарында жүрдү.
22-мартта Акылбек Жапаров штабга келип, сот Усубалиевдин пайдасына чечкенин, эми толук бойдон бизге кошуларын айтты. Мен ага эгер макул болсоң менин ордума Координациялык Кеңештин штабын башкар, Кеңештин төрагасы түштүктөн (К. С. Бакиев), штаб башчысы түндүктөн болсун десем, ал макул болду. Ошол эле Координациялык Кеңештин 11 кишиден турган Президиумун түздүк. Ага К. С. Бакиев, А. Жапаров, Р. Жээнбеков (ал 21-марттан кийин кайра пайда болду), Р. Отунбаева, Т. Тургуналиев, И. Болжурова, Ү. Сыдыков, В.Черноморец киришти.
Баса, 21-мартта биз Оштон Бишкекке келе жатсак Ташкөмүр менен Разан Сайдын ортосунда ак волга менен Досбол Нур уулу, Алишер Абдимомунов, Абдыжапар Тагаев жолдо турушкан экен. Алар Баткенге бара жатышканын айтышты. Буга чейин Баткенде эл губернаторду кууп чыгышканы белгилүү болчу. Алар 23-мартта Баткенде толук элдик бийлик орногонун кабарлашты. Негизинен Баткен боюнча координатордук ишти Д. Нур уулу алып барды.
22-мартта саясатчылар КЭКтин штабында жолуктук. Жолугушууда мындан нары кандай иш алып барабыз, ошол жөнүндө сөз болду. Бийлик да өз аракетин көрүп, жаңы Жогорку Кеңештин жыйынын чакырып, ага Акаев өзү катышты. Өлкөдөгү кырдаал тууралуу жападан жалгыз Т.Сариев чыгып сүйлөп, ал оппозиция менен сүйлөшүү зарыл экенин, алар менен өзү жолугушуп жүргөнүн күйүп-бышып Акаевге тике айтты. Тилекке каршы, Сариевдин мындай сөзү башка депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок. Анын ордуна К.Конгантиев жана башка Акаевге ашкере жагынайын деген "Алга Кыргызстандык" депутаттар "Оппозицияны камоо керек, аларга катуу чара колдонуу зарыл" деген сунуш менен чыгышты. Мен ЖКга КЭКтен жалгыз өткөн депутат болсом да бул жыйынга катышкан жокмун. Жыйынга катышкандын ордуна Б. Асанов, Д. Чотонов менен дагы сүйлөштүм. Алар Бишкектеги митингдерди тездетүүнү менден өтүнүштү.
Чынында эле Бишкектеги аракеттерди тездетүү зарыл болчу. Борбордогу революция "Ак калпак" революциясы болмок. 24-мартта өтүүчү митингге 20 миң адам келсе, ар кимисине бирден ак калпак берилмек. Аппак калпактарды кийишкен эл байчечекейдей болуп турса деп ойлогонбуз. 24-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында кеминде 20 боз үй тигилмек. Чогулган элди Акаев өз ыктыяры менен кызматынан кеткенге чейин кармоо эң оор маселе эле. Ошондуктан биз Курманбек Салиевичтен "элди кармоо боюнча акча каражаты жетеби"деп ачык суроого туура келди. Курманбек Салиевич "...Акча каражаты жок экенин, бирок акча табууга аракет болуп жатканын айтты. Ушул эле учурда бийлик да бизге карата катуу чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алышып жатканы маалым болду. Бизди камоого санкция бербейм деген Башкы прокурор М. Абдылдаев кызматынан четтетилди. Анын ордуна М. Суталинов дайындалып, ал болсо, "оппозицияны камайм" деп телевизордон сүйлөй баштады. КТР аркылуу М. Суталинов, Ч. Арабаев, Б. Жанузаков, К. Дүйшөбаев жана башка Акаевге жакын адамдар бизге каршы катуу чара көрүлөрү тууралуу дембе дем сүйлөшүп жатышты.

(Уландысы бар)




  Үч тапан

Парламенттик комиссия
Каркыра жайлоосуна кетти
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекова баш болгон жыйырма депутат кечээ Каркыра жайлоосуна сапар алышты. Алар Каркырадагы кыргыз-казак чегарасына байланыштуу талаш жараткан жерлерди барып көрүп келишет. Буга чейин өкмөттүн регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жер казактарга кетип атканын билдирген. Бирок, коомчулук Кыргызстандын бир сотых жерин да коңшу өлкөлөргө берүүгө каршы.

Тост
Биз, эркектер, аялзатына белек-бечкекти кайта-кайта беребиз. Улам арылаган сайын белектер да кымбаттап баратат.
Андыктан, тост айткым келет: "Биз үчүн мындан ары да улам кымбаттай бергиле. Ошондо, эртеби-кечпи, бир күнү биз чыныгы кенчтин ээси болуп чыга келебиз!"

Кашык түшкө кирсе - аялзаты менен таанышасың…
Чөмүч түшкө кирсе - аялзаты менен таанышасың…
Табак түшкө кирсе - аялзаты менен таанышасың…
Казан түшкө кирсе - аялзаты менен таанышасың…
Ооба… Гинеколог болуп иштеш - тирүүнүн тозогу!..












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!