Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






  Хобби-моббилер

Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы
Т. Сариев тыйын чогултканды токтотту
Экс-депутат Темир Сариев монета чогултчу. Азыр 100гө чукул өлкөнүн монетасы үйүндө сакталуу. Чет жакка чыкканда ошол өлкөнүн демин берген тарелка ала келип жүрөт. Кышкысын лыжа тебет. Жайкысын сууда сүзөт. Ошондой эле чоң теннис менен көп жылдан бери машыгып, чебер спортчулар менен да беттешкенден кайра тартпайт.

К. Бакиев шишкебекти кыйын бышырат
Президент Курманбек Бакиев "меткий стрелок" экен. Жанында жүргөн пресс-катчысы ушундай мүнөздөмө берди. "Курманбек Салиевич аң уулаганды жакшы көрөт. Өзү мылтыкты жакшы атат жана көзгө атар мерген десек болот" дейт Нурлан Шакиев. Угушубузга караганда, президент эс алгысы келгенде тегерегиндеги досторун пейнтбол сыяктуу мылтык атышкан "взрослый оюндарга" сүйрөп жөнөйт. Ал болбой калса сөзсүз тоого аң уулаганга жөнөшөт. Кулинария жаатындагы жөндөмдөрүн сурамжыласак, президент шишкебекти катыра бышырат.

Кабай менен Адаханга эч ким жетпейт
ЖК спикери Адахан Мадумаров дагы бильярд ойногонду сүйөт. Аны утуш мүмкүн эмес дешти көпчүлүк саясатчылар. Балким, бильярдды көп ойногон үчүн да Мадумаров мырза семирбей өз формасын сактап жүрөт го. Себеби, бильярд ойноп атып адам билинбей эле 3-4 чакырым жерди басып коет экен. Исхак Масалиевдин айтымында, бильярдга келгенде спикер Адахан Мадумаров менен депутат Кабай Карабековду утуш мүмкүн эмес экен. Булар кокус маанайы бир нерсеге чөгүп, көңүлү келбей ойносо гана утулуп калбаса, саясий чөйрөдө бул экөө тең бильярдды катыраары белгилүү.

А. Рыскулова топ тебет
Айгүл Рыскулова кружка чогултат. Азыр үйүндө дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөсүнөн алып келген 200дөн ашык кружкасы бар. Министр айым бала кезинен бирдемелерди чогултканга маш экен. Марка чогултту, значок чогултту, тыйын чогултту. Ушул кезде атактуу Сваровски жасаган сувенирлерди чогулта баштады. Бирок Айгүл Рыскулованын негизги хоббиси- футбол. Министр болгону өзү футбол ойногондон тартынып калганы менен "Азалия" деп аялдардын футбол командасын түзүп, 20 кызды мыкты футболист болсун деп тарбиялап аткан кези.

Н. Шакиев ат үстүндө ойнойт
Пресс-катчы Нурлан Шакиевдин хоббиси- ат минүү. Айылга барган сайын атасы энчилеп берген атын минип, тоону көздөй чаап кетет. Анан Нурлан Шакиев бильярд ойногонду да жактырат. "Кыяз Молдокасымов агай экөөбүз бильярдды ортодон жогору деңгээлде бирдей ойнойбуз. Мисалы, депутат Рашид Тагаевден утулуп калам" дейт Нурлан Шакиев.

К. Ташиевдин хоббиси- өрт өчүрмөй
Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев көзгө атар мерген өзү. Үйүндө беш атар мылтыгы бар. Анысын КТРден көрсөтүп да бир топ мактанган. Бирок биз телефон чалсак, азыр мен хобби-мобби дегенди унуткам дейт. "Менин хоббим - өрт өчүрмөй. Мына таңкы алтыдан баштап саат үчкө чейин "Дордой" базарындагы өрттү өчүрдүк. Өзүм кошо ошол жерде жүрдүм" деди. Министр болгону бул анын экинчи жолу өрт өчүрүшү. Буга чейин "Саякат" мейманканасындагы өрттү өчүрүшкөн экен. Баса, Камчыбек Ташиев тамаша-чыны аралаш "депутат кезимде дагы бир хоббим сүйлөмөй болчу, азыр болсо таптакыр сүйлөбөй калдым" деди.

Марат Султановдун хоббиси- иттер
Соцфонддун төрагасы Марат мырза иттерди жакшы көрүп, бош убактысын кыргыздын тайгандарын багууга жана көбөйтүүгө арнайт. Таласта туугандарына бардык шартты түзүп берип, жалаң тайган бактырып аткан да жайы бар.

Маданият министри камыр чое албайт
Маданият министри Султан Раевдин хоббиси- кулинария. Көңүлү келип, маанайы жакшы кезде палоону гүлдөтүп басып коет. Тамактын бардык түрүн жасайт, болгону лагмандын камырын чое албайт. Соңку кездери кикбоксингге кызыгып жүрөт. "Чемпион инилерим менен үйдө машыгып атам" дейт Раев мырза. Султан Раевдин дагы бир хоббиси- гитара. "Гитарада ойноп, жеңеңерге кыңылдап ырдап берем" дейт министр.

Э. Алымбеков бильярддан акча утат
Экс-депутат Эркинбек Алымбеков бильярдды катыра ойнойт. 2006-жылы парламентте депутаттар ортосундагы турнирде 2-орунду ээлеген. Достору болсо бильярдды сүйөрүн билип туулган күнүндө кий белекке берип жүрүшөт. Эркинбек Алымбеков өз чөйрөсү менен ойногондо ортого 500 сомдон ташташат. Ким утса ошол акчаны чөнтөккө салат. "Бир жолу Оштон келген досумдун болгон акчасын бүт утуп алгам. Аягында бир да тыйыны жок калып, кайра Ошко билетти мен сатып бергем" дейт Эркинбек Алымбеков.

Даярдагандар Асел СТАЛБЕК кызы, Изат ДҮЙШЕЕВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!