Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






  Жөө күлүктөр заманы

Данияр Үсөнов маршруткага да, троллейбуска да түшпөйт
Шаарыбыздагы транспорт каттамдарынын жол акысы кымбаттайт. Бишкек шаардык транспорт департаменти бул кабарды бир ай мурда угузган. 27-мартта шаар башчысы Данияр Үсөнов шаардык айдоочулардын арыз-муңунан кийин шаардык кеңешке 7 сомдон 10 сомго чейинки баалардын тарифин көргөзүп, шартка жараша бааны бекитип беришин өтүнгөн. Шаардык кеңеш бул маселени 10-апрелде карайт. Бул кабар шаар тургундарын тынчсыздандырууда. Азык-түлүк кескин кымбаттап, чөнтөгү жукарып турган эл бул кабарга сүйүнгөн жок. Бишкектеги маршруткалар шаардык бийликке ультиматум коюшту. Эгер баа көтөрүлбөсө, анда бардыгы иш ташташат. Баш калаада кыйраткан автобусу жок Данияр Үсөнов алардын бул ультиматумунан жүрөгү түшүп, бааны 7 сомго чыгарууну көздөп калды.

Абдыгул Чотбаев,
шаардык кеңештин депутаты:
-Бул маселени эки ооз сөз менен айта албайсың. Эки тарапты тең туура түшүнүүгө болот. Солярка, унаага керектүү тетиктер да кымбаттап кетти. Бул жагынан караганда айдоочулардыкы да туура. Ал эми элди карап турсаң алар да жыргап жатышкан жок. Тамак- аштын баасы кымбаттап эле баратат. Ал эми айлык-акы, пенсия ошол эле бойдон турат. Шаардык кеңеш азыр өтө олуттуу маселени караганы жатат. Калыс пикир менен ылайыктуу бааны коюп бериш керек. Менин оюмча, бүт баардыгы эле көтөрүлүп кымбаттап жатабы, анда өкмөт айлык-акы, пенсияны да көтөрүүнү ойлонушу керек. Ошондо эл үчүн да жеңилирээк болмок. Болбосо элге кыйын эле болуп калат.

Марат Чыныбаев,
Бишкек шаардык транспорт
департаментинин башчысы:
-Марат мырза, жол акыны көтөрүүгө эмне түрткү болуп жатат?
-Мындан 10 жыл мурун шаардагы транспорттук жол акыны 5 сомго көтөргөндө солярканын баасы 4 сом болчу. Бүгүн солярка 28 сомго чыкты. Айдоочулар үчүн кыйын болуп, иш таштап кеткендер көбөйүп кетти. Шаардык жүргүнчүлөрдү азыр маршруткалар эле тейлеп жатат. Алардын пикирин да укпай коюуга болбойт. Эгер алар иш таштаса, шаар ичиндеги кыймыл токтойт. Биз аларга азыр "сен жакшы, сеники туура" деген үчүн эле унчукпай, шаардык кеңештин чечимин күтүп жатышат. Жеке менчиктеги маршруткалар болгондуктан алардын пикирин да угууга аргасыз болуп турабыз. Бизде шаарга автобустарды алып келгенге мүмкүнчүлүгүбүз жок. Келген корейский автобустарды деле көрүп жатабыз. Аз убакыттын ичинде эле "жол акысы аз болуп жатат, биз иштей албай жатабыз" деп арызданып келип жатышат. "Кайдан аз, 5 сом азбы, элди эмне кууруп жейсиңерби?" дейбиз. "Анда иштебейбиз" дешет. Жол акысын акыркы ирет кымбаттатып, маршруткаларды кармап калышыбыз керек. Өткөн жылы шаар ичинде 3500 маршрутка иштеген. Бир жыл ичинде эле кетип жатып 2600 маршрутка калды. Эгер биз бааны көтөрсөк, мурдагы кеткендер кайра келип иштей баштайт.

Турат Айдаров,
шаардык кеңештин депутаты:
-10-апрелде биз шаардык кеңештин отурумунда шаардагы транспорт абалдары жана баанын тарифи боюнча маселени караганы турабыз. Шаар мэри Данияр Үсөнов троллейбустун баасын 5 сомго, ал эми маршруттун баасын 7 сомго көтөрүү боюнча сунушун жөнөткөн экен. Ал сунушту туура түшүнсө болот. Себеби, солярканын баасы асмандап кетти. 5 жыл мурун солярка канча сом эле, азыр канча? Бир ай мурун ушул иштин документтерин карап жаткандагыдан да солярка баасы заматта 1,5 сомго өсүп кетти. Аргасыз жол акыны көтөрүүгө туура келип турат. Биз, шаардык кеңеш, колдон келишинче ушул баада эле кармап туралы дедик. Бирок, күндөн күнгө эле айдоочулардын арызы көбөйүп бараткандан бул маселени чогулуп чечүүгө туура келүүдө. Пенсионерлер үчүн өзүнчө жеңилдиктер каралат. Азыр бизге 3 варианттагы сунуштар түштү. Айына пенсиядан тышкары транспорт үчүн деп 150 сом,160 сом, 200 сомдон өкмөт төлөп турмай болууда.
Күнболот МОМОКОНОВ




  Ар кимде бар ар кыял

Т. Усубалиев диета кармап,
Т. Койчуев чачын майлачу
"Мамиле адатка айланат. Адаттан улам мүнөзүң пайда болот. Ал эми мүнөзүңө жараша тагдырың куралат" деп У.Теккерей деген чал бекер айтпаптыр. Чын. Адатың сенин экинчи натураң. "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" дегендей бул жолу адамдардагы адаттарынан кеп салалы дедик. Маселен, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, күнүгө эртең менен жумушуна келээр замат банктагы өзүнүн эсебин "турат бекен, же жок бекен" деп бир текшерип алмайын жаны жай албайт экен. Күндө текшерет имиш. Ошол эле Буш, Путин падышалардын адаттарын айтып отурса ал өзүнчө узак кеп. Ал сөз эмкиде болсун дагы биз өзүбүздүн чоңдордон баштайлы.

Аксакалыбыз Турдакун Усубалиев бийликтен түшкүчө бирөөлөрдүкүнө конокко барчу эмес дешет. Башкаларчылап эзели казы, карта, чучукту былчыйтып жечү эмес экен. Королдордун диетасын жаш кезинен күнү бүгүнкүгө чейин 100% сактап келет. Күнүгө кечинде муздак сууга түшмөйүн койбойт. Ар бир жазган, сүйлөгөн сөзүнүн үтүр, чекитине чейин сагызгандай сак. 1-секретарь кезинде жумушка эртең менен 2 саат кеч келип, кечинде 2 саат ашыкча отуруп анан кетчү дешет. Анысы Москва убактысына жараша эсептелчү экен. Антени, Кремлден жумуш учурунда чалып калганда ордуңда болушуң керек да.
***
Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов кандай бош боло калса, ошондой кабинеттерди кыдырып жөнөчү дешет. Бапылдашып сүйлөшкөндү жакшы көрчү экен. Кыдырып жүрүп, ал-ахывалды сурагыча ким эмне кылып атканын биротоло текшерчү тура.
***
Төрөбай Кулатов тыйын чычкандарга өз колу менен тамак бергенди жакшы көрчү. Дзержин бульварындагы үйүнүн балконуна эмен бактарынан атайын тыйын чычкандарга жол салып, тамак-аштарды дайыма үзбөй коюп койчу.
***
Министрлер советинин төрагасы Акматбек Сүйүмбаев бильярд менен футболду катырчу дешет. Чоңдорду шагыратып тизип алып арыктын жээгиндеги чөптөрдү чаптыра берген адатын айтышат.
***
Апас Жумагуловду бирге иштешкендеринин эч бири сүйрөп да мончого алып бара алышчу эмес экен. Көпчүлүк менен эс алчу жерлерге барчу эмес тура. Апас аксакалды жакындан билгендер "жубайы эртең аткара турган жумуштарын кагазга жазып, костюмунун төш чөнтөгүнө салып койчу" деп айтышат. Жумушка Аскар Акаевден дайыма 1 саат эрте келип, 1 саат кеч кетчү экен. Ошентсе да Аскар Акаев жанында Кыргызстандын экономикасынын болгон тирлигин коен жатагына, ийне-жибине чейин беш колундай билген Жумагуловдой Бакай атасы туруп да ити чөп жебей койгону -Апас аксакалдын мүнөзүнүн бир жагын айтып турат дешет.
***
Министрлер советинин төрагасы Абды Сүйөркулов күнүгө эртең менен бир стакандан шампан ичип койчу экен.
***
Бекмамат Осмоновдун президент Акаевди "Сууга түшүп кетсеңиз да, кургак чыгып кетесиз да!.." деп көзүнө бурк этип бир тийгени эле анын кандай баатыр адам болгонун айтып турат. Анда накта эрдин сүрү болгон. Боз үй, ээр, ат жабдыктары ж.б. кыргыз буюмдарын түрү менен жыйнаган ышкысы бар эле дешет. Көзү өтүп, үйүн көчүргөндө ошол жыйнаган буюмдары эле чоң бир машина болгонун айтышат.
***
Академик Салмоорбек Табышалиев сыркоолоп калса да жайдаңдап, жаш медик кыз-келиндер көчүгүнө ийне сайып атса тамашага салып кармап турган шымын ылдый түшүрүп ийчү деп жакын билгендер айтып калышат.
***
Айтылуу Тойчубек Касымов күнүгө эртең менен жумушка чыгаарда 30 мүнөтүн күзгүнүн алдында өткөрчү экен. Атайын майлар менен чачын майлап, үлпүлдөгөн сүлгүнү бууга даярдап туруп, бетине басып жасанганга көп убакыт кетчү. Ар кандай фильмдердеги каармандарды туурап басып, туурап кыймылдап, жакшы сөздөрдү кошуп сүйлөш үчүн бирөөлөрдүн айткандарын өзүнүкү кылып кошуп атып эл ичинде "нисостоявшийся артист" атка конгон.
(Эмки санда А.Акаев баштаган азыркы саясатчылардын адаттарына келебиз. Жүда кызык. Болгону сотко берем деп арданекей жок, эй)

Баястан АСКАРОВ




  Үч тапан

Отурбайм… он долларга!
Бир кишинин унитазы бузулуп, сантехникти чакыртат. Сантехник келет да, беш мүнөттөн кийин:
- Оңдоп бүттүм, давай 10 доллар бере сал! - дейт.
- Йолки-палки, беш мүнөттүк жумушуңа он доллар сурайсыңбы? Керек болсо, жыйырма жылдан бери тишдогдур болуп иштеген мен да беш мүнөткө он доллар ала элекмин!
- Туура айтасыз! Мен деле нейрохирург болуп иштеп жүргөндө мынча тапчу эмесмин! - дейт сантехник.

Таш - тарых
Боронбай бий жана Чокан Валиханов
"Ысыккөл" коомдук фонду Ысыккөл элинин атынан президент К.Бакиевге улуу инсандар Боронбай бий менен Чокан Валихановдун эстеликтерин Көл өрөөнүнө кире бериш жерге - Балыкчы шаарынын чекесине орнотуу жөнүндө сунушу менен кайрылган болчу. Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында президент ал сунушту колдоорун расмий билгизди. Ошентип жакын арада Балыкчы шаарынын босогосуна төмөнкү сүрөттөгү улуу инсандар дал ушул көрүнүшүндө эстелик болуп тургузулат.
Кыргыз-орус мамилесине данакер болушкан бул эки адам бири 70ке чыгып, экинчиси 21 жашка толгон кездеринде биринчи ирет жолугушкан. Ал кезде Боронбай бий 16 миңден ашык түтүн эли бар Бугу уруусун башкарып турган, санжыра, уламыш, баяндардын устаты болгон көсөм жолбашчы болчу. Ал эми 7 тилди билген Аблай хандын үчүнчү муундагы урпагы Чокан (өз аты - Мухаммед - Ханафия, энеси эркелетип койгон аты - Чокан) Чингисович Валиханов 1956-59 - жылдары Кыргызстанга үч ирет келип кеткен. Ч.Валиханов Кыргызстандан чогултуп кеткен дастан, жомок, ыр, санжыраларды, атургай "Манастагы" "Көкөтөй хандын өлүмү менен ашын" ж.б. үзүндүлөрүн Боронбай бийдин оозунан угуп жаздырып кеткен.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!