Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






  Азыркынын кошогу

Бегиш ААМАТОВ:
"Акаев да, Бакиев да Конституциянын эмес,
коррупциянын гаранты болуп калышты"
Эл деп чындап жанын сабаган, "мага эмес элге болсун, өлкө байысын, эл тентип, жер сатылбасын" деп жаны күйгөн ким бар кыргызда, айткылачы! Туу кылып жүргөн Ч.Айтматовбу? Буга чейин Акаев алтын президент деп келди эле, эми кечээ К.Бакиев референдум өткөрөөр алдында сүйлөтсө "бул деген болуп көрбөгөндөй секирик жасоо" деп сүйлөп атат. Кыргыздын аксакалынан баласына чейин кошоматчы болуп бүттүк. "Эй, андай кылганың жарабайт" деп туура сөздү айтып кое албайбыз. Айылдагы аксакалдарыбыз болсо, "Россиядагы балам пул салып жиберип, бизди багып атат" деп бозо менен арактан соктуруп коюп басып жүрүшөт. Ал жакта балдары 20-30у бир үйгө тыгылышып алып, ошонун айынан бири кургак учук, котон жара болсо баарысына жугуп, көк муштум болуп, кор болуп иштеп жүрүшкөндөрү менен жумушу жок. Улууларыбыз аксакалдык кылып айылдагы чыныгы абалды айтканга күчтөрү келбей дежур атка конушту. "Эмнеси болсо да, өзүбүздүн бала экен" түшүнүгүнөн алыстай алышпайт. Чоңдорубуз байып алган соң, куйрукту түйүп сыртка чыгып кеткенге даяр. Чыгып да кетишти. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, жегенин кустуруш үчүн, өңгөлөргө сабак кылыш үчүн алардын артынан түшүп, издеп койгон жан жок. Анткени, өздөрү ошого кызыктар. Уят, ар-намысыбыз түгөнүп бүттү. Күйгүзүп, кыргыздын байлыгына тоюп бүткөндөн кийин "Мен кыргыз эмесмин" деп чыккандарын айт. Баековалар Акаев бийлиги үчүн деле шарт түзүп, мыйзамды "эптештирип" жатышчу эле, кийин Бакиевге да дал ошентип мыйзам токуп жүрүшөт. Жетекчинин баары өз элине чоң чыкканга кыйын, а бул турган казак, өзбек, тажик маселесине келгенде тизелери калчылдайт. Президенттердин мурдагысы да, азыркысы да Нурсултан Назарбаевге мурдуларынан чүлүктөнүшүп, экономикалык, саясий жактан анын барымтасында калышкан. Азыр да ошонун азабын тартып жатабыз. Азыркы Конституция - коррупциянын конституциясы. Ошого тимеле жол ачкан, ыңгайлашкан конституция. Баш мыйзам менен башчыларыбыздын туруксуздугунан Кыргызстан эларалык атагы чыккан уурулардын огородуна айландык. Алардын айдагында калышкан азыркы эл башчылар Кыргызстанды кайжакка жетелеп баратышат, өзүлөрү билишпейт. Президенттердин мурдагысы да, азыркысы да конституциянын эмес, коррупциянын гаранттары болуп калышты. Конституциялык соттун мурдагы төрайымы конституциянын сакталышы эмес, бузулушунун үлгүсү болуп калды.
1993-жылдагы Конституцияда жер, анын кен байлыктарын сатуу боюнча сөз эмес жыт да жок эле. Азыр болсо "сатылат" деп койбодубу. Эмне үчүн антип оңдоп коюшту?! Мунун маани-маңызына терең сүңгүп отурсаң, жүрөгүң титирейт. Казактарга берилип аткан 4 пансионатты айталы, кыргыздын кол жууй турган жерлеринин тагдыры дайыма ушинтип башталчу. Баланча жылга ижарага эле бердик деп. Аягында таптакыр кол жуучубуз. Ооба, казактар ал жерди көтөрүп кетпейт. Бирок билип кой, ошол аймакты эки дүйнө казактар ээлик кылат. Берген биртке акчасы, түзүп келген жумуш орду Ысыккөлдүн алтындай бир кез жерине арзыбайт! Өз Мекенибизде туруп бирөөлөргө кор боло беребизби?
(Уландысы кийинки санда)
Жазып алган Жеңишбек ЭДИГЕЕВ




  Элдик трибуна

Президенттин тезек тергиле деген сунушуна оюңуз кандай?
Мариям САТАЕВА:
-Быйылкыдай катуу кыш эми 15 жыл катары менен болот деп атышат. Анысы аз келгенсип эми свет жок болсо… Бакиев президент болуп келгенде андан көп нерсени күткөнбүз. Эми элге антип айтканы туура эмес, бул деген элди шылдыңдагандык. Чынын айтканда, Бакиев келгенден бери эле Акаевдин заманынан да турмуш оорлоп кетти. Кымбаттагандан кымбаттап эле баратат. Эл бир топ эле нааразы.
Ырыс КАСЫМОВА:
- Мен Жал айылында жашайм. Бизде азыр эле кечки саат тогуздан баштап свет өчүп калат. Газ баардык үйдө эле боло бербейт да. Көмүрдүн баасы да кымбаттап кетти. "Түнкү канал" деген чыгыптыр. Бирок ошол чыккандан бери свет жок болуп көрө элекпиз. А тургай жаңылыктардан да артта калып жатабыз. Жолдошум экөөбүз жыйырма жылдан бери чогуу жашап, быйыл биринчи жолу 250 сомго чырак сатып алдым.
Сапардин АСКАРОВ:
- "Тезек тергиле" деп президенттин сүйлөгөнү анын деңгээлине туура келбейт. Энергияга бай болуп туруп, тезек жөнүндө кеп кылабызбы. Бул жөн эле менчиктештирүүнүн алдында жасалып аткан оюн. Мурда светке 43 тыйын төлөчү элек, азыр 62 тыйын болуп калды. Суунун өлчөмү азайып атат дегенге да ишенбейм. Нарын дарыясында суу азайышы такыр мүмкүн эмес. Бир чарбаныбы, банктыбы алыш үчүн аны банкрот деп жарыялап коюшат. Бул жерде деле ГЭСте суу жок деп туруп, анан сатабыз дешет да.
Майрамбек САДЫБАКАС уулу:
-Президенттин антип айтканы эмнеси?.. Өлкө башчысы болуп, эл тагдырынын жоопкерчилигин алгандан кийин ушундай кыйынчылыкка элин жеткирбөө президенттин милдети болчу. Башынан ойлонуп, башын жакшылап иштетип, "тезек тергиле" деген деңгээлге жеткирбей эле койсо болмок.
Гүлбарчын ШЕРАЛИЕВА:
-Кыргызстан- сууга бай, электр кубатынын мекени. Анан ушул жерде свет жок болуп калат деген болбогон сөз. Мисалы, коңшу өлкөлөрдөн газды асмандаган баа менен сатып алып атабыз. Элди багыш үчүн электрэнергиясын биздикилер деле ошончо кымбат сатса болбойбу? Ошончого жеткирип коюп, эми "тезек тергиле" дегени - бул шылдың. Шаар түгүл азыр айылда да тезек жок. Эми президент тезек сурап, Россияга же башка бир чоң мамлекетке кат жазсын анда.
Кадыр ТЕНТИЕВ:
- Эми президент "тезек тергиле" деди, теребиз да. Анан свет, жылуулук жок болсо жалдырап карап отурмак белек. Илгери кыргыздар тезек терип эле жашап келген. Анын эмнесинен арданабыз. Отун, тезек чогултуп эле чоңойгон балдарбыз. Жагдайды туура түшүнүп, ошого жараша ыңгайлашабыз да.
Шайыр ТОКТОРБАЕВА:
-Заман аябай эле кыйындап кетти. Анан ушундай күндөрдө президенттин "тезек тергиле" дегени кыргыз эли үчүн оор эле тийди. Ушу кантип болсун?!
Керимбек ШЕРАЛИЕВ:
-Эл башы болгондон кийин элди ушул акыбалга түшүрбөй багышса болмок. Анан такыр айла жок болуп, отун-суу жок болуп баратса, тезек да теребиз да. Президент алдын ала айтып койгону туура эле деп ойлойм. "Баардыгы жакшы болот" деп алдабай, кырдаалды ачык түшүндүргөнү туура да.
Теңдик КАНБОЛОТОВ:
-Өзбекстанга сууну бербей коюш керек. Буга өкмөттүн алы жетет да. Анан биз тезек терип калсак кандай болсун? Анда тээ 17-18-кылымдарга кайрылган болобуз.

Дилбар АЛИМОВА,
Бегимай БАКАШЕВА




  Ийне жоголду, ийне жоголду

Шалкар Жайсаңбаев
"Кыргызгазмунайзатты" башкарып турган кезинде 18 млн. долларды жайлаган Шалкар Жайсаңбаев учурда Россиянын Петропавловск шаарында жашайт. Мунай жаатындагы ишканада иштеп, Астанадан бир үй, Россиядан эки үйдү алып коюп, жыргап-куунап эле жашап аткан кези. Азимбек Бекназаров генпрокурор кезинде анын кылмыш иши сотко ашкан . Андан кийин соттон акталып чыккан. ИИМден алынган маалыматка караганда, Шалкар Жайсаңбаев издөөдө жүргөндөрдүн "кара тизмесинен" эчак чыккан. Ушул күндөрү болсо Шалкар Жайсаңбаев эчтеке болбогондой Бишкекке жумушу чыккан күндөрү ээн-эркин каттап аткан кези.

Мисир Ашыркулов
Акаевдин "серый кардиналы" Мисир Ашыркуловдун дайыны чыкпай кетти. Революциядан кийин үйбүлөсү менен Россияга чу койгон. Азыр ал Москвада курулуш материалдар жаатында бизнес кылып, анысы гүлдөп, иши жүрүшүп, кабагым-кашым дебей жашап аткан кези.

Эсен Топоев
Экс-коргоо министри Эсен Топоев да Москвада баш калкалап жүрөт. Иштеген жери жаман эмес. "Росвооружение" ишканасына кеңешчи болуп орношкон. Аялды орустан алган Эсен Топоевдин кайын журтуна жакшы батышып, дегеле Кыргызстанга кайтып келейин деген ниети жок.
Бегимай БАКАШЕВА




КРИМ - ФАКТ
3-апрелде Жалалабаттын Аккоргон айылынан 18 жаштагы Бабаханов деген эргул өзүнүн энесине бычак ала жүгүрүп курсакка бышып алган. Баласынан кордук көргөн эне ооруканада.
o o o
Жалалабаттын Каракөл МАИсинде инспектор, милициянын сержанты Сары Койбановдун атын КР ИИМ министрлиги Даңк мемориалына жазмакчы болушту. Койбаковду 1982-жылы мал уурдап бараткан "Ысмайылдар" таш менен башка чаап өлтүрүшүп, Нарын дарыясынын жээгине көөмп, кызматтык машинасын дарыяга түртө качышып, төрт жылдан соң гана колго түшүшкөн.
o o o
Жалалабаттын "Тураталы" базарында эмгектенген ишкер, 42 жаштагы кытай атуулу Ли Жуддун моюнга, курсакка, көкүрөккө бычак менен сайылып өлтүрүлгөн сөөгү 6-апрелде табылган. Ошол эле күнү 19 жаштагы М.Шарипов, М.Игамбердиев колго түшүрүлүп, үйлөрүнөн ачылган сейф, топ ачкыч, 12 600 доллар жана 298 миң өзбек суму далил катары табылды.
o o o
Карабалта шаарынын 36 жаштагы М.С. аттуу тургуну 46 жаштагы айылдашы Нурланды жайлап таштап жайбаракат басып жүргөн. Экөө уруша кетип, алдуусу алсызын таш менен башка чаап өлтүрүп, жол жээгине таштап баса берген.
o o o
Ош шаарынан майда-чүйдө сатып жан баккан соодагерлерден 300 сом пара ала коем деп алкымын ача койгон финансы полициясынын 32 жаштагы кызматкерин ИИМдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын оперлери кылтакка илди.
Жылдыз МУСАБЕКОВА




Р. Отунбаева АКШга
"Рен" кенин издеп кетти
"Кумтөр" кени боюнча өкмөт түзгөн атайын комиссия учурда АКШнын Калифорния штатында жүрөт. Анын курамында вице-спикер Кубанычбек Исабеков, депутат Роза Отунбаева да бар. Канадалыктар мактанып, Кыргызстан кошо үзүрүн көрөт деп тил эмизип аткан "Рен" кенин өз көздөрү менен көрүп, канча алтын запасы бар, канчасы казылганын жеринде иликтеп келишмекчи. Эскерте кетели, "Центерра голд компани" Кыргызстандагы "Кумтөр" кенинен сырткары АКШдагы "Рен" кенин, Монголиядагы "Гатсуурт" кенин чогуулап иштетебиз деп алдап-соолап атат. Америкадагы бул кенди өз көздөрү менен көрүп келгенден кийин комиссиянын мүчөлөрү менен маектешебиз.

"Ак жолдогу" кара тизме президенттин колуна тиет
Учурда "Ак жол" партиясынын ичинде кызык окуялар болуп атат. Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга бербеш керек деп катуу туруп аткандар да бар болчу. Учурда "Ак жол" фракциясы пансионаттарда казактарга берүүгө ким макул, ким каршы деп ар бир депутатка кол койдуруп, атайын тизме түзүлүп бүтүп калды. Ошол тизме түз эле Акүйгө-президенттин үстөлүнө барып конот экен. Бул деген депутаттарды алдын ала коркутуп, добуш берер-бербесин президент жеке көзөмөлгө алганынын белгиси.
Изат ДҮЙШЕЕВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!