Коомдук-саясый гезит
№22, 08.04.08-ж.






Оппозиция "Ата-Бейитте" шерттешет
10-апрель күнү саат 11де оппозициянын анабашылары Чоңташтагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чогулат. Ал жерде Кыргыз элинин келечеги, эркиндиги үчүн шеит кеткен бабаларга куран окулуп, курмандык чалынат. Бул чара алдыдагы курултайды өткөрүү иш планынын алкагында өтүүдө. Арбактардын алдынан өтүү, оппозициянын биримдик маселесин чыңдоого байланыштуу шерттешүүгө барабар жөрөлгө катары каралууда.

А. Мадумаров сулуу кыз эмес, бирок монстр
Спикер Адахан Мадумаров кечээ журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Парламенттеги анын депутаттарга карата опуза мамилеси тууралуу суроого "Мени монстр көргөндөрдү туура эле түшүнөм, мен эми баарына жаккыдай сулуу кыз эмесмин да" деди. Спикердин дагы бир сөзү өтө орой угулду. "Нандын кымбатташы элдин өзүнөн, жерди жакшылап айдашпайбы" деп элди дагы бир төбөгө чапкандай кылды. Ошол жер айдап, эгин сепкенге дыйкандарга шартты ким түзөт, Адахан мырза?

Д. Үсөнов сууну москвалыктарга бергени калды
Шаардык кеңештин 10-апрелдеги сессиясында "Бишкекводоканалдын" тагдыры чечилгени турат. Мэр Данияр Үсөнов Акүй менен тымызын келишип алып, Москвадан келген "АО Евразийский" деген еврейлердин ишканасына сатканы турат. Учурда шаардык кеңештин депутаттарынын колун толгоп, ачык добуш берүү болот, колдойсуңар" деп кыйнап атат. "Бишкекводоканал" буга чейин бааны көтөрбөй бир калыпта кармап келаткан. Эми Данияр Үсөнов москвалыктарга сатып жиберсе, өз суубузду жөөттөрдөн сатып ичип калабыз. Бирок кандай баада?

"Акжолчулардын абийирлери төгүлбөйт"
Бакиев болницалап кеткенде, Каркыра менен Ысыккөлдөгү пансионаттарды бербейбиз деп мыйзамды артка жылдырып, эл көзүнө кыйын болуп көрүнүшүп жатышкан акжолчулар эми айласыз кол көтөрүшүп, абийирлери айрандай төгүлөт сыяктанып калды окшойт. Анткени ажо Казакстанга иш сапарына кеткенче бул маселе кандай да болсо чечилиши керек. Ал эми Коомдук парламенттин депутаты, белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов "Акжолчулардын абийирлери төгүлбөйт, жок нерсе кантип төгүлмөк эле, алар абийиринен декабрдагы парламенттик шайлоодо эле ажыраган" дейт.

Элдик курултайга 3 күн калды
Оппозиция президентке ачык кат менен кайрылгандан кийин бийлик тарап жибидиби же Баш мыйзамга каршы кадамдар аброй алып келбесин сезиштиби, айтор, имарат бердиртпөө аракеттери токтоп, 12-апрелге белгиленген курултай Кожомкул атындагы спорт сарайда өтө турган болду. Курултайды Коомдук парламент, "Акыйкаттык үчүн" кыймылына кирген 15 партия, 30 дан ашуун коомдук уюмдар уюштурууда. Бүгүнкү күндө баардык региондордо курултайлар өткөрүлүп, 1500 делегат шайланды. Бишкек шаардык делегаттар менен меймандарды кошкондо курултайга (спорт сарайдагы орундар санына ылайык) 2500дөй адам катышуусу күтүлүүдө. Курултай алгач саат 10.00до Горький эстелигинин алдында ачылып, ырасмий бөлүгү саат 12.00 де спорт сарайда улантылат.

Оппозиция президенттикке бир лидерди атамак болууда
Учурда оппозициялык күчтөр арасы күдү-күдү болуп, сүйлөшүүлөр жүрүп аткан кез. Ар бир саясатчы чалгынга ким менен чыгат, казатка ким менен бараарын аныкташы керек. Себеби, оппозициялык лидерлер акыр бирикмек болуп, президенттикке бир кишини тандап, ошол кишиге баары ставка коюуну чечишти. 12-апрелдеги Элдик курултайда болбосо да, жакынкы эле арада оппозиция бир адамдын атын атайт. Ал ким? Темир Сариевби? Өмүрбек Текебаевби? Же Мыктыбек Абдылдаевби, аны биле турган күн да жакын окшойт. Азырынча түштүктүк саясатчылар өзүнчө, чүйлүктөр өзүнчө баш көтөрбөй сүйлөшүп, катуу ойго батып аткан кездери.

Топчуке тактыны өткөрүп берди
"Эркиндик" партиясынын мүчөлөрү төрагасы Топчубек Тургуналиевди Бакиевге каршы сүйлөйсүң деп төрагалыктан алып түшүрүп, ордуна ырчы, бизнесмен Шамшыбек Өтөбаевди алып келишиптир деген кабар тарады. Эмне дегенде Топчуке кечээки парламенттик шайлоодон кийин бийликке тиш кайрап калган. Топчукенин өзүнө телефон бурасак "5-апрель күнү партиянын курултайы өтүп, мен төрагалыктан түшүп, ордума Ш.Өтөбаев болгону ырас" деди. Бирок жогорудагы көрүнүштөрдүн баарысын жокко чыгарып "Мен төрагалыктан кетээримди былтыр 22-декабрда эле партиянын пленумунда айткам. Партияга өмүрүң өткөнчө мүчө болосуң, бирок өмүр бою төрага болбойсуң. Ошол үчүн өткөрүп бердим, эми саясий кеңештин мүчөсү катары ишти алып бара берем" деди.

Температурасы көтөрүлгөн депутаттар
Акжолчу депутаттар өтөле жалакай экен. Кышкысын чүрүшүп-бүрүшүп, үрпөйүп эле кабактары ачылбай атты. Акжолчулардын үшүкчөлдүгүн ушундан көрүңүз, депутат Элмира Ибраимова үстүнөн түйүлгөн жоолугун түшүрбөй жүрдү. Журналист кыздар бул жоолугу менен үйдөгү кийими менен келсе деле билинбейт го деп тамашалап атышты. Депутат Аскарбек Шадиев болсо сессияда үшүп атабыз деп спикерге даттанып чыккан. Аңгыча өлбөгөн жанга жаз келди дегендей, күн жылыды. Бирок күндүн жылыганы акжолчуларга дагы жаккан жок. Сессияда Алишер Мамасалиев өтө ысып атканын айтып арызданды. "Жок дегенде суу берип тургулачы. Суудан ичип коюп отура берели" деди депутат Мамасалиев. Ушундай. Президенттин партиясынан барган депутат болсоң, "үшүдүм, ысыдым" деп эркелей берсең болот экен да.




  Ак чөп башта!

Ортомчу фирмалар жок болуп чыкты
"De-факто" гезитинин №9(44), 10(45) сандарында АК "Кыргызгаздагы" болуп жаткан коррупциялар жөнүндө жана ошол жердеги ортомчу фирмалар жөнүндө жазган элем.
Жакында АК "Кыргызгаздын" жетекчиси мени чакырып, газды керектөө жана сатуу тармагындагы болгон финансылык документтерди астыма жайды. Мен ал документтерди көрүп чыгып эч бир кынтык таппадым. Көрсө, мен ортомчу деп ойлогон фирмалар таптакыр башка багытта иш жүргүзөт экен. Алар болгону компьютердик жана бухгалтердик программалар менен иштешерине көзүм жетти. И.В.Чудиновдун адамдык абийирине шек келтиргеним үчүн андан кечирим сураймын.
Сарбашев К.Б., экс-башкы инженер




  Үч тапан

"Ар намысчы"БШКдан күч менен чыгарылды
БШК эмдигиче парламенттик шайлоонун жыйынтыгын ырасмий жарыя кыла элек. Муну талап кылып Клара Кабиловага экинчи жолу кат алып барган "Ар намыс" партиясынын мүчөсү Азат Жаңыбаевди милиция кызматкерлери колун толгоп, күч менен сыртка чыгарып салышкан. "Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана шайлоонун жыйынтыгын массалык маалымат каражаттарына жарыялоону өтүнүп БШКнын төрайымы Клара Кабиловага дагы кат жолдодук. Эгерде Кабилова өтүнүчүбүздү жоопсуз калтырса, мыйзам чегинде башкача кадамдарга барабыз",- деди Бөдөш Мамырова. Спикер Адахан Мадумаров болсо БШК өзүн өзү билген, эч кимге жооп бербеген орган деп Кабилованы актап отурат.

Тост
- Бир жумуртка 10 сомбу? - дейт таң калган кардар, - уялсаңар болбойбу!
- Эй, байке, - дейт официантжооп узатып, - сиз деген муну бөлөк жагынан да карап көрбөйсүзбү. Бир жумуртка тууш үчүн байкуш тоок бир күн кечке иштеп атпайбы!
Келгиле, анда, илибой маселени ичинен да, сыртынан да карай билген артыкчылыгыбыз үчүн алып иели! Аялзаттарыбыз актай калбасын!


Жыгач бочканы бир мас айланып жүрөт дейт. Бир маалда милийса келип: - Эй, үйүң кайда сенин? - дейт.
Анда мас айтат:
- Азыр… Мобул тосмо бүтсөле, оңго кайрылам…
Эмесе, достор, эч убакта жашоодогу түз жолубуздан адашпайлы, асылкеч аялзаттарыбызды күттүрбөйлү!











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!