Коомдук-саясый гезит
№19, 27.03.08-ж.






  Итиң ийне жегир!

Байдын ити 9 жашар баланы талап өлтүрдү
Нооруз күнү Бешкүңгөй айылында 9 жашар Жумамырзага ит кол салып, моюн этинен үзүп, эки бутун, жамбашын кажып тиштегилеген. Бала көп өтпөй кансырап көз жумган. Жумамырзанын ата-энеси болсо катарлаш үйдүн эки итинен көрүп атышат. Ошол кошунанын азиат породасындагы итинен элдин баары коркчу экен. Бирок ошол эки иттин кожоюну шаардык кеңештин экс-депутаты, Бишкек экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков бул окуяга тиешеси жоктугун айтып, балага көчөдөгү жолбун иттер кол салган дейт. Бешкүңгөйлүктөрдүн айтымында, буга чейин Камчыбековдун иттери бир нече адамга асылган, жакында эле кошунасынын эки коюн жеп коюп, төлөп берген экен.

Нооруздагы каргаша
21-март күнү саат 10дордо Жумамырза төрт үй ары жайгашкан таята-таенесинин үйүнө жөнөгөн. Бир аз мурдарак апасы ошол жакка айылчылап кеткен экен. Бирок жолдон ага ит кол салып, эчак буту-колун мүлжүп атканын үйүндөгүлөр билген эмес.

Симиля ЖУМАГУЛОВА, Жумамырзанын апасы:
- Келатсам эле кошунанын эшиги чоң болуп ачылып турган экен. Анан "ити мага асылбаса экен" деп коркуп өттүм. Эңкейип жерден бир нерсе кармалап аткан кишини көрдүм. "Сумкасын түшүрүп алганбы" деп ойлоп койдум. Ордунан турса эле бир бала көрүндү. Ит капкан окшойт деп ойлодум да, "Силердин балаңарбы?" дедим. Ал киши "Билбейм, бир иттер бул баланы каап алыптыр, азыр машина чакырдым" деп калды. Жанына барсам, бети-башы канжалаган. Батинкесинен менин балам экенин тааныдым. Шок болуп калыпмын, жанына баралбай, кыйкырып үйгө бардым. Баары чуркап чыкты. Мен ал кишини тааныбаптырмын, көрсө ал ошол үйдүн күйөө баласы экен. Машине келип калды, атам баланы көтөрүп, ооруканага кошо кетти.

Айжан ТОКТОБОЛОТОВА, Жумамырзанын жеңеси:
- Жумамырзанын апасы чуркап келгенде, мен да чуркап бардым. Бир чүпүрөк менен баланын мойнун таңып коюптур. Менимче, Төлөбек байкенин күйөө баласы баланы ит капканда чуркап чыгып, итти алып жашырган. Анан үйүндөгүлөрдөн чүпүрөк алып чыккан. Жанындагы шеригине "машинаны айдап кел" деген. Мен барсам, баланы жаткырып коюп ызы-чуу эле болуп атышыптыр. Анан атам келип, Жумамырзаны көтөрүп жерден алганда, машина келип калды эле, дароо салып алып кетишти.

Эки бутун, жамбашын кырча тиштеп, моюн этинен үзүп алган
Жумамырзанын апасы менен чоң апасы, жеңеси болуп Төлөбек Камчыбековдун үйүнө барышат. Алар эшиктерин ачпай коет. Үйлөрүнө эптеп кирип, бөлмөлөрүнүн баарын текшерип чыгышат. Киргенде эле ал үйдөгү кыздар ыйлап жиберет.

Айжан ТОКТОБОЛОТОВА, Жумамырзанын жеңеси:
- Иттерин жашырып камап коюшкан экен. Кожоюну үйдө эле болуш керек, анткени төрт машина токтоп турган. Күнөөлөрү болбосо, эмнеге кыздар ыйлап жиберет? Алар ага чейин эле бул иш жөнүндө билген да. Төлөбек байкени үйдө жок дешти.

Январь АХМАТОВА, Жумамырзанын чоң апасы:
- Төлөбектин кыздарын ээрчитип келип, баланын каны төгүлгөн жерди көрсөттүм. Үч жерге көп кан төгүлүптүр. "Ушунча кан төгүлгөндөн кийин баланын жаны калдыбы?" деп жүрөгүм бир нерсени сезди. Иттен коркуп балдарды такыр эшикке чыгарчу эмесмин. Ошол күнү чыгып кеткенин байкабай калыпмын. Бирөө чыңыргандай болду. Кыздар кыйкырып ойноп атат деп коюпмун… Анан Төлөбектин күйөө баласы Жалдагы ооруканага алып барыптыр, көрсө, ал жакта кошуналардын тааныштары иштейт экен. Баланын жанына ата-энесин киргизбей, кошуналарды киргизип жатат. Бул эмнеси?

Мамат АХМАТОВ, Жумамырзанын чоң атасы:
- Баланы ооруканага алып барарыбыз менен үч мүнөттөн кийин кошунанын туугандары жетип барды. Көрсө алар баланын өлгөнүн билген экен. Булардын ити болбосо алар эмнеге чуркап жүрүшөт? Операция жасашты. Догдурлар "Эки бутун, жамбашын кажып, моюнунан үзүп тиштеп алыптыр, жүздөн бир бөлүгүнө эле үмүт кылыш керек, эки литрдей каны төгүлгөн экен" дешти. Баламдын башы эле калган экен. Кечки саат бештерде гана өлдү деп айтышты. Эртесинде сөөктү колубузга алдык.

Саиб АХМАТОВ, Жумамырзанын байкеси:
- Биз милиция чакырдык, төрттөрдө келип биздин үйдөн чыгып, Төлөбек байкенин үйүнө өтүп кетишти. Анан артынан барсак, жанагы милиция балдар кошунанын күйөө баласы менен чай ичип сүйлөшүп отурат. Милициялар да таанышы экен. Акчасы көп болсо эле эмне кылса жараша береби? Өзү шаардык кеңештин депутаты болуптур, депутаттар өздөрү "Шаардагы иттерди байлап алып жүрүш керек" деген эрежелерди кабыл алат го, анан өздөрү аткарбайбы? Баланын кийиминен алардын итинин жүндөрү табылды. Кийимдерин экспертизага алып кетишти. Иттерин кинологдор алып кетейин десе, байлай турган жиби да жок экен. Ушу кантип болсун? Эптеп алып кетип, азыр иттер атайын камерада турат. Анан дагы күйдүргөн жери, ал кошунанын достору келип, атамдын чөнтөгүнө конверт салып коюптур. Аны биз билбейбиз да, атам да өзү ошондой абалда турса, байкабай калыптыр. Карасак, он миң сом салып коюшуптур. Бул эмне деген мазактагандык? Же биз жардамга муктаж болсок бир жөн…Бизге акчанын кереги жок, керек болгондо өзүбүздүкү жетиштүү.

Январь АХМАТОВА, Жумамырзанын чоң апасы:
- "Итиңерди алгыла" деп канча жолу айттык эле. Иттен коркуп, баары балдарын окууга ошол жерден өткөрүп коюшат. Кайтканда кайра тосуп алышат. Мен бая күнү эле ушул үйдө жашап, кызматын кылып жүргөн Азамат деген баланы чакырып: "Жаз келди, балдар эшикте ойной турган болсун. итиңерди байлагыла " дегем. Кошуналар алардын итинин ошол күнү да бош жүргөнүн көргөн экен. Бая күнү да бир кошунанын эки коюн жеп коюп төлөп беришкен, ошондон кийин деле байлабайбы?

Экинчи тарап эмне дейт?
Төлөбек КАМЧЫБЕКОВ, Кыргыз экономика университетинин ректору:
"Биздин ит эмес деп ойлоп атабыз"
- 21-март күнү кошунабыздын небересин иттер талап кайтыш болуп калыптыр. Барып жаназасына катыштык. Он алты жылдан бери кошунабыз. Ачуу үстүндө эми "силердин итиңер болуш керек" деп айтып жатышат. Биздин иттер капканын эч ким көргөн эмес экен. Тергөөчүлөр келип, иттерди алып кетти. Анализдерди жасап атышат. Кырсык болгондо биздин иттерибиз короодо экен, башка иттер айылда уюгу менен чуркап жүрөт, ким билет? Биздин итибиз эмес деп эле ойлоп атабыз.
- Анан дагы башка кошуналарыңыздын айтымында, буга чейин да сиздин иттериңиз башкаларга кол салган экен, кой жеген экен…
- Билбейм анысын.
- Сиз мурда шаардык кеңештин депутаты болгон экенсиз, иттерди кармоо жөнүндө кандайдыр бир тартип же эреже бар да?
- Албетте, көчөдө алып жүрсө, мойнуна каргы байлап, оозуна тумшук кап тагып алып жүрүш керек. Анан айылда кандай, билбейм.

Жумамырза 5-июнда онго чыкмак
Жумамырза эки бир туугандын улуусу эле. Андан кийин бир карындашы бар. Айтканды эки кылбаган тыкан бала болчу. Чоң атасы андан бекем бала чыксын деп күн сайын эртелеп муздак сууга жуунтчу. Скрипка ойногонду үйрөнүп аткан. Компьютерди болсо "жечү". Бала бакчада да, мектепте да активдүү болуп, ата-энесин улам бир ийгилиги менен кубантып турчу. Быйыл 5-июнда он жашка чыкмак. Бүгүн Жумамырзанын кайтыш болгонуна алты күн болду. Бул ишти азыр Чүй облустук прокуратурасы тергөөдө.

Дилбар АЛИМОВА












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!