Коомдук-саясый гезит
№19, 27.03.08-ж.






  Фото конкурс

Оңкочук-тоңкочук
"Dе-факто" дагы бирдин ичинен чыгалы дедик. Кудайга шүгүр, техника заманында жашап атабыз. Азыр катардагы кулпенденин да колунда мобилдик телефондун түрдүүсү бар. Эгер чөнтөк телефонуңуздун фотаппараты болсо, чыркылдатып эле сүрөт тарта бериңиз. Мейли, өзүңүздүн үйбүлөдө, мейли, башка чөйрөдө болсун, айтор кызыктуу, күлкүлүү окуя болуп аткан учурду көзжаздымда калтырбаңыз! Шумдуктуунун баарын фантазиялап кереги жок: наристелердин күлкүсү, оңкочук-тоңкочук болуп ойноп атканы, ыр-чыр салып ыйлап атканы, кыйнап атканы же болбосо кермеде жайылган кийимдерди бурдап жеп аткан уйдун, күлгө оонап аткан тооктун же эшектин сүрөтү деле болсун; а мүмкүн күлгө оонап жаткан мастын сүрөтүбү; а мүмкүн, белгилүү инсандардын биз көрбөгөн жерде бир балээ кылып аткан сүрөтүн тартып алышыңыз мүмкүн. Кыскасы, биздин электрондук почтага жөнөтүп жиберген сүрөткө окурмандарыбыз боорун тырмап күлгүдөй же аңырайып таңгалгыдай болсун. Анан биз мыктыларын аныктап, ар бир айдын соңунда конкурстун жыйынтыгын чыгарып, "фантазер" фотографтарыбыздан байгебизди аябайбыз. Андыктан, "Dе-фактонун" арбир санынан өзүңүздөр жиберген кызыктарды күтө бергиле!




Өзүңдү таанып, 200 сом утуп ал!
Сулучай сүрөт
Илгери бир абышка-кемпир бала таап алышат. Анан багып алышат. Анан атын ким коебуз деп талашып калышат. Абышкасы эмне ат айтса да жактырбайт кемпири. Акыры ойлонуп отуруп "Бул баланы сулучайно таптык го, атын "Сулучай" коелу" деген экен. Биз да бул рубриканы "Сулучай сүрөт" деп койдук. Эмесе, өзүңүздү сүрөттөн таанып, редакцияга келип 200 сом алыңыз!













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!