Коомдук-саясый гезит
№19, 27.03.08-ж.






  Мафияга кулак кагыш…

Жолочу Рысбаев
Кемени башка жакка бургулачы!
Эгемендүү болгондон бери,
Эмне эле
Элдин көңүлү чөгөт?..
Канатташ өлкөлөрдөй
Өнүкпөй,
Кандайча болуп жатат бөгөт?
Келдиби кезек,
"Кеп айтпаса,
Кептин атасы өлөт".

Токсонунчу жылдары
Тоголонуп,
Партиянын башындагы
Бөркү,
Жалындады
Жанагы суверендүүлүктүн
Өртү.
Эшикке ыргытып
Эски калпакты жаман,
Тополоң түшүп калды,
Торгой уялаган заман.
Эч жакшылык көрбөгөндөй,
- Эркинбиз! - деп
Бакырдык анан.
Ары-бери айдатып,
Үйүр-үйүр жылкы,
Ийри мүйүз уй,
Короо-короо коюңу.
Илгиртпей башталды,
"Ийне жоголду" оюну.
Мындайда
Кимдин келбейт жегиси.
Танып турушту
Тамактан туягы,
Карындан чыгып атса да териси.
Ышкырып жылдар өтүп,
Ырыбыз ыйга айланды.
- Космос!
Космос!- дечү элек,
Бутта чокой,
Букабызга буурсун байланды.
Иш жок
изилдеп калдык,
иттер заара кылчу жайларды.
"Мурдуң барда
бир чүчкүр!"
Чүчкүрбөй мурдуң түшкүр!
Күңдөрүнө сүрттүрүп,
Күн бетинде чаңды.
Арсыздарына сүрттүрүп,
Ай бетинде чаңды.
Айтор, мамлекетти,
Алиги үйбүлө
Башкарып калды.
Акыры көрдүңөр,
Аягында жаңжалды.
"Катын саят качканды"
Анан,
Мансап!
Мансап!- дегендер.
Майын агызып,
Мантуу жегендер аттанды.
"Аврорасы" жок эле,
Алты-жети топ эле.
- Революция! - дешип,
Аңгыраган Акүйдү,
Алып коюшту жетип.
Ойлорунда,
Он жетинчи жыл элестеп.
Этек толо бакыт,
Эми келет!-деп.
Үч,
Төрт жума конушту,
Үйлөрүн печеттеп,
- Жаңы кораблга,
жаңы плавание!
Дегиле!
Дем кошула түштү,
"Дем аралдагы"
элдин демине.
- Назад ход жок,
Наверстать этебиз!
Он беш жылдык жоготууну
Оңунан чечебиз!
Коррупция!
Мафия!
Мафия!
Коррупция!
Далдалап сунган,
Дагы эмне эле ыя??.
Жоор адаттар,
Жоголмой болду.
Чиновниктер,
Чөнтөккө салбай колду,
Чыгарып жүрмөй болду.
Жүзүбүз балкып,
Жүнүбүз тирилип.
- Ме силерге чала!
мекемелерге кирсек жүгүрүп.
Мурдагыдан эки эсе сурайт,
Мурдун чүйүрүп,
Кантмек элек,
Кайра тарттык,
Каргап-
шилеп түңүлүп!
Кирпик ирмегиче,
"кимди ким көрдү,
Быржыбайды там басты"
Кудай алат -деп
Кудай берген жанды.
Кыргызстан эмес,
"Кырганстан" болуп жатып калды.
Маңкайышты:
- Мал бүттү, эмне жейбиз?..
- Ыя, эмне дейсиз?..
Ыманбайдын төшүнүн
Түгүн жейбиз!
Түңүлбөй жаныңан,
Тирүү калганыңа сүйүн!-дейбиз.
"Абийирдүүлүк" менен
аткарган соң бул ишти.
Аска-зоо,
Ай-асманга киришти.
- Воздухту сатабыз!-деп,
Болжолдоп,
План түзүп ийишти.
- Өңгөчүбүз кеңейсин!
Өмүр тилеп,
Өздөрүнө беришти батаны.
Каңгай тараптан,
Калмак,
Кытай келген жок,
Кап курсак,
Кайран кыргыз эле жасады.
Аңгыча,
"Керме каштуу ай чыкты,
келиндей күлүп жай чыкты"
- Президенттик
Башкарууга өтөбүз!
Маанайлар жаркып,
Майрамга жолду коебуз!
Баягысы, баягы,
Сатмай,
Турмай.
Кыңк эткендин,
Кыргоолдой башын жулмай.
Мыкчыгерлердин,
Мылтыгы сайлуу,
Томуруп жесең да,
Тондору майлуу.
Арабасы жылбай,
Алыстагы элеттин.
Аларга эмне пайдасы,
Акүй,
Көкүйдөгү кеңештин.
Түктүйүп турат,
Түбүн жалап челектин.
Салаңдатып кабакты,
- Сайраган бул ким? - дебессиң.
Сатирикмин,
Бирок Мидин эмесмин!
Батасы тийсин,
Баягы кораблды,
Башка жакка бурса демекмин!




  Сандан-санга: Повесть

Чатыр
Олжобай ШАКИР
Эчкимден үн-сөз чыкпай калган маалда, үй ээси өзүн Көчөр деп тааныштырды. Көчөр да турмушта далай жакшылык-жамандыкты көрүп келгенин айтып отуруп, Тээкболдун үйбүлөсүнүн башына түшкөн тагдырга сыртын салгысы келбей, эртеси ишти териштиргенге өзү да кийлигишти. Адегенде Тээкболдун жаңы сатып алган үйүнө келиштиле, үйдөн жаңы кожоюн чыкты. Ал дароо үйдүн документтерин көрсөтүп чебелектеди. Үйдү ал эч кынтыксыз мыйзамдаштырып сатып алган үчүн кыңк эте алышпады. Колунда бул үйдүн ээси экенин күбөлөй турган эчбир документи жок Тээкболдун үйбүлөсү кайда барып арызданарды билбей, кайсалады. Куру дегенде үй ичиндеги буюм-терим, кийим-кечектерин алалы десе да, сыйпалатып эчнерсе калтырышпаптыр. Үйдү сатардан мурда майда-барат буюмдарды башкаларга соодаласа керек, бүдүр нерсе да табылбады. Жаңы кожоюн деле жабыр тартып турган Тээкболдун үйбүлөсүнө адамгерчилик менен мамиле жасап:
- Бизге башка бирөөнүн оокатынын деле кереги жок, болсо алып кеткиле, - деди.
- Ата, эми биз кайда барабыз? - деген Сагынычтын аянычтуу түрүн көргөн үй ээсинин да айласы куруп турду:
- Аттиң ай-йе… Мындайын биз кайдан билиппиз. Эмне кыл дейсиңер?..
Ары жак, бери жакты тиктеген Зуура эчкирип ыйлаган бойдон баласын бооруна кысып, өксүп ыйлап жиберди.
Бергенин кайра колдон алып койгон кудайдын берешендиги бул үчөөнү тез эле томсортуп салганын көргөн Көчөр да жанын коер жер таппай, ордунда тегеренип туруп калды. Анын башына Антонду табыш керек деген ой келди. Жалгыз илинчек ошол экенин айтып, Тээкбол менен Зуураны ээрчитип, дароо Антонго барыштыле, ал да издеп барган дарек боюнча табылган жок. Үйдөн Бахтияр аттуу уйгур жигит чыкты:
- Силерге ким керек?
- Антон керек эле.
- Ал Россияга көчүп кеткен.
- А бул үйдүн ээси ким?
- Мен.
Бахтияр Антондун үйү менен бирге жанындагы Тээкболдун эски үйүн да ишкерлик үчүн сатып алганын айтканда, Тээкболдун тиштери кычырап кетти:
- Менин үйүмдү саткыдай, анын кандай акысы бар экен! Бул үйдүн ээси, мына - менмин!
Бахтияр чатакты ырбатпаш үчүн үйдөн документтерди алып чыкты:
- Үйдүн ээси сен эмес, мына - мен. Көрүп атасыңбы?
Муну укканда Тээкбол менен Зууранын дүйнөсү алай-дүлөй аңтарылды. Бахтияр аларга үйдүн босогосун да аттата турган эмес. Кепке-сөзгө келбей, каалганы тарс жаап, басып кетти.

4. Кыш
Акыркы айласы да калбаган бул үйбүлөнүн абалына Көчөрдүн ичи ачышып туруп алгандыктан, мындан аркы тагдыры эмне болоруна көзү жетпей, үйүнө кайра ээрчитип барды. Бирок Ырыска күйөөсү үй-жайсыз, тааныбаган бирөөлөрдү киргизип алганы жаккан жок. Бирөөнүн төрүндө башы батып, багалчагы сыйбаган үчөө жер карама болуп бүтүштү. Эрди-катын күнүгө кыжың-мыжың боло бергенинен заарканган Тээкбол да акыры Зуура менен Сагынычын турмуштун туш келген тарабына жетелеп жөнөдү. Үйүнөн ажырап калганына канкакшаган бечара доо арыздын далайын жазып, далай эшикти каккылады. Бирок кайда барбасын, аны бирөө ит ордуна көрбөдү. Жер үстүндө жашоо үчүн паспорт керек экени көңүлүнө көкташтай тийди. Өзүнө, аялына, баласына документ алалбай, көрүнгөн эшикти түрткүлөдү. Күнүмдүк ичкен-жеген тамак-аштан тыйын арттыра албаган немелердин документ сатып алганга буямалары жетпеди. Документ эмес, батирге төлөгөнгө чөнтөктөрүндө сокур тыйын жок карайлаган үчөөнүн кара өзөк күндөрү баарына түрттү. Жансактоонун айынан таштанды челектердин түбүн аңтарганга өтүштү. Азыктын колго тийгенин тандабай калган үчөө жан бычактын мизинде болгон күндөрү шаардын көчөлөрүнөн жыйнаган бөтөлкөлөрдүн тыйынына нан сатып жеп, жан багып жүрүштү. Бирок бөтөлкөдөн жыйналган тыйынга сатып келчү айран-сүт, нан жумурга жук болбоду. Тамак-аштан мурда Зуурага дары-дармек үчүн күнүмдүк акчаны үзбөй табууга жанын жанга уруп иштейли десе, жумуш бирде табылса, бирде кайыр сураганга жеткирди. Күндөн күнгө кедеринен кеткен Тээкбол менен Зуурада жадагалса кайрым тутар тууган жок эндекей жандар эле. Жатар жайы, түнөр түнөгү жок кыштын кайыктырган суугунан кайда барарды билбей, көрүнгөн подъездерди сагаалашты. Күнүгө кабат үйдөгү жашоочулардан кубаланып жүргөн күндөрдүн биринде бомж болуп жүргөн Наргизаны ээрчип, жылуулук трассасы өткөн жертөлөдөн орун табышты. Мурда алардын жашоосуна жийиркеничтүү караган үчөө селсаяктарга аралашууга тез эле моюн сунду. Бул жердеги көңүлдү айныткан бир гана нерсе - жертөлөдөгү абанын жагымсыз жыты болду. Көктүн жытыбы, чириген пияздыкыбы, чамгырдыкыбы, балыктыкыбы, жумуртканыкыбы, заараныкыбы, тердикиби, келемиштердикиби, айтор, дубалдын боорунан жердеги топурак, ташынан өйдө жыт чыгарып турганы болбосо, жылуу. Ошол жылуулугу болгон үчүн гана байырлап калышты. Айланадагы каңылжаарды жарган жагымсыз жыттан канчалык окшубасын, бирок кайда баралышмак. Өздөрүнүн жыттары да жертөлөдөгү жыт менен тез эле сиңишип кетти. Жыт жөнүндө ойлонбой да калышты. Бирок бул жердеги жыттан жаман жийиркеништүү жашоо - ата-эне менен баланын ортосундагы уят-сыйды ичтен жеген курттай жей баштады.
Жертөлөдө түнкүсүн кыңкысташкан аял-эркектердин үнүн уккан Тээкбол менен Зууранын беттери сыйрылып бүттү. Канчалык кулактарын жапырган сайын, кечкисин жертөлөдөгү көрүнгөн эркек менен Наргизанын "ахалап-охологонун" угуп жаткан Сагынычтан ыңгайсызданышат. Бала неме чоңдор жасап аткан ишти өзү жасап аткандай уялганын сезген ата-эне андан бетер кирерге жер таппай айласы куругандан: мукамдуу үндөрү болбосо да карылдап ырдап, калп каткырып шарактап атышкандарын жаман кементайын башына чулгап уктамыш болгон Сагыныч сезип эле жатат. Кээде жерди топулдатып бийлегенге аргасыз болушкан ата-энесинин маскарапоз болгонун аяйт. Тигилердин деле башка табар амалы болгон жок. Күн алыстан кайталанчу жертөлөнү жаңырткан үндөр ата-бала-эненин ортосундагы сепилди кулатып салды. "Эптеп жазга жетип алсак, башкалкалар жай табарбыз" деген Тээкбол уулу менен аялын сооротумуш болуп, эртеден-кечке жаны сеп албайт. Бөксөсүнө эт, сүйрүсүнө сүт толелек Сагыныч да алы жеткен тыйын-тыпыр таап келсе, апасынын дары-дармегинен башкага жумшабайт. Жанын карыштаган Зуура бечара да күйөөсү таап келген аркимдин арткан-үрткөн кийимдерин жамап-жаскай коюп, үчөө тең жылуу кийимдүү болуп, суукка бир аз моюн бербей жүрүштү. Күндө кечинде бир-биринин таап келген оокатына шүгүр келтирип, табылбаган күнү томсоруп отуруп калышат.
Булар менен жертөлөдө күн өткөргөн Зуура менен ымалашып сыр айтышар Наргиза көрүнгөн эркектин колунда кор болуп жүрүп, акыры ичкиликке ооп кеткен көрүнөт, каракөк тарткан өң-келбети муңайым тартып, олоң чачы батташып жүрсө да негедир жылдызы жанып турат.













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!