Күлкүлятор

Бешбармактык башкарманын адеп-ахлагы
"Ар-намыс" партиясынын жаштар канаты чиновниктер үчүн абийир кодексин иштеп чыгышыптыр. Анда жазылгандарга толук кошулабыз дечи. Бирок, чиновник менен башкармаларды жалька болуп атпайбы?! Алар өздөрүнүн эт-бетине сиңген принциптеринен кантип ажырап, буркурап-боздоп кала беришет дейм да. Өткөндө "Акипресс" агенттигинин тапандары чыныгы турмуштагы принциптерди жазышыптыр. Куду эле бүгүнкү жашоого куюп койгондой. Анан биз да азыркы башкармаларга дагы бир ирет эскертип коелу деп жазып атабыз. Эмесе, илибой бешбармактык башкарманын милдеттери булар:
1. Принципиалдуулук. Эң негизги принцип - эч кандай принциптин кереги жок.
2. Максаттуулук. Кызмат орун үчүн баарын сатып, абийиринен кечип жибериши керек.
3. Сезимдүүлүк. Пара берчү кишини алыстан сезиши керек.
4. Үнөмдүүлүк. Карапайым катардагы бешбармакчылардан канчалык көп үнөмдөсө, ошончолук өзү майкөл-сүткөлдө жашайт.
5. Ийкемдүүлүк. Кандай гана кожоюн болбосун жерге чейин ийилип салам берип атып, өз ордун аман алып калыш керек.
6. Бешбармакыянын бийик мыйзамдарын ыйык тутушу керек. Эгерде жеке кызыкчылыгына каршы келбесе.
7. Бешбармакыя мекенин сүйүшү керек. Гектир-гектир менчик жери, алтын кендери, жер байлыгы түрүндө сүйүшү керек.
8. Үйбүлөсүн сүйүшү керек. Туулуп өскөн айлында үч-төрт үйү, аксарайы, андан кийин бери жагы Маскөөдө, ары жагы Буштун мекенинде аксарайлары болушу керек. Акчасы элден алыс жерде, вилласы четөлкөдө, калласы бетөлкөдө, калганы…бөтөлкөдө болушу керек. Үйбүлөсүнө камкор болуп, камсыз кылышы керек…"
Ушундай тариздеги алтындай түшүнүктөрдөн баш тарт деп атпайбы, жаштар. Анда, кайсы келесоо башкарма болот, ыя? Таптакыр башкармасыз калып, бүтүндөй дүнүйөгө шерменде болобузбу, ыя.

Кимбайке









Меймансап




Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!