Коомдук-саясый гезит
№18, 25.03.08-ж.






  Кан кое бербейт

Аксыдагы элдик сот Акаев менен Бакиевди атады
17-март күнү Аксы районунун Каражыгач айылында Аксыдагы кан төгүүгө күнөөлүүлөр үчүн абийир соту болду. 16 адамдан турган Элдик сот өз өкүмүн окуду. Элдик сот ишин баштаардан мурда Аксы окуясында бейкүнөө ажал тапкан Эркинаалы Четинбаев, Сатынбай Үркүнбаев, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев, Элдар Анарбек уулу, Медетбек Бекмуратовдордун арбагына куран түшүрүлдү.

Элдик соттун курамы: Э. Керимкулов, М.Чолпонбаев, Э.Каптагаев, Ж.Асанов, Б.Мадатбеков, А.Мадымаров, Ф.Исмаилова, Ж.Шамыралиев, Г.Мамбеталиева, А.Орозбаков, Р.Дырылдаев, С.Варавина, А.Эралиев, М.Калматов, Р.Алымкулов, А.Мониев. Жалпы элдик талкуу менен бир добуштан элдик соттун төрагалыгына Эдил Керимкулов бекиди.

Айыптоочулар: Дооронбек Садырбаев, Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Сартбай Жайчыбеков.

"Кеп Акүйдүн 7-кабатында болуп атат"
Топчубек Тургуналиев, айыптоочу:
- Бул окуянын күнөөкөрлөрү табылбай, бийликтин бул ишке көңүл кош караган мамилесинен улам, чындыктын акырына жетели деп Элдик сот өткөрүүгө мажбур болдук. Анын себебин сиздер жакшы түшүнүп турасыздар. 6 жылдын акыркы 3 жылынын ичинде Акаев баш болгон арамдар, бул окуянын чындыгын изилдеген жок. Ал эми ушул тапта деле сиз менен биз күткөн бийликтин адилеттүү чечими болбой жатат. Бул бийлик турганда дагы Аксы окуясынын чындыгы акырына чыкпайт окшойт. Биз ишенбей калдык буларга. Адегенде Бакиев, Тургуналиев, Бекназаров күнөөлүү, 6 айдын ичинде эмне үчүн бүтүргөн жок деп келдик. А эмне үчүн 2 жылдын ичинде Конгантиевдер бүтүргөн жок? Эмне үчүн 6 айдан бери Сатыбалдиевдер чындыгына жете албай жатат? Кептин баары прокуратурада эмес, кеп Акүйдүн 7чи кабатында, президентте болуп жатат. Муну бүгүн ачык айтышыбыз керек. Ошондуктан "Тайфун" деген операцияны аксылыктарга каршы колдонууга ким буйрук берген? Кыянаттык менен ок аткандар, аларга буйрук бергендер эл астында жооп бериш керек деп ойлойбуз.
Дооронбек Садырбаев, айыптоочу:
- Аксы трагедиясынын тегерегинде ишти эң биринчи Исмаил Исаковдун командасы изилдеп чыкканда, андан кийин Турдакун Усубалиев аксакал баштаган ЖКнын өкүлдөрү келгенде арасында мен да бар элем. Бирок кандай гана өкүлчүлүк иликтебесин, акыбал ошол бойдон калууда. Бүгүнкү Элдик сот ошол ишти кайрадан карап, эл өзүнүн акыркы чечимин чыгарып, чекит койсун деген таризде ушул сотту өткөрүп жатабыз. Урманаевдинби, журналисттердинби иши боюнча суроолорго биз жооп беребиз. Бирок, кененирээк маалыматты бул иштердин башынан аягына чейин изилдеп келген адвокат Сартбай Жайчыбековдун оозунан угалы деп чечтик.
Сартбай Жайчыбеков, айыптоочу:
- Аксы окуясы эмнеден чыкканы белгилүү. Ал маселеге токтолбой, мойнуна албай, андай болгон эмес дегендердин сөздөрүнө жооп катары бир нече фактыларга токтолоюн. Калган окуянын кандай болгондугун азыр жабырлануучулар да айтып берээр:
6-январь күнү ЖКнын депутаты Бектур Асанов облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновдун кабинетине кирген. Экөө жарым саат ачык сүйлөшкөн, Кудайбергенов Асановго: "Бекназаров жөнүндө көп эле сенсация кылбасаңар, эгер ал айтканыбызга көнсө, тополоң салбаса биз чараны өзгөртөбүз. Болгон ишти токтотуп коюшубуз да мүмкүн. Бүгүн Жалалабат областындагы бийлик мага берилген. Кааласам губернаторду отургузам, кааласам спикерди отургузам, сени отургузганга да "основание" бар, сени биринчи отургузам" деп айткан. Бул деген ошол кезде бийликтин көзүн май басып, каалаганымды кылсам болот дегенди билгизет. Ал эми 17-март күнкү окуя кокусунан болуп кетти, байкабай ок чыгарып алышты, биз билген эмеспиз деп жатпайбы. Карандай калп. Эң сонун билишкен. Мен ал жөнүндө Аксы райондук борборлоштурулган ооруканасынын хирургу Досонов Нурманбеттин сурак протоколунан үзүндү берейин: "Эртең менен 7-мартта мени Марчаев телефонго чакырды. "Бүгүн жаралуулар көп түшөт, даярдыгыңар кандай?" деди. Мен айттым "эки гана операцияга жете турган дары-дармегибиз бар. Аптека башчысын чакырайынбы" дедим. "Жок, ал киши менен өзүм сүйлөшөм" деди. "Эки палатаны бошоттум. Жеңил жаракаттарды чыгардым. Саат 2де хирургдардын баары даяр болду. Саат 4,5 те жарадарлар келди" дейт. Ошондой эле тез жардам башчысы Момуновго да чалуулар болуп, "машинаңарды 20 литр ашык бензин менен камдап даяр тургула" деген. Анан дагы бир маселе, ким аткан десең эле мен аткан жокмун деп кутулуп кетип жатат. Сот болсо ал атпаптыр деп эле чечим чыгарат. Биз далилдеп, мына мобул аткан деп жатсак деле болбойт. Ошол ким атканына бир мисал келтире кетейин, сурак учурунда Чоноров Жантемирдин эмне деп айтканын окуп берейин: "Осмонов микрофон алып, "мен дагы 15 минут убакыт берем. Кайткыла. Кайтпасаңар күч колдонобуз, күч колдонгон боюнча жооп бербейбиз" деди. Дагы бир жеринде минтет: "Данияр Кулиев элди каратып биринчи ок чыгарды. Аны өз көзүм менен көрдүм, кимге тийгенин көргөн жокмун. Андан кийин эле автоматтын октору атылып, эч нерсени көрбөй калдым" деп көрсөтмөсүндө айтып жатат. Бул сыяктуу көрсөтмөлөр менде ар бирине ондоп саналат. Экспертизадан эки пистолет, төрт автоматты өткөзүп койду. Анын бирөөсү Токтоболотовду аткан автомат, бирөөсү Осмонбековду аткан пистолет. Бирөөсүнүн ээси Жалалабат ОИБ начальнигинин жардамчысы Калбаев Абдымиталиптин пистолетинен чыкканы далилденсе, автоматтын огу болсо куралдуу күчтөрдүн солдаты Жаңыбаев Адылдын автоматынан чыккан ок экени маалым болду. Эми мындай фактылар бизде көп. Бирок, баары бир чындыкты таба албай койдук.
Гүлсара Мамбеталиева,
Элдик соттун мүчөсү:
- Айыптоочу, айтсаңыз, көрсөтмөңүздө 1050 гильза табылды деп жатасыз. Жарадар, курман болгондор саналуу эле. Калган октор кайда атылган?
Дооронбек Садырбаев, айыптоочу:
- Ага мен жооп берейинчи. Ал жерге баары эле жанагы начальнигиндей болуп элди атайын деп келген эмес. Көбү асманга атышкан. Мен дагы башка нерсеге токтолгум келет. 17-март боюнча 31-мартта 23-токтомго ылайык ошол кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиев бир ууч Аксы элин тынчытууга 506 автомат,193 тапанча,1521 кызматкер, 330 даана калкан, 270 резина дубинка, 50 даана ок өтпөй турган кемсел жөнөтүү үчүн токтомго эмнеге кол койду. Ал жиниккирлери келип, иттер менен боюнда бар кыз -келинге карабай далбалактатып кууп, итке талаткан. Дүйшөбаев дегени мээ кайнаткан ысыкка карабай, жол жээгине чыгып намаз окуйлу деген аксакалдарды укпай, ысык, ээрип турган асфальттын үстүнө намаз окуткан.Ошолор кантип айыпкер болбосун. Бул немецтер кылган кордуктан да жаман болуп жатпайбы. Урматтуу соттор! Анан Н.Кочкоров, М. Мамбетакунов баштаган журналисттердин "Аксы элинин автоматы бар экен, дубинкасы бар экен, ташбараң кылган жатыптыр" деген туура эмес маалымат таратып, элдин канын ысыткандыгы үчүн алардын да жоопко тартылышын суранам.
Алмаз Орозбаков, Элдик соттун мүчөсү:
- Айтсаңыздар, эң оболу ушуга көрсөтмөнү ким берген. Негизги күнөөлүүсү такталган жокпу?
Төлөйкан Исмаилова, айыптоочу:
- Албетте, Акаев баштаган ошол кездеги бийлик, өкмөт, ИИМ, прокуратура, жергиликтүү бийликтегилер күнөөлүү. Аны далилдер менен айтып жатпайбызбы?!
Сартбай Жайчыбеков, айыптоочу:
- Күнөөсү бар ар бир жетекчиге бизде жок дегенде 10дон ашык далилдер бар дебедимби. Кудайбергеновду эле айтайын. Ага 15тен ашык солдат көрсөтмө берген. Кудайбергенов айткан, "Силер курал колдоно бергиле, мен силерге адвокат болуп берем" деп. Кулиевди коркуткан "сен чара көрбөсөң, мен сага чара көрөм" деген жерлери бар. "Мен прокурормун, керек болсо баарыңарга иш козгоп салам"деп айткан.

"Бакиев турганда бул иш аягына чыкпайт"
Азимбек Бекназаров:
- Былтыр Бакиев ушул жерге келгенде өзүнүн көзүнчө да айткам, азыр да айтам. Бакиев турганда бул иш аягына чыкпайт. Мен прокурор кезде Бакиевге айттым, бир жолу сурак бер деп. "Ооба, шайлоо бүтсүн, берем" деди. Шайлоо өткөн соң, "Москвага барып келейин" деди. Анан "Америкага барып келейин, сурооңду даярдап тур" деди. Америкадан келгенден кийин мени кызматтан алып койду. Анан КТРден айтып чыкты "Бекназаров өзү бүтүрө албай койду" деп. Жок. Мен ушул алты баланын арбагына карганып туруп айтам. Бүтүрүп койгондо кызматтан алды. Ушул ишти бүтүрүп койбосун, элге шерменде кылбасын, мени баш, Акаевди төш кылып жоопко тартпасын деген чечимге келди. Акаевдин артынан кууп барган эки тергөөчүгө сурак бербей койду. Путинге чейин кайрылдым, бизге бергиле деп. Бакиев болсо президент болуп алгандан кийин тоготпой калды, мени жумуштан алып салбадыбы, "мени сен сурак кылгычсыңбы?" деп. Бул иш качан Бакиев баштаган күнөөлүүлөрдүн баары адилеттүү сот алдына бири да калбай келгенде бүтөт.

"Бүгүнкү сотко
актанайын деп келген жокмун"
Султан Урманаев, Жалалабат
областынын мурдагы губернатору:
- Сот болбосо да ушул күнү Аксы коогалаңында курман болгон маркумдарга куран окутуп келмекмин. Бүгүнкү элдик сотко актанайын деп келген жокмун. Элдик соттон тышкары официалдуу сот өз ишин бүгүнкү күндө да жүргүзүп жатат. Кандай чечим чыгарбасын аппеляцияга бердим. Канчалык акыйкатчылык болот, кимдин күнөөсү бар, кимдики жок, аны мезгил көрсөтөт. Ошол кезде мамлекеттик кызматта иштеп жаткандан кийин баарыбыздын канчалык бир күнөөбүз бар. Мен сотто ошол кездеги президент А.Акаевдин дарегине бир сөз айткан жокмун. Өкмөттү күнөөлөп, аны жамандаган жокмун. А башкалары жок кишини эле күнөөлөп, өздөрү апаппак болуп жатышпайбы. Аларды сот өзү териштирип аягына чыгат деп ишенем.

Элдик сот 42 адамды күнөөлүү деп тапты
Ошол кездеги президент А.Акаев Конституциянын 16-статьясында көрсөтүлгөн Кыргызстандын атуулдары митинг жана жыйын өткөрүүгө, мамлекеттик органдарга жеке жана коллективдик кайрылуу укуктары бар экенине карабай, одоно басуу аракети болгонун, ошол учурда өкмөт башчысы болгон К.Бакиев элди токтотуу максатында "Буран" жана "Тайфун" пландарын ишке киргизип, бийлигине таянып кыянаттык менен өз элине ок атууга көрсөтмө жана жол бергендиги үчүн күнөөлүү деп табылып, алардын аракетин кошоматчылык менен дым дебей аткарган Карыпкулов, Абдиев, Дубанаев, Абышкаев, Акматалиев, Иманкулов, Кудайбергенов, Садиев , Осмонов, Кулуев, Калбаев, Токобаевдер башында турган ошол кездеги 42 жетекчини элдик сот күнөөлүү деп таап, жазага тартылсын деген өкүмүн чыгарды. Бийликке жагынуу максатында экс-катчы О.Ибраимов башында турган журналисттер Н.Кочкоров, И.Матисаков, М.Мамбетакунов, Э.Калдаровдор өз учурунда туура эмес маалымат берип тургандыгы үчүн Аксыдагы кан төгүлүшкө шыкакчы күнөөлүү деп табылды. Жогорудагы күнөөлүү деп табылгандардын мыйзам чегинде жоопко тартылышын өлкөдө адилет, акыйкат жана калыс бийлик орногон кезде мамлекеттен талап кылуу укугу жалпы коомчулукка таандык экени таанылды. Ал эми ошол кезде Жалалабат губернатору болуп турган С.Урманаев элдик сотко келип эл алдында кечирим сурагандыгы үчүн анын иши эл тарабынан эске алынары айтылды.
Күнболот МОМОКОНОВ
Аксы-Бишкек











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!