Коомдук-саясый гезит
№17, 20.03.08-ж.






  Молдонун айтканын ук

Мыктыбек АРСТАНБЕК ажы:
"Мен өлгөндө бир да мал сойбогула" деп балдарыма мурас жаздым"
- Маркумду акыркы сапарга узатып атканда жылкы соймой, уй соймой деген ысырапкорчулукту кантип токтотсо болот?
- Бул көрүнүшкө Түндүк Америкадагы индеецтер да күлөт. Бул караңгылык, жапайылык. Кыргыз болуп өлүү өтө коркунучтуу болуп калды. Бала-бакыраң карыздан чыкпайт. Бул көрүнүш эмнеден келди? Адамдардын түшүнүгүнүн тайкылыгынан келди. Өлгөн кишинин бул жашоодо турмушу токтоду. Акүйгө барып куран окутсаң дагы, Буштун кабинетине барып куран окутсаң дагы, же талаадан эле окутуп койсоң да баары бир. Тирилбейт. Өлгөндү да жөн койбой, өзүнчө бир жөрөлгөлөрдү таап алдык. Кызды чыгарганда себин көрсөтүп илип коет го, азыр өлгөн өлүккө кийим илип калыптыр. Анан аны эл тытып талап алат экен. Эл калп эле өкүрүп келет да, ошол кийимдерди карайт. Боз үйдүн ичинде аялдар сөөктү курчап алган, үч күн бою "Ой, кыйналбай чыдай тур" деп тигил сөөктү көндүрүп, ага чейин болсо анан кийит бөлүштүрмөй жүрөт. Жесир катын күйүп атат дейсиңерби, ал бирөөнү чакырып алып "Тиги эмне алып келиптир, жаз" деп жүрөт. Балдар болсо "Машинаны атам мага берем деген" деп жүрөт. Өлгөн киши унутулду. Өлүктү да өзүнүн урматы менен жерге коюш керек да. Ислам дининде өлүк сасып кете турган болсо ага жаназа буюрбайт. Анан бизде ресторандарда куран окутуп мактанып алышат. Ресторандарда кимдер отурат эми? Чоңдор отурат. Эл да ачкөз болуп калыптыр. Ошол жерде чоңдордун аялдары баштыктарга жанталашып салып алат. Идиш болсо кола менен фантасынын калганын да куюп кетмек. Балдары жетим калып, аялы жесир калып атса, жалгыз уюн сойдуруп жеп кетип аткан элге рахмат да. Кой дегендин ордуна "Ой, уй болмок беле, уят, атаңдын кадыр-баркы үчүн ал карызга" деп жылкы сойдурушат. Мен балдарыма "Өлсөм дароо көмгүлө, эч нерсе сойбогула. Бул менин буйругум" деп мурас жаздым. Колунда ашып-ташып атса муктаждарга берсин.
- Сөөк чыгып аткан үйдөн тамак жегенге болобу же болбойбу?
- Өзү негизи ислам дининде өлүк чыккан үйдө үч күн аза болот, тамак жегенге болбойт. Ал жакын адамын жоготту. Баардыгы көңүл айтып атат, алыстан келгендер каякка бараарын билбейт да. Анан аларга да, сөөк ээсине да кошуналары тамак алып келип бериш керек. Өзбектер менен дунгандарда ошондой. Анан кыргыздар "атам көрүнөн чыга калбасын, кокуй" деп үстүнөн эки тонна цемент менен бастырып коет. Чоң мрамордон тургузуп, анан элдер "Эмнеге муну алып келип койгон?" дебесин деп гүл коюп коет. Жылда барып "Атам чыгып кетпедиби?" деп текшерип турат. Эстеликтердин баасын эсептесең, ошончо акчага Кыргызстан тышкы карызынан кутулуп кетмек.
- Эми ушундан кантип кутулууга болот?
- Кутулуунун бир эле жолу бар. Мисалы, аарынын жашоодогу максаты - бал чогултуу. Анткени, ал бир грамм бал чогултуу үчүн бир жарым миллиондон ашык гүлдөн өтөт экен. Ал эми табигатта аары андан да маанилүүрөөк болгон жыйырмадан ашык операцияны жасайт экен: гүлдөрдү чаңдаштырат, прополис ж.б. Бирок ушунун бардыгы "бал чогултуу" деген операциянын тегерегинде жүрөт. Аары бал чогултуу дегенди эле аткарат, калганы өзүнөн өзү бүтө берет. Адамдын турмушу да ушундай. Ал - дин. Дин десе эңкейип-тоңкойуп намаз окуй берүү эмес. Адам маселелерди дин менен чече баштаса, турмушундагы бүт проблемаларга оңой жооп табыла берет. Эгер проблеманы дин менен чечсең, башка проблема чыкпайт.
- Сөөктү үч күн кармоо качан калыптанып калды. Москвада окуган балдарды күтүп атыппы?
- Бул мурда динден алыс болгон байларды көмүүдөн, алыстагы куда-сөөктөрүн күтүүдөн келип чыгышы мүмкүн. Бул союз убагында да жок болчу. Союз учурунда эки койдон ашык сойсоң суракка чакырат эле. Бул кайра куруудан кийинки убакта келип чыккан. Менин бир күндө он үч тууганым өлдү. Төрт айыл бир күн кечке көр казды. Мына ошондо айла жоктон бир күн өлүктөрдү кармадык. Бир күн бою көр каздык дагы, эртесинде кечке өлүк көмдүк, ыйлаганга адам жок. 23 бала жетим калды. Ошондо адамдар "бул үйдөн тамак жеген арам" деди. "Менин акелерим колунда бар кишилер, керек болсо жылкыны четинен кырабыз. Ушул керекпи?" десем, "Болбойт" дешсе аябай сүйүндүм. Бирок бир-эки чал чыкты "Мыктыбек айта берет, балдар башын көтөрүп жүрө албай калат кийин" деп. Бир-эки уй сойдук, боорсокторду тоодой кылдык. Анан келген эл керек болсо эттен ооз тийбей кетип калып жатты. Каргадай катар тизилип келип куран окутуп, кайра кетип атты. "Ой, жүргүлө, чай ичкиле" деп атып төрт абышканын таңдайы тешилди. Анан мен "Эми бул тамак-ашты үйүңүздөргө көтөрүп кетип эки ай жеңиздер. Мени вахаббист, террорист кылып жибердиңиздер эле дедим.
- Ар бир региондо ар кандай салт бар. Бири кара кийет, бири көк кийет. Негизи ушул "аза күтүп көк кийиш керек" дегенге оюңуз кандай?
- Мусулмандарда көк кийүү деген жок. Аза күтүүнүн чеги -үч күн. Үч күндөн кийин кайра жашоо улана берет. Жумушка чыгыш керек… Аялдарга төрт ай он күн. Эмнеге десе, аялдын боюнда бар болсо, ал түйүлдүк бир калыпка түшөөрүн күтөт. Кимдин мураскору экенин аныктоо керек. Төрт айдан кийин турмушка чыкса боло берет. Анан азыр эркектер да бир кызыктай адат таап алышыптыр. Атасы өлсө сакал коет экен. Анан бир убакыт өткөндөн кийин достору келип сакалын алып берип, сабыр кыл дейт экен. Бул эми сакалын алганга убакыт жок, атасына күйүп- бышып ыйлаган баланын образы экен да. Мындай деген исламда жок, бул да болсо элдин ойлоп-таап алган эрежеси.




Сейидбакас Доолов, Ислам институтунун проректору:
"Өлгөндө үстүнө килем жапкандан көрө, тирүүсүндө кадырласын"
- Сейидбакас мырза, сөөк коюуда көп мал союлуп, чыгым көп болуп атат. Бул айрым жакыр үйбүлөлөрдү ого бетер сызга отургузууда. Муну канткенде токтотууга болот?
- Менимче, бул азыр жалпы кыргыз элинде өлгөн жерде мал союу, нукура кыргыз тили менен айтканда, коромжу, ысырапкорчулук. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз өзүнүн осуятында "Коромжуга, ысырапкерчиликке баргандар - булар шайтандын эң жакындары болуп эсептелет" деп айткан. Анан Алла Таала бир аятында мындай деген "Силер кайрымдуулук кылгыла, элге жакшылык кылууга умтулгула. Бирок ошол кайрымдуулуктан шайтан силерди коркутуп турат. Бирөөгө акча берсең "Өзүңө ошол керек, берсең жакыр болуп каласың" деп алдап турат" деген. Азыр пайгамбарыбыздын туулган айы башталып атат. Мындан бир апта мурда Октябрь райондук карылар үйүнө барып келдим, ал жерде 260 карыя жашайт экен, көпчүлүгү мусулмандар. Эгер ошондой эле акчаны чачкыбыз келсе, ошол жакка алып барсын. Жетим-жесирлер бар, ошолорго берсин. Балдар үйүнө барсаң алар ата-энеси келгендей сүйүнүшөт. Азыр мага берилген маалымат боюнча, күндө кечинде Бишкекте 73 ресторан, кафеде той өтөт экен. Куран окутуу көбүнчө күндүзү болот экен. Ошол ресторандарга түшүп аткан акчадан эч ким жетимдер үйүнө алып барбайт да.
- Ушундай ашыкча чыгым кетирүүгө кандайдыр бир бөгөт коюуга болобу?
- Биз кандайдыр бир мыйзам чыгарып, ошого тыюу салса деп айта беребиз. Балким, сиздерге окшогон гезиттер ушул маселени көп көтөрүп, эл кол топтоп берсе, мүмкүн, мыйзам чыгаруучулар карап калаар. Анан биринчи мал союуну ким баштап атат? Чоңдор бир мелдешке түшүп алгансып, ошолор баштайт да, анан биз куйрук болуп ээрчип кетип жатпайбызбы.
- Негизи кафе-ресторанда куран окутууга сиздин пикириңиз кандай?
- Бир чети үйлөрү тар болсо, кафеде куран окутуп кутулуп жатат да. Жаман жагы көпчүлүк кафе-ресторандарда ичимдик сатылат. Анан ошол жерде куран окулуп, бир аз куран кордолгондой сезилип жатат. Мен билгенден бир-эки кафе бар, такыр ичимдик сатылбаган. Анан мисалы, "Дасмияга" бир чоң кызматта иштеген бирөө куран окутканга чакырат. Ал жакка жылкынын этине, тамак-ашка муктаж эмес адамдар барат. Алар жөн эле түштөнүүгө чыкканда эле миң сомдук тамак жеп кетет. Негизи муктаждарга берүү керек.
- Кыргызстандын аймактарын алып карасак, айрыкча, түштүк жакта мал сойулбай, ошол үйдө тамак жасабай, аябай карманышат экен. Ошол кайсы райондордо?
- Мен 91-жылдан бери Бишкекте иштейм. Өзүм Ош областынын Ноокат районунан болом. Анан бул маселе биздин айыл өкмөттө колго алынган. 5 жылда мал союуну, жыртыш жыртууну бүтүндөй токтотушкан эле. Анан мага башка айыл өкмөтүнүн башчысы келип "Бизге да уюштуруп берсеңиз" дейт. Мен "Аны мен эмес, эл уюштурат" деп айттым. Бирок, чын-чынына келгенде өлгөн атасынын же апасынын табытынын астына килем салып, үстүнө баркыт жаап, жылкы сойгондон көрө, ата-энеси тирүү мезгилинде тоюн берип, төрүнө отургузуп алып чайын берип, батасын алса миң эсе жогору болмок да. Анча-мынча кембагалдын үйү бүтүп кете турган мүрзө тургузушат. Бул шариятта эч кандай каралган эмес. Пайгамбар "Кимде ким шариятка дал келбеген ишти көрсө, оболу кол менен кайтарганга аракет кылсын" деген. Бизде эки жарым миңден ашык мечит бар, ошолор кайтарганга аракет кылса болот. Колу менен тыйып койсо коомго же өзүнө зыян келтирсе, анда тили менен айтсын деген. Тилибиз менен айтып эле келатпайбызбы. Эгер тили менен да айта албаса, анда жүрөгү менен жаман көрүп кое берсин деген. Эми биз канчасын жаман көрөбүз?
- Мисалы, бизде жылкыны союп алып, этин "Ой жегилечи, сообу тиет" дейт го. Ошол туурабы?
- Муну көпчүлүк молдокелер кайрымдуулук деп түшүндүрөт. Пайгамбар айткан "Адам баласы өтүп кеткенден кийин үч кайрымдуулук тирүүсүндө жасагандай жетет" деген. Бул тынымсыз эл пайдалана турган кайрымдуулук. Мисалы, мен сизге ручка берсем, анын сыясы түгөнгөнгө чейин сиз жазасыз, сизге пайдасы, мага сообу тийет. Же болбосо, көчөгө бак тигип койсо, эл көлөкөсүнө көлөкөлөсө, ошол нерсе жок болуп кеткенче сообу өлгөн адамга жете берет. Экинчиси, куранды, шарият китептеринби, иши кылып эл пайдалана турган китептерди көбөйтүп элге жеткирсе. Үчүнчүсү, баласын жакшы тарбиялап, куранды үйрөтүп койгон болсо, атасы өткөндөн кийин ага арнап куран окуп жүрсө мунун сообу жакшы тийет. Жылкы сойсун, минтсин-тигинтсин деген эч жерде жок. Мен бир болгон окуяны айтып берейин. Мени "Бирөө өзүн асып алыптыр" деп чакырып калышты. Бардым, 40 жаштагы киши өзүн асып алыптыр. Көрсө андан бир ай мурда иниси каза болгон экен. Кошуналары келиптир, сойгонго малы жок экен. Бирөөсү "менин багып жаткан байталым бар, ошону соелу" дептир. Мындай учурда базар баасынан сөзсүз жогору баалашат. "Мейли анда" деп агасы макул болот. Инисин жерге жашыргандан үч күндөн кийин келип баягы киши байталдын акчасын сурап келет. Агасы "Туруп тургула, баш-аягымды жыйнап алайын" дейт. Кайра-кайра келип карызын кыстай берип, "Иниңди өзүң көмө албай, менден карыз алгансың" деген сөздөр айтылган окшойт, агасы да өзүн асып алыптыр. Бул чыгымдар жакшы нерсеге алып барган жок. Алла Таала өзүнүн аятында "Кудайдан чындап корккон мусулмандар үчүн даярдалган кенендиги асман менен жердей бейишке, анан Алланын кечиримине шашылгыла" деген. Биз күнөөбүздүн кечирилишине умтулбастан, коромжуга шашылып жатабыз. Бул жагынан өзүнчө мелдеш кылып алдык. Бирок бул марасы билинбеген мелдеш. Ошол жылкыга кеткен акчаны жетим-жесирлерге таратып берсе, же айылга бир көпүрө салып койсо, маркумга сообу түз барып тийет.
- "Өлүк чыккан үйдөн түтүн булабаш керек, казан кайнабаш керек" деген да сөздөр бар экен. Ошол туурабы негизи?
- Мен сиздин ушул сурооңузду күтүп аткам. Пайгамбарыбыздын Жаңфар деген сахабасы өткөн. Сахабалардын баардыгын топтоп "Силер бүгүн Жаңфардын үйбүлөсүнө тамак-аш жасап баргыла" деген. "Анткени, анын үйбүлөсү атасынын сөөгү менен алек болуп калды, аларды багып тургула" деп айткан. Бизде, мисалы, Ноокат районунда көпчүлүк айыл-өкмөттөрүндө колго алынып, кайсы жерден өлүк чыккан болсо, ошол жакка айыл-ападагылар тамак жасап барышат. Жалпы эл болсо бештен нан, жыйырма сомдонбу акча топтоп, бир күндүк чыгымын көтөрүп берет. Мурда чоң-чоң казандарга аш демдемей, жетпей калмай, жилик жетпей калса "Мага бербедиң" деп таарынмай да болгон. Ачыгын айтыш керек, бул өзбек туугандарда аябай сонун жолго коюлган. Эч кандай чыгым болбойт. Биз- кыргыз журту бир өлүктү көмүп, анын карызынан кутулуп, эс-учубузду жыйганча уул-кызыбыз бойго жетип, үйлөнө турган, турмушка чыга турган болуп калат.
- Өлүктү үч күн кармаган туурабы?
- Өзү шарияттын сүннөтү боюнча адамдын көзү жумулушу менен дароо аны кечиктирбестен жерге жашыруу керек. Бизде алыстан тууганы келсин, Россиядан уул-кызы келсин дей турган болсок, алар келгени менен тирилтип бере албайт да. Андан эч кандай пайда да жок. Жаз-жай мезгили болсо, анын айланасында отурган адамдарга да кыйын экен. Мен өзүм күбө болдум, бир киши каза болуп, баласын алыстан күтүп жатышты. Өлүк жыттанып, оозуна суу толуп калса, чоң шприцтер менен сордуруп, тазикке куюп алып чыгып жатышты. Анан баласы келип жанына барган жок, анткени жыттанып кеткен эле. Эми ушунун кимге кереги бар?












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!